Эмил ШҮКҮРОВ «мөңгүлөрдү жайына койгула» дейт (1-маек)

Эмил Шүкүров «табигатка акылдуусунбашыбыз керек» дейт (2-маек)

Б.И: – Кийинки суроом жеке эле мени эмес, көпчүлүктү таңгалтырган да, бушайман да кылган суроо: азыркы дары-дармектин көптүгү жана ошол дары-дармекти сатуучу дарыканалардын кадам сайын ачылып жаткандыгынын себеби эмнеде? Чынында эле оорунун түрү көбөйүп, адамдардын дарыга ошончолук муктаждыгы өскөнүнөнбү же дары-дармек сатуу тармагындагы бизнестин өнүккөндүгүндөбү? Мындан жыйырма жыл мурун ушул эле борбор калаабызда эсептелүү гана дарыканалар бар эле, азыр сан жеткис. Деги эле оорунун түрү көбөйгөнүнө жаратылыштагы өзгөрүүлөр себеппи же сиз буга чейин айткан техника өнүгүп,  аларды иштетүүдөгү уулуу кычкыл заттарынын кесепетиби?

Э.Ж: Биринчиден, абанын кирдегени, айлана-чөйрөбүздөгү өндүрүү ишиндеги чыгып жаткан уулуу газдардын кесепети. Таза абанын дээрлик жоктугунан, адамдардын иммунитетинин алсыздыгы – көпчүлүктү дарыга муктаж кылып салган. Экинчиден, дары-дармек,  деги эле медицинанын дүйнө жүзү боюнча бизнеске айланып кеткендигинде. Оору менен анын шыпаасы соодага айланды. Азыр чындыгында оорулардын түрүн ойлоп чыгышууда. Аныгында адамдын организми кандай гана оору болбосун өзү күрөшүп, жеңип чыгууга дарамети жетет. Азыр ошол медицинанын, дарынын көптүгүнө байланыштуу адамдар өздөрү да организмине оору менен өз алдынча күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатпайбы. Кичинекей эле оору, ал эмес жок жерден оору издеп таап чыгып, дарыга көз каранды болуп алышкан. Көпчүлүк учурда обу жок коюлган диагноздор адамдардын үрөйүн учурат, аны дарылоо үчүн кай бири колундагы бар нерсесин сатып жиберип, өздөрүн медицинанын колуна салып берип жатышат. Каражат менен эле кутулса бир жөн го, ошол жок ооруну дарылоо учурунда башка бир ооруну илээштирип алып дары-дармек менен ооруканага байланып жаткандар канча. Мени ошол кейитет. Мен тааныштарыма, дос-жоролорума ар дайым айтып келем: адамдын организми жеңе албаган оору болбойт,  жок жерден ооруну ойлоп таап ооруканаларга чуркабагыла деп.

Кайсы бир тааныштарыма мындан бир топ жыл мурун сөзсүз түрдө операция жасоо керектигин, болбосо өлүп каларын айтып, жүрөгүнүн үшүн алып коюшкан экен, ошол учурда аны керектүү адистерден кеңеш алып, операциядан баш тартууга үгүттөп жүрүп, дарттан куткаргамын. Буга жеке өзүм күбөмүн, ошол адам азыркыга чейин сопсоо эле жашап жүрөт. Болбосо кайсы бир оокатын сатып да жиберди эле, дарыланууга жумшайт элем деп. Мына көрдүңбү, андыктан азыркы учурда ооруга коюлган диагнозко өтө кылдат мамиле жасоо керек….

А.Х: Мен да буга толугу менен кошулам, менин кошумчалай кетчү нерсем: кеп, ушул эле Бишкектин абасынын өтө булгангандыгында. Мен Кыргызстанда жүргөнүмдө тоо этегиндеги кыштактардын биринен оорун алам. Анткени Бишкекте дени-карды соо, экологияны түшүнгөн адам жашабайт. Биринчиден, авто-унаанын көптүгү, алардын көптүгүнөн мурун, ошолордун дээрлик баардыгынын жараксыздыгы…

Б.И: Жараксыз дегениңизди кандай түшүнсөк болот? Балким жарымы жараксыздыр десеңиз туура болот ко…

А.Х: Жок, дээрлик баардык авто-унаалар жараксыз, бул өлкөгө авто-унаалар кайдан келет? Албетте, батыштан, Америка, Япониядан. Ал жактан ошол өлкөлөр үчүн пайдаланууга жараксыз деп чыгарып койгон автолор гана бул жакка сатыкка келет. Ар бир автонун белгилүү бир мөөнөтү болот, баланча жыл пайдалануу керек деген. Андан соң аларды авто-унаалардын таштандысына алып барып ташташат. Ал авто-унааларды анан чет өлкөлөргө чыгарып сатып жиберип жатышат, анын бири Кыргызстан. Демек, бул жерге келип түшкөн авто-унаалар жараксыз авто-унаалар. Баамымда, бул жерде авто-унаалар өтө арзан дагы, ошонүчүн ар бир жаранда авто сатып алууга мүмкүнчүлүк бар. Ал эми бизде ошол эле автонун жаңысы бир нече эсеге жогору баада турат. Мен Бишкектин тоо тарабында тургандыктан, күндө эртең менен чыгып Бишкекти карайм. Бишкектин үстүн тим эле уюлгуп сапсары ыш  каптап турат. Мен чылым чегем, бирок кыштакта жүргөндө чылым чегүүмдүн кесепетин дээрлик байкабайм. Бишкекке келип көпкө кармалып калар болсом, чылымы жок эле өпкөм көөп, жөтөл бир заматта пайда болот. Калаага соода сатык кылуу, кем каржымды алып, иштеримди бүтүрүү үчүн гана чыкпасам, бейчеки келбегенге аракет кылам. Менимче, абаны уулуу заттардан тазалоону биринчи ошол авто-унааларды тазалоодон баштоо керек. Оорулардын көптүгү да ушунун айынан келип чыгууда.

Б.И: Жообуңузга чоң рахмат. Ал эми Эмил Жапарович, бул жаатта сиздин оюңуз кандай? Ушул көйгөйлөрдү кандай жол менен чечүүгө болот? Кандай чараларга муктажбыз? Жеке өзүңүз кандай жол менен ден соолугуңузду бузулган абадан коргойсуз?

Э.Ж: Ооба, мен ишиме байланыштуу Бишкекте жашайм, бирок көпчүлүк убактымды тоолор тарапта өткөрөм, башка облустарга көп чыгам да, апталап жүрүп келем. Ушул эле жылды ала турган болсок, кеминде элүүдөн ашык ирет Бишкектен тышкары болдум (беш күндөн бир айга чейин). Адам ден соолугунун чың болуусунун бирден бир себеби, таза аба. Мындан жыйырма жыл мурун Бишкектин абасы таза, жумшак эле. Анткени Совет бийлиги Бишкек шаарын эң соонун долбоор менен курган. Баамдаган кишиге Бишкектин эң негизги жолдору түз жана узунунан курулган. Байкасаңар, жолдор тоо тараптан ылдыйга түшөт, маселен Совет, Манас, Алма-Ата көчөлөрү, деги эле бизде чалды куйду көчөлөр дээрлик жокко эсе. Мунун себеби, тоодон урган жел, шамал ал жолдорду аралап, азын оолак пайда болгон газдарды шаардын сыртына айдап чыгып турар эле. Ал эми азыр кандай абалда? Баарыбыз көрүп тургандай, курулуш ишканалары кыска убакыт ичинде көптөгөн имараттарды куруп жиберди. Натыйжада, борбор калаабыз жылдан жылга кысылып, чеке-бели улам кеңейип, жел жүрүүчү ачык жерлер далдаада бекилип калууда. Шаардын аягы менен башы эки эселенип узарганы aз келгенcип, төрт тарабы бийик-бийик имараттарга курчалууда. Демек, шаардагы автолордун көптүгүнөн, алардын түтүнүн айдап чыгуучу тоодон соккон шамалдын айлампасы да кыйла басаңдады. Албетте, уюлгуп чаң басып, аба өзүн-өзү тазалоого жетишпейт. Башкача айтканда, сасып, думугуп калган бөлмөнүн терезесин ачып желдетүүнүн оордуна биз тумчуланып, төрт тарабыбызды жаап алгандай кеп болуп калды!

Б.И: Ооба, борбор калаабыз чынында эле кеңейди, биз бала чакта долбоор боюнча шаар четине салынган чоң базарлар азыр шаардын чок ортосунда калды. Мени баарынан кызыктырганы – жылуулук жана ысык суу менен камсыздоочу ТЭЦ тин айланасы бир кезде кыйла ээн эле, а азыр тегерете жаңы үйлөр курулууда, жеке сиздин оюңузча анын айланасындагы жашоочуларга канчалык деңгээлде коркунуч бар? Бул курулуштар салынып жатканда коопсуздук каралды бекен? Каралган болсо кандай иш-чаралар колдонулду?

Э.Ж: Албетте каралган, байкаган болсоңор ТЭЦтин түтүн чыгаруучу мор түтүгү мурун жапыз эле, акыркы жылдары узундугу бир нече метр тээ обого созулду. Андан чыккан түтүн ободон талаага карай чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Калаада жалгыз эле ТЭЦ эмес, андан башка көптөгөн аба булгоочу нерселер толтура. Менин оюмча, адамдардын аң-сезими жогорулаганда гана калаада жашоо зыяндуу экенин түшүнүп, шааардын чет жакасына ыктап, кыштактардан орун алып баштайт. Азырынча көпчүлүгү терең ой жүгүрткөн жери жок, көйгөйдү кабыл алыша элек.

А.Х: Эгерде Бишкектин ар бир жашоочусу биз сыяктуу илимий көз караш менен карап, ар бир заттын канчалык зыяндуу экендигин илимий жаатта түшүнгөн болсо, борбордо эч ким калбашы толук мүмкүн. Бактыгүл, сен өзүң деле батышта жашаган экенсиң, ошондо байкагандырсың, бизде да силердегидей болбосо да таза аба көйгөйү бар. Бул глобализациялык көйгөй эмеспи. Ошондуктан батыштын баардык өлкөлөрүнүн чоң шаарларында жалпысынан мигранттар жана студенттер жашайт. Ал эми жергиликтүү калк шаардын жет жакаларындагы шаарча, кыштакчалардан оорун алган. Балким бир нече убакыттан соң Бишкекте да дал ушундай өзгөрүү болушу толук мүмкүн.

Б.И: Эми шаарыбыздын көркү болгон бак-дарактарга кайрылсак. Бишкекти бир кезде жашыл шаар деп келишкен эле. Азыр сиздер борбор калаабызды жашыл шаар дегенге кошула аласыздарбы?

Э.Ж: Ооба, бир кезде чынында эле бак-дарактын курчоосуна алынган көрктүү, чакан, таза шаар эле. Азыр шаарыбыз кеңейтилип жатканы менен бак-дарактары кыйылып, алардын көзөмөлгө алынышы жана жылыга жаңыланып туруу иштери өтө солгун болгондуктан Бишкекти жашыл шаар деп атоого оозум да барбай турат.

А.Х: Оoба, бак-дарактардын каралбай калгандыгы, каралса да жетишээрлик азыктанбагандыгы көрүнүп турат. Бишкек жөнүндө, деги эле Кыргызстан жөнүндө мен студент кезимде Университеттеги мугалимдерим көп кеп кылаар эле. Ал эмес бүтүндөй СССР сыймыктануучу табигат байлыктарына бай Швейцариясы, Менделеевдин жадыбалындагы баардык элементтери бар өлкө деп айтышчу. Менин Кыргызстанга болгон кызуум, ашыктыгым ошол кезде эле пайда болгон. Бирок мен алгач келгенде эле көптөгөн кемчиликтерге көзүм урунду. Чынында жаратылышка мамлекет тарабынан да, калк тарабынан да эч бир айоосуз колдонуу байкалып турат. Эми мунун кичинекей эле мисалы, кадимки эле таштандылар. Мен жашаган кыштактын мектеп окуучулары колундагы кагаз жана тамак калдыктарын көз көргөн жерге таштап баса бергенин көрүп жүрөм. Ал эмес бир жолу бул эмне кылганыңар, таштабагыла десем он чакты баланын бирөөсү гана уялып көздөрүн ала качты, ал эми калган тогузу аябай таң калды, ал эмес мени кайра жаман көрүштү. Ар бир ата-эне баласына негизги тартиптин алиппесин татыктуу үйрөтсө эле буга окшогон майда-барат көйгөйлөр чечилип калар беле деп ойлойм.

Э.Ж: Менин да ата-энелерге, жалпы эле калкка кайрылып айта кетчү сөзүм: өнүгүү менен өзгөрүү билинбеген майда нерседен башталат. Ар бир кыргызстандык жаран эң биринчиден өзүн өзгөртө турган болсо, маданияттулукка үйрөнсө, бара-бара чоң көйгөйлөр да чечилээр эле. Табигатка аяр мамиле жасап, маданияттуу бололу дейт элем.

Б.И: Сиздердин бүгүнкү кызыктуу маегиңиздерге терең ыраазычылык билдирем. Ал эми жаратылыштын дүйнө жүзү боюнча өзгөрүүсүнө, жабыркоосуна каршы ар бир адам эмне кылуусу зарыл?

А.Х: Бир нерсени ойлоп таап, өзгөчө техникага өзгөрүү жасап өндүрүү иштерин токтот дейт элем.

Э.Ж: Ооба, азыр техника өнүгүп, адамдар техника менен бирге техника роботуна айланып баратпайбы. Аны мен неберелеримдин бир күн бою компьютерди тегеренип жүрүшкөнүнөн, кол телефондун туткуну болуп отурушканын көрүп, мен да Анно Хорсттун айтканына кошулам. Бул оюмду неберелериме да таңуулап келем, ошондой эле жалпыга да айтаарым, баскан-турганыңды, болор болбосту техникалаштыруу аракетин токтотуп, техника дүйнөсүнө баш отуң менен кирип кетүүдөн сактан дейт элем.

Маектешкен Бактыгүл ИМАНБЕК кызы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.