Медеткан ШЕРИМКУЛОВ: Келаткан жыл Чыңгыз Айтматов атындагы жыл деп аталууга тийиш

Мындай пикирин бир кездеги легендарлуу парламенттин спикери, мамлекеттик жана коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов «Чыңгыз Айтматовду көргөнсүзбү?» аттуу китептин бетачар аземинде билдирди. Аталган китептин бетачар аземи борбор калаабыздын «Дасмия» борборунда белгиленип, анын авторлору – белгилүү публицист, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, А.Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты Мундузбек Тентимишев менен Эл аралык Ч.Айтматов академиясынын академиги, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, белгилүү дарыгер Оморбай Нарбековдун адабий эмгегин куттуктаган Медеткан Шеримкулов мындай сунушка басым койду: «Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму алдыдагы келе жаткан 2018-жылды Чыңгыз Айтматов […]