Француз эл жомогу: Эшек кантип айды жутуп жиберди

Көлмөнүн жанында чоң чиркөө бар болучу. Бул чиркөөгө такыбалар сыйынып, көлмөгө болсо малчылар жандыктарын сугарып, аялдар кир жуушчу. Бир жолу бул көлмөдөн ай жаркырап көрүнүп турганда бирөө эшегин сугарганы келип, суудагы айга суктанып турду. Ошентип эшек суусунун кандыргыча шамал булуттарды айдап келип айды тосуп калып, айлана капкараңгы боло түштү. Эшектин ээси мындан улам коркуп кетип, көлмөнүн боюнан минтип кыйкырган бойдон качып жөнөдү: – Менин эшегим суу ичип атып айды жутуп жиберди! Эшегим айды жутуп алды! Анын кыйкырыгынан чиркөөдөгү сыйынып аткандар […]

Адабий анонс: Кытайдын өзгөчө социализмин баяндаган жаңы китеп жарык көрүү алдында турат

Дүйнөлүк социалистик түзүлүштүн атасы эсил кайран СССР жетимиш жылдыгын белгилеп-белгилебей жатып урап түшүп эле калбастан; бир канча мамлекеттерди өзү менен кошо “ала жатканда” – дүйнө эли социализмдин күнү бүттү деп эсептеп, бул түзүлүш туюкка кептелген туура эмес жол экендигине ынанып, калган социалистик өлкөлөрдөн ушундай эле тагдырды күтүшкөн. Бирок социализм боюнча СССР “иниси” болгон Кытай мамлекети тез эле гүлдөп-өсүп чыга келди. Ал тургай экономикасынын өнүгүүсү боюнча көптөгөн капиталистик өлкөлөрдү артта калтырып, азыр дүйнөдө экинин бири болуп турган кези. Бул кубулушту ар […]

Дилбар ЧОКОЕВА: Токтогул таануу боюнча жаңы илим керекпи?

«Токомдун тагдыры, мындайча айтканда, кыргыз журтунун тагдыры десек жаңылбаспыз” Чыңгыз АЙТМАТОВ Белгилүү философ, улуу акындын кичүү жердеши Жамгырбек Бөкөшов “Токтогул ким?” деген суроону коюп, ага өзү төмөндөгүдөй жооп узатат: “Токтогул ким?” деген суроо андан караманча кабары жок кишиден (чет элдикпи же башкабы) улам гана чыгып отурган жок. Бул суроону күндө Токтогулдун ыр-күүлөрүн угуп жүргөн өзүбүз да өзүбүзгө беришибиз керек. Жакшылап ойлонуп, өз жообубузду тактап-таасындашыбыз абзел”(Ж.Бөкөшов. Окуя өтөт, ой калат. Б., 2013,223-б.). Бул зылдай оор сүйлөмдөрдүн түбүнө Ала-Тоонун кучагына сыйгыс маани […]

Адабият күнүнө карата «РухЭш» сайты сын боюнча конкурсту жыйынтыктайт

Ушул жылдын сентябрь башында жарыяланган адабий сын боюнча конкурсубуз эртең, 12-декабрь – Кыргыз адабиятынын күнү белгиленер майрамга карата жыйынтыкталат. Аталган иш-чара борбор калаабыздын Манас проспектисинде (61) жайгашкан «Шанс» китеп дүкөнүндө жыйынтыкталат (Чүй-Манас проспектилеринин кесилишиндеги филармониянын маңдайы). Конкурс жыйынтыгын чыдамсыз күткөн авторлор менен окурмандарыбыздын баарына эшик ачык. Аталган иш-чара саат 15.00дө радио-теле журналисттердин катышуусунда өтөт. Эскертүү: Конкурсубуздун байге фонду 50 000 (элүү миң) сом. Бул иш-чаранын демөөрчүсү «РухЭш» сайтынын менеджери Урматбек Жакшымбетов. Ал эми конкурсубуздун Жобосу менен ушул шилтемеден тааныша аласыздар. […]

Цицерон: Китеби жок үй – жаны жок денедей

Улуу ойчул Цицерон мамлекетти элдин орток байлыгы катары караган. Көп мезгил бою мамлекеттик ишмер болуп эмгектенген Марк Туллий Цицерон саясый жана соттук иштер боюнча эл алдына чыгып сүйлөп жүргөн, мындан улам ал өз доорунун улуу чечени деген наамга ээ болот. Цезарь башында турган бийликтин каарына калган Цицерон философияга кайрылып, ага өмүрүнүн орчундуу бөлүгүн арнайт. Ал жашаган катаал доор Цицерондун таамай, курч айтылган ойлорун кечире алмак эмес. Бийлик чечендин башын алганы менен анын кылымдарга калган учкул сөздөрүн жок кылууга мүмкүн эмес […]

Кыргыз тилинин грамматикасында жана сөздүктөрүндө жаксыз этиштин жок болуп калышы жөнүндөгү өкүнүч

АННОТАЦИЯ Мында Кыргыз элинин макал-лакаптарында жана акын, ырчыларынын ырларында, эпосторунда жаксыз этиштердин болгонуна карабай кыргыз тилинин грамматикасында  жана сөздүктөрүндө жаксыз этиштердин жок болуп калышы жөнүндөгү маселе талкууланат. ABSTRACT It is discussed the question about annoying absence of indefinite verbs in the grammar and dictionaries of the Kyrgyz language, although they exist in the Proverbs, in the works of akyns-improvisers, and in the epics. Ачкыч сөздөр: Кыргыз тилинин грамматикасы, жаксыз этиштер, герундий. Key words: Grammar of the Kyrgyz language, indefinite verbs, […]

Билгенден билелегиң көп, эй: Сынган айнек теориясы эмне үчүн жүргүзүлгөн?

Сынган айнек же сынган терезе теориясы (Англисче: Broken Windows Theory) — америкалык психолог Филип Зимбардо тарабынан 1969-жылы жүргүзгөн иликтөөнүн негизинде келип чыккан. Бул шаар ичиндеги кылмыштарды алдын алуу жана башка кылмыштардагы вандализм аракеттерин жоюу максатындагы криминологиялык теория. Максаты – коомго зыянын тийгизе баштаган майда нерселерди кайрадан баштапкы калыбына келтирүү жана тартиптүүлүктү жөнгө салуу болгон. Теорияны алгач сыноодон өткөрүү үчүн Филип Зимбардо кылмыш иши көп катталган, жакырчылыкта жашаган Бронкс жана жашоо шарты жогорку деңгээлдеги Пало Алто аймактарын тандап алган. Алгач эки […]

Чоюн  ӨМҮРАЛИЕВ: Кыргыз поэзиясынан үч сабак

Редакциядан: Айтылуу аалым Чоюн Өмүралиев «РухЭш» сайты аркылуу Кыргыз адабиятынын күнүнө карата көркөм дөөлөт сүйүүчүлөрүнүн майрамы менен куттуктап, жалпыбызга «Кыргыз поэзиясынан үч сабак» аттуу эмгегин арнап отуру. Бул жөн эле куттуктоо эмес, кыргыз адабиятынын тарыхы үчүн үч кулпунун ачкычын таап колубузга карматкандагы кербези! Эмне болгон үч сабак дээрсиз… Белгилүү элдик философ аалым агабыз Чоюн Өмүралиевдин «Аалы — заманында» айтылуу алп акын Аалы Токомбаевдин кыргызга таберикке калган мөлтүр поэзиясы талданып берилсе, «Омор — мезгилинде» омоктуу акын Омор Султановдун, «Алым — кезеңинде» азуулуу калемгер Алым Токтомушевдин […]