Дүйнөлүк социалистик түзүлүштүн атасы эсил кайран СССР жетимиш жылдыгын белгилеп-белгилебей жатып урап түшүп эле калбастан; бир канча мамлекеттерди өзү менен кошо “ала жатканда” – дүйнө эли социализмдин күнү бүттү деп эсептеп, бул түзүлүш туюкка кептелген туура эмес жол экендигине ынанып, калган социалистик өлкөлөрдөн ушундай эле тагдырды күтүшкөн. Бирок социализм боюнча СССР “иниси” болгон Кытай мамлекети тез эле гүлдөп-өсүп чыга келди. Ал тургай экономикасынын өнүгүүсү боюнча көптөгөн капиталистик өлкөлөрдү артта калтырып, азыр дүйнөдө экинин бири болуп турган кези.

Бул кубулушту ар ким ар кандай болжоп, түрдүүчө жоруп, бирок дале болсо түзүк түшүнө албай же түшүндүрүп бералбай келишүүдө. Албетте, мындай суроолорго кытай адистери өздөрү ынанымдуу жооп берери талашсыз. Андыктан Кытай социализминин ийгилик себептерин ушул өлкөнүн окумуштууларынын эмгектеринен издешибиз керек.

Дал ошол орчундуу суроолорго жооп таап берүү максатында “Чыгыш адабияты жана искусствосу” Басма компаниябыз Цинь Сюандын редакторлугу астында даярдалган “Кытайдын өзгөчө социализми” деген китепти даярдап, басмага тапшырды. Аталган китеп учурда жарык көрүү алдында турат. Биз ошол баалуу китептен үзүндү жарыяламакчыбыз.

БИРИНЧИ БӨЛҮМ

Социализм – адамзатынын мындан аркы өнүгүү жолу

Социализм кокусунан эле жарала калган жок, ал коомдук өнүгүүнүн мыйзамченемдүү жыйынтыгынан жана тарыхый алгалоодон улам келип чыгып, адамзаттын мындан аркы өнүгүүсүнө мүнөздүү багыт болуп калды десек жаңылышпайбыз.

Социализм – тарыхта болбой койбой турган түзүлүш

Адамзаты жаралгандан берки жашоо жолунда беш негизги коомдук-экономикалык баскычтан (формациядан) өттү. Аларды атап айтсак: алгачкы общиналык, кул ээлөөчүлүк, феодалдык, капиталистик жана социалистик коомдор. Адам жашоосунун табигый өсүүсү менен өзгөрүүсүнүн өзү эле адамзатынын үзгүлтүксүз өнүгүп бара жатканын көрсөтүп турат.

Социализм өз алдынча коомдук-экономикалык баскыч боло алабы? Бул суроонун айланасында дале болсо кызуу талаш-тартыштардын болуп келе жатканына карабастан, ал өзүнүн жашоосун улантууда. Ал тургай жүз жылдан бери өркүндөп-өсүп келе жатат. Коммунистик коом адамзат тарыхындагы акыркы коомдук-экономикалык формация эмес.

Коммунизмдин жайылышы менен адамзат алга умтулган жашоосун өксүтпөстөн улантууда. Марксистик материалистик окуунун көз карашына салып карасак, эски коомдук экономикалык түзүлүштөр акыры жаңысына алмашпай койбойт. Капитализм феодалдык коомдогуга караганда эң бир күчтүү, өнүгүүгө ийкемдүү коомдук экономикалык түзүмдөрдү жаратса да, акыры ал тарыхый майданды башкага бошотуп бербей койбойт. Бул жасабай койбоого жеткирген аргасыздыктын себеби; анын жүйөөгө келүүгө кыйын болгон пикир келишпестиктеринде жана көзгө даана көрүнүп турган кемчиликтеринде.

Революциянын улуу устаты Фридрих Энгельс мындай деп белгилеген: “Буржуазия пайда болгон күндөн баштап эле өзүнүн карама-каршылыктуулугу менен түйшүккө кабылган, мунун себеби капиталистер жалданма жумушчуларсыз күн көрө алышпайт[1]”. Мына дал ушул жагдай капиталистердин тарыхый майдандан сүрүлүп чыгып калуусунун негизги себеби болуп саналат. Эгер кыска жана так айтчу болсок, “коомдук өндүрүш менен капиталистик ээлеп алуучулуктун ортосундагы келишпестик пролетариат менен буржуазиянын карама-каршылыгы катары жогору калкып чыгат[2]”. Бул каршылык акыры алдыңкы көз караштагы саясый партиянын жетекчилиги астында буржуазиялык бийликти кулаткан ыңкылапка жеткирип, жаңы социалдык түзүлүштү тургузат. Капитализм доорунун башталышы жана анын курч карама-каршылыктарынын өкүм сүрүшү кыялый (утопиялык) социализмдин алдын ала пайда болушуна шарт түзгөн жана ушул жакшы жашоону эңсөөлөр өнүгүп жүрүп отуруп илим болуп калыптанган.

Ф. Энгельс мындай деп белгилеген: “Заманбап социализм өзүнүн мазмуну боюнча биринчиден азыркы коомдогу колунда жоктор менен байлардын, жалданма жумушчулар менен буржуйлардын карама-каршылыктуу мамилелеринен улам жаралган, башка жагынан алып караганда, өндүрүштөгү башаламандыктан улам келип чыккан[3]”. “Азыркы коом” деп ал капиталистик коомду айткан…

Натыйжалуулук менен теңдикти  ишке ашырган социализм

Социализмдин өнүгүү тарыхына кайрылып көрсөк, социалистик кыймыл ар кайсы учурларда жана ар түрдүү мамлекеттерде башкача агымдары менен, көрүнүктүү өкүлдөрү менен, чечүүчү маселелери боюнча, түзүлүштөрү,  түшүнүктөрү менен айырмалангандарын жана бул кыймылдар көп түрдүү натыйжаларга алып келгенин байкайбыз.

Бир нече кылымдардан бери социализм эңсөөсү улам-улам козголуп, ишке ашыруу аракеттери жасалып, негизинен социалистик кыймылдар тынчып калган жок. Социалистик өнүгүү бир нече ирет кара нөшөрлүү кан төгүү менен үзүлдү, бирок ар бир жолу анын артынан жети түстө кулпунган күн желесин көрүп жаттык. Социализмдин тарыхынын бир нече ирет аяктаганы жарыяланды, бирок мындан соң анын өнүгүүсүнүн жаңы доору башталып жатты.

Деги социализмдин түгөнгөн сайын түтөгөн касиети, баатырдык күчү кайда катылган? Эмне үчүн адамзаты социалистик коомго муктаж жана аларга эмнеге дайыма күрөш керек?  Бул суроолорго жооп табыш үчүн социализмдин баалуулуктары эмнеде экенин, касиети кайда катылганын билип алышыбыз керек.

Ар түрдүү учурлардагы социалистик агымдарды талдап көрсөк, биз анын баалуулуктары жана максаттары бирдейлигин, атап айтсак, алар теңдик жана натыйжалуулук экенин көрөбүз. Ооба, бир гана ушул эки баалуулук: теңдик жана натыйжалуулук адамдарды социализм үчүн күрөшкө түртүп, ошого жараша демдендирип келатканын моюнга алсак болот.

Бул асыл баалуулуктар баарыбызды бириктирип, капитализмди түп-тамырынан талдап чыгып, ага сын айтканча масилет курууга бизди чыгынтат. Тарыхты карап көрсөк, баардык эле социалистик агымдар социализмдин капитализмге каршы туруусунун натыйжасынан жаралган, демек, ал капитализмдин өнүгүүсүнүн туундусу, бирок аны жеңип чыккан түзүлүш деп эсептешкен. Ошондуктан ар түрдүү социалистик агымдар ар кандай өңүттөн кароо менен капитализмдин жакшы өнүккөн түзүм экенин, ал өндүрүш күчтөрүн жана коомду өнүктүрүүгө дем берип, адамзат жашоосунда чоң роль ойногонун моюнга алышкан.

Ошентсе да капитализмдин оңдоого болбой турган кемчиликтери бар. Алардын ичинен көрүнүктүүлөрү булар: биринчиден тең укуктуулуктун жоктугу, байлыктар бирөөлөргө гана топтолууда, андыктан байлар барган сайын күтүрөп, жакырлар күндөн күнгө итке минип баратышат. Мындай экономикалык теңсиздик барган сайын саясый жана социалдык тең укусуздукту кеңири жайылтып баратат. Азыркы учурда бул жагдай дагы деле болсо өзгөрүлө элек. Экинчиден, өздүк менчик өндүрүшү менен коомдоштурулган өндүрүштүн ортосундагы карама-каршылык коомду башаламандыкка алып келүүдө. Бул эмгек өндүрүмдүүлүгүн абдан эле төмөндөтүп, өндүрүш күчтөрүнүн андан ары өнүгүүсүнө тоскоолдук кылууда. Башкача айтканда, капитализмде теңдик менен үзүр жок. Мына ушундан улам социалистер капиталистик түзүлүштөн баш тартып келишет.

Мурда адамдар социализмге анын баалууктары менен максаттарынын өңүтүнөн көз салбастан, коомдук кыймылдарга жана түзүлүштөргө гана көңүл бурушуп, ошолорду социализм катары кабыл алып, анын негизги багыттарын байкашпаган. Ошондуктан кээ бир социалистик түзүлүштөр жеңилүүгө учураганда анын иши бүттү, демек, эми ал натыйжасыз деп ойлошкон. Качан коомдук түзүлүштүн иш жүргүзүүсүнөн кандайдыр кемчиликтерди көрүшкөндөрүндө мындай адамдар дароо эле социализмде көйгөйлөр көп деп бүтүм чыгарып, ал тургай кээде социалистик түзүлүш капиталистиктен начар деп ойлошкон. Мисалы, өткөн чакта адамдар социализмде сөзсүз түрдө пландуу экономика болуш керек деп ойлошчу, качан гана пландуу экономиканын ишке ашышы кыйынчылыкка учураганда, иш жүзүндө жол болбостук менен кагылышканында алар социализмди ишке ашпай турган куру кыял катары санашкан, жеңилүүгө учурады деп эсептешкен.

Өткөн чакта адамдар социализм түзүлүшүн бир гана Советтер Союзуна тиешелүү коом үлгүсү деп эсептешкен. Качан гана советтик социализм кыйынчылыктар менен кагылышып, акыры жеңилүүгө учураганда кээ бирөөлөр бүткүл социалистик түзүлүш кыйрады деп эсептешкен. Ошентсе да анын баалуулуктары менен негизги максаттары эч алмашпай ошол бойдон калган.

Бирок ар түрдүү социалистик агымдар умтулуп жаткан баалуулуктар менен максаттар бир болсо анда алардын айырмачылыктары кайсылар?

Биз бул жагдай боюнча же максаттар менен баалуулуктардын бирдейлигинин фонундагы социалистик агымдарда көзгө даана көрүнүп турган үч айырмачылык бар экенин белгилей кетмекчибиз. Биринчиси: көңүлүбүздүн борборунда ар кайсы учурлар болушу керек. Экинчиси: дүйнөгө болгон көз караш жана усулдардагы бирдей эместик. Үчүнчүсү: коомдук түзүлүштү түзүп чыгуу усулдарынын айырмачылыгы.

Бул жерден Ф. Энгельстин сөзүн кайталайбыз: “Азыркы социализм өзүнүн мазмуну боюнча биринчиден байкоолордун жыйынтыгы болуп саналат, башка жагынан ал азыркы кезде коомго үстөмдүк кылып жаткан таптардын айырмачылыгынын же байлар менен жакырлардын жана жалданма жумушчулар менен буржуйлардын карама- каршылыктарынын натыйжасы болуп саналат, анын көйгөйү бир жагынан алып караганда өндүрүштө өкүм сүрүп жаткан башаламандыкта[4]”.

Энгельс тарабынан белгиленген бул жагдайлар дал ошол кездеги капиталистик коомдо теңсиздиктин (байлар жана кедейлер, капиталистер жана жалданма жумушчулар) жана натыйжалуулуктун жоктугун бөлүп көрсөткөн.

[1] Маркс К., Энгельс Ф. Чыгармалар топтому. 2-басыл. М.: саясый адабияттар басмаканасы, 1961.  20том, 17-б.

[2] Ошол эле китептин 282-бетинде.

[3] Ошол эле китептин 16-бетинде

[4]  Маркс К , Энгельс Ф.чыгармалар топтому. 2 -чыгарылышы. М.: Саясый адабияттар басмасы, 1961.  20 т.  16-бет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.