«Токомдун тагдыры, мындайча айтканда, кыргыз журтунун тагдыры десек жаңылбаспыз”
Чыңгыз АЙТМАТОВ

Белгилүү философ, улуу акындын кичүү жердеши Жамгырбек Бөкөшов “Токтогул ким?” деген суроону коюп, ага өзү төмөндөгүдөй жооп узатат: “Токтогул ким?” деген суроо андан караманча кабары жок кишиден (чет элдикпи же башкабы) улам гана чыгып отурган жок. Бул суроону күндө Токтогулдун ыр-күүлөрүн угуп жүргөн өзүбүз да өзүбүзгө беришибиз керек. Жакшылап ойлонуп, өз жообубузду тактап-таасындашыбыз абзел”(Ж.Бөкөшов. Окуя өтөт, ой калат. Б., 2013,223-б.). Бул зылдай оор сүйлөмдөрдүн түбүнө Ала-Тоонун кучагына сыйгыс маани батырылганын, мен, О.Соороновдун “Биз билген жана биле элек Токтогул” деген китебин окуп жатып абдан туйдум. Эмне үчүн минтип: Токтогул ырчы жөнүндө эчак калыптанып калган коомдук ой-пикирди бузууга аракет жасалып жатат? Мындай иш-аракетти адегенде кыргыз эл жазуучусу Ш.Абдыраманов өзүнүн “Анжиян көтөрүлүшү жана акын Токтогул” деген макаласы менен баштаса, эчен жылдардан кийин О.Сооронов жогоруда аталган китебинде “Токтогулдун өзүн (инсан жана чыгармачыл инсан катары), анын өмүр-баянын жана чыгармачылыгын жаңыча кароо керек”- деген концептуалдуу көз карашын жарыялады.

Ошентип, сөз удулунан баамдалып калгандай, мындан аркы кебибиз Ш.Абдыраманов баштаган, анан, О.Сооронов агайыбыз  андан ары улаган Токтогул ырчы тууралуу мурдатан жашап келаткан  ой-пикир, көз караштарга кайчылаш келген алардын жаңы идеялары жөнүндө болмокчу. Бул маселени пайда кылган жагдай: Токтогулдун өмүрүндөгү айрым-айрым фактылар белгилүү себептер менен бурмалангандыгына байланыштуу келип чыгып жатат. Ырас, кыргыз коомчулугунда мындай кептер баштатан эле айтылып жүргөнүнөн көпчүлүгүбүздүн кабарыбыз болуп келген. Жазуучу Ш.Абдыраманов ошол күңкүл кептер жөн жеринен чыкпагандыгын жогоруда аталган  макаласында кеп салган (“Тарыхтагы ак тактар” Бишкек-2007).

Макаладан жазуучуга Токтогул жөнүндө жазууну өзүнүн парзындай сездирген бир нече жагдайлар бар экендиги байкалат. Алардын эң биринчиси: жаштайынан Токтогул жөнүндөгү маалыматтарды аны көргөн-билген адамдардан угуп чоңойгондугу. Сөзүбүз кургак болбос үчүн айрымдарын келтире кетели: жазуучу бала кезинде Батыркул деген чал менен Токтогул жөнүндөгү диалогун мындайча берет: “…Кыйла сөздөр өткөн соң, жүк бурчунда китеп кармап отурган мен тарапка жүз буруп: — Бул сенин уулуңбу Абдыраман деди. – А түзүк-түзүк, китеп окуганы жакшы экен. Кандай китеп, “Курманбекпи” же “Жаныш-Байышпы?. – Токтогулдун ыр китеби, – дедим мен. Чал боорсок чайнаганын токтотуп, бир ирмем селдее түштү да, кайра сурады. Кандай Токтогул?… Кайсы Токтогул? Мына бу кетмен-төбөлүк ырчы Токтогулбу? – Ооба, дедим мен. Чал каргыл үнү менен жалынып-жалбарып жиберди: «Атыңдан айланайын, Током… Акын Током… Ыйык Током…” (“Тарыхтагы ак тактар”154-б.). Ал кезде бала болсо, кийин ошол айылдын мектебинде деректир болуп жүргөнүндө да Батыркул чалдан Токтогул жөнүндө сурамжылап жүргөнүн жазат. Батыркул аксакал Токтогул жөнүндө кеп кылардан мурда дайыма жогорку келтирилген жалынып-жалбарууларын айтып (кудайга жалынган сыяктуу-Ч.Д.) анан баштаганын берет. Карапайым адамдардын жана чыгармачылыкка ык койгон же аны баалай алгандардын арасында Токтогул ыйык адам катары эсептелгени тууралуу Омор Сооронов дагы көптөгөн мисалдарды берген.

Ал эми белгилүү адабиятчы О.Ибраимов андай фактыларды төмөндөгүдөй жалпылаштырган: “К Токтогулу тянулись все, у него учились, его человеческий, моральный, творческий авторитет был высочайшим. Он был живой легендой, своеобразным символом этого сложного времени, великомучеником, (алдын биз сыздык-Ч.Д.) и само его имя воздействовало на людей магически” (О.Ибраимов: История кыргызской литературы ХХ века, Б., 2013,т.1, 35-б.),

Жүрөктөн чыккан, жүрөккө жетет дегендей, бул фактылар Токтогул  ыр-күүнүн чыныгы пири болгондугун, чыныгы талант даарыган өзгөчө адам экендигин  жетиштүү тастыктайт деп ойлойм. Албетте, шарт болсо Ш.Абдыраманов айткандай Тоо булбулу Токтогул өзүнүн ыр-күүлөрү менен дүйнө элин деле багынтмак экен. Бирок Орто-Азия чөлкөмүндөгү элге атак-даңкы дайын эле болгондугун билгизген фактылар О.Соороновдун китебинде кыйла кеңири берилген. Ошондуктан, терең ойлонуп баксак: Токтогул дүйнөлүк деңгээлдеги талант болгондугун моюндаганыбыз туура болот экен. Жогоруда Ж.Бөкөшев келтирген суроонун жообун ушундайча жандырсак, Токтогул жөнүндөгү илимде туура нукка түшчүдөйбүз. Ш.Абдыраманов агабыз дал ушуну какшап айтып кетиптир:“…Улуу акындын улуу өмүрүн, улуу чыгармачылыгын дал ошол улуулугу менен бүткүл мусулман дүйнөсүнө, бүткүл дүйнө элдерине тарата алсак дейм. Менин бекем ишенимимде, мен айтып жаткан дүйнөдө өмүр-тагдыры мынчалык катаал – Россиядай зор өлкөнүн колониализмине каршы эркиндик көтөрүлүшүнүн идеалогу, тике үгүттөөчүсү болуп, анан дарга тартылуу аркылуу өлүм жазасына тартылган, көз көргүс сүргүндөргө айдалган, андан көз жеткис алыс жактардан жөө качып келген, андан калса, ырларынын бийиктиги, философиялуулугу, элге акыл болуп бере алган акылчылыгы буга тең келер акын жок, болсо да кем. Ошондуктан Токтогулдун улуу өмүрүн майда-чүйдө нерселер менен баалап төмөндөтпөй, улуу нерсеге жараша улуу да, татыктуу да чыгармалар жаратуу зарылдыгын ойлошубуз милдет”(182-183-б.).

Ошол үчүн Токтогулдун Анжиян көтөрүлүшүндөй эркиндик көксөгөн жалпы элдик чоң көтөрүлүштүн тарабында жүрүп, андан кабарсыз калышы, эч кандай катышы болбошу мүмкүн эмес деген логикалык божомолун өзү чындык катары кабылдаптыр. Ошондой кылууну бизден да өтүнүптүр. Бирок автор, дал ошондой, “Токтогулдун Анжиян көтөрүлүшүнө эч кандай тиешеси болбогон” деген “жасалма” тарыхты түзүү менен Ж.Бөкөнбаев Токтогулду “тар жол, тайгак кыядан” “кулатпай” аман-эсен алып өтүп бергенине рахмат гана айтышыбыз керек деп, Ж.Бөкөнбаевди актап кеткенди унуткан эмес. Бул макалада  бир гана маселенин: Токтогулдун “Анжиян көтөрүлүшүнө” тиешеси жөнүндөгү талаш-тартыштын тегерегинде гана сөз козгомокчубуз. Ушул жерден бир аз аярлай өтүү зарыл сыяктуу ой туюму тургандай сезилет. Биз ошол сөз кылалы деп жаткан теманын чындыгын өтүрүктөн ажыратуу жана логикалык божомолдон чыныгы чындыкка өткөрүү үчүн чындыкка жетүүнүн кандай жолун колдонобуз. Тактап айтканда, Токтогул жөнүндө жаңы теория, жаңы илим жаратуу деген бул өзү эмне, анын зарылдыгы канчалык деген суроолордун башын чечип алганыбыз жөндүүдөй туюлат.

Илим жана анын теориясы боюнча өзүнүн илимий жолун (методун) сунуштаган австриялык философ Карл Поппер (1902-1994) боюнча илимий методдун структурасы төмөндөгүдөй көрүнөт:

1) Проблеманы аңдоо (мисалы, мурунку теорияны кыйратуу);

2) Жаңыча чечимди сунуштоо (б.а. жаңы теория жаратуу);

3) Ушул теориядан текшерилүүчү корутундуларды чыгаруу;

4) Эки теориядан көбүрөк ылайыктуусун тандап алуу

Окумуштуу К.Поппердин пикири боюнча эч качан илимий теория аныкталбайт, илимий теориялар аныкталуу мүмкүнчүлүгүнүн бардыгы менен гана айырмаланат. Дайыма жаңы фактылар пайда болсо, анын жаңылыштык экендиги аныкталуу мүмкүнчүлүгү бар болсо, ошол гана илим деп саналат. (Мел Томпсон Философия науки. М.,2003, 118-б.). Ошондуктан, Токтогул жөнүндөгү жаңы фактылар ачыкка чыгарылып жаткандан кийин, ал жөнүндө жаңы илим жаратуу аракети эч кандай трагедия менен коштолбоосу керек.

…Ошентип, аргасыздыктан орун алган тарыхтын  калптарын чийдик дейли. Бирок жаңысынын дагы кокуй жагы болуп жатпайбы. Маселени татаалданткан жагдай: Токтогулдун оозунан чыккан сөздөр, башынан өткөргөн окуялар, сөзсүз түрдө экинчи адамдын, көп учурда үчүнчү же төртүнчү, а кээде булардан да көп сандагы өткөрүп берүүчүлөрдүн (информанттардын) оозунан гана бизге жетип жаткандыгы, демек, ал фактылардан чыныгы чындыкты иргеп алуу оңойго турбайт. Эгер биз, чындап чындыкты калыбына келтиребиз десек, маалымат берүүчүлөрдүн — унутуп калуу, чаташтырып алуу, фактыларды же айтылган сөздү (мында — чыгарманы) кабыл алуунун деңгээлдери сыяктуу факторлорун да эсепке албай коюуга болбойт.

Акырында, бул фактылар жөнүндө ой жүгүртүп жатышкан чыгармачыл личносттордун (мында жазуучу Ш.Абдыраманов менен окумуштуу О.Сооронов) инсандык нарк-насили, баам-парасаттык салабаттуулугу, саясый ой жүгүртүүдөгү тажрыйбалары, ишенимдери, тарыхый чындыкка болгон туюм-сезимдери (субъективизмдери), ой жүгүртүүлөрүнүн логикалуулук деңгээлдери жана психологиялык өзгөчөлүктөрү, алардын Токтогул жөнүндөгү жаңы чындыкты айтууга белсенгендеги максат-мүдөөлөрү чечүүчү ролду ойноору айтпаса да белгилүү.

Көрүнүп тургандай, мында сөз негизинен адамдык (мында эки адамдын) туюмдардын фактыларга (же айтымдарга) карай мамилесинен түзүлүп пайда болгон жаңы фактынын же теориянын чындыкка болгон укугу деген сыяктуу түшүнүктөрдүн тегерегинде сөз болуп жатат. Мунун себеби, кечээ жакында эле жашап, тирүүсүндө легендага айланган бир чыгаан инсаныбыздын өз оозунан эч ким, эч нерсе жазып калбай, ар кимдин оозу менен айтылган окуялар менен фактыларга күнүбүз түшүп, карайлап отурганыбызда. Ошондуктан, айтылган кептердин чындыгын чындыкты текшерүүчү критерийлер менен да бир сыйра текшерип көргөнгө аракет кылганыбыз артыкбаштык кылбастыр, анткени, К.Поппер айткандай, адамдык туюм канчалык ишенимдүү болсо деле, ага биротоло ишенип, абсалюттук чындык катары кабыл алуудан илим алыс болуу керек.  Анткени, “ушулардын баары чын эле ушундай болгонбу?” деген суроо, ар заман, акыры бир жаралбай койбойт эмеспи. Себеби, оңор нерсе жөнүндө кеп болбой турат. Биз тарыхыбыздын өксүгүн ордуна келтирип, өзүнүн чыгармачылык генийи менен дүйнөлүк маданий казынаны толуктай ала турган чыгармачылык кудурети бар, тарыхый, бирок тарыхта легенда түрүндө гана сакталып калган адамды тарыхый ордуна коюп, ал жөнүндөгү чындыкты калыбына келтирүү аракетин жасап жатабыз.

Жазуучу Ш.Абдыраманов: “Эгерде Абды Сүйөркуловдун айтуусу чын болуп, Керимбай 1905-жылы болуш болуп шайланса, аны бир азамат Наманган шаарындагы же Ташкендеги падышалык колониалдык администрациянын архивинде жаткан жеринен документти таап чыкса, Токтогулдун бүткүл өмүр-чыгармачылык жолун улуу Анжиян көтөрүлүшүнө катыштырбай, баарын эле Керимбай болуштун “ушагына” байланыштырып келатышкан жасалма версиялар өзүнөн өзү ыдырап, Токтогулдун чындыгын “аргасыздан” жабууланган “көшөгөлөр” айрылып, чыныгы тарыхый чындык бет алдыбызга, илимибизге жакындап келип калар беле деп ойлойм” (Ошондо 169-б).

Керимбайдын Токтогул айдалып кеткенден кийин гана болуш болгондугун ж.б. бир топ фактыларды тарыхчы К.Молдокасымов Сибирге чейинки архивдерге барып жүрүп, адабиятчы О.Сооронов КР Илимдер академиясынын кол жазмалар фондун казып жүрүп документ жүзүндө тастыктап чыгышты. Мында талаш жок. К.Поппердин жогоруда келтирилген методун ишке киргизе турган болсок: “Проблеманы аңдоо (мисалы, мурунку теорияны кыйратуу); Жаңыча чечимди сунуштоо (б.а. жаңы теория жаратуу) сыяктуу актылар Ш.Абдыраманов жана О.Соороновдордун аракети менен жасалды. Эми үчүнчү кадамды жасоого: “Ушул теориядан текшерилүүчү корутундуларды чыгарууга” мен аракет жасап жатам. Албетте, 4-пункт; “Эки теориядан көбүрөк ылайыктуусун тандап алуу” коомчулуктун, айрыкча адабий коомчулуктун иши.

Азыр белгилүү тарыхчыга айланган К.Молдокасымовдун аспирант кезинде “Кыргыз маданияты” гезитине чыккан “Акындын абак жылдары” аттуу макаласы көпчүлүктүн көңүлүн жакшы эле өзүнө бурган. Албетте, анда биз сөз кылып жаткан эки китеп тең жок болучу. К.Молдокасымов  Токтогулду ошол мезгилде болуш болуп турган Бактыяр Рыскулбеков жеткен карөзгөйлүк, накта жалган жалаа менен айдаткандыгын бир топ фактылар менен бекемдейт. Анда Токтогул менен кошо ошол Кетмен-Төбө өрөөнүнөн бир топ адамдар айдалат. Жаш окумуштуунун айтканы боюнча айдалгандардын бардыгы ар түрдүү себептер менен Рыскулбектин балдарынын алдынан кыя өтүп алган адамдар болушкан. Анткени алар үйүрлүү бөрүдөй болушуп, элди танап-тоноп турушчу экен. Анын бир мисалы катары Рыскулбектин балдарынын үстүнөн Фергана облусунун аскер-губернаторуна 1885-жылдан 1900-жылга чейин отуздун тегерегинде арыз түшкөндүгүн көрсөткөн.

Арыздангандар, Рыскулбектин балдарынын өтө көөп, көзгө көрүнгөндүн баарына салык салып, пара алып (буга мисал катары Баястан Баялиевдин Бактыяр Рыскулбековдун үстүнөн жазылган, анын каза болгон аялын бир нече күн жайына койдурбай, ал өз ажалынан өлбөптүр деген шылтоону бетке тутуп, өз жигити Үмөтаалы аркылуу пара талап кылып жатканын билдирген арызын көрсөткөн) жана башка өкүмзордуктарды кылып жатышкандыгы жөнүндө болгон. Токтогул ырчылык насили боюнча ашкерелөөчү акын болгондугу белгилүү. Токтогулдун бай-манаптарга каршы ырларын Жети атанын эле эмес, бир атанын балдары да (Рыскулбектин уруулаштары) ырдап жүрүшкөндүгү жөнүндөгү О.Сооронов келтирген фактыларды өз макаласында К.Молдокасымов дагы келтирген (К.Молдокасымов “Акындын абак жылдары” КМ, 20-июль, 1989-ж.). Демек, Рыскулбектин балдарынын  Токтогулду жок кылууга аракет кылууларынын мүмкүндүгү жүз пайыз бекемделет.

Бул фактыны өзүнүн “Токтогул Сатылганов и киргизские акыны” деген китебинде, белгилүү музыка таануучу В.Виноградов дагы келтирген: “Как разделался Бахтияр с неугодными ему лицами, мы узнаем из заявления киргизов Сусамырской волости на имя председателя Туркестанского военного окружного суда, которому было подведомственно дело об участниках восстания” (аталган китеп: М.-Л. 1952. 15-б.). Ошондой эле ошол мезгилде жети ата менен бир атанын ортосундагы карама-каршылык кадимкидей таптык жиктелүүгө чейин жетип калганын жогорудагы фактылар көрсөтүп турат.

Жана мында Токтогулдун ак-караны ылгаган ырларынын мааниси зор болгондугу дагы төгүндөлгүс чындык экендиги башынан белгилүү. Бирок (Акмат, Дыйкан алдамчы// Атакан, Миңбай жалганчы// Эгемберди, Бактыяр эл жегенге жардамчы – деген, ар бир кыргыздын көңүлүнө жат болгон саптардын Токтогулга таандыктыгы жөнүндө белгилүү адабиятчы К.Даутов “Барпы – айтыш өнөрүнүн универсал устаты” деген макаласынын 89-бетинде: “Чын-чынына келгенде анын (Токтогулдун – Ч.Д.) “Арзыматка”, “Беш каман” деген ырлары жок” деп, Ш.Абдырамановго таянып жазып, ал эми 90-бетте: “Азыр “Беш каман” деп аталып жүргөн ырдын 1936-жылы жарык көргөн тексти биздин колубузда жүрөт. Түп нускага жарым-жартылай жакындык ушунда гана болушу мүмкүн (кит.: Албан кырдуу алп акындын дүйнөсү. Бишкек-2003) деп жазат. Тактап айтканда К.Даутов тарабынан Ш.Абдырамановдун Токтогулдун кыргыз бай-манаптарына болгон каршылыгын басыңкыратып, алдыңкы аренага падышалык колонизатордук өкмөткө каршы көз карашын алып чыгууга жасаган аракети, ал эмес, анын совет өкмөтүн жактаган ырларын жокко чыгаруусу колдоого алынып жатат (жана К.Даутов булардын себептерин көрсөтө кетет – Ч.Д.). Жогорудагы макаласында К.Молдокасымов: Токтогул жана анын жердештери түрмөгө ийикчи эшен баштаган Анжиян көтөрүлүшүнө катышкан, орус падышачылыгынын коркунучтуу душманы катары кармалып, камалышканы менен түпкүлүгүндө, алар Рыскулбектин балдарынын өчөгүшкөн душмандыгы менен гана кармалышкан деген эски көз карашты бекемдеген. Мисалы, ал минтип жазат: “… элдин кыжырдануусу өөрчүп олтуруп, 1898-жылкы антифоэдалдык күрөштү жаратты. Бирок бул көтөрүлүшкө Токтогул жана анын чөйрөсүндөгү Суусамыр эли катышты беле? Түздөн-түз колдоруна курал алып, көтөрүлүшкө катышкан эмес. Анда Токтогул жана анын тегерегиндеги 34 адам эмне себептен оор жазага кириптер болуп олтурат. Алардын жалган жеринен оор жазага тартылышын Рыскулбектин балдары уюштурушкан, ойдон чыгарылган арамза айып тагуунун натыйжасы”(ошондо). Аны алар ошол 1898-жылдын жаз айларында көтөрүлүшчүлөрдү падыша өкмөтү жазалап жатышканын угуп, өздөрүнүн өчү, кеги бар адамдарды тизмелешип, ага күбө өтүп бере турган өздөрү тараптан 24 адамды даярдашкан дагы “Шадыбектин шайкалары” деген жарлыкты тагып, аскер-губернаторго билдирүү жөнөтүшкөн. Бийлик чагылгандай тездик менен чара көрүүгө өтөт. 5-майда жазылган билдирүүнүн арты менен 10-майда жазалоочу отряд келип, ар кимиси өз үйүндө бейкапар тиричилик кылып жүргөн адамдарды кармап кетишет. Каршылык көрсөтүү эч кимисинин оюна да келбейт”.

Тарыхчы келтирген фактылар мына ушундай. Жазуучу Ш.Абдыраманов өзүнүн “Анжиян көтөрүлүшү жана акын Токтогул” деген макаласын: “Токтогул Анжиян көтөрүлүшүнө катышкан эмес… Аны Керимбай болуш эле, өзүн жамандап ырдап койгондугу үчүн, өч алыш максатында гана … Сибирге айдатып жиберген” деп, муну туруктуу “илимге” айландырып алганыбыз мени кайра-кайра ойлондурат. Мунубуз тамыры терең чыныгы илим беле же мезгилдин каткалаң идеологиясына ыңгайлаштырылган коньюктура беле? Менин бекем ишенимимде, кийинкиси го…” (китепте 139-б.) деп, К.Молдокасымовдун фактылар менен бекемдеп отуруп берген маалыматтарына тыкыр карама-каршы көз карашы менен баштайт. Мындай пикирге келүүсүнө шыкакчы болгон фактыларды жазуучу тээ алыстан издейт.

Мисалы, “… Ал Жобо боюнча (“Жобону” Түркстан генерал-губернатору, тажрыйбалуу колонизатор фон Кауфман түзгөн) отурукташкан өзбек, тажик, кыпчак, түрк элдерине түз жана суулуу жерлер берилүүсү көрсөтүлгөн (пахта эгүүнү күчөтүү жана кеңитүү үчүн). Ал эми көчмөн элдерге бул региондо анын негизгиси кыргыздарга түз жана суулуу жерлер таптакыр берилбей, жайлоолору да тартылып алынып, колониалдык администрацияга өткөрүлүп берилген. (Т.а. кыргыздар көчмөн жашоо образы (пахта өстүрө албаган) жана тынчы жок мүнөзү менен орус падышачылыгына такыр кереги жок “ашыкча” элемент болуп чыгып жатпайбы. Бул кептин чындыгы бар экендиги М.Элебаевдин “Кыйын кезең” аттуу чыгармасында так-даана көрсөтүлөт.

Анда ысык-көлдүк кыргыздар күндүзү көчөдө жүрө албай калгандыгы ушунчалык таасын сүрөттөлөт, ошондогу  кыргыздардын көрүнүшү, абалы,  К.Акматовдун “Архат” романында берилген  Индиянын “жексурлар” кастасынын адамдарын жана алардын жашоосун элестетет. Октябрь революциясы ишке ашпаганда, орус колонизаторлору жакынкы перспективасында кыргыздардын башына индиялык “жексурлар” кастасынын күнүн орнотмок. Бирок ошол эле мезгилде А.Ф.Керенскийдин кыргыздарга (запкы тарткан тарап катары)  кандай болушканын баарыбыз биле бербейбиз, ошондуктан, кичинекей бир фактыны келтире кетели: “Киргизская трагедия 1916-года поставила ребром перед российской прогрессивной общественностью вопрос – Кто виноват? Когда этот вопрос депутаты Госдумы адресовали Керенскому он сразу ответил, что – Император.” На вопросы депутатов “Что делать?” Керенский четко ответил: Необходимо устранить царя. Если потребуется – физически!”. Русский царь в 1918 году расстрелян со всей семьей близ Екатеринбурга, то ли достигла его расплата за невинно погибших киргизов, то ли наступил его час” (Ж.Өсөркулов “Александр Федорович Керенский” “Дил” 29.09.2017)  – Ч.Д.). (Мында орустардын баары эле (ошол мезгилде) кыргыздын душманы болбогону көрсөтүлүп жатат – Ч.Д.). “Жети атасынан бери мекендеп, тукум улантып келаткан жер-суусунан ажырап калуу ар бир кыргыз үчүн, анын ичинде акылы курч жана терең ойчул Токтогул акын үчүн, түн түшкөн караңгылык, кыямат кайыңдын жалыны жакындап келаткандай коркунуч болгон. Мындай өлүм коркунучуна бүт элибизди такап келаткан апаатка каршы, алардан кутулуу жолуна үндөгөн көтөрүлүш идеясы Ферганадай зор чөлкөмдө пайда болуп келатса, Токтогул сыяктуу акылман кантип четте калсын” (Ш.Абдыраманов 140-б.).

Ошондой эле жазуучу орус князы, думанын депутаты, Мансырьевдин  1898-жылкы көтөрүлүштүн себептерин жеринен изилдеп келип (ал А.Ф.Керенскийдин тапшырмасын аткарган — Ч.Д.). Думанын алдында жасаган отчетунан төмөнкүдөй үзүндү келтирген: “Поборы (алык-салык – Ш.А.) производились по всякому поводу… Наряду с этим, признаком хорошего административного тона считалось постоянное отчуждение от местного населения, выражение всякого ему презрения и недоверия, взгляд на туземное население, как на нисшую расу, неспособную ни мыслить, ни чувствовать” (бул кудум эле “жексурларга” жасалган мамиле эмеспи — Ч.Д.). Анжиян көтөрүлүшүнө көпчүлүктүн тартылуусунун дагы бир себебин, өз мезгилинин бунтарь жазуучусу Ш.Абдыраманов колонизаторлордун ислам динине жасаган мамилеси менен дагы байланыштырат. Ушундай себептерди эсептеп келип, ал мындай тыянак чыгарат: “Токтогулдун өмүр-чыгармачылыгынын бийиктиги дал ошол орус колониализмине каршы чыгарылган, эркиндик үчүн болгон “Анжиян көтөрүлүшүнө” аң-сезимдүү түрдө катышкандыгында!.. Мына ошондойчо түшүнүп, ошондойчо баалаганыбызда гана анын өмүр-чыгармачылыгынын элеси дүйнөлүк аренада калдайып чыга келет. Ошондо анын өмүр-чыгармачылыгы кыргыз элинин эркиндик күрөштөрүнүн тарыхындагы зор саясы актка айланат, өтө маанилүү саясы факт катары жашайт”(142-б.).

Чындыгында жазуучу Токтогулдун Анжиян көтөрүлүшүнө так катышкандыгын көрсөткөн бир да фактыны келтирбейт. Бирок аны сөзсүз катышкан деп эсептей тургандыгынын себебин минтип түшүндүрөт: “Анжиян көтөрүлүшүнө” Токтогулдун катышы болгон. “Катышы болгон” же катышкан десе эле бирөөлөр колуна курал алып күрөшпөгөнүн айтышат экен (К.Молдокасымовдун мындай далилдөөсүн жогоруда келтирдик – Ч.Д.). Токтогул – акын, демек, ал бул көтөрүлүшкө ырлары, эркиндик үгүттөрү, саясы идеялары менен катышкан. Ошон үчүн дарга тартылып өлтүрүү жазасын алган. Юриспруденцияда кылмышты тике аткарган адамдан анын идеясын берген адам оорураак айыпталат. Токтогулдун Анжиян көтөрүлүшүнө катышын ушул аспектиде түшүнсөк, чындыкка кыйла жакындайбыз” (152-б.). Мына ушул корутундусу жазуучунун колунда Токтогулдун Анжиян көтөрүлүшүнө түздөн-түз тиешеси болгондугун тастыктоочу эч кандай документ болбогондугун, ал өзүнүн көз карашын, концепциясын, Токтогулдун өмүр жолундагы фактыларга, анын адамдык парасаты менен ырларынын мазмунуна, багытына ошол мезгилдеги тарыхый кырдаалдарга таянуу менен гана чыгарып жаткан логикалык корутундусу экендигин билдирет. Бирок жазуучуну интуициясы алдабаганын Омор Соороновдун төмөнкү жазганынан билебиз:  “Ш.Абдыраманов “Тарыхтагы ак тактар” деген китебинде “Анжиян көтөрүлүшү жана акын Токтогул» деген өтө баалуу көркөм баян жазды. Жазуучу, биз сөз кылып аткан, Токтогул өзү айтып берген, Н.С.Ладушев (Токтогулдун өз оозунан, өз колу менен-Ч.Д.) кагазга түшүргөн кол жазма менен тааныш болбой туруп (алдын биз сыздык-Ч.Д.) эле жогорку баянында: “… ушундай даражага көтөрүлүп калган акын Токтогул Анжиян көтөрүлүшү сыяктуу зор көтөрүлүшкө алып бараткан атмосфераны кантип сезбей калмакчы? Аны сезүүгө аргасыз кылган курч кырдаалдар анын айланасында өтүп, күндөлүк турмушунда аралашып жаткан. Дал ошолордун өзү анын керт башына коогалаң салып, уктаса уйкусун алып, ойгонсо акыл-эсин ээлеп турган” (Ш.А. 140-б.) деп жазды. Окумуштуу кайсы текстти Ш.Абдыраманов билген эмес деп жатат? Омор агайдын өзүнө сөз берсек: “…Аны Токтогул өзү: “Именно в этой хате, хате наманганского предпримчивого Тюрехана у меня лично произошел огромный перелом во всей моей жизни…  изменило направление моей жизни – я сказать и объяснить не мог, намечаемое восстание меня увлекло всего, с головой, оно отвечало моим внутренним желанием, мщению царским чиновникам и родовой знати и т.п.”, деп (19-б.), керек болсо көтөрүлүшчүлөрдү мактап ырдап жиберээрин да айтып жатпайбы (… а если нужна то и воспеть на комузе хвалебную песнь)” (72-б.)

Белгилүү окумуштуу О.Соороновдун жогоруда эскерилген китебинин мазмуну, кыргыздын тарыхынын тамгалык белгилерин (ар түрдүү ариптеги) камкор колуна кармап турган жана тарыхтын ак тактарын калыбына келтирүүдө жеке пенденин өмүрү түткүс алп иштерди жасап жаткан айтылуу аалым жана акын агабыз Омор Соороновдун  китепти жазуудагы тутунган концепциясы, атайлап тарыхый өксүктү эске алгандай Токтогулдун өмүрү менен ыр чалган көңүл күүлөрүн ордуна келтириш үчүн колуна тийген маалыматтардын күкүмдөйүнө да көңүл буруп, аларды чындыкты калыбына келтирүүчү чынжырдын илмектери катары пайдаланууга аракет кылыптыр. Ошондо жетишээрлик деңгээлде көлөмдүү (220 бет) китепте, мезгилдик алыстыктын жапкан булаңгыр пардасы менен ар түрдүү саясый жагдайлардан аман алып өтүп, акындын атын сактап калуу камында, жалган-чыны аралаш түзүлгөн коньюктуралык тарыхтын “ыпыр-сыпырынын” тоскоолунун ары жагынан “Ала-Тоодой калдайып Токтогулдун чыгармачыл алп келбети ачылып чыга келгенин” (Ш.А.) сокур эле көрбөй калбаса, соо көзү бар адам көрбөй калышы мүмкүн эмес деңгээлде көрсөтүлүптүр.

Окумуштуу О.Сооронов жазуучу Ш.Абдырамановдун зар какшаган тилегин жеңил колу менен ишке ашырып койгондугу айтып болгус эрдик болгон. Мындан аркы Токтогул жөнүндө илим дал ушул Ш.Абдырамановдун берген идеялары менен О.Соороновдун келтирген жана багыттаган фактыларынан, алардын берген идеяларынан, ошол жана азыркы заман жөнүндөгү ой жүгүртүүлөрүнөн башат алуу керектиги кара аттын аттын кашкасындай кашкайып көзгө көрүнүп калыптыр.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *