АУДИО: Табиятка суктанган Айтматов

Бүгүн Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Залкар жазуучу менен жазмыш буйруп баарлашкан чыгармачыл инсандардын эскерүүлөрү. Орус тилиндеги “Залкар адамдар” үлгүсүндөй Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнүн урунттуу учурларын, чыгармачылык ой-толгоо өзгөчөлүгүн же даркан жазуучу менен кездешкен улуу-кичүү замандаштарынын эскерүүлөрүн камтыган эмгек кыргыз тилинде чыга элек. Улуу инсандын туулган күнүн утурлай ойчул жазуучу менен тагдыр буйруп, бир саам болсо да баарлашып, чогуу даам татышып калган кээ бир чыгармачыл адамдарга Чыңгыз Айтматов жөнүндө сурап кайрылдым. Васил Зилгалов “Азаттык” радиосунун украин кызматында узактан бери иштейт. Кепти ал 2007-жылы […]

Афро-америкалыктардын жомогу: Илегилек менен карга

Бир кезде Илегилек менен Карга адам болуптур. Ал тургай экөө Кудайдын алдында антташкан достордон болушкан дешет. Кайсы бир күнү Илегилек Карганы конокко чакырат. – Мен тор салып көп балык кармадым,– дейт Илегилек Каргага.– Келип сый көрүп кет, досум. – Болуптур досум, барам,– дейт Карга. Карга токулган себети менен таш балтасын алып, Илегилектикине жөнөдү. Күн суук эле, Карга ачка болучу, андыктан Илегилек кармаган балыктарды ойлоп баратты. “Илегилек өзү ак көңүл жакшы киши,– деп өзү менен өзү сүйлөштү Карга.– Ушундай досум бары […]

Кимдин ой-максаты тамак ичүү болсо – анын баалуулугу ичеги-карынынан чыккан бок-жиндей

Имам Шафи – ислам ааламындагы эң негизки аалымдардын бири. Чыныгы аты-жөнү Мухаммад ибн Идрис ибн Аббас болгон. Ал эми чоң атасынын атасы Шафи атактуу курайш уругунун башкаруучу өкүлдөрүнөн болгону үчүн Шафи деген ысым менен белгилүү. 767-жылы Палестинанын Газа шаарында туулуп, 820-жылы 56 жашында Эгипептин Фустат шаарында каза болгон. Ислам дининин сунни агымын карманган Имам Шафи хадистерди чечмелеген, исламды түшүндүргөн ж.б. көптөгөн китептерди жазган. * * * Адам баласын толугу менен ыраазы кылуу өтө кыйын. Кимдир бирөө бардык адамдарды курсант кыла […]

Айтматовдун кайра куруу жылдарындагы атуулдук көкжалдыгы комсомолдук лидердин көзү менен

Белгилүү коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу Тынычбек Табылдиев 1987-1990-жылдары Кыргызстан комсомолунун Борбордук Комитетин жетектеп, кайра куруу шарттаган оош-кыйыштуу кырдаалда жаштардын массалык уюмун башкарган биринчи катчынын соңкусу болгон. Анан тарых өзгөрдү, заман өзгөрдү, адамдар өзгөрдү. Айкындуулук, демократия, жаңыча ой жүгүртүү деген түшүнүктөрдү ураан кылып чыккан кайра куруу мезгили, азыр ал тууралуу коом, эл ичинде түрдүү пикирлер айтылып жатканына карабастан, бир мүнөтүн кемитпей так жүргөн поезд таризде мезгил тереңин жиреген тарых бетинде сабагы таалимдүү өз санжыра-баянын калтырды. Мурдагы комсомолдук лидер […]

Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ: Омор – Мезгил

“Түрк дүйнөсүнүн Адамы” – акын Омор Султановдун 80 жылдыгына арналат ПРОЛОГ Омор Султанов ким? Адегенде эле түз, «алагушту атынан чакырып» айтыш керек: Омор Султанов кыргыз улуттук кыртышынан өнүп чыккан нукура акын; ушул эле учурда чыгармаларынын баасы-баркы дүйнөлүк бийик чен-өлчөмдөр менен өлчөнүп баалана турган эл аралык масштабдагы мастер. Бир сөз менен айтканда – классик. Улуттук поэзиянын соӊку классиги. «Соӊку», демекчи, совет заманынан берки жазма адабиятыбызды белгилүү мезгилдик мерчемдеринде карай келсек, «классик» деген критерийге толук жооп берген саналуу гана акындар калат. Алар […]

Айнура КАДЫРМАНБЕТОВА: Мар Байжиевдин «Башкалардын бактысы» киноповестиндеги подтексттин ролу

Мар Байжиев бүгүнкү күндө өз адабий жүзү, өз үнү бар таланттуу жазуучуларыбыздын бири. Анын чыгармачылыгы көп кырдуу. Ал прозаик, драматург, киносценарист. Биринчи жыйнагы 1961-жылы «Каракурт» деген ат менен басмадан жарык көргөн. Тажрыйба топтой элек жаш автордун бул алгачкы жыйнагында кемчиликтер, айрым бир алешем калган көрүнүштөр менен катар жазуучунун чыгармачылык потенциясынан кабар берүүчү чагылдыруудагы предметтүүлүк, көркөм каражаттардын үнөмдүүлүгү, жумшак юмор, керек жерде курч какшыктын катышы байкалат. М.Байжиев – 60-жылдардагы «жаңы адабияттык генерациянын эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири. Анын чыгармачылыгы да өзүнүн калемдеш […]

«Ушунчалык унутпаган, адамкерчиликтүү адам экен!..»

Жазуучу жөнүндө жазуучу эмес кишилердин дил баян-аңгемелеринен (Жамбыл автовокзалынын директору болуп иштеген Кыргызбековдун Чыңгыз Айтматов жөнүндө айткандарынан) Бул окуяны да “үнү жок” Раманкул Момункулов аксакалдын саргыч өң контор журналына жазылган “эскерүүлөр топтомосунан” окуган элек. Ошол өзү ээн-жай отуруп кагазга түшүргөн калыпта — ырааты менен сөзмө-сөз келтирели. Казак кулуну Кыргызбеков ага жыл-айы эсте жок күндөрдүн биринде төмөнкүдөй эскерүүсүн баяндаган экен: “…Жумуш убактысы бүтөөрүнө аз эле убакыт калган. Бир убакта эшикти ачып бирөө кирип келатат. Карасам — өңү аябай тааныш. Келип эле […]