Бүгүн Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Залкар жазуучу менен жазмыш буйруп баарлашкан чыгармачыл инсандардын эскерүүлөрү.

Орус тилиндеги “Залкар адамдар” үлгүсүндөй Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнүн урунттуу учурларын, чыгармачылык ой-толгоо өзгөчөлүгүн же даркан жазуучу менен кездешкен улуу-кичүү замандаштарынын эскерүүлөрүн камтыган эмгек кыргыз тилинде чыга элек. Улуу инсандын туулган күнүн утурлай ойчул жазуучу менен тагдыр буйруп, бир саам болсо да баарлашып, чогуу даам татышып калган кээ бир чыгармачыл адамдарга Чыңгыз Айтматов жөнүндө сурап кайрылдым.

Васил Зилгалов “Азаттык” радиосунун украин кызматында узактан бери иштейт. Кепти ал 2007-жылы декабрда Чыңгыз Айтматов менен болгон маектешүүсүнөн баштады. Журналист дипломаттык мөөнөтү аягына чыгып бараткан алп калемгерден 2006-жылы жарык көргөн “Тоолор кулаганда” романын мазмуну жөнүндө сураптыр ошондо оболу.

— Менин эсимде, — деп баштады украин жазуучусу. — Чыңгыз Айтматов өлөөр алдында 2007-жылы андан чоң бир жарым сааттык интервью алгам. Ошондо мени эмне таң калтырды дебейсизби? Чыңгыз Айтматовдун адабияттагы чоң бир борчук, даркан жазуучу экени айдан ачык. Ал көптөгөн керемет чыгармаларды жазды. Мен Айтматовдун “Когда падают горы” (Вечная невеста) романынан айрым үзүндүлөрдү окуп, бирок ал мага мурдагы чыгармаларындай кызыктуу көрүнгөн эмес. Мен Айтматовдон: «Тоолор кулаганда” (Түбөлүктүү келин) деген романыңыз эки сөз менен айтканда эмне жөнүндө?” дер сурагам. Ал кезде Чыңгыз Айтматовдун жашы бир топко барып калган. Ага карабай Айтматов дүйнөлүк адабиятта эмне болуп жатканын териси менен, ар бир кан тамыры менен сезип турганын даана байкадым. Мени таң калтырганы — ”Тоолор кулаганда” тууралуу менин суроомо Айтматов: “Роман адамдын курчап турган дүйнөнүн кыйроосу жөнүндө. Ал бул алааматты көрүп, эмне кылганды, кайда барганды билбейт!?” деп жооп берди.

Васил Зилгаловдун Чыңгыз Айтматов менен маектешүүсү “Азаттыкта” 2007-жылы 12-декабрда украин тилинде обого кетип, ошол эле күнү украин тилинде интернет сайтка чыккан.

Художник-дизайнер Ибрагим Бакиров Чыңгыз Айтматовдун жеке өзүнүн чакыруусу менен 2001-2004 — жылдары Брюсселдеги Кыргызстандын элчилигинде жазуучу менен чогуу эмгектенген. Ал да жазуучуга “Новый мир” журналына ошол кезде үзүндүсү басылган “Тоолор кулаганда” романындагы илбирстин образы жөнүндө сурап кайрылганын эскерди.«Илбирстин сезими эмне үчүн адамдын сезимине окшош сүрөттөлгөн деп сурадым, — дейт И. Бакиров. — Чыңгыз Айтматов мага: “Жолборс аркылуу адамдын психологиялык портретин кубатына толуп жана картайып, алдан тайып турган кезин чагылдырдым. Себеби бул куракта адамда жана айбанатта ар кандай өзүнө мүнөздүү проблемалар пайда болот,”- деп түшүндүрдү.»

​Демейде, катарлаш жашаган адамдын улуулугун замандаштары тээ карт заманда өткөн көзү ачык олуялар сыяктуу эле өз учурунда жакшы баалай беришпейт. Бирок Чыңгыз Айтматовдун ар бир китебин сүйүп окуп, жаңы чыгармаларын чыдамсыздык менен күткөн окурмандары арасында өз доорунун даңктуу жазуучусу менен бир кездешсем деп аруу тилегин бапестеп жүргөндөрү арбын болгон. Ошондой бир окуя күнү бүгүнгө чейин Ибрагим Бакировдун көз алдында турат.

— Орусиялык атактуу тележурналист Владимир Молчанов келип, Чыңгыз Төрөкулович тууралуу даректүү тасма тарты. Телесъемка элчиликтен кийин Брюсселдин ортолугундагы Гран палацта улантылды. Ал жерде туристтер көп. Молчанов камераларды тартып жаткан кезде, шаардын кооз имараттарын, айлананы видеокамерага түшүрүп жаткан турист орус аял пейзажды тартып жатып, бир убакта камерадан Чыңгыз Айтматовду көрө коюп: “Оо, Айтматовду көрдүм!”, деп сүйүнүп кетти. Ошол тушта каптал жактан Молчановдун “Не мешайте!” деген үнү угулду. Аял анан Молчановду көрүп:”Оо, Молчановду да көрдүм!”, — деп өзүнчө ыраазы болуп кетти.

Чыңгыз Айтматовдун Брюсселдеги жашоосунан кабар алып, окурмандарына кабарлаш үчүн журналисттер да келип турган. Мисалы, Грузиядан келген журналисттерди белгилүү жазуучу жана мурдагы СССРде таанымал коомдук ишмердин кантип дипломаттык кызматка барып калганы кызыктырат.

— Чыңгыз Айтматовго Люксембургда СССРдин элчиси болуп иштөөнү Эдуард Шеварднадзе СССРдин тышкы иштер министри болуп турган кезде сунуш кылганын айткан эле жазуучу Грузиядан келген тележурналисттердин суроосуна.

Ибрагим Бакировдун айтышынча, дипломат-жазуучу бюрократтык иштерге жыш жумуш күндөн кийин жана дем алыш маалында бош убактысы боло калса, Брюсселдин кооз бактарын кыдырганды жакшы көрчү экен.

— Брюсселдин бактары аябай кооз. Анда дүйнөнүн ар кай жактарынан алып келинген бак-дарактар өсөт. Жазда сакура жана магнолия гүлдөгөн кезде Чыңгыз Айтматовду фотосүрөткө тартып алдым. Анан күздө түркүн дарактардын жалбырактары ар түрдүү боёкторго боёлгонун көргөндө аябай суктанчу. Аларды көргөн сайын эми биринчи жолу көргөндөй таң калаар эле.

Ибрагим Бакиров Бельгиянын тегеректи жашыл өңгө боёгон жазында жана бак-дарактары жалбырактарын күбүп, кышты күтө баштаган алтын күзүндө Чыңгыз Айтматовду фотосүрөткө түшүргөндөн башка да чоподон бюстун жасаган.

— Убактысы болгондо отуруп берди. Бүткөн ишти көргөндө: «Өзүмдү тааныдым. Бул — мен. Чыныгы эле өзүмдү тааныдым. Бул — мен”, — деди. Чыңгыз Айтматовго жакканына абдан ыраазы болдум. Ал портрет гипске куюлуп коюлган. Бир учуру келгенде колодон куйдуруп алайын деген ниетим бар.

Жаратылыштын сулуулугуна канбай суктанган Чыңгыз Айтматов баладай жөнөкөй да болгон. “2004-жылы 12-декабрда элчиликтин кызматкерлери Чыңгыз Айтматовго торт алып келишет. Татуунун бетинде шам менен 74 деп жазылып турган. Юбиляр 7 жана 4 сандарынын ордун алмаштырып: “Мына эми мен жаш болуп калдым”, — деди дагы, андан соң вропалыктарча балбылдап жанып турган шамдарды үйлөп өчүрдү”, — деп эскерет Брюсселде жашаган художник-дизайнер Ибрагим Бакиров.

​Чыңгыз Айтматов Брюсселде жүргөн акыркы жылдары жашы бир кыйла улгайып калганына карбай дүйнөлүк адабиятка кылдат көз салып турган. Жазуучунун Батыш адабиятынын кандай дем алып, кай жакты көздөй баратканын баамдай билгени Васил Зилгаловду абдан таң калтырган. Зилгаловдун айтымында, Айтматов туура беш жыл мурда дүйнөлүк адабият тууралуу ага айткан процесстер бүгүн да уланууда.

“Бүгүн дүйнөлүк адабиятта дал ошондой кырдаал сүрөттөлүүдө. Психологияда ресентимент деген түшүнүк бар. Бул коомдун психологиялык абалы. Андай жагдайда адам бүгүнкү цивилизациянын жүрөк титиреткен бардык проблемаларын туят жана анда жек көрүү пайда болуп, ал үчүн кимдир бирөөлөрдөн өч алууну каалайт. Башкача айтканда, көпчүлүк адамдар бай боло албасын билет. Ипотекага алган квартирасынын акысын төлөө керек; татыктуу жумуш табуу керек; турмуштук проблемалар күн сайын аны желкеден мыкчып турат. Ал бул жөнүндө ачык айткысы келбейт. Ал өзүнөн өзү эле коомдон обочолоп, түнт, оорукчан болуп калат. Бир кезде Фридрих Ницше айткандай, ресентиментке кабылган адамда башкалардан өч алууну каалаган сезип пайда болот. Бүгүнкү Батыш адабиятында адамдын мына ушундай жылчыгы көрүнгүс туңгуюкка кабылган адамдын психологиялык абалы чагылдырылууда. Чыңгыз Айтматов 2008-жылы мага ушул тууралуу айтып бергенде, анын адабияттагы процесстин күрөө тамырын таамай сезгенин көрүп, аябай таң калгам. Коомдун психологиясы жана адабият өз ара камыр-жумур байланышкан”, — деп аяктады украин журналисти Васил Зилгалов кыргыз элинин көрүнүктүү уулу, ысмы дүйнөгө белгилүү Чыңгыз Айтматовдун жазуучулук көрөгөчтүгү тууралуу сөзүн.

Чыңгыз Айтматовдун мурда жарыяланбаган сүрөттөрү. Жазуучу менен Брюсселде элчиликте чогуу эмгектенген Ибрагим Бакиров өздүк архивинен «Азаттыкка» тартуулаган сүрөттөр:

Ойчул жазуучу окурманды күнүмдүк жашоонун түйшүгүнө мүңкүрөп азап чекпегенге, адамдын ич дүйнөсүндө терең катылып жаткан улуу сезимди жана рухту козгоп, ар кандай жамандыкка каршы күрөшө билгенге үйрөтүп көмөктөшөт. Муну Чыңгыз Айтматов ар кандай искусствонун максаты деп санаарын жапон философу Дайсаку Икэда менен 1990-жылдардан башында чогуу жазган “Духтун улуулугана ода” деген эмгекте айтканы бар.

Амирбек Азам уулу

«Азаттыктын» штаттан сырткаркы журналисти.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.