Имам Шафи – ислам ааламындагы эң негизки аалымдардын бири. Чыныгы аты-жөнү Мухаммад ибн Идрис ибн Аббас болгон. Ал эми чоң атасынын атасы Шафи атактуу курайш уругунун башкаруучу өкүлдөрүнөн болгону үчүн Шафи деген ысым менен белгилүү. 767-жылы Палестинанын Газа шаарында туулуп, 820-жылы 56 жашында Эгипептин Фустат шаарында каза болгон. Ислам дининин сунни агымын карманган Имам Шафи хадистерди чечмелеген, исламды түшүндүргөн ж.б. көптөгөн китептерди жазган.

* * *

Адам баласын толугу менен ыраазы кылуу өтө кыйын. Кимдир бирөө бардык адамдарды курсант кыла албайт. Ал үчүн кул (адамдар), дайыма жаратуучусун ибадаты менен ыраазы кылууга аракеттениши керек.

* * *

Текеберленүү жана өзүн жогору көрсөтүү үчүн илим алгандардын эч бири оңолуп кеткен эмес. Бирок жөнөкөйлүк, аалымдарга жана адамдарга кызмат кылуу үчүн илим алгандар, албетте, өз жолун таап кеткен.

* * *

Бирөө Имам Шафиден осуят сурайт: — Сенден байлыгы жана акчасы көп болгонду кысканба. Ал адам байлыгына куса болуп өлөт. Сен ибадатын үзбөгөн адамга жакын бол. Жашагандар акыры өлөрү үчүн алардын дүнүйөсүнө көз артуу жакшы эмес.

* * *

Илим – жаттай турчу нерсе эмес. Ал жаттап алгандарыңдын жыйынтыгындагы пайда.

* * *

Расулуллох (саллаллаху алайхи васаллам) жана  кудайдын жолунда жүрбөгөндүн асманда учканын көрсөм дагы чын экенинен күмөн санайм.

* * *

Бардык адам акылдуу делбейт. Акылдуу адамдар өздөрүн ар кандай жамандыктан коргогондор.

* * *

Дүнүйөнү жана жаратуучумду бирдей сүйөм дегендер – жалганчы.

* * *

Чыныгы дос – досунун кубанычына жана кайгысына орток болгондор.

* * *

Эки киши бири-бирине таарынгандан кийин кайрадан айыптарын чукуп чыгуусу – жалаа жабуунун алааматы.

* * *

Жалган сөздү чынга айланткандар – кошоматчы жана эки жүздүүлөр.

* * *

Сабак алгың келсе, жаңылышкан адамдардын акыбеттерине карап, жүрөгүңдү тазала.

* * *

Дүйнө иштеринен тажагандар ибадатка кайтсын.

* * *

Намыстанып менменсинүү – пас жана  адепсиздердин адаты.

* * *

Кызмат кылгандарга – кызмат кылынат.

* * *

Достор менен маектешүүдөн өткөн ыракат жок. Бирок ажырашуу дагы тозоктун иши.

* * *

Илимди сүйбөгөндөрдөн пайда жок. Мындай адамдардан алыс бол. Анткени, илим жүрөктөрдүн жашоосу, көздөрдүн нуру.

* * *

Чыныгы дос жана накта химиялык зат оңой табылбайт, издебейле кой.

* * *

Илим алуу – пайдасыз ибадаттан жогору.

* * *

Өзүн билбегендерге илим үйрөтүү — илимди жерге тепсегенге барабар. Ылайык болгондордон илимди жашыруу – залимдик.

* * *

Илим үйрөнүүнүн үч шарты бар: Мугалимдин жөндөмү, окуучунун акылы жана узак убакыт.

* * *

Кимдин ою, арзуусу, максаты тамак ичүү болсо – анын баалуулугу ичеги-карынынан чыккан бок-жиндей.

* * *

Дүйнөдөгү эң тынчы жок адам – жүрөгүнө кек алууну сактагандар.

* * *

Кимдир бирөөнү сага жамандаган адам, сен жок жерде сени да жамандайт.

* * *

Канааттануу бейпилдикке жетелейт.

* * *

Сырын ичине ката алгандар – өз ишин мыкты билгендер.

* * *

Кумарпоз жана караңгы адам сүйлөгөндө ага жооп кайтарба. Унчукпай калуу ага жооп берүүдөн жакшыраак.

* * *

Үйрөнүүнүн азабын тартпагандар, өмүр бою наадандыктын тамчысын ууртайт.

* * *

Илим ал, эч ким аалым болуп төрөлгөн эмес, илимдүү менен  сабатсыздын айырмасы чоң.

* * *

Сага келгенге сен да бар. Сага жамандык кылып азап чектиргенге сен азап бербе.

* * *

Эй пенде, тилиңе ээ бол, тил сени көргө түртпөсүн. Анткени ал жылаан. Канчалаган эр жүрөктөр тилинин айынан курман болгон.

* * *

Чындыкты ким айтып жатса да кабыл ал.

* * *

Арсыз менен дос болсоң – акыретте ийментет.

* * *

Кенедей катачылыктан улам таарынганга ишенбе.

Кыргызчалаган Урматбек НУРСЕЙИТ уулу

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.