Жазуучу жөнүндө жазуучу эмес кишилердин дил баян-аңгемелеринен

(Жамбыл автовокзалынын директору болуп иштеген Кыргызбековдун Чыңгыз Айтматов жөнүндө айткандарынан)

Бул окуяны да “үнү жок” Раманкул Момункулов аксакалдын саргыч өң контор журналына жазылган “эскерүүлөр топтомосунан” окуган элек. Ошол өзү ээн-жай отуруп кагазга түшүргөн калыпта — ырааты менен сөзмө-сөз келтирели.

Казак кулуну Кыргызбеков ага жыл-айы эсте жок күндөрдүн биринде төмөнкүдөй эскерүүсүн баяндаган экен:

“…Жумуш убактысы бүтөөрүнө аз эле убакыт калган. Бир убакта эшикти ачып бирөө кирип келатат. Карасам — өңү аябай тааныш. Келип эле саламдашып:

— Айтматов Чыңгыз болом, — деди.

— Отуруңуз, отуруңуз, — деп калдалактап шашып калдым.

— Талас жакка тойго бардык эле, алдагы темир жолдон өткөндө “Волгамдын” эки дөңгөлөгүнүн тең жели чыгып, жүрө албай калдык. Мүмкүн болсо, эки дөңгөлөк берсең, — деп чөнтөгүнөн бир пачка акча алып жатат.

— Чыңгыз ага, акчанын кереги жок. Азыр шофёрумду чакыртайын, — деп шофёрду чакыртып, эки дөңгөлөктү чыгарып, запасканы да салып бер деп салдырып, узатып жибердим.

Баса:

— Фамилияң ким? — деп сурады. Мен:

— Кыргызбеков, — дедим.

— Кыргызбаев деген казактын фамилиясын уктум эле. Кыргызбеков дегенди биринчи угушум, — деп эки телефондун номерин жазып ал деп берди. Жазып алдым. Ошол бойдон арадан бир-эки жылдай өтүп кетти.

Үй-бүлөм менен Ысык-Көлдөгү “Автомобилист Казахстана” санаториясынабы, айтор, көлгө путёвка алып жөнөп калдым. Кызыл-Көпүрө деген жерге барганда, милиционерлер документтер туура эмес экен деп өткөрбөй коюшту. Кайра Фрунзеге келип, баягы Чыңгыз ага берген телефонго чалсам, биринчи эле телефондон жооп берди. Мен өзүм жөнүндө айтсам эле, эсинде болсо керек:

— Убактың барбы? Азыр биринчи меникине келип, чай-пай ичесиңер. Анан Кызыл-Көпүрөдөн өткөрүп коёбуз, — деди.

— Чыңгыз ага, чайга ырахмат. Мен бала-чакам менен КызылКөпүрөдөн өтсөм эле болду, — десем:

— Машинаңдын номурун айт, — деди.

Номурун айттым. 15-20 мүнөттөй болдубу, бир МАИнин инспекторунун “Волгасы” сирена менен келип эле токтоп, өзү жаныма басып келди. Учурашып:

— Биз азыр Кызыл-Көпүрөгө чейин узатып барып, кала беребиз. Сиз токтобой көлгө кете бериңиз, — деди.

Айткандай эле токтобой өтүп, санаториябызга жетип бардык. Эки күн өткөндөн кийин бирөө чакырып жатат деп айтты кароолчу. Чыксам, таза кийинген бир жигит аялы менен келиптир.

— Кыргызбеков деген сизби? Чыңгыз Айтматовдун жолдошу экенсиз, таанышалы деп келдик. Түп райондук аткаруу комитетинин төрагасы болом, — деп фамилиясын айтты.

“Волгадан” алып келгендерин — бир ящик арак, бир кой ж.б. тамак-ашын түшүрдү. Түш оогончо отуруп сүйлөшүп, көлгө түшүп, түштөн кийин коштошуп кетти. Чыңгыз ага: “Кайсы санаторияда болосуңар?” — деп аябай такып сурады эле.

Төрт-беш күн өткөндөн кийин:

— Таанышалы деп келдик. Чыңгыз аганын жолдошу болот экенсиз. Тоң райондук аткаруу комитетинин төрагасы болом, — деп аты-жөнүн айтып, дагы бирөө келди. Ал киши менен да түш оогончо көлгө түшүп, аябай таанышып, узатып койдум.

Ой, тобо! Ушунчалык унутпаган, адамкерчиликтүү адам экен! Телефондон баарын айтып, ыраазычылыгымды билдирип, ырахмат айттым…”

Мамлекеттик дачалар жайынын мурдагы директору эскерет

Азыр 68 жаштагы Дөөлөтбек Шадыбеков – сүйлөшкөн адамдын көңүл кушун көтөргөн жайдары мүнөз, жакшы аңгемечи адам. Айрыкча, 1981-1992-жылдар аралыгында – 11 жыл Кыргыз Өкмөтүнүн чарбалык иш башкармасына караштуу мамлекеттик резиденция – дачалар жайынын директору болуп иштеген чагынын сан түркүн окуяларын айтып отурса, бу киши чыны менен эле республиканын андагы дөө-шааларынын жашоо-турмушун жат билген өзүнчө эле “энциклопедия” экен го деген ынтызардык коштогон кызык сезим жаралбай койбойт. Ананчы! Өзү ошончо жыл, ошончо убакыт биринен-бири айырмасы чоң үч доордун – сенектик мезгил, кайра куруу жылдары жана андан кийинки эгемендүүлүк замандын партиялык-советтик-өкмөттүк жетекчилеринин ичкен тамакаш, урунган буюм, түшкөн машинасынан тартып, тоскон конок-кара, көрүнгөн доктур-эмчи жана күндүзгү-түнкү кабаттап кайтаруусуна чейин жооптуу болуп жүрсө…

Баш-аягы 105 гектарды ээлеген “эл көрбөс бейиште” анда 15тей дача орун алып, аларда оомат-кызмат даражасына жараша: Турдакун Усубалиев, Төрөбай Кулатов, Акматбек Сүйүнбаев, Султан Ибраимов, Арстанбек Дүйшеев, Абсамат Масалиев, Апас Жумагулов, Аскар Акаев, Насирдин Исанов ж.б. жетекчилер үй-бүлөлөрү менен жашап келишкен. Анан ушул эле өңчөй “ири-ирилер” топтолгон тынч жайда улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов да өмүр өткөргөн…

Бардык “дачалар санжырасына” токтолсок, көп сөз болуп кетээр, андыктан, экс-директордун Чыке менен кандайча таанышып, кандайча анын өмүрү өткүчө ишенген жакын иниси болуп калганын эскерген бир-эки мисалдуу чакан аңгемесине гана кезек берели.

Ал мындай дейт:

“…Чыке менен мамлекеттик резиденцияга жаңыдан барып иштей баштаганымда эле таанышкам. Көрүп калчумун, дачасында эс алып, иштеп, анда-санда бак аралап сейилдеп басчу. Бир жолу “Нива” машинамды айдап, ал кишинин турган үйүнүн жанынан өтүп баратат элем, кол булгап чакырып калды. Машинаны кайрып, бардым. Чыке үйүнө чакырды. Кирдим. Чыке индиялык жука ак халатчан отурган экен. Халат кооз, жарашыктуу, отуруктуу эле. Ошонусун карай бергенимден уламбы, “Бу ысыкта абдан ылайыктуу экен”, — деп койду халатын кармалап. “Биздин тууган экенибиз жалганбы? Өз үйүңдөй эле көрүп, кирип-чыгып тур”, — деди. Коньяк ачты. Кичинекей стакандарга куюп, бирткеден сеп эттик. Кетип жатканымда, анда жаңы чыккан убагы, “Делбирим” деген кыргызча китебин кол тамга жазып тартуулады. Ал китеп менде азыр да сакталуу.

Ошондо 1981-жылдын 23-сентябры эле. Андан кийин, иш жагдайы ошондой экен, заманыбыздын улуу-уулу, өзүмдүн таластык жердешим, адамдык парасат-кадыры артыкча агам — Чыкебиз менен көп аралашып, кыйла эле жолу бирге болууга туура болду. Төмөнкүдөй бир окуяны айтып берейин. Конок тосконду, конокко барганды анча жактырбаган, башка жетекчилердин да коноктоп-дуулдашына жол бербеген Турдакун Усубалиевич бир жолу Чыкени үйүнө чакырып калды. Жакшы коноктоду. Оо, көпкө отурушту. Бир аздан коньяк сеп эткендей болушту. Саал албырып чыгышканы эсимде. Чыкени тышка узатып чыкты. Ал киши кеткенден кийин мага карап: “Эми мындай кишини коноктосо болот!” — деп күлө карап айтты Турдакун Усубалиевич.

Эгемендүүлүк замандын алгачкы мезгилинде өткөн кыргыздардын Бүткүл дүйнөлүк 1-курултайынан кийин Чыкемден уккан бир эң кызык сөз алигиче эсимден кетпейт. Ал мындайча болгон. Курултайга катышуу үчүн Москвадан атайы учуп келсе да, не себептен экенин билбейм, кайран даанышманды республикабыздын жетекчилери анчалык ынтаа коюп, аздектеп тосуп алышпады. Аны, Эсенбек Дүйшеевдин “Волгасына” отургузуп, ушу биз – бир-эки киши эле аркы-терки алып жүрдүк. Болбосо, чоңдордун бирөө мыкты машинасын тартуулап, өзү кошулуп, көбү жарлап тосуп алышса, эң эле жарашпайт беле. Балким, мени мында илгеркидей шаңдануучулукту дале унута элек тура деп күнөөлөөчүлөр да чыгаар, антсе да, сөздүн ачыгы: Чыке деген кыргыз үчүн сыймык, даңк, мактаныч – ар качандан бир качан ардактап-сыйлоочу Кыдырдай олуя киши эле го!..

Ошондо, Курултай бүтүп, Чыкени “Манас” аэропортуна узатып барып калдык. Кетип жатып, өзү сыр кылып айтып отурбайбы: “Жакшылап ойлоп көрсөм, буга чейинки жазгандарым жөн эле бир саман-топон экен…” – деп. Уяты — талантынан, таланты – уятынан ашып түшкөн нагыз чыгармачыл инсан да. Өзүнө-өзү эч алымсынбайт. Антсе, кошо барган Казат Акматов: “Чыкем жазгандарын саман-топон деп жатса, анда биздики тимеле кыпын болуп калат да…” — деп Улуунун улуулугуна таңдана сүйлөгөнү азыр да кулагымда жаңырып тургандай. Ооба, Чыкени эскериш биз үчүн ар дайым сыймык…”

Мундузбек Тентимишев менен Оморбай Нарбековдун «Чыңгыз Айтматовду көргөнсүзбү?» аттуу китебинен

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *