Эзоп: Бугу жана жүзүмзар

Бугу мергенчилерден качып, жүзүмзарга жашынып калат. Мергенчилер көрбөй өтүп кеткенден кийин, эми таба алышпайт деп ойлогон ал жүзүмзардын жалбырактарын бурдап жей баштайт. Ошондо мергенчилердин бири бурулуп көрө калып, так мээлеп жарадар кылат. Онтоп жатып өлөрүн сезген бугу: “Тиешемди алдым, мени сактап калган жүзүмзарды жок кылдым эле” деген экен өзүнө өзү. Тамсил өздөрүнө жакшылык кылган адамдардын көңүлүн ооруткан адамдарга туура келет. Жакшылыкка жамандык кылган адамдар жазасыз калбайт.   Аял жана тоок Бир жесирдин күн сайын бирден жумуртка тууган тоогу болгон экен. […]

Айтмырза АБЫЛКАСЫМОВ: Үчөө

АҢГЕМЕ «Балам – балам дейт». Эл сөзү Дегеле жайкы ысык тууралуу сөз кылганда, түштүктүн ысыгы алдыңкы орунга чыгары белгилүү эмеспи. Ошонун ичинде Аксы чөлкөмүндө Кызыл-Жардан кийинки эле ушул Кош-Дөбөнүн ысыгы болсо керек. Кимдир бирөө тамашалап калп кылып айткандай, быйылкы жылы жылдагыдан да өзгөчө ысык болуп, а тургай «таш бакалар да иттердей тилин салаңдатып жүргөнүн көрдүм» дегендей эле ысык өз өкүмүн жүргүзүп турду. Анан ошого да көнөт тура адам баласы. Ошондон улам айтылса керек да «адамдын жаны иттин жанынан да бышык» […]

Антон ЧЕХОВ: Хирургия

АҢГЕМЕ Аймактык оорукана дарыгери үйлөнүүгө кеткендиктен анын ордуна эскилиги жеткен согулган шым, көөнөргөн саргыч бешмант кийген, толмочунан келген, жашы кырктардагы фельдшер Курятин бейтаптарды кабыл алууда. Ишине болгон жоопкерчилиги бейтаптарга болгон жылуу мамилесинен байкалып турат. Сол колунда чычайта кармаган тамекинин жыты каӊырсыйт. Күрөӊ чапанын эндүү кайыш кемер менен курчанган дин кызматкери узун бойлуу бакжагай абышка Вонмигласов кабылдамага кирди. Жарымына чейин жумулуп, ак чел баскан оӊ көзү менен мурдунун үстүнө конгон чоӊ чымындай сөөлү бар немени алыстан таанууга болот. Карбаластап кирип келип […]

Жетиген АСАНБЕК: «Китепте жазылып турбайбы!»

Так ушинтип биз бала кезде тууралыгыбызды талашкыс далилдечү элек. Бүгүн минте турган болсок, айрым китептер сокурду сокур жетелейм деп, экөө тең аңга түшкөндөй кылар. Жети өлчөп бир кесилип, такталып, текшерилип, оңдолуп, эң туурасы анан китепке түшүрүлүп турушу керек эле. Мамлекетте ошону жөнгө салган бир жан, бир мекеме чыкса гана, атаганат! Паракорлук, шалаакылык 26 жыл ичинде сабатсыздыкты мамлекеттик эң жогорку баскычтарга чейин жеткирди. Базар экономикасынын шартында кардардын акчасынан тыйын таап жансактаган менчик басмаканалар китеп бастырат элем деген кишини алдыңа кетейин деп […]

Калыстар курамынын чечими: Адабий сынга ат үстүнөн жасалган мамиле

«РухЭш» сайты ушул жылдын сентябрь айынын башында адабий сындар боюнча конкурс жарыялап, жыйынтыгын Кыргыз адабиятынын күнүнө арналган 12-декабрда чыгарарыбызды жар салган элек. Тилекке каршы, учур адабиятындагы сын жанрына болгон мамиле эң солгун экенин биз уюштуруучу катары сездик. Адегенде бир айдан ашык убакыт күтүп да калдык: сын боюнча бир да макала келип түшкөн жок. Дагы ыракмат, аксакал калемгерибиз, белгилүү адабиятчы Абдыкерим Муратов агабыздан сурандык эле, изги адам эмеспи, улуу башын кичүү кылып баштап берди. Ырымга. Ал тургай күлүккө аралаштырмакка башкаларга да […]

Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ: Алым – Кезеӊ

(Алымдын гүлгүн элесине арнаймын)   Эскерүү, ой толгоо Кармалгыс сырдуу ыр мөртүн Алымдан табаар соӊку муун. С.Тургунбаев, ХХI Слава или заслуга, для некоторых людей в том, чтобы хорошо писать, а для некоторых – в том, чтобы не писать вовсе. Ж.Лабрюйер, XVII ПРОЛОГ Кечээ эле арабызда жүргөн, капыс кетип калаары капарыбызда жок Алыкеӊдин да 70 жылдыгы кирип келиптир. Ар кимибизди иштеп жаткан ишибизден башыбызды селт көтөртүп, өзү жөнүндө да бир жолу ойлонууга аргасыз кылды Акын. Ооба, каламдаш, санаалаш ага акын, сөздүн […]