АҢГЕМЕ

Аймактык оорукана дарыгери үйлөнүүгө кеткендиктен анын ордуна эскилиги жеткен согулган шым, көөнөргөн саргыч бешмант кийген, толмочунан келген, жашы кырктардагы фельдшер Курятин бейтаптарды кабыл алууда. Ишине болгон жоопкерчилиги бейтаптарга болгон жылуу мамилесинен байкалып турат. Сол колунда чычайта кармаган тамекинин жыты каӊырсыйт.

Күрөӊ чапанын эндүү кайыш кемер менен курчанган дин кызматкери узун бойлуу бакжагай абышка Вонмигласов кабылдамага кирди. Жарымына чейин жумулуп, ак чел баскан оӊ көзү менен мурдунун үстүнө конгон чоӊ чымындай сөөлү бар немени алыстан таанууга болот. Карбаластап кирип келип икона таппай, аралашма куюлган идишке чокунуп, анан кызыл жүз аарчыга оролгон тегерек токочту жүгүнүү менен фельдшердин алдына койду.

– Ммм… бул менден сизге! – деди оозун ача эстеп.

– Кош келиӊиз?

– Кутмандуу күнүңүз менен, Сергей Кузьмич… Сизге келдим… Ичкеним ирим, жегеним желим болду. Бая күнү кемпирим менен чай иче коём деп тишим ооруп, жанымды коёрго жер таппайм. Кичине эле ууртасам сыздайт! Жаагыман бери зыркырап ооруйт! Кулагыма мык менен ургандай сайгылайт! Кайсы күнөөм үчүн, Сергей Кузьмич? Иерей таксыр литургиядан[1] кийин  “көп сүйлөчү болдуң, ырдаган ырыӊ түшүнүксүз” деп жемелейт. Түнү бою уктабай, шишиктен оозум араӊ ачылып атканда айтсаӊыз анан, каяктагы ыр?

– Түшүнүктүү… Отуруӊуз… Оозду ачыӊыз!

Вонмигласов отуруп оозун ачты.

Кабагын бүркөгөн Курятин оозун карап, тамекиден саргарган тиштердин арасынан бүйлөсү шишиген тишти байкады.

– Таксырым чөптүн тамырын аракка аралаштырып басып көр деди, бул дагы жардам берген жок. Кадыры жан болгон Гликерия Анисимовна Афонс тоосунун жибин колго байлап, жылуу сүт менен чайка деди. Чынында жипти тагындым, бирок сүткө келгенде эрежесин сактай алган жокмун. Орозомун.

– Ырымыңар менен… Ефим Михеич, бул тишти сууруш керек!

– Сергей Кузьмич, жуласызбы, дарылайсызбы же башкасын кыласызбы өзүӊүз билесиз да…. Кудай ылайым сизге ден соолук берсин.

– Ошо да кеппи…– деди оор басырыктанган фельдшер, шкафга келип шаймандарын алып жатып. – Хирургия деген колдун учу да… Кептин баары тажрыйбалуу колдо. Бая күнү эле помещик Александр Иваныч Египетский сиздей болуп тиши ооруп келиптир… Бардык жагынан төп келген, учурашканы сылык, билбегени жок. Петербургда жети жыл жашап көп профессор менен иштешкен. Көпкө чейин алыштык… Кыйкырса кудайга үнү жеткидей болот: – Сергей Кузьмич тишимди жулуӊузчу! – дейт. Жулбагандачы! Жулса болот, бирок түшүнүш керек. Тиш деген ар кандай болот. Бирин кыпчуур менен суурусаң, башкасын аттиш, үчүнчүсүн аткуур менен… Ар кандай.

Фельдшер колуна аттишин алып, аны бир карап, кайра ордуна коюп кыпчуурду алды.

– Кана, оозуӊузду чоӊураак ачыӊыз… – деди дин кызматкеринин жанына кыпчууру менен келип. – Биз азыр көз ирмемде айыктырабыз. Бүйлөнү гана кичине туурасынан кесиш керек.

Бүйлөсүн кести.

– Бүттү.

– Кудай колуӊузга береке берсин. Сизди кудай жалгасын, биз болсо азыр айтса азыр унуткан акмакпыз.

– Ооз ачык болсо эле сүйлөй бересизби? Сууруган – оӊой эле иш, кээде тиштин дүмүрү эле болот, аны көз ирмеминде алып коём…(кыпчуурду салды). Кыймылдабай отуруӊуз. Көз ачып жумгуча (жулкуп көрүп). Тиш капты сындырып албаш үчүн тереӊ кармаш керек.

– Оо, кудай… Умай эне колдосун… Ввв…

– Эме… эмне эле? Колуӊуз менен кармабаӊыз! Коё бериӊиз колду! (тартты). Мына, мына… Азыр… Оӊой иш эмес да…

– Оо, кудай… (кыйкырат) Жараткан! Ого-го… Сууру дейм, суурубайсыӊбы! Беш жыл эмне кылып жүрдүң?

– Хирургиянын иши оӊойбу… Дароо сууруп салуу мүмкүн эмес. Мына, мына…

Вонмигласов тизесин чыканагына чейин көтөрүп, бирде манжаларын тынымсыз кыймылдатып, көзүн чакчайта энтигет… Көзү жашылданып,  кызарган бетинен тер кетти. Курятин дин кызматкеринин алдында бышылдап, сууруганга аракет кылганычы… Жан кейиткен жарым мүнөт өттү. Фельдшердин колундагы кыпчуур тиштен тайып кетти. Дин кызматкери секирип туруп колун оозуна салып, ооруган тишинин ордун сыйпалады.

– Жулдуӊ го! – ыйлагысы келип, ошол эле убакта мыскылдуу үнү менен айтты. – Сени да оо дүйнөдө ушинтип тартса экен. Абдан чоӊ рахмат! Сууруганды билбегенден кийин сууруба да. Көзүм караңгылап кетти…

– А сен эмне колуӊ менен кармалайсын? – деди фельдшер кабагын түйүп. – Мен сууруп атсам колумдун алдынан түртөсүӊ, тантырап ар нерсени сүйлөйсүң… Акмак!

– Өзүӊ акмак!

– Тиш сууруган оӊой деп ойлойсуӊбу, мырзам? Өзүӊдүн колуӊан келеби! Бул сага мунарага чыгып коӊгуроо кагуу эмес! “Билбейсиң, билбейсиң!” Тапкан экенмин көрсөтмө берген кишини! Александр Иваныч Египетскийдин тишин сууруганда кың деген эмес, сендей кантип болсун. Сага окшоп колу менен кармалабаган таза адам болчу… Отур! Сага айтып жатам, отур!

– Көзүм караӊгылап жатат… Ушул күн өтүп кетсе экен… Ох! (отурду) Кечке тарта бербей кыймылдатсаң. Сен тартпай ошол замат жулсаң!

– Үйрөтпөчү! Оо кудай, кандай билимсиз калк! Мындайлар менен жашасаӊ жинди болуп бүтөсүң! Оозуӊду ач… (кыпчуурду салды). Хирургия сага оюнчук эмес… Кыймылдаба тамыры узун, эски тиш экен… (тартты) Кыймылдаба… Мына, мына (кыртылдаган үн угулду). Ушуну билгем!

Вонмигласов жаны жоктой катып калды. Көзү тостоюп, купкуу болгон жүзүнөн тер чыпылдады.

– Аттиш болгондо… – деп фельдшер кобурайт… – Шумдугуң кур!

Дин кызматкери өзүнө келип, ооруган тишинин ордунан колуна уркуйган эки дүмүр урунду.

– Жин тийген шайтан! – деп ачууланды. – Бизди жок кылыш үчүн акмактарды отургузганбы бул жерге!

– Урушкандын балекетин аласыңбы…– деп кобурады фельдшер шкафка кыпчуурун коюп жатып. – Адепсиз… Сенин медреседе тыӊ окуганыӊа деле көзүм жетпейт. Жогорку билимдүү, жүз сомдук костюм кийген, Петербургда жети жыл жашаган Александр мырза да мындай сөгүнгөн эмес. А сен каяктан чыккан мекиянсың? Сендейлер өлбөйт!

Дин кызматкери үстөл үстүнөн токочун алып, колу менен жаагын таяна келген жагына жөнөдү.

2017-жылдын 13-декабры

[1] Литургия – христиан дининде сыйынуу, ырдоо, ыйык китептерди окуу өңдүү диний ырым-жырым.

Которгон Эрмек ШОРУКОВ

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.