(Алымдын гүлгүн элесине арнаймын)  

Эскерүү, ой толгоо

Кармалгыс сырдуу ыр мөртүн
Алымдан табаар соӊку муун.
С.Тургунбаев, ХХI

Слава или заслуга, для некоторых людей в том, чтобы хорошо писать, а для некоторых – в том, чтобы не писать вовсе.
Ж.Лабрюйер, XVII

ПРОЛОГ

Кечээ эле арабызда жүргөн, капыс кетип калаары капарыбызда жок Алыкеӊдин да 70 жылдыгы кирип келиптир. Ар кимибизди иштеп жаткан ишибизден башыбызды селт көтөртүп, өзү жөнүндө да бир жолу ойлонууга аргасыз кылды Акын. Ооба, каламдаш, санаалаш ага акын, сөздүн кунун, ырдын табиятын таасын билген тага акын Сүкөӊ, демекчи: «Кубулуп көзгө илээшкис, жагалмай канат сөздөрү кармалгыс сырдуу ыр мөртүн» калтырып кеткен Алым сөздүн толук маанисиндеги накта улуттук кубулуш, жазма поэзиянын жаӊы ургаал мүмкүнчүлүгүн соӊку муунга жарыя нускап да кеткен, өзү ага алгач да жеткен чыныгы Новатор Акын эле. Көзү тирүүсүндө көөндөнүп бир гана жупжука китепче чыгарган («Жолдогулар», 1981), кийин алтымышка чыкканында чогуу иштешкендердин кысмагынан улам гана экинчи, дале чакан китебине («Эски дептер», 2008-ж.) кыйылып араӊ макулдук берген, тыржыйган кежир, кыржыйган арык Алымга «улуттук кубулуш» деген сөз оголе оордук кылбайбы? Эгер көзү тирүү болсо, дале ээленип чырдап, эгерим айттырбай да, өзү кабыл албай да коёр «новатор» деген мүнөздөмө орундуубу ага?..

Маараке комиссия башы, акындын ысык курбу-санаалашы Түкөмдүн (Казаков) Алымды ачып берсең болот эле деген атайын тапшырмасынан кийин – Алым чын эле жогорку эпитеттерди таккыдай кыргыз жазма поэзиясына эмне жаӊылык алып кирди; өзүнө чейинки «алтымышынчылар» атыккан зор кубаттуу агымга, адабиятыбызды чындап жаӊыртып ийишкен эрендердин (Р.Рыскулов, О.Султанов, Э.Турсунов, Ж.Мамытов ж.б.) сыр дүйнөсүнө не жаӊылык кошту, кошо алдыбы, байыттыбы же алардын кудуреттүү хорунда добушу жутулуп, араӊжан алсыз угулабы, өчүк турубу – ушул өӊүттө ой толгомокчу элем. Бул, чынында, адабиятыбызда али өз баасын ала элек, жообун күткөн маселе. Бирок бул жетишсиз экен…

Акыйкатта, жогоруда аттары шилтене кеткен поэзия эрендеринин кыркаарында Турар Кожомбердиев, Субайылда Абдыкадырова, Майрамкан Абылкасымова; буларды бурдай этектеген Кудайберген Жуманазаров, Токтосун Самудинов, Карымшак Ташбаев, Жайлообек Бекниязов, Анатай Өмүрканов, Орозбай Көчкөнов, Манас Казакбаев, Карачал Курманбаев, Курбанаалы Сабыров, Омор Сооронов, Райкул Сарыпбеков, Сабыралы Кулиев жана Сүйөркул Тургумбаев сыяктуу ар бири өзүнчө кайталангыс дүбүрткө ээ акындардын каркыра көчү бараткан эле. Анан буларды да удаа улаган – жеке Алым эмес, Табылды Мукановдун, Тургунбай Эргешовдун, Асан Жакшылыковдун, Роза Карагулованын, Роза Мукашеванын, Сагын Акматбекованын кыйкуулаган желелүү турна сапары эле.

Мен, жогоруда, Сүйөркул акындын ысымын атайын сап соӊуна тиздим. Анткени, Сүкөӊ жашы, адабиятка кирген мезгили боюнча жоон топ «алтымышынчылардын» катарында турганы менен жараткан жаӊычыл поэзиясынын мүнөзү боюнча дал ушул, өзүнөн соӊку муунга, биринчи ирээтте Алымга, зарыл өткөөл, солк эткис көпүрө сунулуп турат. Демек, Алымдын поэзиясы тууралуу анын жеке мейкиндигинде чектелип (мейли, миӊ жолу эргип-аргып!) кеп салуу дегеле мүмкүн эмес. Анын адабияттагы орду, Сүкөӊ көз алдыга таамай тарткан «кыргыз ыр кымбат үлгүсүнө» чыккан чыйыр жолу – жалпы кыргыз жазма поэзия контекстинде гана (кыргыздын өз төл жады поэзиясынын жөнү башка, муну айтпайбыз) аныкталат, асыресе, замандаш-каламдаштарынын мезгил өзү шарттаган татаал чыгармачылык тагдырларынын фонунда дааналанат. Ошондуктан, бул ой-толгоомду Алым поэзиясы эле эмес, жалпы эле, Алым – Кезеӊ деп атадым жана азыраак эскерүү формасын бердим, Алым дүйнөсүн керек учурда жарытып туруу үчүн кез-кези ошол дуудамал заман, «айчыгы алтын күндөргө» (Алым) ат башын кайрып турууну эп көрдүм. Акыйкатта, Алым жана анын мууну, анын ичинде да саналуу айрым санаалаштарынын чыгармачылыгы гана кыргыз поэзиясы 60-жж. аягы, 70-жж. башында жеӊип алган эӊ жаӊы, кызык жана кайталангыс жаӊы бийиктик тууралуу кеп козгоого мүмкүндүк берет. Кайталайлы, Алым сап башында турган, Сүйөркул көпүрө ыргытылган…

Экинчиден: Алым поэзиясы, анын мууну улуттук көрүнүш-кубулуш дедик. Дегеле, жазма адабиятыбыздагы – Аалы, Алыкул, Мидин, Сүйүнбайлардан кийинки; «алтымышынчылар» атыккан кубаттуу муундан соӊку. Бул өтө катуу айтылган сөз жана муну ырастап берүү да оӊойлукка турбайт. Асыресе, кыргыздын азыркы көз караш, адабий калып, теорияларынын алкагында. Бул үчүн Алым өзү чумуп чыккан дүйнөгө – батыш, орус поэзиясына, поэзиясына эле эмес, дегеле өткөн жана учур адабиятына, адабиятына эле эмес, жалпы эле ой океанына, искусствого, философияга. Анан да, күлдү күнбатышты ХХ кылым ичи тербеп чыккан окуу, психоаналитикага – Фрейдге, Юнгга. Айрыкча, соӊкусунун «Элдик Тереӊги Эс» («коллективное бессознательное») теориясына. Анткени, ушул философиянын башкы жобосу гана, менимче, биздин улуттук жазма (профессионал аталган) поэзиябыздын тарыхы, таржымалы, өнүгүшү өӊдүү олут маселени бир эле адабият таануу алкагында кыспай-чектебей, улуттук дүйнөтаанымдын жаӊы өркөнүндө, жаӊы контекстте (б.а. Тереӊги Эс), жаӊыча аӊдап көрүүгө мүмкүндүк ачат.

Эми бул айтылгандарга жем таштай турган акын ойлору, чыгармалары анын кол жазмаларында. А булардын кыйласы жарыялана элек, айрыкча, Гете менен Блоктон котормолору. Сыйкы, ийине жеткире иштеш үчүн «кийинкиге» калтырып койгондой, акын. Демекчи, сөз болгон феномен жайын дурустап түшүнө баруу үчүн, алдыда, акындын мурда жарык көргөн эле эмес, али эч жерде жарыялана элек «белгисиз Алым» тууралуу да ой толгой баруу ниетибиз.

ЖАШТЫК ДЕМ

1968-жыл. Шаарга окууга келдим. Мектеп жылдарында адабиятка бет бурган көпчүлүк эл сыяктуу эле, мен да ыр жазар элем. Айрыкча, кызыкканыбыз, жаштар – «адабиятка кимдер келип жатты экен?» (биз сыяктуу) деген куштар суроо. Ошондо, «Ленинчил жаш», айрыкча, «Кыргызстан маданияты» гезитинин поэзия бетин көрктөп, ырлары үзбөй жарыяланып турган жаш акындар Беганас Сартов, Табылды Муканов, Тургунбай Эргешев, Роза Карагулова, Роза Мукашева, Бергеналы Базарбаев, анан ушул Алым Токтомушев эле. Биз булардын чыккан ар бир ырын окуй берип көкүрөккө жат алып калчубуз. Айтылган акындардын көпчүлүгү менен филфактан тааныштык, үйүр алыштык. Алым менен, жок, мөртү келбеди. Окумал жаштардын ал кездеги экинчи үйү – Чернышевка эле. Мен да көп барам. Алымды сыртынан көрөм, таанышкандын ыгын таппайм.

Бир курдай, ал кагаздарын жайылган тейде калтырып коюп сыртка чыгып кетти, түш тамак маалы эле. Ал кетээри менен барып, жазгандарына үӊүлүп калдым, ырлар экен – сызылган, чийилген. Өзү улам оӊдоп, каралап ыр жазып жүрбөгөн киши мындай «боёгу кургай элек мастерскойдун» кызыгын билбейт. Берилип кирип кетипмин, бир кезде «ээ-эй!» деген кекээрлүү үндөн эсиме келдим. Турат чыкчырылып, көзүн октой кадап, Алым. «Эй, бирөөнүн төшөгүн уруксаты жок ачып, тинткенди ким дейт?» — деди кербез (жаш кезинде ал аябай кербез болчу). Шашып калдым. «Мен да ыр жазам, сизди жакшы билем, сыйлайм», — дагы аки-чүкү деп таанышып алам го деп ойлогом. Балээниби. Мукактанып, күӊк-мыӊк демиш этип чыгып кеттим. Шагым күтүүсүз сынды.

Эртеси эле баш почтампттан (айылдан катты ошояктан алчубуз) кайра кездешип калдык. Мени тетияктан көрүп эле күлдү. Мен да. Анан кечээги «окуяны» жүйөөлөштүк, андагы айтпай калган сөзүмдү эми айттым. Ошентип тааныштык. Ошондон берки өткөн элүүгө жуук ысык тааныш жылдары мен ушуга ынандым: ал ичине эгерим кир сактабаган, ак көӊүл, таза эле. А кокус бирөөнү бир жаман көрүп калса, кектечү эмес, бирок жибичү да эмес. Ушундай бир «эгерим» эле. «Жаман көргөнү» деле көп учурда адабиятка байланышчу. «Эк, койчу, ал халтурщик да!» — дечү, кыргыз эмес, тим эле бүт дүйнө адабият сакчысындай («халтурщик» деген сөз агезде «сартсөгүштөн» да өткөн маскара ок эле). Биягынан да минтип, ал «ыр мектебинин тазалыгындай» эле. Сүйлөшчү эмес сүйбөгөн кишиси менен, бирок «сүйбөгөн» кишилери өзүлөрү эптеп «сүйкөнө кетишип» сүйлөшүп алгылары келчү, жанашкылары келчү, бул жаш, кербез гений менен. Ооба, ал ошондо эле улуу-кичүүнүн баарына келечек генийи катары таанылчу, жыйырмадан жаӊы эле өткөн, кылмурут курагында.

«Гений» демекчи, көзү өткөндөн кийин табылган жапырак кагаздарынын бирине жазып коюптур, Олжобай Шакир жарыялады: «Менин эч кимге кусаматым жок. Шербетти сүйдүм! Гүлзар менен Ализарды андан бетер. Ошолор бактылуу болсо деп келдим. Кыязы, бактылуу кыла алган жокмун. Өзүмдүн да өпкөмө жараша озуйпамды аткара албадым… Өлсөм эч нерсеге убара болбогула. Акын болом деп келди эле, акын болбой өлдү деп койгула».

Ушуга бир гана сөз жетпей турат. Бир гана сөздү кошуп окуп койсо, баары орду-ордуна келет: «Дүйнөлүк!» деген сөздү. «Дүйнөлүк акын болом деп келди эле, дүйнөлүк акын болбой өлдү деп койгула!»

Ооба, дымагы ушунчалык эле. Бирок бул курдымак эмес эле, ички зылдай ишеними эле – колунан баары келген, келе берчүдөй болгон, кудуреттүү жаш адамдын, дүйнөлүк шаалар менен ошондо эле теӊата сүйлөшүүгө даап калган, кармаганынан кан чыгарган албуут күч ээсинин. Тек, ошол өрөпкү өпкө өзүнө түтүп берээр багыт-максатын айкындап жаткан…

Билбеймин келеримди, келбесимди,
Алдыда максат ойноок жубандарча.
Билбеймин өлөрүмдү, өлбөсүмдү,
Өрт жүрөк Ала-Тоолук уландарча.

Алдымда ат ойнотуп жашоо сага,
Белгисиз мейкиндерди кечип келем.
Адамдар үӊүлбөгүн газетага,
Сүрөтүм чыкпайт кара петит менен.

Коркушту көлөкөмдөн, үйрөтпөгөн,
Апаке, ишенип кой, чыным ошо.
Чындыктын саясында күндү өткөрөм,
Болбосо, өрттөтүп ий Бруночо!

Бул жыйырмадан жаӊы эле ашкан жаш уландын кредо – «Билдирүүсү» эле. Ушул «Билдирүү» баштаган жаш акындын калыӊ ыр топтому кезинде «Ала-Тоо» журналында жарык көрдү. Ал кезде республикалык башкы адабий басылмага ыр топтомдун жарыяланышы – автордун жазуучу союзуна өтүп, кезексиз ыр китебинин чыгышына тете жаӊылык эле, авторду адабият дүйнөсү айныксыз тааныды деген жаӊырык эле. Эске салсак, кийинки муундан Омор Султанов, Жолон Мамытов, Сүйөркул Тургумбаев өӊдүү саналуу гана жашчыкма лөктөрдүн ыр топтомдорунун жарыяланышы – бул «Ала-Тоонун» ал чактары канчалык көзмелжи парнасталганынан, а жаш Алымга неткен сый көрсөтүлүп, үмүттүү ишенич, калтаары милдет артылып калганынан кабар жеткирет.

Алымдын ошол туштагы ырлары өз мезгилинин, т.а. ошол 60-жылдардын талабынан чыкканда («күлүк күнүндө, тулпар тушунда»), жаш калемгер үчүн жетишерлик дегидей жеткилеӊ эле жана чебер каламдашы Табылды экөөнүн карааны калыӊ топтон айгашка бөлүнүп туруучу. Тунук талант Тургунбайдын ыйлап-ырдап жиберген саптары, эки сезимтал Розанын (Карагулова, Мукашева) дирилдеген муӊайым поэзиясы – булар өзүнчө дүйнө эле. Кыздар эле эмес эркектер кызданып, дүрбөп (туурап!) ээрчип кеткен Сагындын наз изги; Шербеттин сыйкырдай арбаган сырлуу, табышмактуу ырлары күргүштөп саал кийинче жазылат. Алымдын ошол жыйырма жаш бейнесин көз алдыда тута туруу үчүн бир-эки ырынан мисал тарта барган эп.

Мисалы, «Эшекчен» деген ыры. Аты эле бүйүр кызыткан бу ыр алгач 1968-жылы Айыл чарба институтунда өткөн чоӊ поэзия кечесинде окулду. Автордук өзгөчө бир монотон ыргакта окулган ыр бат эле аӊызга айланып кетти. Саал кийинче Жазуучулар Союзу жаш акындардын республикалык фестивалын өткөрдү. Жазуучулар Союзунун жетекчиси Жунай Мавлянов эки күн кечке чарчабай жетектеген бу ыр жыйынга тайлуудан туяк калбай катыштык, эки күн кечке жарышып ыр окуштук. Мурду алдына коӊкойтуп гитлермурут коюп алган Табылды чыкканда эле көйрөӊ чалкалай, тармал чачын силке берип: «Гитлер!» дейт. Зал кыраан-каткы күлкү. Көрсө, ырынын аты «Гитлер» экен. Анан көйрөӊүн андан ары өркүндөтүп ыр окуйт:

…Ал өлдү Дондо, Брестте.
Кузбасстын оюнда, Волганын боюнда…
Жок, жок!
Ал өлдү аялдын койнунда!

Ырас эле, маскара өлүм, аялдын койнундагы. Бирок, бирок… окус, тукуму себилип кеткен болсо, бул чын эле өлүмбү?.. Биерде Гитлер, тек, маска эле. Ушул өӊдүү ырларда улуттук көмүскө тымызын бунтарлык жатчу түп борборго карата – улутту тымызын жоюп бараткан…

Индустриялуу шаарзаман элеттик табигый тамырыбызды кыркып барат деп эсептеген биздин баёо психологиябызга бап, бая «Эшекчен» ырын Алым мында да эшилтип бир окуду. Бу да, тушунда, өзүнчө, мезгилге бунтарлык эле.

Наары ачылып атайы
Асман бети эшет жаш.
Жер шыпырып сакалы
Ээси кары, эшек жаш,
Ээси кары, эшек жаш.

Жылдар кашаӊ, айлар аз,
Жетээр маалы кай убак?
Бешимдеги жайнамаз,
Билбейм кайда жайылат,
Билбейм кайда жайылат…

Буларды мисал тартканым – ошол дуу заманды көзгө тартканым.

Алымдын андагы дагы бир ырына назар. «Этюд».

Коӊгуроолуу ойду күтүп кайдагы,
Жатам… жатам… эшигимди илбестен.
Тоӊуп турат тирүүлүктүн аймагы.
Бороон улуп, иттер жаӊ-жуӊ үрбөстөн.

Бул дүйнөдө өзүм гана жалгыздай
Кыска бойлуу өрт жаштыгым мүрт өлүп.
Ободогу орок сындуу жалгыз ай,
Белги болуп маа туюлат мүрзөлүк.

Тунжур аалам. Баары уюган сыяктуу
Тунуп калган, туруп калган жалдырап.
Шырп-шырп дабыш… сыртка түрсөм кулакты
Дирт-дирт түшүп, өлүп жатат жалбырак…

Бул ыр ийине жеткире иштелип бүткөн. Лирикалык образ болушунча так-таамай жана кереӊ-тереӊ. Ырда – учсуз-түпсүз улуу тунжур. Бар тирүүлүк тоӊуп калган[дай]. Асманда да мүрзө белгиси – Ай!.. Жок. Илинбеген эшиктин кыл жылчыгынан тал шыбырт жылжып кирет: «шырп-шырп – дирт-дирт…», «дирт-дирт – шырп-шырп…» (кийин-кийин Алымдын гениалдуу котормосунда Лермонтовдун жылдыздары да дал ушундай шобурт кагат) чексиз Жоктук-Өлүм менен чектелүү көрүнгөн[сүгөн] Тирлик-Жашоонун оомал-оожал катышы. «Устаранын мизинде – оодарылган Дүнүйө» (Арстанбек). Кайталайын, ыр ийине чыгара иштелген, лирикалык образ жетер жерине че бышырылган. Төптөгөрөк. Мындан арыга жол жок – багыт түгөнгөн… Булар – нукура поэзия үлгүсү.

Бул ырларды мен тээ илгери күндөн, алгач жолуккан кезден жатка билер элем. Ага канча айттым: «Ой, Алыке, ушуларды бир кайра бастырып койчу», — деп. Жок, кулак какпады. Кийин-кийин гана, 60 жылдыгында кысмак менен чыккан алиги «Эски дептерине» киргизип коюптур. Кырк жылдан кийин! Баса, Алым бир эле ырын кайра-кайра ийлеп иштечү. Бир эле ырдын айрым-айрым варианттары болор эле. Өйдөкү ыр дал китептегидей эмес, саал өзгөрөөк, бир кездеги мендеги көкүрөккө жат алып калганымдай бердим. Ошону эп көрдүм.

Алымдын ыр чыгармачылыгында – даярдыгы анчейин окурманды, атүгүл адабий камылгалуу сынчыларды деле оӊой эле ойнотуп кете берер бир жагдай бар. Анын ыр жышында (токоюнда) кадимкидей каӊгып адаша бересиӊ. Асманда Жетиген жылдыз маягыӊ жок. Аягыӊды да караба, биягыӊды да караба, төбөӊө да кашкакпа, өөгүӊө да башбакпа, Насыке акын (Байтемиров) айтмакчы, «120 (жүз жыйырма) сап поэма!» Анан мына ушул туш-тушуӊдан кысып камаган «жүз жыйырма саптардан» ориентир алып көр – кимиси дурус, кимиси буруш; кайсынысы качанкы, кайсынысы кечээӊки? Кай бир ырларынын алдында «айы, күнү» коюлганы эле болбосо, жазылган мезгилин билбей бүшүркөйсүӊ, жакшы-жаманын ажырата албай адашасыӊ (биерде, «жакшы-жаман» дегенди салыштырмалуу Алымдын өзүнө карата гана айтып жатабыз).

Дегеним, ырлары дээрлик тегиз – аабалкысы да, акыркысы да; «үйрөнчүк» деген абал жок, «телчигүү» деген тема жок (ал жагын өзү тээ илгериде эле мизилдетип тазалап салгандай). Жигит «жирма» менен оолуккан «отуздун» (бул кезде ал дээрлик жазбай калган, 70-жж. башында катуу иштеген бойдон ырды токтотуп койгон) эч айырмасы деле жок – «баягы» Алым. Сүйүнбай акын айтмакчы, «бир теринин ичиндеги» тыржыйган да, кыржыйган кежир Алым. Сөздүн устасы, образдын чебери, ыргактын атасы (тык… ушуга анан арналуу кайрылабыз) мастер Алым. Анан ушул жышормон ичинде аны менен «такташып» көр. Этиш – кыйын, кыйын. Бирок аракет кылсак болот – поэзий биографиясында, мезгил контекстинде, замандаштарынын караанында…

АГА-ИНИ МУУН

«Алтымышынчылар…», «60-жылдар…».

Адам уулу космоско куюгуп-куюлуп, Жер кишенден суурулуп кеткен дуу кезеӊ тууралуу көп эле жазылды, айтылды. Жалгыз эле адабият эмес, жалпы искусство, илим түрлөрү жаӊырып-жаӊшанып өнүккөн бу бууракан чак тууралуу дагы далай жазылар, айтылар. Улам кийинки замандын бийигинде, соӊку замандын көзүндө. Жаӊы баасында! Эсеби, ушул эле биз кепке алган Алым, анын кыркаары – чыгармачылыгы андай же мындай мүнөз күтүшүнө, тигил же бул жолго түшүшүнө алардын таасири кандай болду? Ага-ини муундун табияттары кандай табышты, кай-кими нетип үн алышты?

Менин жеке баамымда төмөнкү акындарды өзгөчө бөлүп айтса болот. Рамисти, Оморду, Сүйөркулду, Жолонду; эртерээк муундан Эралиевди. «Эртеги» дегеним, Эралиев – чоӊ акын, соӊку муунга салттуу кыргыз поэзиясынын кыйырын кеӊитип, ичтен жанарлантып ийген ийкеми менен жакын эле. Ал эми «алтымышынчы» аталган чыныгы жаӊычылдыкты алып киргендер, алып жүргөндөр Рамис, Омор, Жолон, Сүйөркул болду. Буларды – өзүнөн соӊку муунга текшилей таасир этти дешке болот. Арийне, ушулардын да ичинде жыты жакын «туушкандыкты» белгилесе болот эле, бирок бул өзүнчө, атайын адабий иликтин иши.

60-жылдардын экинчи жарымынан тарта ини муундун мурдагыдай жашай албай калганы билинди. Алар өзүлөрүнө чейинки улуттук поэтикалык мейкинди жеткилеӊ өздөштүрүп болушту, эми жаш кабыландардай жаӊы кан, жаӊы дыӊды аӊсап калышты. Жок, биерде мен дал улуттук поэзия мейкини тууралуу айтып жатамын; ал кездеги айдарым агылып кирген ак ыр, эркин ыр жайын оозанганым жок. Бул өӊүттө Табылды, Алым, алтургай аты кийин жыӊсыз кеткен Зарылбек Турсуналиев деген болор эле, булар «устаттардан» да озгун кетишип, эркин ырлардын элкин түрлөрүн жаратып салышты. Жок, мен биерде кыргыз ырдын кыйырын кеӊитип кеткен «сүйүнбайыргактын» өзү да эми бу муунга тардык кылып калганын айтып жатамын.

Бир, эки эле мисал:

Кадуулай тартып баратам,
Каректи сага топчулап.
Жалындай чөпкө жел тийсе,
Жалт берип атыӊ кошкурат.

Же,

Күлүктөр мейкинге керип бут.
Түшүргөн камчысын жаш бала,
Эликбут, эликбут, эликбут.

Бул – жыйырманын башындагы Табылды. Же ушул эле курактагы Алымдан кайра бир ыр.

Күлүк ой, күлүк санаадан
Дүүлүккөн каным суудубу?
Күүгүмгө чөккөн талаада
Күлүк ат чайнайт суулугун.

Жабышып жалга чапсамбы
Жаштыктын жанса эпкини,
Жамгырдай күндөр картайды
Жамгырдан түндөр эскирди.

Булар – Сүйүнбай акынга гана байланышкан көзгө бат түшөөр ыргактар. Акыйкатта, мындай жакын жаӊырык үндөштүктөрдү Омор, Жолондук таасирлерден тапса болот. Сүйөркулдун сырдуу «Кечки троллейбус» чылбырынан тутса болот. Бирок кези келгенде, мунун баары Алым муунун алымсындырбай калганы анык, ар бири өзүнүн тагдырлуу жолун издеп калганы анык… А тапканы-таппаганы, озгону-бозгону, башка маселе. Маселен, ушул эле Табылды салттуу ырды дегеле жазбай калды. Андагы сүйүнбайыргак эми Табыкеӊдин эркин ырларына оошуп, тамырына дейре аралай чаап кетти.

Арийне, эркин ыр, элкин ыргактын симбиозу өзүнчө бир «табылдыайкашка» алып чыкты. Бул дагы учур поэзиясындагы өзүнчө бир кызык көрүнүш эле. Ыргак – музыканын улуттук жаӊы поэзиядагы (антисалт!) салтанаты эле. Бирок ар нерсенин күӊгөйү болгондой эле, тескейи да бар – мындай адеми текст, ашкере ыргак ырды кээде табигыйлыгынан тайытып, поэзияны жасалмалуулукка кептейт. Формализмдин купуя булагы ушуякта. Мындай опурталдан, балким, бир гана нерсе сактайт акынды – масштабдуу идея, замандык көйгөй, доорлук окуя, личносттук кайталангыс тагдыр. Эгерде бул өӊүттө эӊ идеалдуу, эталон дээрлик бир мисал келтиришке туура келсе, анда… анда биз акын Назымдын ысымын атаар элек. ХХ кылымдагы түрк залкары Назым Хикметтин «Эркин ыр – элкин ыргагын» (поэзия музыкасын) формализмге тушуктурбай (минтип ойлоого мүмкүнчүлүк да калтырбайт!) асырап кеткен шарт – дал жогорку жагдай-дөөлөт.

Ал эми Табылдыда…

Жок, биз бул тууралуу же Алым тизмесине кирип (Алыкеӊ өзү «кудай тизмеси» демекчи), ар бирине ырлары арналган асыл кыркаар тууралуу, ар бирине буйрулган өзгөчө Акындык Тагдыр тууралуу (Беганас, Аман, Табылды, Тургунбай, К.Роза, М.Роза, Сагын, Шербет) кези келгенде атайын бир кеп кыларбыз.

Арийне, Алым, Табылдылар сөз менен ойноп, уйкаштык бойлоп, ыр ширесин сыгып, сүйүнбайыргакталып кете беришсе деле болмок, чексиз! Бирок бул эми Сүйүнбайдын өзүнө гана жарашмак. Мэтр кандай метирлесе, өз эрки! Бул анын жолу, анын ыгы, анын табияты, төл – мөлл! Ал эми Алымдаргачы? Булар – бу багытта канчалык кудуӊдап-булуӊдап кетишпесин, ал баары бир, акыры, чыныгы дөөлөттүк ченден чыкканда – байыркы кыргызча айтканда, «супсунчулук», жаӊы адабий кыргызча айтканда, «эпигончулук» гана болуп калмак. Жок, табиятын чындап талант даарыган булар анте алышмак эмес, антишпеди. Жаӊы кан чокушмак! Ошентип, Алым мууну кечээги тааныганын танып, жеӊгенин жерип, ичтейи аӊырып, жаӊыга ачыгып жашап жатты.

Ушул өӊүттөн Алымдын «Согуш темасына вариациялар» аталган 1971-жылы жазылган бир ырына (жарыяланбаган) кайрыла кетүү, кызыктуу. Ыр «танылган» Эралиевге арналган.

Кайталанып келатыр
Канга сиӊген сүйүү ырдай,
Эски жоокер, эми акын –
Эралиев Сүйүнбай.

Чууга толуп туш жагым
Зуулап учат, ыйлап ок,
Оозун буруп пушканын
Деди жоокер Ийванов:

«Өлсөк өлдүк, биз эмне,
Миллиондун бирибиз».
Мекен үчүн кишенге
Салды өзүн Кириллов,

Кабагына түн ыргай,
Кабыландай деди: «Ураа!»
Эралиев Сүйүнбай,
Андан кийин дед Иван!

Акын азыр Сүйүнбай,
Калем алып, жер кезип,
Көрүп кантип сүйүнбөйт,
Украина жергесин.
                                      (Жан дептерден, 71)

Дед Иван тилинде айтканда, минтип сүйүнбайстилде «без конца» шилтей берүүгө болот. Бул эми мастердин өз иши го, биерде бизге кызыгы – Сүкөӊдүн «бир териси ичине» Алымдын кошо шыкалып кирип алганы. Алтургай, пэкэне Сүкөӊдү узун Алымдын бучкакка сүрүп салганы. Биерде баары бар: ыргак, күтүүсүз уйкаш, сырткы уйкашты ички уйкашка багынткан синтез, «интернационализм» ритм – кыскасы, Сүйүнбай жана аны өкчөп алган Алым. Улуу мастерге уланган-кыналган кичи мастер. Ооба, Алымдар ошол бешиктен бели чыга элек куракта эле ыр куроонун мастери болуп алышкан. «Без конца» элпек жорголук, көндүм салт аларга эми кызыксыз тарткан. Аларга жаӊы канжайыт керек эле…

Өз муундаштары ичинде, ал эмес, дегеле жазуучу журтунда Алымчалык тирмийип окуп, кажынып изденип, адабият эле эмес, башка илимдерге да башын сугуп жашаган окумал адамдар аз эле. Менин билгендерим – Салижан агай, Кубатбек Кердегей, Мамат Болот. Ошол кездери ал, мына-мына бүгүн-эртеӊки жаш гений Алым, карт генийлер менен өз каадасында сүйлөштү. 1939-жылы кыргызча чыккан Пушкиндин бир калыӊ боз томдугу болор эле (көбүн У.Абдукаимов которгон), ошону боорунан түшүрчү эмес, мыктылыгынан эмес – оригиналга такай салыштыра караш үчүн. Мектеп программасынан окутулган классиктерди – Лермонтов, Блок, Маяковскийлерди – эми «программасыз» өз бетинче үӊүлүп үйрөндү.

Булардан артылып, ХХ кылымдын биринчи жарымындагы, агездери мектепте эле эмес, ЖОЖдордо деле ченем-чактылуу окутулган С.Есенин, А.Ахматова, М.Цветаева, Н.Гумилев, С.Соловьев, К.Бальмонт, О.Мандельштам, В.Хлебников, Б.Пастернак, соӊку Н.Рубцов, Э.Межелайтис ж.б.; булардан каруу-жарагын шайлай келип, «алтымышынчылар» А.Вознесенский, Е.Евтушенко, Р.Рождественский, В.Кузнецов, Б.Ахмадулина, В.Солоухин, О.Сулейменовдор менен күнү-түнү сырдашып, чылк поэзиялуу жашады.

Дегеле, 60-жылдардын духу өзү ашкан поэзиялуу эле. «Чылк поэзиялуу» дегеним, филфакка эки-үч жолу тапшырып өтпөй калган Алым «Кырдрамтеатрда» жумушчу болуп иштеп калган. Агасы Жалил Абдыкадыров орноштуруп койгон. Мээси бош, колу-жолу деле ошондой (кез-кезги кечки спектаклдерде иштеп коет), программалуу «экзамен-зачеттордон» тыш Алымдын экинчи үйү «Кырдрам» маӊдайындагы Чернышевка эле. Биринчи коӊгуроо менен кирип, акыркы коӊгуроо менен чыгуучу.

Ал кездер эркин, ак ырлардын арааны жүрүп турган туш. Алым батыш, орус классиктери менен катарлаш Межелайтисти, Хикметти, анан Уитменди кыйла казды. Межелайтистин «Адамы» (К.Ырсалиев) менен Хикметтин «Мажүрүм талы» (С.Жигитов) адеми которулуп калган кез. Уитменди орусчадан тирмийип окуду. Эралиев ал кезде которо элек. Ошол кездери поэзия табиятын аки-чүкүсүнө чейин козгоп кеп салган табылгыс китеп «Контрапункт» (Межелайтис) болду. «Менин Дагстанымды» (Р.Гамзатов) жаш Аман Токтогулов келиштире которуп, улуттук көөрүндө сунду. Бул китептер поэзия мажнундарынын анык майрамы эле!

Мен буларды Чернышевка кулуну Алымдын бейнесин мезгил контекстинде бир жылт тартып коюш үчүн гана айтып жатамын.

«Алтымышынчылардын» айлына сыйбай, өз чыйырын чубап чыккан Алым ошол кездери аябай изденип жашаган. Ыр эмес, канча бир ыр циклдерин жазган. Тушунда чыкканы чыкты, көбү чыкпай, эски калыӊ дептеринде калып кетти. Анын ошондогу жан маанайы менен окурманды кеңирээк тааныштыра баруу максатында мындан ары ырларын арбын мисалдап барам.

              Өлгөн мадонна
Керилген кереге тоо,
керемет жол.
Жылдыздар
уук учу,
түндүк бою нур жааган түн.
Ал өлүп жатат

кепинин сыйрып таштап
жамынып Ааламды кең
алгач жолу төрөлгөндө
кандай болсо ошондой так.

Ал өлүп жатат
сулуу бирок, алп жана
берешен ал;
анан бир аз күнөөсү бар
айырмасы төрөлгөндөн.

Айырмасы төрөлгөндөн
чачтары буудай болуп
толкуйт желге,
көздөрү жылдыз болуп
тамат мөл-мөл,
абийри жалбырактай
турат күйүп!
                                                (20. XI. 71)

 

                          Бадал көз

 

«Если бы мог я помериться силой с великими бардами».
Уолт Уитмен

 

Эгерде мен бардык кыймылды билгизе алсам
Кыймыл менен бир гана,
ойлорумду түшүрө алсам эркин гана кандай ойлосом
Так ошондой ушул тапта,
жана да ылгабасам ал ойлордун Керексизин, Керектүүсүн,
болбосо, бир зым болсо,
бир учу балбан мээ менен жүрөктүн туташында,
бир учу чийип турса ал экөөнүн тирлигинин
Кардиограммасын

Анда мен айтаар элем акактан бүткөн күрүч тиштериӊди
(колумду тиштеп алган эле алар бир кезекте),
күпкүрөӊ көздөрүӊдү, андан аккан ушунчалык ууз нурду
(жүрөгүмдү тешкен эле бута ордуна бир кезде),
Көшөкөр наздарыӊды – унуткарган бардык болгон күнөөлөрдү
(акыл-эс сотторунан, абийирдин чыккынчылыгынан сактап калган эле алар мени),
Анда мен айтаар элем бүт денеӊди,
Тырмагыӊдын учунан чачтарыӊдын талына чейин айтар элем;
Эгерде мен каалаганда төрөлүп, өлөр болсом тилегенде,
Далилдеп берер элем:
Сени сүйбөй жашоого да…
                                               Өлүүгө да…
Эч бир себеп жоктугун жана мүмкүн эмесин!
                                                                                   (Жан дептерден, 7. II. 71)

                                                                                                            

«Алтымышынчылардан» бери карай дагы бир алтымыш жуук жыл өткөн азыркы кезеӊге, адабий табити кыйла өзгөргөн башка заманга, жаӊы муунга бул саптар бирдеме айтып берер бекен? Же, тек, додологон Сөз Дөбө көрүнүп, суз кол шилтеп, четке басар бекен?.. Билбейм, билбейм… Бирок баскан жол, эволюция деген да бар: күлүктүн күнүндөгү, тулпардын тушундагы… Эсеби, дал эле ушул тариздеги саптар:

Жер шарын кош аяктап тээп турам,
Күндүн шарын кармап алып колума,
Жонум ылдый каттайт тирлик түрүлүп…
            (Межелайтис)

Же ушул эле Уолт Уитмендин: «Байпак калпак ортосуна сыйбаймын» сыяк дүйнөнүн өзүндөй жайылган, асмандын өзүндөй аӊырган баянчабыт – бу Алым ырларында да туру. Тек, өкүт – мындай ырлар өз маалында жарык көрбөй, мезгилдик мөөр басылбай калган пешенесине. Мисалы, ушул эле Рамистин же Омордун — тушундагы ырларындай. «Тушу» демекчи, ал кезде Омокеӊдин «Чарчоонун жүзүнчү ыры» али жазыла элек, Сүкөӊ «Кечки троллейбусунан» кийин жаӊырып ачыла элек мезгил эле.

Жогорку ырлар чабыттуу Уитмен-Межелайтис салтында өзү менен кошо кеӊ Дүйнөнү бир туташ каалгы агызып бараткан ачкычта жазылган. Бул – өзүнчө бир мектеп. Алымдын мындан өзгө, ар кыл, бирин бири кайталабаган ачкычтарда жазылган, түркүн маанай эркин ырлары оголе арбын. Алардын далайы али жарыяланбаган. Сыягы, дайыма изденип, алдыга чалгын салып, өзүн өзү тынымсыз жерип турган алымсынбас табийгатында – улам ананкыдан ананкыга калтырып келе берген. Анан, акырындап, ырдын ысуусу да өтүп, өзүнүн кызуусу да сууп кеткен. Ошол жарыяланган да, жарыяланбаган да мол ырларында ал эркин ырдын дээрлик болгон мектептерин басып өтүп койгон.

Мынакей, да бир издери:

Менде жок келчү мейман,
                                   кетчү мейман.
Кар гана балбалактап көмөт тышты.
Баштадым да бир кышты.
Менде жок келчү мейман,
                                   кетчү мейман.
Түн узун бир шумдуктуу.
Сандаган элестердин арасынан
Мен өзүмдү таап араӊ,
Туурулган колум менен
Сылаймын жымжырттыктын маӊдайынан
(Эшигим ачылчудай болот менин),
Жымжырттыктын ары жагында жымжырттыктын
нары жагында жымжырттыктын
духун сыгып, анан
апамдын назга толгон колу менен
алып келип берчүдөй болот маган…
                                                                       (15. XI. 70)

Бул – Назымдын мектеби.

Кай бирде башка классиктердин да айылын аралап жүргөндөй болосуӊ. Бирок жетелеп жүргөн — Алымдын колу, салынганы – Алымдын жолу. Көзөй көрсөткөн – Алым көз!

Булар – жаш акындын изденүү жолундагы издери. Адабиятта (дегеле, жан-жаратылышта; бу тууралуу баян соӊунда арналуу кеп салабыз) форма жана мазмун деген кеӊири түшүнүк бар. Поэтикалык форма күтүүсүз, өзүнөн өзү жайдак жерден чыкпайт. Ал айланып келип, ошол мазмундун талабы-муктаждыгынан туулат. Алымдын эркин ырлары да турмушка күн санап күркүрөп агылып кирип жаткан күрдөөл жаӊылыктардын жаӊырыгы катары көз жарып жатты.

                                   Бийчи кыз
Бийчи кыз –
Жүрөктү өрттөп ийчү кыз.
Шабырайт этек-жеӊи жайылып кеӊ
Музыка шамалына
сахнада.
Бийчи кыз – абстракционист сүрөтчүнүн
                                   кезектеги полотносу…
Күтөт аны кара тукаба кулисалар.
Кулисалар – алар орой эӊ эле.
Бийчи кыз!
Колдон келсе эс-акыл музейине,
түбөлүккө
Эмоцияга эстелик кылып коёр элем.

                                              

Бияктагы «ак ырчы» Алым башка. Мында бир үзүлбөгөн-сүзүлбөгөн, каалгычалкы Уитмен жок, сынган[сыган] саптары, тескерисинче, зыпылдап, сыбызгы күү чалган калк ыргактуу Хикмет жок – башка Алым. Бул, ошол кездери, негизинен, өзүнүн улуттук жолуна түшүп, жүзүн таап калган жаӊы кыргыз поэзиясынын бир үзүм мисалы. Эми мен биерде ыр формасы тууралуу айткым жок, тек, тема-мазмунуна гана ылайык ал мезгилдин бир штрихин көз алдыга тарта өткүм бар.

Ырда – «жүрөктү өрттөп ийчү кыздын» сахнадагы бир абалы. Бул, эске эрмелгис, көзгө ирмелгис керемет сыйкырды, бир болсо, абстракционист сүрөтчүнүн фантазиясы тутат. Башка, эч нерсе! Бий аяктаса эле кара көшөгө артындагы түн турмуш бу аяр-морт аруулукту кирдетип жыгат, сындырып тынат. Эмесе – аны эс музейине гана таптаза катырып сактап коюш керек. Түбөлүккө! Мисалы, Венерадай…

Ыр – ойлондурат… Мисалы, окурманды — ушул ойдун, лирикалык образдын тегерегинде. А мени… ошол күндүн күрөөсүндө.

Айталы, Алым ырындагы «абстракционизм» деген балээ ал кезде 20-жылдардагы «тап душман» дегендей эле келишкис идеологий түшүнүк эле. Биздеги бир кез «абстракционизм жыттанат» деп жерилген сүрөтчүлөр Жамбыл Жумабаев, Сатар Айтиевдер (булар да «алтымышынчылар») болгону, саал модернисттер экен. Ырдагы, сүрөттөгү ар бир абстракт штрих «кан» менен «тер» ортосунда жеӊилип алына турган. Ван Гог, Гоген, Пикассо, Модильяни, Чюрленис, соӊку Сарьян жана башкаларды кызыгып окуган (айрымдарын которуп) Алымдын ырларында адабий гана эмес, жалпы эле искусство айдыӊдын желаргысы эркин жортуп турар эле.

Турмуштун күрөө кагышы аны адеп туйган акындын нерв талчалары аркылуу өтөт дедик, бая. Ушул өӊүттө анын мезгил демин кармап калган дагы бир ырын көздөн сыдыра кетүү, орундуу. Ыр — «Реквием» деп аталат жана 1967-жылы Алымдын жыйырма жашында жазылган. Жаштык символу Фрунзе шаардын так гүлдөп турган чагында! Дегеле, ошол туштагы калемгер жаштардын көбү, негедир, Көккө муӊканган монолог, же, Айга телмирген элегия ырларын көп жазышчу. Бул да өзүнчө бир түйшөлгөн, изденген жаштык маанай эле. Замандын өзгөчөлүгү эле…

Теребелди итче жалап ойнойт Ай,
Жалжакташат көк асманда жылдыздар.

Ыр «чү» дегенде эле ушинтип шойкомдуу башталат. Кыргыз баласы, жалпы эле чыгыш поэзия салты үр затынын символу Айды, нур затынын жышааны Жылдызды эч качан минтип «жалатпайт», «жалжактатпайт». Булар кол жеткис ыйык баа. Арылайлы, анда:

Инкубатордун жөжөлөрүндөй
Чыйп-чыйп этет өбүүлөр.

Дубан бузган аргымактай как жарып
Айгай салат көмүскөдө сөгүүлөр.

А дарактар асфальт жарып кас турат
Кекчил өскөн уландардай өчү бар.
Венерадай Кудай ойлойт өздөрүн
Аягынан ирип бүткөн шок кыздар…

Ыр, кайталайлы, жаш жигиттин толуп турган чагында, жаштык Фрунзенин болуп турган маалында жазылган. Ырда айтылган «сюжеттин» андагы романтикалуу Фрунзеге («Унутпадым», «Алтынчы күнү кечинде», «Дзержин бульвары» эле – «башкы каармандары») кылдай тиешеси жок деп койсо болот, б.а. «улуттук» да, «мезгилдик» да мүнөздүү эмес көрүнүш, бул. Эмесе – эмнеге реквием? Каӊырык кандайча жана кайсыга түтөйт?..

Акын – нерв талча дедик. Эмесе, ошол «романтикалуу Фрунзенин» экинчи мазмунунда эмне жаткан?

Элеттен келген жаш улан-кыздардын эл-жерине кусалык-сагынычы жаткан, айылдык психология менен шаар кагылышы; айыл – баёо тазалыктын, шаар – антиси каралган мезгилдик маанай жаткан, бул – биринчиден. Экинчиден, бул эми жогоркудан кыйла тереӊ жана мезгилдик кенен алкактан караганда гана көзгө ачык түшөр нерсе – көрсө, ошол мезгил-заман улуттук жаӊы булкунуш-жаш демге чыныгы коомдук (бүгүн «улуттук» деп түз эле айтсак болот!) Идеалды берген эмес экен, бере да алмак эмес экен! «Интернационализм» аталган маска жамынган купуя шовинизмдин шартында! Бир кездеги Лермонтовдун Биздин Замандын Уулунун – Печориндин бук-хандрасы (Ашым Жакыпбеков керемет которгон бул роман жан дүйнөбүздүн азыгы эле!) ошондогу биздин замандын уулдарынын (жаш кыргыздын!), биринчи ирээтте коомдун нерв талчаларынын – бири ичип кеткен, бири өз жанын өзү кечип кеткен, бири жаш ооруп жайрап тынган «алтымышынчы-жетимишинчилердин» (Алтымыш Усубалиев, Белек Жумабаев – сүрөтчүлөр; Керез Ырсалиев, Жоробек Султаналиев, Манас Казакбаев, Табылды Муканов, Тургунбай Эргешов – акын-котормочулар; Чанай Жумаканов, Сейдалы Медетов – композиторлор ж.б. ар бири өзүнчө «буктуу печориндер») аянычтуу, трагедиялуу тагдырлары аркылуу сыгылып-сызылып өткөнү ошол экен. Бул жакка булуӊдай бергеним – дал ошол урунуп-беринген, чайналып изденген улуттук духтун бир тамчысы эле, ошондогу Алым. Алымдын өз соӊку ырларын 1974-жылга чейин гана жалындап жазып (27 жаш!), кийин дээрлик калам кармабай (ыр маанисинде) койгонунун бир себеби ушуякта: Алым тагдырын («дүйнөлүк акын болом деп келди эле, дүйнөлүк акын болбой өлдү») ачыгыраак аӊдаш үчүн ошол мезгилдик контекст да зарыл.

Эми, мисал тартылган Ырга кайрылсак, ал мындайча жыйынтыкталат:

Күн да чыгат уйку көрбөй түнөрүп,
Көӊүлдөргө жалын серпчү түн өлүп.
Далбасалайт өз огунда Жер шары
Курсагына окшош түндөр ширелип.

Ырдын Жер шары масштабы ушунда ачылат. Дүйнөлүк шаар (Париж, не, Жанейро) көзгө эми тартылат. Көрүнүш «фрунзелик» болуудан калат, жаш улан «кыргыз» бойдон калбай «кылымдык» кеӊийт. Лирикалык образ планетарлык жалпыланат.

«Реквием» ана ушунда угулат – Батыш поэзиясына эртелеп канган Алым ырында – айылдык тунук балалык психологиянын ааламдык урбанизацияга (тушундагы глобализм!) каршы улуттук жаштык протести жатыптыр, көрсө:

Теребелди итче жалап ойнойт Ай,
Жалжакташат көк асманда жылдыздар

Бул да учурдун улуттук психологиясы эле…

РИМ – ИРИМ
Жолондун бир ыры бар:

Поэзия деӊизинде сүзүп мен,
Жүрөгүмдүн буйруганын жазамын.
Турмушумдан ойлор издеп түзүк мен,
Тарткым келбейт модернисттин азабын.

Бул – Жолондун кредосу эле. Бирок анын акыркы саптары менен, чынында, Жолонду эмес, Тургунбай Эргешев менен Дайырбек Стантегиндей кара таланттарды мүнөздөсө жарашаар эле. Жолон өзү кудуреттүү жапанкүч ээси боло туруп көп окуган, түйшөлүп изденген, чоӊ интеллектуал да акын эле. Сөздүн жакшы маанисиндеги модернизм ага жат эмес болчу. Ушул эле ойду, мындан да күчөтүлгөн мааниде, үзөӊгүлөшү Сүйөркул акынга карата айтса болот. Сүкөӊ, менин жеке баамымда, ага «алтымышынчыларды» жыйынтыктап, Алым муунуна салынып калган кубаттуу көпүрө, жана Сүкөӊдөн тарта мурда кыргыз поэзиясына мүнөздүү эмес көрүнүш – жаӊы интеллектуалдык поэзия өрүш кеӊитти. Сап башында кайра эле ушу Алым эле. Арийне, интеллектуалдык поэзия не, ага биз кандай мазмун батырып карап жатабыз, буга алдыда арналуу кайрылабыз.

Жолон ырын мисалдаганым (Жолу оң Жолон акын тууралуу өзгөчө сөз зарыл), Алым дал ушул саптарда айтылган маанайга анти – «жүрөгүмдүн буйруганын…» деп гана өзүнө (талантына) таштап койбогон («жүрөк» турулуу эле, «сүйүнбайыргак» куйулуу эле, биякка таӊсыктык жок эле анда!), тескерисинче, мүлдө «модернизмге» (т.а. күнбатыш чоӊ адабиятына) ачкалыгы бар, биякка сугулуп кирбеске аргасыз жан эле ал («дүйнөлүк акын болом деп келди эле…»). Экинчи жагынан, ал чактары, жаш кыргыз поэзия мейкиндиги өзү араандуу акындардын караанында тарый түшкөндөй да эле. Бул дөбөдө Рамис, ал дөбөдө Омор, күлдөбөдө да бири, баскан жагыӊдын баары тоорук – өз тагдырлуу кылкөпүрөӊө эле салбасаӊ, бая айтылгандай, түбү сөзсүз бирөөнүн эпигонусуӊ! Өзүнө катаал талап койгон акындын татаал жолун ушинтип мезгил өзү да шарттаган эле.

Белгилүү, адабият — заман, коом менен эриш-аркакта өнүгөт, жалпы жүзү аныкталат. Коом баскан жолду дайыма эле тыкыр чагылдырып турбаса да, башкы удул-мыйзам ченеминде баары бир аны кармап калган калыс күзгү ал. Алымдын башы сайылып кирген аржагы батыш, бержагы орус адабияты тарыхына серп салсак, негизинен, баарында эле окшош адабий процесс жүргөнүн көрүүгө болор эле. Тек, бир аймакта эрте, бир аймакта кеч көз жарган; бир мейкинде курч, экинчи мейкинде бошоӊ жүргөн – коом маанайын күзгү чагылдырган классицизмдер, сентиментализмдер, романтизмдер, символизмдер, реализмдер…

Алымдын ушунча элдердин ошончо даркандарынын негизгилери менен бүт иши чыккан. Мүлдө! Ал Пешков-Горькийдей Турмуш Университетинин өзүнөн окуп, адабият аӊызын өз бет алдынча каӊтарган (Горький өзү ыр жазган, прозаны мындай койгондо, батыш философиясын, поэзиясын мыкты өздөштүргөн документсиз кызыл профессор болгон), өз киндигин өзү кесип, өз крестин өзү көтөрүп, өз мээнет-терине өзү кайра-кайра чыланган кыргыз Сизифи дээрлик жан эле. Анын колу тийип, кагазына ысымдары чийилип, чыгармаларына жеке мамилеси тигил-бул деӊгээлде айтылган (айтылбагандары – эшекке жүк!) авторлорунун эле тизимин көз алдыга бир тартып алсаӊ, жүрөгүӊ опкоолжуп бэкэнэленесиӊ, жербетегеленесиӊ: Шекспир, Гёте, Бернс, Верлен, Рильке, Бодлер, Элюар, Уитмен, Хикмет, Неруда, По, Лорка; Карамзин, Жуковский, Батюшков, Соловьев, Анненинков, Брюсов, Бальмонт, Блок, Ахматова, Цветаева, Пастернак…

Булардын ар бири адабиятта өз өзүнчө доор түзүп, жүздөгөн жылдар аралыгында чачырап, ар башка коомдук идеалдардын алып жүрүүчүлөрү саналып турушса, жазмыштын буйругу – орус маданияты аркылуу батыш дүйнөсүнө кеч жолу түшкөн кыргыз, казак, өзбек, башкыр ж.б. өӊдүү совет кенжежазма адабият өкүлдөрү аларды бирар гана жылдар арасында адабий жашоосунда жашап, тарыхый тагдырларында таанып, дүйнөлүк (батыштык) адабий процесске тез коошту, т.а. өзүлөрүнө ыкчам жакындатышты. Кыргыз адабиятында буларды ныктай өздөштүрүү, негизи, «алтымышынчылардын» ыкыбалына жазып баштаса да (аркы Алыкулду айтпайбыз, бу муундун өтөгөн тарыхый озуйпасы тууралуу кеп – баян соӊунда) чыныгы тагдыр ташы Алымга түштү жана анын айрым санаалаш курбалдаштарына, биринчи ирээтте, Сагынга, жаздыкташ жары Шербетке, кемирээк-кемирээк К. М. Розаларга. Өйдөкү узун кулач тизме Алымга байланыштуу айтылды, ысымдары да Алымдын өнөркана дептеринен алынды. Батыш, орус адабиятындагы, ошол «…измдердин» дээрлик бардыгынын издери — тынбай окуп, тытынып изденген Алымдын кол жазмаларында жатыры. Ошентип, бирар кылымдардын бирдаары залкарларынын чыгармачылык тагдырлары, кичи масштабда, бир жаш акындын биографиясында кайрадан жашалды, басылды. Бул, чынында, кыргыз адабияты эле эмес, дегеле, бая айтылган совет кенжечыкма жазма адабиятындагы уникалдуу көрүнүш. Тек, мен ал адабияттарда өзүлөрүнүн кайталангыс «кажынган алымдары» болгонбу, жокпу, билбеймин, (т.а. ишенбеймин), ал эми, соӊ кыргыз адабиятында ал ысым айгашка балбылдап жанып турат: Алым Токтомушев! Эмесе, азис окурманым, мен сизди ушул уникалдуу кубулуш – акындын аялуу поэзия дүйнөсүнө аяр алып кирүүнү максаттап турам.

Анүчүн:

оболу, ал чыккан Учка калкып чыгып, алыммейкинди көз алдыӊыздан сыдырып, жалпы картинасын тартып бергим бар;

ушундан соӊ, кайрылып ал түшкөн Түпкө кудуп кирип, алымтереӊге чөккөн батыш-орус адабий изди алдыӊызга ирээттүү жайгым бар.

Анда, оболу – жалпы чалгын салалы, айрым ырларына кезек берели.

                        Баллада

Но есть Единый, кто держит в своих руках –
бесконечно бережно – все паденья.
            Р.М.Рильке

Күүгүм чалды жол чабыты, карайды.
Бүлбүл жарык алдыбызда. Бел аштык
асман беттеп алмустактай, калайдай.
Авалаган даӊза мисал убакыт

калды катып… Же болбосо кайрадан
кайтып жатты кар кетпестен кушка окшоп…
Зымда ойногон дарчылардай айлана
калт-калт этип… турмуш өткөн из жоктой

тунжуроодон жүрөк таят. Алдыда
бүлбүл жарык жанат жомок соӊундай.
Кожожашты корго салган жар мына –
пастыгынан Молдожашты корунткан.

Жылынгансып миш-мишине жылдардын,
баш айланткан жымжырттыкта, жыштыкта
тааныш көздүн таӊ ашпаган ырларын
кимдир-бирөө созгонсуду укмуштай.

Жоготуунун, жоголуунун майрамын,
тагдырлардын кеч күүгүмү, таӊ нурун
Бул турмушта чоӊбу, же бир майдабы,
ар өмүрдүн өз эрдиги бардыгын.

…Аска гана алда нени сезгенсип,
бүлбүл жарык саламына жарк эте –
ким бирөөнүн Кайс мезгилин эскертет.
Ким бирөөнүн күнөөсүндөй жалп өчөт.

Баратабыз. Бүлбүл жарык алдыда.
Сапар алыс. Көрөт көзү жүрөктүн:
Кожожашты корго салган жар мына
Чыйыр мына, чындык кылган Сур эчки!
                                  (72)

Техникалык жагы кынтыксыз иштелген, ыргагы жаӊы – сынма өзгөчө; уйкаштары – бейтааныш тааныш; шыӊгыраган кыргыздын эле төл сөздөрүндө мизилдете тизилген бул ыр, бирок неге бизди кошо кайстантып (Кайс – Мажнун, жинди ашыктын өз аты, Ч.Ө.), бир-эки (кээде, жети!) окусаӊ деле болбой түшүнүксүз тартып, жаныӊды түйшөлтүп туруп алат, неге?..

Себеби, ыр – романтизмге чайынган. Жок, бир адамдын романтикасына эмес, мында бая айтылган, батыш, орус адабияттарын бир кез күрдөөл бийлеген «романтизм» аталган бүтүндөй бир мектеп[тер]дин күрөөсү согот, илеби урат, деми тынат. Ыр соӊунда жашынган мындай касаба катмар менен иши жок катардагы окурманга, ыр – сырын жандырбайт. Купуя табышмактанып тура берет. Аны аркы тарых, аркы тереӊдик, аркы адабий баскан жолдун нуруна кармаганда гана чыныгы баасы билинет, ажары ачылат, Табышмагы Тагдырга айланат. «Мектеп» дегендин жайы ушундай. Айтса, бул – «романтизмдин» башкы булагы – таза адабий китептик эмес, жаӊыга дембе-дем суусаган жагалдуу жаш кыргыздык же бая жашылдуу фрунзелик турмуштун өзүндө жаткан, андагы, 60-70-жылдардагы…

               Кыш
Жел жүрөт – жол ойгонот.
Жымжырттык эчкиргени
камданат. Кар алдында
калгандай эч ким мени

Жоктобойт. О, сен аны
ойлобо, эстен чыгар!

Жылтырайт терезелер
жаш толгон көздөр сыӊар.

Кар басып чуӊкур, түздү,
Короону шамал тинтет,
түнт түтүн түрмөктөлүп
алыстайт бу тирликтен.

Көөдөндө тилсиз булбул –
өрөпкүп жүрөк кагат.
Дүйнөдө жол бүткөндөр
күрткүдө сыяктанат.

Керексиз качандыр бир
карт баскан жараны ачыш…
… Кайдандыр башка бирөө
башка итти авалатат…

Мезгил да, мейкин да жок, доору, улуту белгисиз, географиялык кеӊдик да күӊгүрт, баары актай – апаппак кыш; тек, абстракционист сүрөтчүнүн айдарым кистиси билинер-билинбес штрихтерди чийип кеткенсиген бул эӊ жеӊил-татаал ырдан символизм поэзиясынын бир илеби урбайбы? Делмин… Кайдандыр башка бирөө башка итти авалатат…

                        До Минор
Жамгыр төгөт тереземдин тушунда,
Жамгыр төгөт күтүүгө окшоп эӊ узак,
Шамал ырдайт бейтааныш бир аялдын
Үнү менен, муздак, муздак, мупмуздак:

…Кеткен кетсин …Келгенди
Шайтан шоокум терметсин,
Бейит жактан от жанат
Периби же пендеби?!

Жамгыр төгөт тереземдин тушунда,
Жамгыр төгөт сагынычтай эӊ ыраак,
Шамал ыйлап бейтааныш бир аялдын
Үнү менен… жалынат да, жалбарат:

…Кеткен кетсин …Келгенди
Алдейлесин түнкү ымырт,
Бейит жактан үн чыгат
Ыйбы же бир күлкүбү?!

Менде эч ким жок:
Тууган да жок, кас да жок.
Менде эч ким жок: а сыртта
Жамгыр төгөт күтүүгө окшоп эӊ узак…
(11. VIII. 72)

Сентиментализм, меланхолия Алымдын табиятында жок эле, жат эле. Аны курчаган акын кыздарда бар эле. Бирок Алымдын баскан адабий изинде мунун баары мол эле. Ал XIX-XX кылым, орус, батыш адабиятынын лөктөрүн дээрлик калтырбай казып окуганын, окуп жатып таасирленгенин, таасирленип жашаганын, жашаганын – жазганын, учкай айттык. Бирок таасир башы, биринчи иретте, албетте, балбан турмуш өзү эле.

Сентимент да, романтика да, символ да, баары, элеттик ээн-жайкын бейгам тагдыры калдайган шаардын азан-казанына «камалган» кыргыз жаш адамынын, төтөн, сезгич нерв талчаларынын жеке тагдырлары аркылуу өтпөй коймок эмес, өттү. Анын ичинде Алым каламдаш-замандаштарынын да. Сентимент маанай ырларды кийин акындын тагдыры өзү жаздырды (адам тагдырды тандабайт, тагдыр адамды тандайт…).

Биз жогоруда Алым поэзиясынын аркы күүгүмүн жарытып коюу максатында гана ар кыл маанайдагы ырларынан толук бир-бир мисал келтирдик. «Ал – окумал эле, ал – изденгич эле, ал – уйкаш да, уйкашсыз да эле, ал – поэтикалык формаларды чебер өздөштүргөн жаӊычыл эле», сыяк баары туура, калыс, түркүм бааларга дагы бир кичинекей кошумча боёк сүртүп: ал өзү чөмүлгөн чоӊ поэзияны боюна табигый сиӊирип, мектеп катары басып өттү деп айткыбыз бар. Ал эми мектеп деген мектеп. Мектептен таасын өткөн жан гана өз соӊуна өз мектебин калтыра алат. Бул тууралуу сөз, кийин…

Арийне, түрдүү мектептерден өткөн Алым андан түмөн чайкалган. Табияты өзгө кыртышта жаралган адабиятты, төтөн, поэзияны, поэзия ичинде да тутунган эстетика-философиясы, көзкараш-маанайлары ар кыл, ыркурум-стилдери миң кыл авторлордун чер-жышында ченебей бозгон ал не деген гана катаалдыкка кез болбогон, татаалдыкка башы сайылбаган. Ушул өңүттө анын «Өнөркана» аталган символдук мааниге ээ ырына кайрыла кетүү орундуу.

Билинбеген Римде элең. Иримден
иңирлерге чейин өлүп тирилген.
Пирамида залдарындай үстүңдө
пас потолок, алсыз жарык үлүңдөп.

Түшүп кеттиң түшкө кирбес кыштакка –
туура жолдой, туңгуюкта сыздооктой.
Түн кетпестин талаасында үн жетпес
кумар сергек – жалбырактай куш каттай.

Сүйлөйт алар – түркүн тилде, бир үндө
билбейт алар – калем, кагаз, сыядан
чайкалышкан мөңгүлөрдөй күүгүмдөй
чакырымдан Күндүн черин суранат.

Кайчы жолдо – шарпа-шаңдын өртүндө
жок көңүлдө — унутулган четки үйдөй
чечилет да… Эркиндиктен, элестен
кошулушат бул турмуштун көчүнө.

Дароо эле эскертип алаарым – ырдын айрым саптарын мен илгерки өз билген вариантымда сундум. Автор «бу ребусум окурманга түк түшүнүксүз калбасын» дегенби, кийин негедир: «…Римде элең. Үтүрдөн чекиттерге чейин…» деп оңдоп салыптыр. Ушуга туштап дагы айрым саптарын… А чынында ыр башы, чү дегенде эле, Верлен, Хлебниковдорду эске салып «Рим-Ирим-Иңир» деп сөз ойнунда шойкомдуу башталар эле.

Ырас эле бул эмне болгон ребус? Ким, мындан – эмнени түшүндү? Дегеле түшүнчү нерсе барбы, өзү?..

Ошол кездери биз да түнү бою кажашып, баш чагып талашып атып жеткен бир чындыгыбыз мобул эле: “Рим – дүйнөлүк борбор. Бардык жолдор андан башталат да, кайра ага куят. Эмесе, акын өнөрканасы да ошол – эгерде түптүн түбүндө да бир Түк болду десек, — «пирамида залдарындай күүгүм, пас потолок, алсыз жарык үлүңдөгөн», ошол – «Рим-Ирим», акын мастерскою. Чындык борбору! Ана, ушул түн кетпестин үн жетпес туңгуюк чээнинен чукуранып акын сөзү ойгонот, ойгонот да чечилген бирден четки үйдөй бу тирликтин (акын тирилткен!) көчүнө аралашат…

Айтса, ушуга эле үндөш маанай акындын ошол кездеги пастернакжыт дагы бир ырында тепчилген:

Баары муздак – сфинкстей, нимфадай:
ИТР, мода, көзкараштар, эмгектер.
Мээлерине чырак жагып уктабай
Акын аны жылытууга милдеткер.

Өйдөкү «Өнөркана» өңдүү ребус ырлар да Алымдын айрым издери эле. Бул, балким, кийинки көзгө көйгөк тартып, ашыкча табышмактанып турат. А кезинде мындай ырлар агездеги держава шаалары А.Вознесенский, Э.Межелайтис, О.Сулейменовдор менен дал жаңырыкташып, замандын духун чагылдырып турар эле. Анан акын ушул катаалдыгынан да кайтты, татаалдыгынан жанды.

Баса, «ребус» деген да мен эмес, өзү эле. Мунун жайы мындай: мен ал кезде жапан поэзиясына катуу кызыгар элем. Алардын салттуу поэзиясы үч саптан – хокку; беш саптан – танка, гана турат. Ушул үч-беш сапка мүлдө ааламды, миңкыл маанайды сыйгызып берет алар. Символдуу поэзия жаратышат. Экөөбүз жолуккан сайын мен ага ушулардан окуйм. Алым мойнобойт: «ой койчу эй, ушундай кантип поэзия болсун, мунуң таза эле ребус да» дейт. Кызылчеке талашабыз. Ырас эле кээде муюй да түшөт: «биерде кеп бар экен» деп жиберет мулуңдап. Акындык керээтинде илет. Өзүнө күүгүм нерсени баары бир түшүнгүсү келчү, издеп таап окучу. Бир кез лексикасына «Такубоку» (ХХ к. башындагы жапан акыны) да кирип калды. Бирок көп өтпөй андан деле баш тартты. Аны менен кошо өзүнүн табышмактуу татаал поэзиясынан да. «Ой поэзия деген мээни чакпай, ребустанбай бир окуганда жүрөккө уюп, жымыратып салыш керек да кишини. Абай айткандай, кулактан кирип, бойду алып…» деп жүрдү. Бул тууралуу сөз кийин…

Бир курдай сүйлөшүп отурсак: «Ой, ушу мен мурдагы туулушумда орус эле болгон окшойм деп калам, орус поэзиясы мага ушунчалык баарынан жакын десең» — деп калды. «Мурдагы туулушумда» дегени, буддизм философиясында («хокку», «танка» поэзиясынын өзөгүн чылк дзэн-буддизм түзөт) «түбөлүк өлүм» деген жок, түбөлүк «кайра-кайра туулуу» гана бар – бир жашоо кейптен экинчиге өчүп-көчкөн…

Алымдын «орус окшоймун» дегенинде, чынында, орчун жүйөө бар эле – ал орус поэзиясына кана сугарылган эле. Айрыкча, Пушкин, Лермонтовдон кийин эле, ХХ кылымдын биринчи жарымындагы поэзиясына. Алым өзүн ушул мерчемден тереңдей ачты, поэзиясынын формасы да, мазмуну да өзүнөн мурдакы «ага алтымышынчылардан» айырмаланган, жаңы, өзүлөрүнө гана таандык өзгөчө нукка оонады деп эми айта баштасак болот.

Бу жаңы нук дегенибиз эмне?

2) Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ: Орус Алым

3) Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ: Алым – кезең

4) Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ: Алым сабак

5) Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ: Алым – журналист

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.