Бугу мергенчилерден качып, жүзүмзарга жашынып калат. Мергенчилер көрбөй өтүп кеткенден кийин, эми таба алышпайт деп ойлогон ал жүзүмзардын жалбырактарын бурдап жей баштайт. Ошондо мергенчилердин бири бурулуп көрө калып, так мээлеп жарадар кылат. Онтоп жатып өлөрүн сезген бугу: “Тиешемди алдым, мени сактап калган жүзүмзарды жок кылдым эле” деген экен өзүнө өзү.

Тамсил өздөрүнө жакшылык кылган адамдардын көңүлүн ооруткан адамдарга туура келет. Жакшылыкка жамандык кылган адамдар жазасыз калбайт.  

Аял жана тоок

Бир жесирдин күн сайын бирден жумуртка тууган тоогу болгон экен. Жесир бир күнү тооктун жемин көбөйтсөм күнүнө экиден тууса керек деп ойлойт да, көбүрөк жем бере баштайт. Антсе тоогу семирип кетип, такыр туубай калыптыр.

Тамсил көпчүлүк адамдар ач көздүктөн көптү самайм деп, бар нерсесинен да куру каларын көрсөтөт.

Жолоочулар

Жолдо эки жолоочу келатышкан. Бири балта таап алат. “Оо, олжолуу болдук!” деп беркиниси сүйүнсө, балта таап алганы: “Олжолуу болдук эмес, олжолуу болдуң десең туура болот” дейт. Көп өтпөй балтанын ээси капташып калып, балтасын алмакка алардын артынан түшөт. Анда балта кармаганы: “Өлдүк” – деп кыйкырат. Жанындагысы анда: “Өлдүк эмес, өлдүң. Балтаны таап алганда олжоңду мага ыраа көрбөдүң эле го!” деген экен.

Бул тамсил колунда барын достору менен бөлүшкүсү келбеген адам, башына иш түшкөндө досторунан кол жууй турганын билдирет.

Которгон Жетиген АСАНБЕК

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *