Олжобай ШАКИР: Ээрчитме түштөр…

«Иши оңолордун түшү оңолот» дечү эле кыргыз. А меники кандай түш билбейм… Өлүм кирди түшүмө жарык кабак, өмүр кирди түшүмө үңүрөйгөн. Экөөнө тең тиктеймин талып карап. Жер менен жер гүл дөбөм. Мүрзөм үстү жылмаланган жалпак таш. Жашоо сыртта – дүрбөлөң. Жайымда тынч жатыпмын кабыр ичи – мүшкүл жок. Тирүүлүктүн жолуна о кайрадан түшкүм жок. 14.12.17. Түшүмө өлгөндөр көп кирчү болду. Ыраматылык атам менен апам кирет. Атам тегирменчи эле. Жанында ээрчип жүрөм, артынан калбайм. Алыкем менен Салижан аке да көп кирет. […]