Айтмырза АБЫЛКАСЫМОВ: Майрамда окулган ыр

«Мугалим тегирмен сыяктуу. Тегирменге тынымсыз жаңы суу агып келип, парасын тегеретип турбаса, ал иштегенин токтотот. Демек,чанагынан чубурган данды негизги азык-ун кылып чыгара албайт. Андыктан, тегирмендин суусу жок токтоп туруусу, анын бузулуп, талкалануусуна алып келет». Автор. Анын бул жамаатта мугалим болуп иштегенине бир айдын эми жүзү оогондо, мугалимдер күнү келип, баарысы жумуштан кийин өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилеп коюш үчүн мектептин ашканасында сайран курушуп, жеп-ичип, бирин бири куттукташып дегендей аския айтышып, тамашалашып, көңүлдүү отурушту. Сөз кезеги акыры ага да келип жетип, кесиптештерин […]

Сүйөркул ТУРГУНБАЕВ: Айбар акындарга аздек сөз

Жашынан китепкөй, чыгаан публицист, интеллектуалдык дасмиясы арбын, кенен жана тереӊ Чоюн Өмүралиевди «илимий революциячы» десек жарашат. Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык Академиянын академиги, И.Арабаев атындагы университеттин ардактуу профессору, Чыгыш элдеринин атактуу инсандары Кожо Ахмед Яссави, Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари жагдайында жазган эмгектери билимдүү коомчулукка таанымал. Байыркы тилинде жазылган «Огуз-намэ» эпосун Чоюн кыргызча которуп жарыялаган. Илимий негиздеги «Теӊирчилик» эмгегинде кезеги эскирген материалисттик жана евроцентристтик системаларды сынга алып, фундаменталдык түшүнүктөрдүн жаӊы маселелерин көтөргөн. Илимий агартуучулуктун «Кыргыз Жер» коому тарабынан жарыяланган «Теӊирчилик. Коом […]

Мурзаш АШИРБЕКОВ: Геркулес

АҢГЕМЕ Ал тээ туңгуюктан жогортон үрүл-бүрүл көрүнгөн жарыкчылык дүйнөсүнө жанталпез менен ынтылып, бирок борчук таштарга араң жармашыл турган буту-колдору талып, калтаңдап, кайра «күү» деп ылдый кулап кете тургансып, ошого карабастан өжөрлөнүп, аздан болсо да улам көтөрүлүп келе жаткандай сезди өзүн. Анан ошо жогортон эки аялдын үзүл-кезил үнү угулду: – Бечара жигитти тим эле кызыл-ала койдой сабап кетишиптир… – Ички органдарынын бирөө жарымынын чел кабыкчалары жарылып кеткен окшойт, түндөтөн бери өзүн билбейт. – Операционный бошоору менен тез алып киргиле, — деди. […]

Ар бир үй-бүлө, ар бир адам үчүн асыл ойлор

Силердин эң жакшы ишиңер – үй-бүлөгө күйүмдүү болгонуңар (Хадис) Үй-бүлөсүн сүйгөн аял үчүн мизи майтарылбаган атаандаш жок. (Азирети Али) Үй-бүлө коомдун өзөгү. Коомду талкалоого жасалган аракет – үй-бүлөгү чабуул. (Сэмюэл Батлер) Үй-бүлө – падышалар да кире албаган чеп. (Ральф Уолдо Эмерсон) Бактылуу үй-бүлө – эртеңки бейиш. (Жорж Бернард Шоу) Бир үй-бүлө менен бир падышалыкты башкарууда эч кандай айырма жок. (Мишель де Монтень) Үй-бүлө жашоосунун бактысындай эч нерсе жок. (Оскар Уайльд) Ар бир үй-бүлө өзүнчө тарых. Окуганды билгенге дастан. (Альфонс де […]

Азамат ТӨКӨРОВ: Бажа

АҢГЕМЕ Эшикке чыкканда али караңгы экен. Кар кыламыктап жаап жатат. Садыр палван түз эле агылга жөнөдү. Агылга кирип, жарыгын жакты да, Торгашканын жанына келди. Акурдан чечип, берегирээк жетелеп келип, шыпка аса байлады. Бүгүн улак бар. Садыр палван мындай жерден калбай калсын. Атын кере асып байлап, күпайкесинин чөнтөгүнөн макүркө, гезит алып, гезитке макүркөнү орой коюп, тили менен бир сыйра шилекейлеп папурус жасап, анысын чеккенче ойлоно кетти. Азыр мындай гала улактар аз болуп калбадыбы. Көбүнчө эле «беш-беш» дей коюшуп, бештен он атчан […]

Корней Чуковскийдин балдар үчүн жазылган чыгармасы Эрнис Асек уулунун котормосунда

Чымын, чымын, Чыр чымын (Муха-Цокатуха) Чымын, чымын, Чыр чымын, Алтын курсак тың чымын. Жолго чыгып калыптыр, Акча таап алыптыр. Базарга да барыптыр, Самоор сатып алыптыр. «Таракандар, келгиле, Чайдан татып кеткиле!» Таракандар келиптир, Чайын ичип кетиптир. А кенелер кенебей – Үч чыныдан ченебей, Сүтүн кошуп ичиптир, Кенелерге кичиктир, Чыр чымының деген го, Туулган күнү экен го! Чиркейлер да зыңылдап, Өтүк берди кыңылдап. Өтүккө сыр катылган, Сыдырмасы алтындан. Чымынжанга келген дейт, Чын ыкласын берген дейт, Аары-апа энтеңдеп, Балын алып келген дейт… “Көпөлөк-сулуу […]