Адам баласын ата-энесине жакшы мамиле кылууга буйрук кылдык. Себеби, энеси аны ар күнү алдан тайганына карабай тогуз ай көтөрүп жүргөн.
(Локман сүрөөсү, 14-аят)

Апаңа кызмат кыл; анткени бейиш апалардын таман астында.
(Азирети Мухаммед)

Аялдарга сый көрсөт. Себеби Ал адамзатынын энеси.
(Азирети Али)

Эне акысына этият бол! Аны башыңа таажы кыл! Энелер төрөт азабын тартпаса, ымыркайлар дүйнөгө келбес эле.
(Мевлана)

Эне жүрөгү – түпкүрүндө ар дайым кечирими бар зындан.
(Оноре де Бальзак)

Аял эне болгуча бала бойдон кала берет.
(Август Стриндберг)

Бир адам эң көп сүйүктүүсүн, эң жакшы үй-бүлөсүн, эң узак энесин сүйөт.
(Ирландия макалы)

Эне колдору мээримдүүлүктөн чарчабайт, наристелер ошол жерде тынч укташат.
(Виктор Гюго)

Эне жүрөгү – балдардын мектеби.
(Генри Форд)

Жаштык өтөт, сүйүү өчөт, достуктун жалбырагы күбүлөт; бирок бир эненин жашыруун үмүттөрү түбөлүктүү сакталат.
(Оливер Уэнделл Холмс)

Эч бир жасалга же макияж аялды энелик сүйүүсүндөй сулуулай албайт.
(Альберт Брахфогель)

Ийгиликсиздикке жана кырсыктарга карабастан жашоого карата ишенимин акырына чейин сактап калган адамдар – жакшы эне тарабынан чоңойтулгандар.
(Андре Моруа)

Энелер бардыгын көрө албаса да жүрөгү менен сезет.
(А.Н. Островский)

Бешик терметкен колдор — дүйнөнү оордунан козгогон бир күчкө барабар.
(Питер де Врис)

Энелик маданияттын алгачкы шарты – балдары уктагандан кийин уктоо.
(Анатоль Франс)

Энесиз калган уянын баркы жок.
(Натаниэль Готорн)

Мээримдүүлүктүн эң мыкты аткаруучусу – энелер.
(Жан-Жак Руссо)

Менден окуган китептериңдин эң жакшысы кайсы деп сурасаңар, ал – менин апам.
(Авраам Линкольн)

Ата-эне очогунда кышындасы от күйбөсө да үшүбөйсүң. Себеби ал жерде сен үчүн күйгөн жүрөктөр бар.
(Онур Гөр)

Балдар апасынан токмок жеген сайын “апа” деп ыйлашат.
(Жемал Сүреййа)

Мартабалуулук жана бактылуулук – эне жана кыз сыяктуу.
(Бенжамин Франклин)

Дүйнөдө үйрөтүлгөн бардык илимдердин эч бири эненин сүйкүмдүү бир көз карашына татыбайт.
(Вильгельм Раабе)

Эне – беш кишиге төрт кесим торт турганын көрүп, торттон жийиркенген алгачкы адам.
(Теннева Жордан)

Маанилүү нерселер үчүн эң ишенимдүү киши – эне, ал – азык, кыштын муздак түндөрүндө жылуу төшөк.
(Кэтрин Хатауэй)

Апам бардык жерде… Гүл жытында, кабылаандын көздөрүндө, китептин барактарында, жеген тамагыбызда, чөлдүн бурганагында, батып бараткан күндүн алтын түстүү шооласында, толгон айдын кристал нурунда.
(Томсон)

Жашоодогу эң жакшы нерселердин бардыгы экиден, үчтөн, төрттөн, жүздөн же миңден. Сансыз жылдыз, гүл, байке, эже жана бир тууган бар; бирок апаң жалгыз.
(Кейт Дуглас Уигген)

Эркектер энелик эмне экенин эч качан түшүнбөйт.
(Оскар Уайльд)

Эч качан унутулбаган жүз – апаңардын жүзү.
(Азирети Мухаммед)

Кыргызчалаган Урматбек НУРСЕЙИТ уулу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.