Кыргыздын чыгаан режиссёру Жалил Абдыкадыровдун ысмы тарыхтын энчисине тийген күндөн канча убакыт өтсө да, улам барган сайын инсандык касиети менен ал койгон спектаклди көргөндөрдүн көз алдына бараандуу тартылат. Жакең чыгармачылык ийгиликке ынтаасын койгон иштемчилдигинен мезгилдин талабын аркалап, окуп да, изденип да адистик режиссуранын терең жана татаал сырларын мыкты өздөштүрсө да, өз учурунда алчу сыйлыктарга, наамдарга келгенде тагдыры алгач ыраазы кылгандай болсо, бара-бара кыйчалыш тартып туруп алды. Жалилди акыркы сапарына узатып жатканда казактын көрүнүктүү режиссёру Азербайжан Мамбетовдун: «Кайран Жакем, жарык дүйнөгө келип, өз элиңдин ар-намысын сактасам, кадыр-баркын көтөрсөм дегенде ак эткенден так этип тилек кылган, жан аябай иштеген азамат элең. Бирок сенин даркан талантыңды, режиссёрдук кудуретиңди туйгандар болдубу? Чыгармачылык мүмкүнчүлүгүңдү пайдалануунун ордуна бут тоскондор да болду. Театрдан тышкары көп жүрдүң. Эмнени айталы, эми жаратып кеткен сахналык чыгармаларды унутпай, бир кезде Жалил Абдыкадыров деген үлкөн режиссёр өткөн, ал кыргыз театрынын өнүгүшүнө зор салым кошкон деп айтчу уул чыкса болду. Жалил, сен мыкты спектаклдерди шартка жараша аз болсо да, саз койдуң» деген сөздөрү азыр да кулакка угулуп турат. Көз жашын көлдөтүп, теңселе түшкөндө эки казак актёру эки колтугунан жөлөп, топтон четтеп алып чыкканы көз алдыда.

Ооба, спектакль коюу актёрду, сценографтын, музыканттын чыгармачылыктары менен тыкыс байланыштуу. Режиссёр спектакль жаратуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган күнү чыгармачылык иштен калат. Жакеңдин чыгармачыл инсан катары тагдырынын драмалуу болушунун себебин курчаган чөйрөсүндөгүлөрдүн кимдигине карабай адилетсиздикти байкап калса, дароо кайрып салма адаты бар, өз ишенимин аягына чейин саксактаган өжөрлүгүнөн, билгенин бербеген көк жалдыгынан, принципиалдуулугунан издесе болот.

Ырас, ал сыдыргыга салгандай бир калыпта жаза басчу эмес десек, ыйманыбызга шек кетирип аларбыз. Кээде жаагы жаңылып, туягы мүдүрүлө түшкөнүн мойнуна койсоң, унчукпай күлүмсүрөп калмай адаты бар эле. Бирок оюна туура келбей, жакпай калган ой болсо, кабагын чытып, күрсүнүп басып кетчү.

Жалил Абдыкадыров театрда элүү спектакль коюп, он эки пьеса жазып, он эки пьеса которуп, үч китеби жарыкка чыгыптыр. Көптөгөн театр тууралуу макалалардын, аңгемелердин жана ырлардын автору. Ал өз чыгармачылык жолун 1984-жылы ташкендеги А. Н. Островский атындагы сүрөт жана театр институтунун режиссёрдук бөлүмүн бүтүргөндөн кийин Ысык-Көл областтык драма театрына башкы режиссёрлукка дайындалгандан баштайт. Бул мезгилде Ысык-Көл театры жалпы кыргыз театрына мүнөздүү репертуардык жардылыктан улам эптеп оюн чүргөп, көбүнесе концерт даярдоого күчүн чыгарчу. Анан калса стационарда даярдалган спекталди Пржевальск шаарына эки-үч күн коюп, бир нече бригадага бөлүнүп, дөңгөлөк үстүндө жайкы ысыкка, кышкы суукка карабай, жылдын сегиз-тогуз айын өткөрө турган. Мындай тыным алдырбаган жүрүш эптеп курап алган спектаклдин «ишпалдасын» чыгарчу. Бирок театрда ошондой «чыгармачылык» жашоого жедеп көнүп бүтсө да, кабагым-кашым дегенди билбеген күчтүү коллектив иштечү. Алиман Жангорозова, Айдар Кожобеков, Калманбет Эркебаев, Сонунбүбү Сатыбалдиева, Асанкул Куттубаев, Жумаш Сыдыкбекова, Сулайман Мээрканов, Ахмат Бердибаев, Дүйшө Сариев жана башкалар чыгармачылыкка кедерги болчу түркүн кыйын шарттарга карабай, жан үрөп иштешчү. Эсте каларлык мыкты образдарды жаратуу амалын көздөшчү. Алардын ар кимиси роль гана аткарбай, ар түрдүү аспаптарда ойношуп, кубулжутуп ырдаша да билишчү.

Алардын чыгармачылыктарындагы дагы бир артыкчылык: улам жаңы шартка кабылып, жаңы көрүүчүлөргө жолугушуу башкача бир шык менен ойноого түртүп турчу. Ойго келбеген таасир кыргыздын фольклордук театрына мүнөздүү импровизациялык ыкты кең-кесири пайдаланууга өзгөчө ыңгай болуп берчү. «Сүрөткер – кайсы учурда болсо да сүрөткер. Изденген инсан чарчабайт. Эл арасында канчалык көп жүрсөң, ошончолук алардан азыктанып, жандүйнөң жаңырып турат», – дечү Алиман Жангорозова эже. Деги айыл жериндегилерди көлдүк актёрлордой терең түшүнүшүп, даана таанышкан башка искусство ишмерлери анча чыкпаса керек.

Ж. Абдыкадыров барганга чейин актёрлор жылдын он айынан ашыгын талаалап жүргөндөрү аз келгенсип, Ысык-Көл драма театрында атайын билимдүү режиссёр да, театр сүрөтчүсү да иштечү эмес. Роль чыгаруу, образ түзүү дегенди актёрлор сырткы окшош, жакындаштырылган белгилер чектеп коюшчу. Театр үчүн спектаклдин көркөм сапатына көңүл буруудан мурда канча жолу коюлгандыгы маанилүү эле. Элге көрсөтүлгөн спектаклдердин мүчүлүштүктөрү концерттик программа менен жабылып калчу. Коюлган спектаклдерге караганда алыскы райондорго жөө-жалаңдап барып, оюн коюу аңыз болуп айтылчу.

Биринчи барган күнүнөн тарта труппанын өзгөчөлүгүн, актёрлордун кимиси эмнеге жөндөмдүүлүгүн иликтеп, баарыдан театрдын репертуарын жаңыртуу зарылчылыгын сезгенАбдыкадыров мурдатан даярдалган Т.Абдумомуновдун «Кумдуу чап», Р.Шүкүрбековдун «Менин айлым», К.Жантөшевдин «Бир үйдө», К.Бектеновдун «Айкын жол», А.Островскийдин «Сепсиз кыз», Гольдонинин «Эки мырзанын малайы» жана башка спектаклдерди карап чыгып, режиссёрдук оңдоолорду киргизип, түзүктөрүн репертуарда кармап турууга аракеттенди. Анткени режиссёрдук чечилиштери ойдогудай болбосо да, айрым актёрдук өз алдынчалыкка ээ белгилерди атайын адистик билим алышпаган труппа мүчөлөрүнө сабак катары ал спектаклдер өтө маанилүү эле. Качанкы бир табылганы улам-улам пайдалануу көп актёрлорду штампка айландырып салганын дароо байкады. Анан калса, театрдын чыгармачылык багытын оңдоо уюштуруу иштериндеги кедергиликтерден кутулууга тикеден-тике байланыштуу эле. Ошондуктан гастролдук жүрүштөрдү тартипке келтирүүгө, спектаклдерди даярдоо мезгилине, даярдалгандардын стационарда узагыраак кармоого, өзгөчө актёрлордун адистик чеберчилик деңгээлдерин арттырууга биринчи муктаждык катары көңүл бурду.

Спектаклдерди даярдоо мезгилинде труппанын бардык мүчөлөрүн катыштырып, атайын убакыт белгилеп, актёрлор менен чеберчилик, көркөм окуу, сахналык кеп жана Станиславскийдин системасы боюнча регулярдуу сабактарды өткөрө баштады. 50-жылдарда адистик театрларда мындай иштерди жүргүзүү адаттан тышкары туюлса да, труппанын абалын жакшыртуунун бирден бир жолу адистик деңгээлди көтөрүү экендигин өз учурунда сезди. Кийин Алиман Жангорозова белгилеп айтпадыбы: «Жалил келгенче роль аткарат десе эле элди эптеп күлдүрүүгө же таңгалтыралы деп, көздөн жаш чыгаруунун аргасын издеп жүрбөйбүзбү. Көрсө, каармандын дүйнөсү менен жашоо деген гриммденип сахнага чыгуу менен чектелбейт экен. Станиславскийдин системасы эмне экендигин Жалил бизге жөнөкөйлөнтүп түшүндүрдү десем болот. Көрсө, драматургдун чыгармасын түрдүү театрлар коюп, түрлүүчө бааланганы ар бир режиссёр драманы өзүнчө окуй билгендигинен улам тура. Жалилдин педагогдугун спектаклди даярдоо учурунда да баамдап, эртең өтчү репетицияга даярданып келүүнү Жалилден кийин өнөкөт кыла баштадык».

Ж.Абдыкадыров чыгармачылыгын баштаган мезгилде кыргыз театрына театр өнөрүн аздектегендерди ыраазы кыла турган спектаклдер жаралды. Бирок ийгиликтерге улам өкүнөрлүк кемчиликтер да арбын эле. Өзгөчө реализм дегенди чындыкка окшоштук, турмуштагыны иргебей алып чыга берүү деп түшүнүү көз карашы театрларды бир ченемге, бир талапка жетеленип иштөөгө түртүп, изденүүлөргө, алдыга умтулууларга анчалык жол берилбей жаткан. Өзгөчө «Конфликтсиздик теориясы» совет драматургиясына да, театрына да залалын тийгизди. Улам бир «теорияны жетектөөчү багыт катары кабыл алышкан кыргыз драматургдары башын көргөндө аягы менен бүтөрү белгилүү болгон чыгармаларын үстөккө-босток жаратып жатышчу. Идея жагынан калпыстык кетирип албайын, бекерден бекер жеме укпайын деген кооптонуулар драматургдун да, режиссёрдун да чыгармачылык эркин ой-жүгүртүүлөрүн кишендеп турган сыяктуу. Ошондон улам турмуш чындыгынын татаал жагдайларын, курч көз караштардын күрөштөрүн чагылдыруудан көбү жүрөксүнүп тургансышты. Ал тургай Станиславскийдин системасы дегенди турмуштагыларды териштирбей, кандай болсо ошол калыбында сахнага алып чыгуу деп түшүнүп жүрүштү. Бирок ошондой кырдаалдарга карабай, сахналык өнөрдү натуралисттик көрүнүштөргө сын көз менен кароо, жаңы багыттарга умтулуу, көркөм каражаттарды издөө аракеттери 50-жылдардын экинчи жарымынан тарта байкала баштады. Ж.Абдыкадыров театрга келгенде совет коомундагы атмосферанын оңоло баштагандыгы сахналык өнөрдө да жаңылануу зарылчылыгын айкындап турду. Совет театрына Г.Товстогонов, Ю.Завадский, М.Кнебель сыяктуу совет режиссурасынын чеберлеринин жолдорун жолдошкон А.Эфрос, О.Ефремов, М.Туманашвили, А.Мамбетов өңдүү таланттуу режиссёрлордун жаңы генерациясы чыгармачылык аренага келди. Алардын катарында Жалил Абдыкадыров да бар эле.

Жалилдин алгачкы спектаклдерин көргөн адистер анын келечеги кең, кези келгенде кыргыз гана эмес, жалпы совет театрынын өнүгүшүнө өзүнчө чыгармачылык салым катарында таасир бере турган спектаклдерди жаратарын зор ишеним катары белгилешчү. Бирок талантты улуттун руханий казынасы катары аздектөө колдон келеби? Аттигиниң, кээде «эшиктин алдынан аккан суунун кадырына жетпей» калат эмеспизби? Антпесе А.Мамбетов күтүлбөгөн жерден ажыраган кесиптеш досунун сөөгүн жерге берерде: «Жаке, сенин көзүңдүн тирүүңдө түшүнүшпөдү, түшүнүүгө аракет кылышпады», – деп өксүбөйт эле.

Жалил Абдыкадыров – Отунчу Сарбагышев, Өмүркул Жетикашкаев жана Ажыгабыл Айдаркуловдон кийин драмалык театрда иштеген жогорку билимдүү биринчи кыргыз режиссёру эле. Жалилге дейре драмалык театрларда башкы режиссёрлук милдетти актёрлор же башка жактан чакыртылган орус театрынын өкүлдөрү аткарчу. Алардын ичинен кыргыз театрынын өнүгүшүнө өзгөчө таасир тийгизген спектаклдерди коюшту. Кыргыздын мурда атайын билим албаган актёрлорунун өзүнчөлүктөрүн ачууга зор көмөк көргөзүштү. Албетте, кезектеги спектаклдерди коюуда актёрлорду ассистенттикке тартуу, айрымдарына өз алдынча режиссёрлукка күч сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк берүү, областтык театрларга башкы режиссёрлукка дайындоо өзүбүздө улуттук кадрлардын жоктугунан улам ошентип аткан шартта Жалил Абдыкадыровдун Ысык-Көл кыргыз драма театрына башкы режиссёрлукка дайындалышы логикалык жактан туурадыр. Бирок кыргыз мамлекеттик драма театрына дароо келип иштегенде ал чыгармачылык жактан тез такшалып, 1958-жылы өткөн Москвадагы экинчи он күндүктө ал койгон спектакль тууралуу сөз болсо, эртерээк оозго илинип таанылат беле деген ойго кетесиң.

Эмнеси болсо да Станиславскийдин жолун жолдогондор деп эсептелген орус режиссёрлорун кыргыз театрынын көркөм жетекчисине дайындоо эреже катары туюлчу. Бирок Жалил кыргыз театр өнөрүнүн, драматургиясынын алгач чыйыры түшкөн жерде чыгармачылыгын баштоосун андан аркы калыптануусуна ыңгайлуу шарт катары көрчү. Театрдын репертуарын дүйнөлүк жана орус классикасы жана ошол кездеги коңшулаш республикалардын драматургдарынын мыкты чыгармалары аркылуу байытууга аракеттенди. Алты жылдын ичинде Мольердин «Аргасыз дарыгер» (1955), Гоголдун «Үйлөнүү» (1956), белорус драматургу Макаеноктун «Боордогу таштар» (1956), Галандын «Таң алдындагы сүйүү» (1957), казак драматургдары Абишевдин «Күнүчүлдүк» (1957), Тажибаевдин «Жалгыз дарак токой болбойт» (1958), Мухамеджановдун «Бөрк алдындагы бөлтүрүк» (1958), Мусреповдун «Козу Көрпөш – Баян сулуу» (1960), кыргыз драматургдарынан Абдумомуновдун «Ашырбай», Жантөшевдин «Курманбек», Куттубаев менен Маликовдун «Жаңыл Мырза», Көбөгөновдун «Болот менен Тынар», Эшмамбетовдун «Эгиз бала» сыяктуу пьесаларын жаңыртып, профессионалдык деңгээлде койду. Ар бир спектаклде Жалил авторлорго мүнөздүү белгилерди, аларда роль аткарышкан актёрлордун өзүнчөлүктөрүн ачуу аракетинде болду. Театр аркылуу алыскы айылда турган көрүүчүлөр жогорку адистик деңгээлде жүзөгө ашырылган спектаклдер, ар бири кийин классик статусуна ээ мыкты драматургдардын чыгармалары менен таанышуу мүмкүнчүлүктөрүн алышты. Өзгөчө Ж. Абдыкадыров казак драматургу А.Абышевдин «Күнүчүлдүк» аттуу пьесасын сахнага алып чыкканда анын жөнөкөйлүк жана ачык-айкындык жолу менен көрүүчүлөргө чыгарманын ички маңызын жеткирүү жана конфликтти чечүү аракетин театр билгилери өз учурунда белгилешти. Казак адабиятынын классиги Г.Мусреповдун «Козу Көрпөш жана Баян сулуу» драмасы Ысык-Көл театрында гана эмес, жалпы эле кыргыз театрынын 50-жылдарда коюлган этаптык чыгарма катары белгиленди. Ал тургай Габит Мусрепов өзү спекталди көргөндө кыргыздар казак чыгармасын өздөрү жазып алгандай сезгендигин белгилептир.

Жалил Абдыкадыров «Ашырбайды» алып чыкканда театрда дасыккан режиссёрлордун оңой менен колунан келбей турган массалык сахнаны ушунчалык билгичтик менен койгондугу театр коомчулугун таң калтырган. Ошентип, сахналык үзүрлөрдү жаратууда Абдыкадыровдун реалисттик айкындыкка умтулуусу, окуяларды өрчүтүүдө, негизги конфликттерди чечүүдө сахнадагы ар бир элементтин «кыймылын» активдештирүү жөндөмдүүлүгү, эң негизги эпикалуулукка карай багытта калыптана баштады. Бул багыт ал кыргыз драма театрына алгач Б.Жакиевдин «Атанын тагдырын» коюп, андан соң башкы режиссёр мезгилинде биротоло өз амалына жетти окшойт.

«Атанын тагдырында» психологиялык драма жанрынын калыптануусун, «Бетме-бетте» адамдын башына аябагандай кыйынчылык түшкөндө оор сыноодон өзүн өзү кайра куруу менен илгиртпей өтүүсүн, айтор, ар бир спектаклде жаңы чыгармачылык милдет коюп, аны ийгиликтүү чечип жатты. Кыргыз театрында коюлган отуз спектаклдын тигил же мунусу ортозаар болуп калды деп айтууга мүмкүн эмес. Ал эми Шекспирдин «Король Лири», А.Токомбаевдин «Өлбөстүн үрөнү», Хикметтин «Унутулган адамы», М. Горькийдин «Васса железновасы», Ш. Садыбакасовдун «Ак боз аты», Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетейи» кыргыз режиссёрдук өнөрүнүн шедеврлери. Ар бирин ырдап айтар спектаклдер. Бул кыска макаланын максаты мезгилсиз өтүп кеткен улуу инсандын чыгармаларын болочок муундарга жеткирүү жана кыргыз театр өнөрүнүн бедели кантип бекемделгенин учкай болсо да эскертүү.

Биздин муун өтсө, биз айтпаганда аны ким айтат?

«Жаңы Ала-Тоо», 2012, №11

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *