АҢГЕМЕ

Картаңбай чалдын илгерки өткөн бир иштен улам жүрөк өйүгөн ич күптүсү бар эле. Бул сыр ошол жабылуу бойдон кала бермек, эгерде… Ушул соңку окуя анын картайганда башына түшкөн чоң сынак болду, бирок багына баары байсалдуу бүттү.

I

Айыл түндүк тоолордон тээ ылдыйкы сай таманына чейин кериле кучак жайып, тепкич-тепкич болуп жайгашкан үч түзөңдүн төмөнкү экөөсүнө жайгашкан. Бул түзөңдөрдүн туурасы кенен эмес, эки жагында жардана тик түшкөн дагы эки сай бар, андагы жарыша аккан эки суу ылдыйкы чоң дайрага кошулат. Жогорку түзөң кыйла кенен, бирок жалаң жаан-чачынга күнү түшкөн бак-дарак, бадал бечел өсүп, жетилбей калган. Анын өрдүгүнө байланыштуу эки тарабындагы эки суудан арык алынбай, жутаңкы калган.

Эски айыл орто түзөңдө. Бардыгери жүз түтүндөй. Мектеп, дүкөн, доктуркана ошондо. Илгери анда короо-жай оголе аз болуп, жердин теңи бош жатчу. Азыр түзөңдө чоло жер жок, тегиз жер тургай, чеке белдеги кашаттан ылдый түшкөн кыя беткейди да ээлеп алган. Орто түзөң мелт-калт болгондо, айыл эли бийлик ээлеринен ылдыйкы түзөңдү жаңы жер тилкелерине бердирүүгө жетишти. Кантсе да канат-бутак өсөт, жаш балдар жетилет, уядан учуп, өзүнчө түтүн булаткысы келишет.

Ылдыйкы түзөң ортоңкудан кыйла кууш да, тар да. Илгери анда совхоздун алма багы болгон. Анда азыр бир эле көчө, ал көчөдө да үйлөр бир гана түштүк тарапта жайгашкан. Короо-жайга жерди кененирээк калтырмак максатта үйлөр да боор таянып, өйдөрөөк түшкөн. Ортоңку жана ылдыйкы түзөңдү ошол боор экиге бөлүп турат. Аны кыйгачынан кесип өткөн кенен шагыл машине жол бар. Төмөнкү түзөңдүн ылдый чети тик кулама аска-зоо, асты – чытырман токой. Токой тар нугунда жайын-кышын тынч албай, буркан-шаркан түшкөн тентек сууга барып тумшук тирейт.

Ылдыйкы айылда жашагандар ата конушунан бөлүнүп чыккан жогорку айылдын балдары. Булардын турагы жеринен табигатка жакын: жалама тик аска-зоо да, алдас урган ташкын суу да, жаңгагы, алчасы аралаш дүпүйгөн жыш токой да ээк алдында. Алар айрыкча дайра жакынын өктөм сезишет. Эки жээктеги аскалардан жаңырып, бирде мокой түшсө, бирде кайра ычкынган арыбас шоокум, эпкиндүү муздак суу илеби алардын жан шериги. Ал айрыкча саратанда кашкая билинет, айылга суу эпкини мөңгү салкынынан эрте да, арымдуу да жетет.

Дайранын тиги өйүзү да аскалуу жарташ. Ал жакка өтчү көпүрө жакын арада жок. Айылдыктар көпүрө курушса, беш-алты жылга араң чыдайт, анан ээ-жаа бербей албууттанган киргин суу анын соксойгон кош таш жаздыгын гана калтырып, калганын бүт шыпырып тынат.

II

Картаңбай чалдын небересинин үйү кичи айылдын чок ортосунда, өйдөрөөктө. Андан айылдагы үйлөргө гана эмес, тиги өйүзгө да байкоо салса болот. Антсе да дүрбү менен эле көрөм дебесе, көзүнүн курчу кеткен чал тиги өйүздү даана көрө албайт. Дүрбү – бул башка кеп. Ал балакетиң көз жетпеген түпкүрдү алаканыңа салгандай жакындатып берет тура. Өзү да бул чөлкөмдө жок таберик. Небереси Арстан аны тээ жердин түбүнөн, Германиядан алып келген. Анда ал айыл жаштарынын арты болуп армияда кызмат өтөгөн. Андан кийинки жылы эле ал жакка биздин балдар барбай калышты. Эки жарым Германия бир бүтүн болду. Арстан да бул дүрбүгө ит азабы менен ээ болгонун көп айтып калчу. Ал жөн салды дүрбү эмес, аскери дүрбү эле. Айнеги цейсстики, анын эмне экенин Арстандын өзүнө гана жарык. Дүрбү жыйырма эседей чоңойтот деп калчу Арстан. Алгач ага дүрбүнү алып кетүүгө улуксат беришпептир. Өз командирине айтып, жалынып-жалбарса, аны жөн буюм деп каттап, чегарадан эптеп алып чыгып кетүүгө шарт түзүп бериптир, бай болгур.

Картаңбай жайды жайлап Арстандыкында. Бул жердин абасы таза, күнү салкын. Кылган иши – эшик алдына отургуч коюп алып, керели-кеч жака-белге көз салуу. Беймаал, күзгө таман жөжө басып чыгарган эки мекияндын чүрпөлөрүн асмандагы кулаалыдан, жердеги ит-куштан кайтаруу да анын мойнунда. Мекияндардын бул жоругу күздүн жылуу болорунабы же кыштын кеч түшөрүнөбү, белгисиз. Көктөн келчү кулаалы экөө. Алар жөжөгө чапса кеч жазда, жай башында чабат. Эки жөжөнү бир алып кеткен күндөрү да болот.

Картаңбай алардын ургаачы-эркегин жиктей албайт. Анын уясы тиги өйүздөгү тик жарташтын кычыгында, аны айыл эли бүт билет. Жапалдаш бир бута бир аз калкалайт дебесең, ал дүрбүдөн да даана көрүнөт. Кечинде кулаалылар ага дайра үстүнөн каалгып учуп барып конушат. Ошондо аларды дайра эпкини өйдө серпип, суу үстүндө сүрөп бараткандай сезилет. Тээ илгери, ылдыйкы айыл ордунда алма бак турган кезде, кош кулаалы бу өйүздөгү аскага уя салышчу. Төмөнкү түзөңгө үйлөр курула баштаганда, алар эски уясынан безип, тиги өйүзгө кетишкен. Болду-болбоду, бул эки кулаалы же ошолордун өзүлөрү, же алардын балдары. Иши кылып, соңку кезде баки-жоктун баарынын берекеси учуп бараткансыйт. Кулаалы да ошол эсепте. Илгери азыгы жетерлик болуп, үй тооктун жөжөлөрүнө чапчу эмес. Кышында кар, жайында жаан-чачын азайган сайын, ой-кырдын чөбүнүн да куту качты, жер чукуган макулук, жапайы ит-куштун да аягы суюлду. Бул кош кулаалынын жөжөлөргө, анан калса күзгө тарта чабышы бекер жеринен эмес. Жашоо кыстап ошентишет да, эмесе кудай алар азык кылсын деп жараткан жер-суунун макулуктары жетишпейби? Арстан улам туруп элирип, аларды атып салмак болот. Үйдөгү кош атарды дүрмөттөп койгону качан. Картаңбай анын демин суутуп, жөжөлөрдү кайтарып берүү милдетин өз мойнуна алган. Ичинен кулаалы эми жөжөгө чаппас деп ойлойт, анткени күзгө чукул калды. Жер чукуган макулук аз болсо да, азыр кадыресе ирденип алган кез. Тумшукка илинбес жөжөлөрдөн аларга не кайыр? Азырынча кулаалылар айылга баш багыша элек. Антсе да сактыкта кордук жок, абай болуу абзел.

Тоок жөжөлөрү менен көбүнесе тигиндейде күйпөлөктөйт, куш келип калчудай болсо, чал аны таягы менен деле үркүтө алат. Бүгүн чал адаттан тыш дагы эки кызыкты байкады. Алгач, тиги өйүздөгү кулаалынын уясынан бутага тырмышып чыгып, бери өткөн балапанды көрдү. Кулаалылардын өзү ал тапта көз жаздымында эле. Оболу дүрбүдөн бута менен кошо кыбырап жаткан бирдеме көрүндү.

Ал дүрбүнүн капталын бурап, бутаны чоңойтту, таасындады. Балапан бутадан берки тектирчеге өттү, алды-артына көз салып коёт. Эми эмне кылар экен деп Картаңбай ага кызыга карап турду. Ал балапандын ошол чактагы кыймыл-кыбырын бүт көрө алган жок. Байкаганы: боз жарташтын шаңында араң билинген көгүш-сур муштумдай жандык. Ал тектирчеде колтук жүндөрүн чокуп таранып бир аз олтурду, анан тыяктан чыккан жол менен кайра артына кетти. Балким, уяда калган түгөйү аны издеп, жоктогонунан улам ошентти бекен? Чал ичинен бул кымындай жаныбардын эстүүлүгүнө тан берип отурду: ал өзү чыккан жарташ менен бутанын түбүндөгү кычыкка салды. Бутанын чет капталына салса, балким, байкоостон жарташтан учуп кетиши да ыктымал эле.

Чалдын көңүлүн бурган дагы бир окуя – жогорку айылдагы Бурулча небереси Арстанга кошуна турган уулунун үйүнө ушуну менен экинчи жолу келип жатышы. Ал кечке таман, мал үйгө кайткан кезде келет, бирок короо ичинде карайлап туруп калат. Бул кезде келини менен неберелери мал көздөө менен убара: мал жайланып, уйлар саалып, жем салынышы керек да. Бурулча туруп-туруп, кайра артка тартат. Кызык, анда ал эмнеге келет болду экен? Уулунун малына байкоо салуу үчүн элеби? Албетте, бул дайны жок кеп да. Бул жолу Бурулча тигиндейден өтүп баратып, картаңбайга салам берди.

– Үйгө кирип, даам ооз тийбейсиңби, Бурулча?

– Жок, аке, малды тосуш керек.

– Ага жаштар бар да.

– Жаштар тосорун тосот, бирок артынан көздөбөсөң, бирдемеси чала калат.

– Какиш байбиченин ашы качан?

– Үч аптадан кийин.

– Убакыттын желдей учканын көрсөң. Сапарга кечээ эле кеткендей болду эле, бир жыл өтүп кетиптир да.

– Балдар азыр чөп ташуу менен алек. Бүтсө эле, ашка кам көрө баштайбыз, кудай буюрса.

– Тилегиңер кабыл болсун.

– Айтканыңыз келсин.

Иңир кире мал жайланып, айыл тынчый түштү. Суу шоокуму таасынданып, салкын сөөктөн өтө сыздатат. Мекияндар жөжөлөрүн ээрчитишип, түнөгүнөн орун алышты. Бир кулаалы жарташты көздөй уясына учуп кетти. Караңгы коюуланды. Картаңбай болсо, өткөндү эстөө менен алек. Жигит кезиндеги башынан өткөн-кеткен окуялар улам имерилип оюна келет. Жакшы-жаманы аралаш ар кандай кыял-жоруктун күбөсү болушкан ал учурда жашаган кишилер.

Өзү да жаш эле, жашоо ырайы да башка ал кезде. Бирок ошондогу бир иштин кээри көкүрөгүнө зил болуп уюп, аны дале тынч алдырбайт…

III

Бурулчанын кайнатасы чөлкөмдөгү оокаттуулар эсебинде болгон. Жалаң жылкысы эле кырк чамалуу, ичинде байгеге коюлчу күлүктөрү да бар. Кезинде кыз алган байбичеси каза болуп, артында тестиер бала калган. Ал майып төрөлүп, көзүнүн чели бар эле. Кароосуз калган бала кул-кутанга кошулуп, үй кызматын кылып жүрдү. Аңгыча кайнатасы дагы үйлөнөт. Аялы күйөөсүнөн он беш жаштай кичүү, тыкчыңдаган келин эле. Бул жыйырманчы жылдардын башында болгон. Анда Бурулчанын өзү деле дүйнөгө келе элек. Жаңы аялы баякы каза болгон Какиш байбиченин өзү. Ал дүйнөдө токсон жаш жашап, былтыр каза болду. Жаш келин жыл айланбай үйдөгү чоң чарбанын тизгинин өз колуна алып, аны тиш каккан немедей чарк имерип жүрдү. Келиндин чеңгели салмактуу, кул-кутанды тим эле кан кууруйт. Бул, айрыкча жетим балага катуу тийип жатты.

Энеси өлүп, жетимдиктин ачуу даамын татып калган ага эми деле күн жок болуп калды. Мурда бала малайларга кошулуп кызмат кылганы болбосо, чоң үйдө түнөчү. Эми ал кул-кутан менен бир табактан ичип-жеп, бир төшөктө түнөчү болуп калды. Ал бир кыйчалыш, тар жол, тайгак кечүү заман эле. Совет өкмөтү Орто Азиядагы басмачы каршылыгынын мизин кайтарып, жер-жерде өз бийлигин орнотсо да, басмачылар түп-тамырынан бери жок боло элек. Колхоз өнөктүгү да башталып калган. Басмачылар ушуну эле күтүп турушкандай, кайра баш көтөрүштү. Жер-жердеги өз кишилери аркылуу колхозго каршы үгүт жүргүзүп, барынча каралашты, аны элге мокочо кылып көргөзүүгө далалат урушту. Колхоз элдин баарына бир казандан аш берип, бир төшөктө уктатат имиш деди. Элдин көбү буга ишенди. Өзү караңгы эл болсо, анан кантсин байкуштар? Көпчүлүк жапырт колхоздон үркө безишти.

Бул чөлкөмдө басмачынын чоң уюгу болгон эмес. Алардын өкүлдөрү мында Чаткал тараптан ашуу ашып, суу кечип келишчү. Совет бийлигине кыйрата сокку урмак максатында басмачылар элди өз тарабына тартууга далбас уруп, үгүттөп жүрүштү. Өз учурунда Чаткал басмачыларын көкүткөндөр Ферганада калган, дале болсо омоктуу басмачы топтору эле…

– Ата, үйгө кириңиз, караңгы болуп калды.

Бул Арстандын аялы, Нуркан.

– Саал отура турайын. Арстандан эмне кабар?

– Кечирээк келем деген ал эртең менен.

Келин үйгө кирип, Картаңбайдын чепкенин алып чыкты.

– Жамынып алыңыз. Салкын түшүп калды. Чыйрыгып каласыз.

Чал келинди алкап койду. Ал аба салкын тартып, суу шоокуму күчөгөнүн эми гана байкады. Жыйырманчы жылдардын соңунда, ал да бир себептер менен басмачылар тобуна кошулуп калган Бурулчанын кайнатасы совет аскер окуу жайынын курсанттары менен болгон кармашта капыстан окко учту. Ошентип, кабак-каштын ортосунда чөлкөмдөгү эң кадырман үйлөрдүн бири жок эсептүү болду да калды. Ээси жок бүлө шашылыш көчкөн үй ордунда ээн калган журттун кейпин кийди. Мал алыс-жакын туугандын колуна өтүп, жүрө-бара мүлдө жылас болду. Байынын көзү тирүүсүндө түшүндө да көрбөгөн тууган, тууган эместер жесир билбеген кайдагы бир карыздарын доолап келишти. Кыскасы, жыл өтпөй анын колунда бир кап буудайдан башка бир чымчым азык калбады. Кыш такымдап келгенде, бул оокат, албетте, жанга аралжы боло алмак эмес.

Картаңбай анда жаш эле, өзү Какиш байбичеден алты жаштай кичүү. Ошондо андан бир чоң чекилик кеткен. Аны өзү кечирээк сезип калды. Ал кезде болсо… Анда абал башка, ачарчылыктын арааны жүрүп, жамы журт өлүм оозунда. Ачка эл тиги Казакстанда, Волга боюнда боо түшүп кырылып жаткан… Бирок кыйын кезеңде адам да айбан сымал сезгич келет тура, тиги алааматтын кээри жердин жети түбүндөгү бул элетке да жетип жатты. Ал кезде Картаңбайдын сабаты ачылып калган. Бирок ал арап тамгасын гана билет. латын ариби жаңы киргизилген. Элдин андан кабары жок. Сабат билсең болду, сабаттуу анда бармак менен саналуу. Какиш экөөсүнүн тууганчылык жайы да бар эле. Бир күнү ал Какиштин Чаткалдагы туугандарынан деп жесирге жалган кат жазды.

Тааныш кишилер беришти деп аны тигиге жеткирди.

– Какиш эже, бул кат Чаткалдагы туугандарыңан келиптир.

Алар ашуу жабыла электе аракет кылып, тезирээк мында жетсин дешиптир. Мында тынч, Какиш келчү болсо, андан бир туугандык жардамыбызды аябайбыз деп жазышыптыр.

– Кичинекей бала менен ашуу ашып, анда жете алар бекем?

Баласы беш-алты жашар. Ал Бурулчанын болочок байы, эмгиче көзү тирүү.

Кара тааныбаган жесир эки анжы ойдо калат. Ишенбейин десе – Картаңбай жакын болбосо да тууган чалыш. Анан калса, бир кап буудай менен кыштап чыгуу сыйкырчынын гана колунан келбесе, бенденин иши эмес. Ишенейин десе, кычыраган кыш келип, жакадан алып турганда эселек бала менен кантип ашуу ашмак?

Картаңбайдын эсебинин дагы бир арамзалыгы – жесир Чаткалга жетпей да калышы мүмкүн эле… Азыр муну ойлогондо өзүнүн да төбө чачы тик турат. Окус Какиш Чаткалга жетчү болсо, анда ал бир айласын тапмак. Кечирээк болсо да жесирге карызын үстөгү менен кайтарып берип, ар шылтоо айтып, эптеп көңүлүн алмак. Башкысы – кыштан чыгуу. Андан аркысын ойлоп баш катыруу – акмактын иши.

Жесир акыры кетүүгө бел байлады. Картаңбай ага:

– Буудайың менен Чаткалга жетишиң арсар го. Ага кошумча, балаң да колуңда. Көтөрө алгыдай талкан тарттыр да, калганын мага таштап кет. Кийин келип калчу болсоң, үстөгү менен кайтарып берем, – деди.

Жесир анын айтканына көндү, бирок артына кайтканда, буудайды ага эч ким кайтарган жок. Ошондо да, андан кийин да… Кишини шайтан азгырганда, оболу анын көзүн карартат. Жесирдин акыл-эси өз ордунда болсо, ошондо буудайды эптеп артынып кетчү жеңил-желпи бирдемеге айырбаштап алса болмок, алсак, чаначтагы сары майга. Бирок антмек кайда: ал Чаткалга шашылып турган. Чаткал ага анда жер уюктун нак өзү сезилип турган. Колундагы жаш бала менен ашуу жабылгыча жетип алайын деген ал шашып-бушуп сапарга жөнөйт. Байы каза болгон соң, чилдей тарап кеткен көп малайдан калган жалгыз малайы аны менен кошо чыгат. Барар жери жок болуп, бул малай жесирдин эшигинде калган. Унаа-көлүк жок, жөө-жалаңдап жол басышат. Бала аларга кошумча жүк: бат чарчайт, жонуңа көтөр деп чыр салат, тар жол, тайгак кечүүдө колдон түшпөй, эсиңди эки кылат. Анын курсагы ачмайы, суусамайы, үшүмөйү бар… Иши кылып, ит азабы менен Чаткалга жетишет.

Эмне себептен келгенин айтса, туугандары башын мыкчыйт:

– Кокуй, бейбак, бул не кылганың? Сени Картаңбай митаам куп сызга отургузуптур да. Ага кереги сенин буудайың экенине акылың жетпей, сени эмне кара басты?

Ошондо гана жесир кандай шорго малынганын сезет. Бармагын тиштейт, бирок андан не кайыр? Артка да жол жабык. Уулу, малайы менен кошо ал жерде туптуура эки жылга калып калат…

Өйдөкү жол менен машина өттү. Үнүнөн билинди: өр таянып баратат, жүгү да оор окшойт. Чөп жүктөп алса керек. Караңгынын уюганы ушунчалык, тиги өйүздүн тоо беттери кара буурул түнгө төнүп, бир бүтүн болду.

– Ата, үйгө кириңиз. Эшик суук. Арстан да келип калар, машинесинин үнү чыкты жаңы эле.

Чал эртерээкте Арстанды дос-жарандын чөбүн жүктөөгө кетти деп келининин айтканын эстеди.

Картаңбай дүрбүнүн боосун анын мойнуна түрдү, таягына сүйөнүп, ордунан күңгүрөнө турду. Уюган колу-бутуна жан кирсин деп, ордунда биртике күймөлүп калды. Таягын кире беришке, дубалга сүйөп койду. Оң колу менен белин басып, сол колуна дүрбүнү кармап, башын ылдый салып, акырын үйгө кирди.

IV

Эртеси ал өз ордун кайра ээледи. Бүгүн күндүн ырайы башка, кечээкидей ысык жоктой. Асман бүркөк, булуттар күн чыгышка жыла көчүшөт. Чал кулаалынын уясына бүгүн да дүрбү салды. Ага кош кулаалынын бири уяны кайтарганы калганы билинди. Кечээ алар мында болгон өзгөчө бир окуянын жытын сезип калышса керек. Кулаалы дайра үстүндө арымдуу айлана сызып, уядан бир аз обочо, тигиндейдеги урчук ташка конду. Андан уя алаканга салгандай көрүнөт.

Чын эле, ошондон бир саат өттүбү, жокпу, ким билет, кечээки «эргул» балапан белем, көнүмүш жолу менен келип, кычыкка баш бакты, анан кечээкидей бери чыга келди. Кулаалы ордунан учуп, ободо бир айланып, уясын көздөй учту. Ата-баланын ортосунда «жүйөлөшүү» башталды. Балапан уяга кетпей кежеңдеп, эпке келбеди окшойт. Ошондо кулаалы бир саамга эмне кыларын билбей, арасат турду белем. Анан ал ордунан тик көтөрүлүп, бийиктен тегерене учуп келди. Балапанды талаанын кош аяк чычканындай чеңгелге алып, тигиндейден бир айланды да, уясынын жанына конду. Аны уяга түз жеткирүүгө бута менен жарташ жол бербеди көрүнөт.

Картаңбай Какиш байбиченин окуясын кайра эстеди. Анын оюна дагы бир нерсе кылт этти.

* * *

Ошентип, өгөй энеси келбес сапарга кетип, жетим мында жалгыз калды. Ошол тапта аны ойлогон эч ким деле болгон жок. Бул дүйнөдө ал башкалар үчүн жок эсептүү эле. Кантсе да, тирүү деген тирүү, жашоодо анын жакшыбы, жаманбы,буюрган өз энчиси бар. Эгер жесир колундагы жетими менен ашуу ашып, суу кечип, ач бел, куу жондо калбай, барар жерине тирүү жетсе, айылда калган береги жетимдин да өз насиби бар белем, ал да кыштан аман чыкты. Жесир тамды айылдагы турагы жок карыптардын бирине таштап кеткен эле. Балага чоочун уянын чеке-белин түнөктөп, күн көрүүгө туура келди. Жаз келери менен анын тынчын Чаткалдагы аталаш тууганына кантип жетсем деген бир эле тилек алып жүрдү. Чаткалга ким баратты болду экен деп, эл оозундагы имиш-имишти аңдыйт. Аңгыча сапарга чыкчулар да табылды. жетим акебайлап жалынып-жалбарып, ошол топтогулардын этегине жармашты. Алардын арасында маркум атасынын кыйыр бир тууганы бар болуп, балага ошол арка-бел болуп берди.

Топ атчаны бар, жөөсү бар, бары-жогу беш-алты киши эле. Жөөлөр атчандарга илеше алышпайт. Бирок алыс жолдо баратканда ким алда, ким артта деп кызыккан жан деле болбойт, Жол арбыса болду. Бала көбүнчө эле топ артында тезек терип калат. Ошондо тиги тууганы аны эс алдырмакка биртике атына учкаштырып алат. Ушул көйдө ал эптеп көздөгөн жерине жетип калар беле, ким билет, бирок тагдыр башкача буйруду. Сапардын үчүнчү күнүнөн тартып эле ал ичим ооруп жатат деп бүктөлүп калды, анан эсин жоготту. Ага эмне болгонун ар нерсеге жоруган жолоочулар аны жакын жердеги тегирменчинин үйүнө жеткиришет. Бул да тагдырдын насиби, эмесе туура Чаткалга чейинки жолдо киши-караан жолукпайт. Кантсе да, баланы жолоочулар күтө алышмак эмес. Баланы тегирменчиге табыштап, алар жолун улантышат. Тегирменчи күйүмдүү киши болуп чыгат, баланы төшөккө жаткырып, жолоочуларды аттантат. Бала ошондо он беш, он алтыдагы өспүрүм болгон. Ал ошол бойдон эсине келбей, экинчи күнү жан берет. Тегирменчи анын жаназасын окуп, тегирменден алыс эмес жерге көөмп коёт. Мүрзөнүн тегерегине таш терип, мал тепсебес үчүн тикенек бадал менен курчап коёт. Ошондо баланын дарты эмнеде экенин эч ким деле билген эмес. Азыр Картаңбай баамдап караса, бала жөн салды сокур ичек менен ооруп калса керек. Анда баланын кайсы оору менен ооруганын билген күндө да, ким ага жардам бере алмак? Барып-келип, шору калың жетим ошондон бери толук унутта калат. Картаңбайдын буга ишеними бек. Бир жолу ал Бурулчанын күйөөсүнөн:

– Ошол тууганың эсиңдеби деги? – деп сураса, тигил аны жакшы эстей албасын айткан. Үйдө көзүндө чели бар бир тестиер бала жүрчү эле деди да койду.

Какиш го, аны кантип билбей калсын? Уулу билбесе, демек, энеси тирүүсүндө ага жашында жайраган бир тууганы жөнүндө ооз ачып, бирдеме айткан эместир. Кайран Какиш анда ал сырды өзү менен көрүнө алып кеткендир.

Картаңбай тегирменчини да билчү. Саал кийин ал тегирменди таштап, кошуна айылга көчүп келген. Ошентип, жетимдин мүрзөсү да өзү сыңары ай талаада жалгыз калып, күнү бүгүнгө чейин жалгызсырап турат белем. Куурай, чөп-чар басып, бир караган көзгө азыр анын мүрзө экени да билинбей калса керек. Тегирменчи токтоо киши эле. Сурап келген киши-кара болбосо, тигиндей-мындай эле деп башка бирөөгө бала жөнүндө анын ооз ачканын ким билет? Бала жөнүндө болбосо да, мүрзө жөнүндө анын үй-бүлөсүндөгүлөр билсе керек. Бирок атам заманда үйүнө тентип келип, ажалын ошол жерден тапкан неме менен алардын эмне иши бар? Тегирменчи өзү болсо кудай алдындагы, мусапыр пенде алдындагы парзын аткарды, калганы менен анын да чарбасы жок. Өткөн өттү, кеткен кетти. Азыр тегирменчинин дүйнөдөн өтүп кеткенине да он жылдай убакыт болуп калды. Мына, кептин баш-аягы ушул. Муну Бурулча билет болду бекен?

Кечинде Бурулча баягы жоругун кайталады. Беймаксат күтүп туруп-туруп, ал дагы үйүнө кетүүгө камынганда, капыстан уулу, үй ээси Асанбек келип калды. Алар бир топко сүйлөштү, кейпи, олуттуу бирдеменин башын чече албай жатышкандай. Анан сөзүн укпаса да, алардын ымынан Картаңбай, уулу энесин үйгө чакырып жатканын билди. Энеси көнбөдү, бурулуп үйүнө басты.

Өйдө баратып, Бурулча Картаңбайга салам берди.

– Эмне болду, Бурулча, кептин башын чечип алдыңарбы?

– Эмнени айтып жатасыз, Каке?

– Мында үчүнчү жолу келип жатасың да. Бүгүн өңүң башкача.

– Аныңыз чын, Каке, бүгүн кошунаңыз кепке келди окшойт. Ал макул болобу, болбойбу деп эчен сарсанаа болдум. Ал болсо, береке тапкыр бат эле көнө койсо болобу.

– Ырас болуптур. Ал эмне иш эле, купуя болбосо?

– Каке, кечирип кой, азыр шашып баратам. Чалым жалгыз калды. Мен жок болсом эле, жүдөй түшөт, байкуш. Капа этпесеңиз, кептин баш-аягын башка бир күнү айтып берсем кантет?

Картаңбай ага баш ийкеди. Бурулча жолун улантты.

V

Бурулчанын ишинин сыры Картаңбай Асанбектин өзү менен сүйлөшкөн соң да чечилбеди.

– Аксакал, анын ою эмне экенин мен да болжой албадым. Букачарыңды берсең, жакшы болот эле дейт. Мен да көп такыбай, макул дей салдым.

– Букачарды эмне кылат экен?

– Өзү айтпады, мен сурабадым. Өзү да шашып жүрүптүр. Убакыт тар болду.

– Балким, Какиш байбиченин ашына керек болуп калгандыр.

– Чоң энемдин ашына үч жашар бука бордолуп турат. Атам Эсенбек экөө чыгымды тең бөлүп көтөрмөк болушкан.

Эсенбек, Асанбектин ата-энеси колунда турган иниси. Алар ошентип ажырашты. Аңгыча Какиш байбиченин ашы да жакындап келе жатты. Асанбек айткан букачар анын малынын арасында. Акыры Асанбек чалдын үйүнүн жанынан өтүп баратып, Картаңбайды өйдөкү үйдө бериле турган чоң энесинин ашына өз оозу менен чакырган күн да келип жетти.

Сыр түйүнү күтүлбөгөн жерден чечилди. Аштан бир-эки күн мурда Картаңбай Нуркандан Какиш байбиченин ашы жөнүндө эмне билесиң деп сурады. Келини анын ушул сөзүн эле күтүп тургансып, шыңгыр булак болуп төгүлө акса болобу.

– Көрсө, – деп жатты ал, – Бурулча эженин чалынын бир тууганы бар экен. Ал жөнүндө акыркы саатка чейин эч ким билбептир. Жада калса, чалдын өзү да. Албетте, Какиш байбиче билет да, бирок ал өлөр-өлгүчө эч кимге ооз ачпаптыр. Өлүм оозунда турганда гана Бурулча эжеге айтыптыр дешет. Ошондо Бурулча эже тиги унут калган маркум кайнагасынын ашын Какиш байбиченин ашы менен бир бермек болуп чечиптир. Аты Темирбек экен. Бурулча эже ага атап сойгонго мал да табылыптыр: Асанбек ага букачарын тартуу кылган го, сыягы. Мына ушинтип, алар эки кишинин – өгөй эне менен өгөй уулдун – ашын бир бермек болуп жатышыптыр.

Бул – Нуркандын кайнатасына төкпөй-чачпай жеткирген аңгемеси. Картаңбай бир гана:

– Муну кайдан билдиң? – деп сурады. Көрсө, муну ал кошунасынан, Асанбектин аялынан уккан экен.

Акыркы күндөрү Картаңбайды ой басып эле туруп алды. Үйдөгүлөрдүн баары муну байкады, бирок ооз ачып сураганга эч кимдин оозу барган жок. Бир туруп короодо аркы-терки басат, бир туруп жарташтын кашатына барат дүрбү салып, тиги өйүздү карайт, кайра үйгө кайтат, жөжөлөрдү карамыш болот, бирок ою капкайда.

Бир күнү туруп, Арстанга минтти:

– Жогорку үйгө барып, мал арасындагы ала кунажынды алып кел. Башка андай мал жок, бат эле табасың. Атаң бирдеме десе, чоң атам айтты де.

– Азырбы? Караңгы түндөбү?

– Эртең менен жетише албайсың, мал жайытка чыгып кетет.

Арстан ага бир карады да, бурулуп эшикке чыгып кетти. Чоң атасы айткандай кылды.

Эртеси ал Арстанга кунажынды чечип, артыман бас деп буюрду.

– Кайда, чоң ата?

– Анда жумушуң болбосун.

Кары киши таягына таянып, илкий басты. Асанбектин эргилчегине келишти. Арстан анын бекиткичин бошотту да, кыйкырып үй ээсин чакырды. Тиги жумушка кете элек экен. Тышка чыгып, карыяга кол берип саламдашты.

– Эртелеп келип калыпсыз, Каке?

– Кеп бар, Асанбек. Тээ, илгерки бир кезде сенин чоң энеңе бир кап буудай карыз болуп калгам. Андан бери биздин дайрадан көп эле суу аккандай болду. Какиш байбиче да сапарга жүрүп кетти. Убагында кайтарсам болот эле, эч ыгы келбеди. Ал буудай, кыяматтык карыз дейби, ошол сыңары болуп калды. Менин кетериме да аз калды. Ошол буудай үчүн кудай алдында күнөөкөр болгум келбейт. Анын ордуна бул кунажынды ал да, ыраазы бол.

– Бир кап буудайга кунажынбы? Калыстык кайда? Болор иш болуптур, боёгу каныптыр. Өткөндү козгобой, өз ордуна жөн койсо болбойбу? – деди Арстан.

– Сага сөз жок, – деп кагып койду аны Картаңбай. – кыйынсынба. Ал буудай болбосо, азыр балким, мен тургай сен да мында турмак эмессиң.

– Жок десем, таарынып каларсыз. Андагы бир кап буудай жөнүндө да, силердин ич ара мамилеңер жөнүндө да эчтеке билбейм. Бирок маселени кабыргасынан коюп жатканыңыз көрүнүп турат. Кунажын мында калсын, бирок кийин аны кайра айныйм десеңиз, өз эркиңиз. Алыс жер эмес, короолор ирегелеш, – деди Асанбек.

Бул окуя ушинтип бүттү.

Биз да ушул жерде соңку чекит коюп, аңгемени тыянактасак болмок. Бирок кыстыра кетчү дагы бир-эки сөз бар. Эки-үч күндөн кийин Картаңбай, кулаалынын балдары уя тегерегинде аркы-терки уча баштаганын байкады. Алардын уядан учканын Картаңбай деле аңдамак эмес: бир күнү көз салса эле, кош кулаалынын бири баягы өзүнүн күзөт ордунда, урчукта отурат. Көп өтпөй, ага уя түлөктүн бири учуп келип, жанаша конду. Ал ала сала отура албай, теңселип жарга учуп кете жаздады, ошол замат эки канатын каккылап, калтаңдап барып араң оңолду. Бали, жаш түлөк! Картаңбай кески жаңылбаса, сен баягы эле уядан суурулган, ата-энесинин мазасын алган тажаалдын так өзүсүң. Ушул арымыңан жазба!

Жөжөлөр да ирденишти. Бирин-экиси чыгым болду, албетте. Бирок алар өз ажалынан өлүштү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.