Поляк эл жомогу: Акылдуу дыйкан

Бир жолу король мергенчиликке баратып, талаасында иштеп жүргөн дыйканды көрдү. Ал дыйканды өзүнө чакырып минтип сурады: –  Сен күнүнө канча иштеп табасың? –  Төрт тыйын иштеп табам, король. –  Анан ал төрт тыйынды эмне кыласың? –  Биринчиден,–  деп жооп баштады дыйкан.– Мен жеймин, экинчиден, кийинкиге койом, үчүнчүдөн, кайра кайтарып берем,  ал эми төртүнчү тыйынды болсо ыргытып жиберем. Король бул жоопко түшүнбөсө дагы, ал кандайдыр таңгалычтуу болсо да, өз жолу менен кете берди. Мунун үстүнөн ойлонуп-ойлонуп, оңчулуктуу бүтүм чыгара албады. Ошондо […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Уралец

АҢГЕМЕ Бизден бир жаш улуу Даку деген айылдашым бар эле. Курманбек байке менен Зина жеңе ага кичинекей «Уралец» шайтан арабасын сатып беришиптир. Кудай бетин салбасын, “Уралецтин” аркасы менен Дакунун аброю күн санап өстү. Баарыбыз Дакунун артынан ээрчип алабыз. Ал болсо меникинен бетер коңкойгон мурдун өйдө көтөрүп, баарыбызга командир! Өзүн эмес, шайтан арабасын сыйлайбыз. “Быты-Чуңкурга” жөнөдүк. Сууга түшкөнү. Даку болсо велосипедин алмак-салмак тептирип баратат. “Быты-Чуңкурда” каналдын суусу айланып агат. Ортосунда жатакта калган малдарды аркандап коёт. Анан баарыбызга команда берет: — Аркандалган […]

Шамс ТЕБРИЗИ: Жашоого дайыма адамдар жүргөн жерден кара

Мавлана Шамсулхакк ва-ад-дин Мухаммад ибн Али ибн Маликдад Тебризи же кыскача Шамс Тебризи деген ат менен таанылган диний аалым, суфий, философ жана ойчул 1185-жылы азыркы чыгыш Ирандын Тебриз шаарында төрөлгөн. Көр дүнүйөгө маани бербеген Тебризи жер кыдырып жүрүп Мевланага жолуккан. Үч жыл ичинде Мевлананы динди сүйүүнүн туу чокусуна жеткирет. Бул тууралуу Мевлана төмөнкүдөй пикирин калтырган: “Анын жарыгы тийгиче мен жөн гана жансыз чиймедей элем.” Кийинчерээк Шамс Тебризи жоголуп кеткен жана кайда өлгөндүгү тууралуу так маалымат жок. Болжол менен 1248-жылы Конья […]

Айтмырза АБЫЛКАСЫМОВ: Айлык

АҢГЕМЕ Баарыбыз тапырап, кудуңдап, бирибизге бирибиз тамаша айтып купшуңдап, шайырданып жаттык. Сабактарды бүтүп-бүтпөй эле үйгө секин зуу койчуларыбыз дале айланчыктап кете албай жүрүп калдык. Анткени «Бүгүн мектепте айлык таркатылат» деген миш-миш небак баарыбызга учкан куштай, ой, ошо учкан куш да кеппи, үндүн ылдамдыгындай, андан да ашырып айтсак, жарыктын ылдамдыгындай тездик менен тараган. Мында эки кабар ушундай жайылат. Алардын бири: «Эртең текшерүүчүлөр келет экен!» деген апти-ырайы суук кабар, ал эми экинчиси: «Айлык таркатылат экен!» деген жанга жагымдуу ысык кабар. Мына ошол […]

Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ: Алым – журналист

1. Алым — кезең  2. Орус Алым 3. Жабыктагы ойлор  4. Алым сабак Алымдын артында калган мурасына көз чаптырып отурсак, ал 1971-74-жж. гана үзгүлтүксүз иштегенин көрөбүз. Кийинки жарык көргөн ырлары, котормолору – «Ала-Тоого» 60-жылдардын аягында жарык көргөн жаштык ырларын айтпаганда, негизинен, бүт ошол жылдары жазылган. Кийин экен-токондо гана айрым чарт бышкан ырларын эрксиз шилтеп салган. Бул сейрек ырларын мен саны, өӊү-түсүнөн өйдө билем. Анткени, ушул ыр өзү эле жазылып кетти деп көөндөнүп окуп койчу. Эми Алым неге ыр жазбай калган […]