Кыргыз эл жомогу: Таан падыша

Илгери, илгери бир кемпирдин жалгыз баласы оокат-турмушу начар болгондуктан, кырманда кылтак салып жүрчү экен. Бир күнү кылтагына таан түшүп калат. Бала барып таанды чыгарып алайын десе, таан кадимки кишиче балага карап: — Капыстан сенин кылтагыңа түштүм. Эмне десең берейин мени бошот. Атам падыша. Төрт түлүктүү малы бар. Азыр коеберсең, жети белес ашам, ошого чейин карап тургун да, мен ашкан белес менен бара бергин. Төрт белес ашкандан кийин биздин жылкыга жетесиң. Ал жерге түнөп алып, андан ары сурай-сурай бара бергин. Атамдын […]

Жорж КУРТЕЛИН: Эч бир айбан ургаачысын урбайт, адамдар гана урат

«Милдет» дегенди оозунан түшүрбөгөндөр жетекчилик кызматка жеткиси келгендер. Жан ЖИРОДУ Эң жакшы музыка эле тынчтык. * * * Баатырлар көп, баатыр мүнөздүүлөр чанда болот. Поль КЛОДЕЛЬ Өзүңүздөн жашырактар менен сый болуңуз, сиз жөнүндө жаза турган ошолор. Сирил КОННОЛИ Эркектин аял үчүн кылгандары аялга эч бир көрүнбөйт, аял үчүн эркек эч нерсе кылбаса көрүнүп калат. * * * Канаттанарлык айлык таап келерибизди кошуналар баалагандай, аялдарыбыз бааласа, биз эркектер кандай бактылуу болот элек! * * * Эгерде ажылдаган аялыңдын жаагын жапканга амал […]

Кеңешбек КАПСАЛАҢОВ: Көк эшек

ЭТЮД Чоң атам да, өз атам да жылкычы болуптур. Жай-кыш дебей, жылдын төрт мезгилинде колхоз санап берген жылкысынын артынан сая кууй түшкөн укуруктуу жылкычы. Жаз келип, жер бетине ала-була көк сербейгенден тарта, жашаган боз үйү жааган карды көтөрө албай, уук, керегеси кычырап калган кеч күзгө чейин кыштоосуна келбеген жылкычылар. Кийинчерээк эсил кайран эстен кеткис совет өкмөтү жер менен жексен болгондо, колунда калган чакан малы менен көнүп алган жайлоосуна такай чыгып жүрдү. Мен анда мектеп босогосун аттай элек баламын. Жайлообуз айылдан […]

Абдыкерим Муратов: Ак Мактым cулуу

АҢГЕМЕ Байсарынын өргөөсү. Түндө түндүгүн түрүп жатышкан. Мактым асмандагы жылдыздарга карап үнсүз сырттагы дабыштарды тыңшайт: шаулдаган суунун чамынып киргени, аттардын кишенегени. «Сүт-а-к! Сүт-а-к!..» Кайдандыр сүтактын кыйнала үн катканы жаңырып, кыздын жүрөгү болк эте түштү. «Келди!» «Сүтак болуп келди!» Сүтак дагы үн катты. – Жаныбар сүтак эй, ушинтип таң аткыча кыйкырып чыкса, таң атарда оозуна бир тамчы сүт куюлат! – Атасы ойгоо экен кимге айтканы белгисиз, өзүнчө кобуранып койду. – Сүт-а-к! – Ана, Баатырбеги сүтак болуп белги берип чакырып атат. Мактым […]

Айтмырза АБЫЛКАСЫМОВ: Дымак

(Аңгеме-тамсил) Жөжө короз энеси мекиянга нааразычылыгын билдирет имиш: – Мага жерде кык тытып, курт-кумурска терип жебей, бүркүт болуп шаңшып көктө учуп жүрүү гана ылайык эле, а сиз болсо мени тоок жөжө кылып ачып салыпсыз… Анда энеси: – А, балам, күнөө менде эмес, күнөө короз атаңда…Убагында үстүмөн канчалаган бүркүттөр шаңшып айланып учушпады дейсиң… Апапакай болуп андагы апаңды көрсөң болот эле… Ошолордон кызганып, баарыбызды үйүрүп айдап, бүжүрөтүп далдадан чыгарбай койбодубу!… Болбосо, сен да азыр көктү жиреп, асманда учуп жүргөн болот элең, чиркин! […]

Кубанычбек АРКАБАЕВ: Уккула, достор, эмесе тосттор

Тост-жүрөк Бирөө: — Ун кымбаттады, нан кымбаттады, бир кичине көмөч нан эле он беш сом болуп кетти, кантип жашайбыз, — деп кейип атып жүрөгүн басып отуруп калса, экинчиси сооротуп атат дейт: — Ой, нан кымбаттаган жок, биз кымбаттадык. Биздин алтын башыбыздын куну көтөрүлгөнү үчүн нан кымбаттады. Мына, он беш сомдук нан жеп атабыз, аман болсок жүз элүү сомдук лепёшка жеген күн да келет, буюрса! «Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет» деген ушул, — десе тигил дагы эле түшүнбөй: — Бир […]