Айтмырза АБЫЛКАСЫМОВ: Көч

АҢГЕМЕ (Атам Абылкасымдын  арбагына багыштадым) Жайдын толуп турган кези. Эл  жайлоого чыкчу убак. Чубалжыган көч. Кечигип болсо да көргөн төрт– беш жашар уулун жасалгаланган тайга мингизип, өзү алчактаган ат менен коштоп жетелеп алган. Кырк жаштарга таяп калган мезгили. – Ата– оов! – Оов! – Тээтиги мине? – О тилиңен атаң айлансын, ал – жору, уулум! – Ата– оов! – Оов, садагам! – Тээтиги мине? – О айланайын, булбулум менин, ал– жору, алтыным! – Ата– оов! – Я– оо, берекем менин! […]

АУДИО: Алыкул акындын Москвадагы күйөрманы

Москвада Кыргызстанды өз мекеним деп санаган акын-котормочу Михаил Синельников жашайт. Бүгүнкү Орусиянын көйгашка котормочуларынын бири Михаил Исаакович жарым кылымдан бери кыргыз акындарын орусча сүйлөтүп жүрөт. Ал “Азаттыкка” курган маегинде Алыкул Осмоновдун поэтикалык генийлиги, перс поэзиясынын өзгөчөлүктөрү жана поэзияны которуунун сырлары тууралуу ой бөлүштү. Алыкулдун талантына таазим этип… Михаил Синельников 1946-жылы мурдагы Ленинград, азыркы Санкт-Петербургда туулган. Бирок ал жаштык курагы өткөн Кыргызстанды өз журтум деп эсептейт. Ал орус тилине улуу Токтогулду, Касым Тыныстановду, Алыкул Осмоновду, Сүйүнбай Эралиевди, Сооронбай Жусуевди, Жолон Мамытовду, […]

Олжобай ШАКИР: Чубак чунак элдин башын айлантып жүрү

Эй! Вы там, наверху!  Элирген жаштык эмнени кылдырбайт. Бүгүн Чубак ажынын оозунан «ага-ининин балдары үйлөнгөнгө шарият боюнча уруксат берилет» деген установка[1] миңдеген жаштардын кулагына кирип, боюна сиңип аткан кезең! Чубак ажы бул айтканы боюнча «бирок аны биздин салтыбыз көтөрө албайт» — деп канчалык жумшартып айтпасын, бүгүнкү күндө шарияттын жолун ээрчиген караламан калктын басымдуу көпчүлүгү тотукуштай сайраган чала молдолордун жетегине желпинип ээрчип алганы күндөн күнгө күүлөнүп күч алууда. Арап кулдар улам шарияттын жолун кылтыйтып отуруп, кылымдан келаткан кыргыздын генетикалык тамырына балта […]

Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин жаңы ырлары

УЧАКТА Санды үйрөнүп алган сымал тезинен санап келгем эң алдыңкы четинен – ордум тапкам эң акыркы катардан окуучудай арылбаган “2”ден. Жалгыз экем катарда ушу тастайып, жаткым келген арттан баарын башкарып. Эңгезердей ойлорду ойлоп уктапмын ээн жердин көк бөрүсү баштанып. Көтөрдүм баш… өтүп кыйла убактар… көбү мендей укташыптыр кулап шар. Бакырсамбы көргөндөрүм атап бүт: “Баштар!.. Баштар!.. Чачтар!.. Чачтар!.. Кулактар!..” Караганга болбогон соң капталды, карай берип улам алды жактарды – куйкам менин курушууда көргөндөн кулактарды, чачтарды да, баштарды. Окоптордо бекингенсип согушта азыр […]

Жаңы жыл алдындагы китеп жаңылык: КЭР элдик валютасынын тарыхы боюнча окуу куралы

Жаңы жыл алдындагы китеп жаңылык: КЭР элдик валютасынын тарыхы боюнча окуу куралы Кытай кызык мамлекет. Анын узун тарыхы тууралуу кеп салсак сөз түгөнбөйт. Азыркы учуруна көз жүгүртсөк, андан өткөн кызыктарга кабылабыз. Келечеги жөнүндө  болсо кийинки кылым Кытай кылымы болот деп жатышат.  Андыктан биз бул мамлекет тууралуу көптү билишибиз керек… Өткөндө биз кытайдын кызыл акчасы тууралуу кызык китеп даярдалып жатканын кабарлаган элек. Жаңы жылдын оро-парасында жарык көрүп, жаңылык катары элибизге тартууланып жаткан ушул китепте кытай элинин байыркы соодасында жүгүргөн ар түрдүү […]

Конкурска: «Суунун сурагы» — өмүрдүн сурагыбы?

№8 Ар мезгилдин агымына жараша ар кандай көз караш, ар кандай тартип жана ар кандай система боло келген. Ага жараша экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүү ал көз карашты чагылдырган, айрым учурда коомдогу баалуулуктар коомдук системага тикеден-тике көз каранды болгон  учурлар да болгон. Мындан дээрлик бир кылым мурда жаңы социалисттик коомдун жаралышы менен СССР аталган улуу державанын  түзгөн «бузулгус» системасынын астында коомдун көп тармактуу  өнүгүүсү бир сызыктан, бир чийинден чыкпай келди. Бизге белгилүү болгондой коомду бир ойго, бир тилекке, бир көз […]

Кубанычбек АРКАБАЕВ: Эгерде Санта-Клаус бизде жашаса…

— Эгер Санта-Клаус Кыргызстаныбызда жашасачы, ээ жолдоштор… — Атасынын куу чокусу бар бекен бизде? — Жок, ата-бабабыздын туу чокусу бар экен! — Кандайча? — Шундайча! Биздин бир чокуну Америка алат экен. — Сатышыптыр да! — Ушуну кылышмак! — Коё турсаңар жолдоштор, Санта-Клаус деген бизче Аязата дегенди билгизет да эми… Анан ошо Санта-Клаус бизде жашасачы… — Хе… аяш атаны тапкан экенсиңер! — Аяш атадан аябайлы дедиңер анан? — Жок дегенде орустардан тапсаңар болмок аяш атаны. — Жолдоштор, Санта-Клаус аяш ата эмес […]