№8

Ар мезгилдин агымына жараша ар кандай көз караш, ар кандай тартип жана ар кандай система боло келген. Ага жараша экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүү ал көз карашты чагылдырган, айрым учурда коомдогу баалуулуктар коомдук системага тикеден-тике көз каранды болгон  учурлар да болгон. Мындан дээрлик бир кылым мурда жаңы социалисттик коомдун жаралышы менен СССР аталган улуу державанын  түзгөн «бузулгус» системасынын астында коомдун көп тармактуу  өнүгүүсү бир сызыктан, бир чийинден чыкпай келди. Бизге белгилүү болгондой коомду бир ойго, бир тилекке, бир көз карашка багыттоодо адабияттын ролу зор күчкө ээ болгон. Ошондуктан бул багытка өзгөчө көңүл бурулуп, өзгөчө мамиле болгондугун кайталап айтып отуруунун кажети жок жана анын оң жана терс жактарын айтып убакытты албай, айтайын деген ойго чукул киришели.

Ошентип, түшкө кирбеген нерсе болуп, бузулгус державанын өмүрү бир кылымга жетпей ичинен чириген дарактай бир күнү «күп» этип кулап, элди эңги-деңги кылды, башкача айтканда, «ишенген кожоң сууга акса, алды-алдынан тал карма» болду да калды. Баягы бир чийин, түз сызык жол менен жүрүп көнүп калган эл эмне кыларын, кайда барарын билбей карайлап калган учурлар өттү. Социалисттик түзүлүштүн идеалогиясын элге сиңирүүдө эбегейсиз кызмат аткарган адабияттын ролу державанын кулашы менен бир заматта орду толгус оор жоготууга учурады.

Адабият жашайбы, ал кайрадан жаралабы, дегеле адабиятты жараткандар  аны окугандар болобу деген суроолор жоопсуз калган учурлар да болуп жатты. Убакыт баарын дарылайт дегендей, азыр бардык нерсе калыбына келе баштагандай. Болгондо да кандайдыр бир сырттан болгон көзөмөлсүз, көрсөтмөсүз эркин адабият жаралып жатканын байкоого болот. Албетте, азырынча жалпы эл тааныган, жалпы окурмандар кабыл алган мезгилге жете элекпиз, бирок ага карабай аз санда болсо да өз окурмандарын таап жаткан чыгармалар поэзия жанрында да проза жанрында да бар.

Төмөндө биз сөзгө ала турган чыгарма Кубанычбек Аркабаевдин «Суунун сурагы» деп аталган повести. Жанрдык жагынан реалий-фантастикалык чыгарма десек туура болчудай. Көтөргөн проблемасы – кыргыз элинин баалуулуктары жана ааламдашуунун ак-карасы. Жогоруда белгилегендей, бузулгустай туюлган улуу державанын кулашы менен экономикада эле эмес, адабиятта, маданиятта, искусствонун бардык тармактарында чачырандылык болду. Ачыгын айтканда, бир топ аксоолорго учурадык. Болуп жаткан хаосттук боштуктан  пайдаланып, сырттан ар кандай секталар жана диндер куюлуп кире башташты, ал тургай элдин бир топ катмарын жат элементтердин ээлеп алганы жашыруун эмес. Тагыраак айтсак, бир улуттун ичинде үч-төрт динге ишенүү, ал турсун бир үй-бүлөдө эки башка динде, эки башка көз караштагы адамдардын пайда болуусу менен ички карама-каршылыктар, ички бүлүүнүлөрдүн бар экенин жашырууга болобу?

Бул келип элдин, улуттун келечегине кедергесин тийгизээри айдан ачык. Мунун кайдан келип жатканын, түпкү максаты эмнеде деген суроону коюп, талкуулап, көздү ачып, айкын түшүндүргөн бир жан жок. Кыскасы, копол айтканда, ачыктан-ачык эле таламандын так тушунда талоонго түшүп, талашта калды десек эч ашып кеткен болбойбуз.

ϴлкөдөгү мына ушундай кырдаалды автор өтө кылдат байкап жана ага жаны ачып кейигенин, андан кантип чыгуу маселесин, башкаларга аралашып ашмалтайы чыга электе улуттун  өз жүзүн, өз баалуулуктарын, түпкү текти, уңгуну кантип сактап калса болот деген ойлордун тегерегиндеги көйгөй маселени чыгармасында чагылдырат. Мындан сырткары, бул чыгармада экология маселеси да абдан курч көтөрүлгөн, муну баарына жан киргизип турган суу менен байланыштырып, маселенин баарын ушуга байлайт. Бул — суу маселеси негизги өзөк болуп, чыгарманын башынан аягына чейин үзүлбөй жол болуп барат. Мына ушунун өзү — автордун чоң табылгасы!

Чыгарма башталганда эле суунун алтындан артык баасы таасын сүрөттөлөт. Шамбалат абышка менен анын небереси тамчы болуп аккан булактын көзүн тазалап, андан чыккан сууну көздүн карегиндей карап, түнү менен ноого топтоп эртеменен таң атпай келчү кардарларга камдашат. Шамбалат — негизги каарман, ал Жүзкары деп аталган мамлекеттин жараны. Чыгармада ушул адамдын башынан өткөн окуялар реалдуулук менен фантастика аралашып сүрөттөлөт. Бул — автордун айтайын деген оюн берүүдөгү өзгөчө ыкмасы.

Биринчи бөлүмдө келечекте боло турган окуялар жөнүндө небереси Нурдандын түшү аркылуу аян алынат. Ал эч кайманасыз таамай, дал түштүн өзүндөй боло тургандай аян. Эс тарткандан суунун таңкыстыгын гана көрүп жүргөн баланын түшүнө Калкагар зоонун так жартысына чейин келген сууну түшүндө көргөндө таң калып, ошончо да суу болобу деп коркуп кетет. Күн өткөн сайын түшү дааналанып көрүнө баштаганда кыраакы Шамбалат түш эмне жөнүндө аян берип жатканына көзү жетип, түштүн жетегине жараша камдана баштайт. Бул — Жүзкары мамлекетинин элинин ишеними боюнча суунун үч абалы жөнүндөгү уламыш.

Булар жашаган  «ϴмүр чөйчөк» өрөөнү — жер киндиги, андагы жаратылыш жабыркаса же элинин ыйманы бузулса, Жер планетасында кыямат кайым жүрүп кетет. Ушул жерден Шамбалат башынан өткөн окуяларды көз алдынан өткөрөт. Азыр какшып бир тамчы суу алтын баасынан ашып турган абалга келгенге чейин бул «ϴмүр чөйчөк» аталган өрөөн бейиштин төрүндөй жер эле. Элинин пейили, жеринин кооздугу, эч кандай кагазга чийилген закону жок эле каада-салт, ыйман, эл эмне дейт деген уятты бекем кармап, эл башкарган чиновниги жок, Карылар кеңешинен турган эл жакшыларынын көзөмөлүндө жаратылыш менен жуурулушуп жашап келген эл боло турган. Үйүнө кулпу салбаган, сеники-меники жок, бир үй-бүлөнүн балдарындай тапканын ортого коюп жашаган эл болгонун абдан кенен жана жогорку басым менен шөкөттөп сүрөттөйт.

Бул бир караганда өтө апыртып жиберген сыяктуу көрүнөт, а чынында бир кылымга жетип-жетпеген убакка чейин биздин эл ошентип эле жашаганын чоң-эне, чоң-аталарыбыздан угуп калдык, азыр алар бизге жомок сыяктуу болуп калды. Жаратылыштын сулуулугу, жан-жаныбарлар жана аларга карата элдин камкордугу деле чындык эмеспи. Мына ушундай бейиштин төрүндө, бейкапар жыргал турмуш куруп жашаган элдин кылымдардан кынап түзгөн жашоо ыргагы бузулат, ага сырттан келген, жок, башка планетадан келген, өздөрүн бейиштиктербиз деп атап, жерде жашагандарды тозоктуктар деп, тозокту таштап, бейишке жүргүлө деп, жердиктер менен жолугушчу жерди Жер планетасынын киндиги болгон «ϴмүр чөйчөк» өрөөнүн тандашып, өздөрүнүн шарттарын коюп, элди ар кандай шумдуктар менен азгырып үгүттөй башташат. Шумдуктуулардын шумдугу да, азгырыгы да энеден туума жылаңач жашоо. Жердиктерди өздөрүнө алып кетиш үчүн ошол «жылаңачтыкка» даярдаган мектептерди ачып, өздөрүнүн планетасынан алынып келинген даамдар менен азыктантып, анысынан да шумдугу ар бир үйдөгү телевизор аркылуу Адам ата менен Обо эненин жердеги жашоосунун башталышынан берки жашоону кааалаган адам каалаган убакты көрө ала турган кылып көрсөткөнү.

Кудурети күчтүү мындай шумдук Шамбалаттын бүт өмүрүн алды, сырттыктар келгенде Шамбалат тилмеч болуп европалыктарды алып келип жол көрсөткөн студент эле, азыр алтымыш ашкан абышка болду, бир адамдын өмүрү кеткен убактан бери «бейиш» менен «тозоктун» күрөшү жүрүп келет. Бир кезде мал киндиктүү элине керектүү адис болом деп, Европадан билим  алып, асыл тукум малды алыш үчүн аргындаштыргандан башка да аларды жасалма жол менен уруктандырып, керек болсо уругун жасалма жатында жаратканды үйрөнгөнү бекер эмес экен, мына эми жүзкарылыктардын ишеними боюнча эл пейилинен кетсе, суунун үч абалы бузулса кыямат кайым болот дегени чындыкка жакындап, Нух пайгамбардын жер бетиндеги жан-жаныбарлардын сактап калган вазийпасы Шамбалаттын шыбагасына тийип отурат. Окуп жүргөндө илим менен чогуу шугулданышкан досу Питер менен байланышып, ал жактан кийин жаратып алуу үчүн жан-жаныбарлардын бардык түрлөрүнүн уруктарын алдырып, Калкагар тоонун боорундагы ырасталган таш үңкүргө жайгаштырып, жакындап калган кыямат кайымга даярдык көрүү үчүн небереси Нурданды досуна жөнөтөт. Камылга катуу жүрөт, аралары суюлуп калган карыялар кеңешин өткөрүп, алардан уруксат алгандан кийин жан үрөп жатып, небересин күткөнгө алы келбесин билип, мурасын кат аркылуу калтырып, ишти аягына чыгарууну Нурданга тапшырып дүйнө салат.

Ал аралыкта «бейиштиктер» «тозоктуктарга» басымын күчөтүп, жанталаша аракеттерин жасап, өздөрүн кудайдан жогору  көрсөтүүнүн аракетинде болуп жатышты. Бир кездеги бейиш төрүндөй жердин куну качып, элинин теңи тентип, калганы Калкагар тоонун койнунда кен казып, суу сатып күн көрүп калышты. Канчалык тиштенип «бейиштиктердин» азгыруусуна алдырбайлы десе болбой кээлеринин чыдамы жетпей калгандары болду. Мына ушундай абал четтиктерге абдан ыңгайлуу шарт болуп берип жатты. Нурдандын кыямат күнү жөнүндөгү кабарына шылдыңдап, маскаралап карашты.

Кудайдын кудурети менен сааты, убактысы жеткенде боло турган кыямат кайым болду. Бүт жер бетин топон суу каптап, аалам аңтарылып, өздөрүн кудай ойлогон «бейиштиктер» да аалам аңтарылганда кошо аңтарылып жылас болду.  Жер тазаланды. Кургак жерден Калкагар тоо жана аны курчаган өрөөн калды. Адам атанын тукумунан Нурдан жана анын ашыгы Нарис калды. Эми алар жан-жаныбарлардын, дан, жер-жемиш, түркүн бак-дарактардын жана адам баласынын тукумун улоочулар.

Нурданда ата-бабалардын рухунун үрөнү калды, эми ал ошол үрөндү балдарында өндүрүп, кайра жаңыртып жаратуучу. Мына ушундай оптимизм менен чыгарма аяктайт.

Чыгарма жанрдык жактан да, көтөргөн проблемасы, тематикасы жагынан да өзгөчөлүккө ээ. Чыгармада көтөрүлгөн негизги маселе — улуттук баалуулуктар, адеп-ахлак, нарк-насил, теңчилик, даанышмандык, каада-салт, адамдык касиет жана  жаратылыш. Булар жөнүндө бир топ акын-жазуучулар айтып, кантип элге сиңирип жеткирүүнүн жолунда ар ким ар кандай ыкма колдонуп жүрүшөт. Автор Кубанычбек Аркабаев да өзүнчө жол издеп, реалдуулук менен фантастиканы параллель коюп, берейин деген оюн жеткирүүгө аракеттенет. Чыгармада бир адамдын өмүрлүк убактысында, бир мамлекетте болгон окуялар сүрөттөлөт. Телегейи тегиз, эч жеринде кеми жок, жаратылыштын өзүндөй таза жана баёо турмуштан ашмалтайы чыккан жашоого жетип, ак менен каранын күрөшү жүрүп, аягы кыямат кайым менен аяктайт.

Чыгарма бирөө, окурмандар көп, ар ким өз кабылдоосуна жараша түшүнөт жана кабыл алат. Бири көрбөгөндү бири көрөт, кээде автордун оюна келбеген нерсени көрүшү мүмкүн, ошондуктан сен андай кабыл алыпсың, андай эмес мындай деп айтуу натуура. Чыгарма жаралды, автор бере турган нерсесин берди, сен кайсыл жагына басым коюп окуп кабыл алсаң ал өз эркиң. Автор  чыгармада берейин деген оюн толук жеткире алган, бүгүнкү биздин учурда болуп жаткан абал жетик көрсөтүлгөн. Эй, адамдар ойлонгула, ойгонгула кайда баратабыз, канткенде миңдеген жылдардан бери ата-бабаларыбыз аздектеп муундан-муунга өткөрүп келген баалуулуктарыбызды, жерибизди, жаратылышыбызды кор кылбай сактап калабыз. Улуттук жекечелигибизди, ар-намысыбызды, абийирибизди жок кылгысы келген «бейиштиктерден» кантип коргоп калабыз деген ойлор, чакырыктар, жан дүйнөнүн кыйкырыгы угулуп турат. Кыямат кайымды берүүсү менен адамдарды топон суудан кийинки аруулукка, тазалыкка, башаттыкка чакырат.

Чыгарма жөнүндө тереңдетип, андан ары ачып айта берсе болот, биз азырынча бир жак капталын гана карап көрдүк, ушул жетиштүү деп ойлойм, эң негизги автордун ийгилиги — окурманды ойго сала алгандыгында.

P.S. Конкурстун Жобосу менен ушул жерден тааныша аласыздар

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.