Эй! Вы там, наверху! 

Элирген жаштык эмнени кылдырбайт. Бүгүн Чубак ажынын оозунан «ага-ининин балдары үйлөнгөнгө шарият боюнча уруксат берилет» деген установка[1] миңдеген жаштардын кулагына кирип, боюна сиңип аткан кезең! Чубак ажы бул айтканы боюнча «бирок аны биздин салтыбыз көтөрө албайт» — деп канчалык жумшартып айтпасын, бүгүнкү күндө шарияттын жолун ээрчиген караламан калктын басымдуу көпчүлүгү тотукуштай сайраган чала молдолордун жетегине желпинип ээрчип алганы күндөн күнгө күүлөнүп күч алууда. Арап кулдар улам шарияттын жолун кылтыйтып отуруп, кылымдан келаткан кыргыздын генетикалык тамырына балта чабуудан кайра тартпай калгандагысы ушул!

Рухий жакырчылыкка кабылган калкты караңгылыктын жолуна сүйрөгөн чала молдолор жайылткан түбү кооптуу мындай саясат – кыргыз үчүн жетип турган наадандык! Жоопкерчиликсиздик менен айтылган мындай установаканы кулагы эшиткен бир туугандардын же болбосо жакын бөлөлөрдүн уул-кыздары эртеңки күнү Чубактын бул айтканын беттерине карманбай коёбу?! Карманганда да кандай карманат?! «Шарият жол берип атса, эмнеге силер жол бербейт экенсиңер?» деп ата-энесине тастаңдап каяша айткан жаштар чыкпай коймокпу?! Кепилдик барбы адам табиятына?..

«Ата-бабаңдын жолун урганым жок, шарият жол бергенден кийин көңүлүм сүйгөнгө үйлөнөм» деген жаштардын армиясы өсүп чыкпайбы, эртең?! Ансыз да динге сокур сезим менен ээрчиген жаштардын көбү жакын бир туугандарынын кызына назары түшүп калар болсо, дүрт эткен сезим отун шарияттын жолуна буруп кетишери – кыргыз тукуму үчүн улуттук коопсуздук маселесин жаратпайбы?!

Минтип кылтыңдатып, мөлтүлдөтүп баарысын шарият жолуна такаган Чубакка окшогон арапкулдардын бузук саясатын элге жайылткан маалымат булактарынын ишмердүүлүгү эмнеге мамлекеттин атайы кызматтарынын көзөмөлүнө алынбайт да, эмнеге бийликти сындаган гана маалымат булактарынын кылт эткен кыймылынан кылмыштык элементтер табылган мезгилге туш келдик?! Буга коомчулук өз жообун качан берет?

Бийликтен биз качан улуттук коопсуздук маселесин талап кылганга жарамдуу эл болобуз?! Эмнеге иттин башына калпак кийгизип койгондогу көрүнүшкө улуттук намысыбыз дүрт этип ойгоно калгандай, эмнеге Чубак деген чунактын «ага-ининин балдары үйлөнгөнгө шарият боюнча уруксат берилет» деген дөдөмөл кебине улуттук намысыбыз жол бериши керек?!

[1] Установка — неосознанное психологическое состояние, внутреннее качество субъекта, базирующееся на его предшествующем опыте, предрасположенности к определенной активности в определенной ситуации. Установка предваряет и определяет развертывание любой формы психической деятельности.

2 Replies to “Олжобай ШАКИР: Чубак чунак элдин башын айлантып жүрү”

  1. Чувак не многоженец. Его жена отвергла его и он нашел другую. Но, он прикрывается религией, чтобы решить свою проблему. При этом он хочет прослыть гонимым за многоженство.

    1. Марипа, биз ага ишенелиби же сизгеби? «Үлгү болоюн деп, 2-аял алдым» дегени интернетте тарабады беле.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.