Жаңы жыл алдындагы китеп жаңылык: КЭР элдик валютасынын тарыхы боюнча окуу куралы

Кытай кызык мамлекет. Анын узун тарыхы тууралуу кеп салсак сөз түгөнбөйт. Азыркы учуруна көз жүгүртсөк, андан өткөн кызыктарга кабылабыз. Келечеги жөнүндө  болсо кийинки кылым Кытай кылымы болот деп жатышат.  Андыктан биз бул мамлекет тууралуу көптү билишибиз керек… Өткөндө биз кытайдын кызыл акчасы тууралуу кызык китеп даярдалып жатканын кабарлаган элек. Жаңы жылдын оро-парасында жарык көрүп, жаңылык катары элибизге тартууланып жаткан ушул китепте кытай элинин байыркы соодасында жүгүргөн ар түрдүү тыйындар жөнүндө кызык маалыматтар бар. Биз бүгүн ошол китептеги акча тарыхынан азын оолак үзүндү келтирмекчибиз.

  1. Цинь дооруна чейинки, ошондой эле Цинь жана Хань династияларынын учурундагы акча жана насыя

Шан жана Чжоу династияларынын тушунда кытайлыктар азыркы Шаньдунь жана Мальдива топ аралдарынын аймагынан алынган деңиз үлүл кабыгын акча каражаты катары кеңири колдонушкан. Кытайлардын ата-бабалары деңиз үлүл кабыктарын алыскы деңиз жээктеринен түздүккө ташып келип турушкан. Ушул үлүл кабыктары императорлорго жана ак сөөк коомго жасалга катары кызмат кылган. Азыркы учурда Шан жана Чжоу династияларынын маданиятынан калган карапа эстеликтерин казганда байыркы ата-бабалар моюндарына жана белдерине бул үлүл кабыктарын жасалга катары тагып жүргөндөрүн көрүүгө болот. Кабыктарды кооздук үчүн колдонууну жана аларды башка буюмдарга алмашууну биринчилерден болуп ак сөөктөр башташкан. Эсеп бирдиги болуп жасалга түрүндөгү үлүл кабыгы кабыл алынган, бир моюнга таккыч чынжырчада бир жуп, башкача айтканда, эки даана кабык болгон, жыйырма жуп үлүл кабыгын үч му (аянттын ченеми, 1/15га) жерге алмаштырса болот эле.

Күнүмдүк жашоодо дайыма алмашуулар болуп тургандыктан акырындык менен  үлүл кабыктарын каражат катары колдонуу, ар кандай буюмдарга же азыктарга алмашуу көнүмүш иш болуп калган. Мына ушундай жол менен Кытайдын алгачкы валютасы жаралган (сүрөт 1-1, сүрөт 1-2).

Сүрөт  1-1
Сүрөт 1-2

 

 

Байыркы акча «Губэй» (үлүл кабык-тыйыны)  Нефрит үлүл кабыгы

Чуньци доорунда баш ийдирилген мамлекеттердин өндүрүшүнүн өнүгүүсүнөн улам жана жолдордун курулушунун башталышы менен акырындап аймактардын карым-катнашы оңолгон. Мындан улам деңиз үлүл кабыктарын алып келүү жакшы жолго коюлгандыктан, алар таңкыстык жаратпай калган жана өз баалуулугун жоготушкан. Чуньцю доорунда кытайлыктар акырындык менен металлдарды эритүү техникасын үйрөнүшкөн, мындан улам алтын жана күмүштөн жасалган акчалар негизги валютага айлана баштаган. Ушул мезгилден баштап насыя берүү түшүнүгү жоголгон, акча айлантуу жараяны карапайым адамдардын муктаждыгына таяна баштаган.

Эң байыркы мезгилдерде негизги жүгүртүү үчүн валюта жасалган эмес, “жакшы” акча жана баасыз деген бөлүү болбогон, эл жөн гана биринчи валютаны туурашып, мурунку кезде күнүмдүк соодада колдонулган үлүлдүн кабыгына окшогон коло тыйындарды куюшкан. Соода учурунда негизги товар болуп  коло жалпактар эсептелген (1-3 –сүрөт). Үлүл кабыгына окшош коло тыйындар жана коло жалпактар буга чейинки үлүл кабыктары сыяктуу эле алмашуу каражаты болуп калган. Алар экономиканын табигый  өнүгүүсүнүн натыйжасы болуп саналат деп айтсак болот. Чуньцю (Жаз жана Күз) доорунан баштап валюта үчүн коло негизги зат болуп калган.

Сүрөт 1-3. Инь династиясынын  үлүл кабыгына окшош валютасы: адамзат тарыхындагы  эӊ алгачкы акча, Кытайдагы биринчи чегилген тыйын

Согушкан падышачылыктардын жана Күз, Жаз мезгилдеринин  экономикасы, өндүрүшү  жана элдик салттары Чжоу доорунун княздарыныкы менен дал келишпеген. Бул ар түрдүү тыйындардын пайда болушуна жана алардын ар тараптуу өнүгүүсүнө алып келген. Ошол кездеги ар кайсы княздыктардын  тыйындарын карап жатып алардын ар бир түрү өзүн жасаган элдин жашоо шартын чагылдырарын байкаса болот. Мындан улам кытай цивилизациясынын табигый өнүгүү жолун ичкериден жакшылап талдап чыгууга  болот. Аларды салыштыра келгенде үч түрү даана бөлүнүп турат. Биринчиси, буби (күрөк сымал тыйын), ал Цзинь үч княздыгы жайгашкан орто түздүккө тиешелүү акча болгон. (сүр. 1-4, сүр. 1-5)

Сүрөт 1-4. Эки учтуу күрөк сымал тыйын. Цзинь династиясы.

 

Сүрөт 1-5. Учу ичине карай тегерек күрөк сымал тыйын. Цзинь династиясы.

                                                 

 

 

 

                                                    Ци падышачылыгы,  ал Ци жана Лу княздыктарынын деңиз жээгиндеги райондоруна таандык  (сүр. 1-6, сүр. 1-7. Бычак сымал акча, Чжао падышачылыгы) 

 

Сүрөт 1-6
Сүрөт 1-7

Цзинь үч княздыгы Хуанхэ дарыясынын ортоңку бойлорун жана түндүк аймагын камтып турган. Согушкан падышачылыктардын мезгилинде жана Жаз жана Күз доорлорунун  башталышында  Хань, Вэй жана Чжао падышачылыктары өз өкүмдөрүн жүргүзүшкөн. Бул үч падышачылык Цзинь княздыгынын бөлүнүшүнөн жаралган. Бул аймак байыркы айыл-чарба району болуп саналат, мында дыйканчылык маданияты ар бир булуң-бурчка жете жайылган. Жергиликтүү акча “куншоубу” (күрөк сымал тыйын, тешиги менен) деп аталган. Анын учу эки ачасынан келип, жергиликтүү айыл-чарба шайманы “бого” окшош болгон. “Куншоубу” тыйынына адамдар өздөрүнүн дыйканчылык жашоосу жөнүндөгү кыялдарын түшүрүшкөн жана  таң аткандан күн батканга чейинки көп иштеген жумуштарын чагылдырышкан. Цзинь үч княздыгы аймагы  кытай мыйзам чыгаруучуларынын бешиги болуп саналат. Анткени бул жерде Хань Фэй, Шэнь Бухай жана Шан Ян  төрөлүшкөн. “Куншоубу” тыйынынын өйдөңкү бөлүгүнөн “тянь” (талаа) иероглифин так көрүүгө болот. Тянь – бул  байыркы сүрөт менен жазылган кат (пиктография), ошондой эле бул мыйзам чыгаруучу төбөлдөрдүн (легисттердин) мамлекетти  катаалдык менен башкаргандыгын чагылдырат.

Кененинен келген ички аймактар абдан эле ар түрдүү болгон. Ци жана Лу княздыктары көлгө жакын келип, көбүнчө жээк бойлой жайгашкандыктан жеринин кыртышы айыл-чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө ылайыксыз келген. “Ши цзини” (тарыхый баяндамалар) изилдегендер  Ци княздыгынын жерин  “түшүмсүз көл,  берекеси аз, саны аз калк” деп сүрөттөшөт. Ушундай суунун куюулуш-тартылыш аймагында жашаган Ци менен Лу  княздыктарынын эли жогору деңгээлде өнүккөндүктөн “укмуштай чеберчилик, деңиз байлыгы боюнча чыныгы адистер” деген атакка ээ болгон балыкчылык кесибин өздөштүрүшкөн жана текстил (токуу) өнөр жайын жаратышкан.

Балык чарбасынын жана текстил өнөр жайынын өнүгүүсү соода менен өндүрүштү кыймылга келтирген. Ошол кезде Ци княздыгы 21 болуштан (волост) турган, анын ичинен алтоосунун эли соода-өнөр жайы менен алектенген. Ци княздыгынын негизги валютасы болуп “даоби” саналган. Ал сыртынан бычакка окшошуп турган, бирок “даоби” таптакыр аскер куралын туюндурбаган, ал ошол кездеги аң улоонун жана балык кармоо куралын чагылдырган. Ци жана Лу княздыгынын аймагы кытайдын Конфуция маданиятынын бешиги болуп саналат. Өз жолун ошол Конфуция мезгилинен баштаган “Даоби” тыйыны түз сызыктуу, бети томпок, арт жагы жапшырылта басылган, кырлары курч, сырты тегерек,  ичи төрт чарчы болгон. Конфуциянын мекенинин даанышмандарынын ойлоп тапкандары  чындап эле чеберчилик менен жасалган. “Даобини” (18 сантимметрге жакын) кармаса колго чак келет. Эгерде аны ийип келип, эки учун бири-бирине тийгизсе билерик сыяктуу болуп калат.

Янцзы дарыясынын боюнда жайгашкан орточо түздүк аймагы тууралуу кеп кылсак анда жайгашкан Чу падышачылыгы кытай цивилизациясынын эң бир сонун өнүккөн түштүктөгү бутагы болуп саналат. Анын көпчүлүк аймагы тоолуу жерде жайгашкандыктан Ци жана Лу княздыктары сыяктуу эле аларга буудай менен пахтаны өстүрүү кыйын болгон. Тоо-токойлуу жерлерге, саздуу аймакка отурукташкан Чу падышачылыгынын байыркы элдери кол өнөрчүлүк жагынан күчтүү болушкан, алардын лактан жасалган буюмдары бүткүл Кытай боюнча эң жакшы товарлардан болгон. Согушкан падышачылыктар доорунда жана Күз, Жаз мезгилдеринде Чу падышачылыгында соода абдан жакшы өнүккөн: түштүк-чыгыш жана Азиядагы археологиялык казууларда Чу падышачылыгынын лак буюмдары табылган. Чу падышачылыгы табышмактуу жана укмуштуу маданияты бар даос философиялык мектебинин бешиги болуп саналат. Орточо түздүктөгү асманга таазим эткендерге салыштырмалуу Чу падышачылыгынын элдери шаманчылыкка көбүрөк ишенишкен. Ошондуктан алардын темир тыйындарынын түзүлүшү деңиз үлүл кабыгы түрүндөгү алгачкы алмашуу каражатына окшош болгон. Алар жезден үлүл кабыгын куюшкан, ошентип “тунбэйди” жаратышкан (коло үлүл кабыгы) (сүр.1-8). Тоолуу аймак Чу падышачылыгынын элине алтындын бай кендерин белек кылган. Ошол кезде Чу падышачылыгы Кытайдын негизги алтын өндүрүүчүсү болгон. Алардын алтындары Янцзы дарыясынын өйдөңкү бөлүгүндөгү лак буюмдар соодасынын артынан Кытайдын көптөгөн бурчтарына тараган. Ошондон улам “алтын Чудан чыккан” деген ырастоо пайда болгон. Ошол кезден баштап алтын негизги валютардын бири болуп калган. “Ши цзиде” (тарыхый баяндама) мындайча жазуу бар: “Си Цинь Чжао падышасы менен биримдик түзүү боюнча сүйлөшкөн, Чжао падышасы ага жүз аскер арабасын, миң алтын  “и” (бир “и” жыйырма “лянга”  барабар)  белекке берген”.  Ошол тыйындардын түзүлүшү ушул кезге чейин түшүнүксүз, бирок  күмөндөнбөй туруп;  ал кезде алтын таразага тартылып колдонулуучу металлдан жасалган валюта болуп эсептелген деп ишенимдүү түрдө айтсак болот.   Ошол кезде Чу падышачылыгында куюлган таразага тартылуучу негизги тыйын болуп “айцзинь” эсептелген, өзгөчө төмөндөгү сүрөттө көрсөтүлгөн “инай” көп болгон (сүр.1-9). Бул жерде “ин” Чу падышачылыгынын борборунун аталышын туюндурган жана “ай” – тыйындын салмагын билдирген.

Сүрөт 1-8.  Чу падышычылыгындагы коло.
Сүрөт 1-9. Алтын акча «Инюань» үлүл кабыкчасы «Иби» акчасы, ошондой эле бул «Гуйлянь» (бет кап) акчасы деп аталат

                                                                                     Согушкан падышачылыктардын доорунда Цинь падышасы абдан чоң алты падышалыкты биринин артынан бирин талкалаган. Алар: Ци, Чу, Хань, Янь, Чжао жана Вэй эле. Биздин доорго чейинки 221-жылы Цинь династиясынын императору Ин Чжен Ци падышачылыгын жок кылган. Ошол мезгилден баштап алты падышачылыктын аскерлик демөөрү акырындык менен өчө баштаган, тескерисинче, улам күчтөнүп бараткан Цинь падышачылыгы бул мамлекеттерди акыры өзүнө бириктирген.  Мындан улам Кытай бир чоң мамлекетке айланган, анда хань эли негизги болуп калышкан. Ошол кезден бери Кытай көптөгөн баскынчылардын алдында калганына жана башка уруулардын кол салып турганына карабастан дайыма  бирдиктүү хань мамлекети болуп келе жатат.

Алты падышачылык бириккенден кийин Ин Чжен мындай буйрук чыгарган: “Алтын “и” деп аталып, негизги валюта катары эсептелсин, жез акчалар “баньлян” деп аталып, алар майда тыйын катары саналсын. Баалуу таштарды, ташбакалардын калканын жана кауринин кабыгын, күмүштү, калайды кенч жана жасалга катары эсептеп, алар валюта катары колдонулбасын”. Ошентип, Циньдик “баньлян” алты падышачылыктын валютасын бириктирген (сүр. 1-10). Эрши Хуан өз  башкаруусунун учурунда  “акчаны колдонууну жаңылоону” талап кылган бир нече буйрук чыгарган. Мындан улам Ин Чжендин акча системасы ийгиликтүү ишке ашырылган эмес деп тыянак чыгарсак болот. Цинь династиясы кулагандан кийин дыйкандарын көтөрүлүшү тынымсыз түрдө болуп турган, ушундан улам Циньдик “баньлян” Кытайдын бүткүл аймагына таркалбай калган.

Сүрөт 1-10

 

Сүрөт 1-11

                                                      “Цинь Баньлян” (Цинь доорундагы акча)    Акча “Учжу” Батыш Хань династиясы.

Цинь дөөлөтүнөн кийин Лю Бан  түзгөн Батыш Хань династиясы бийликке келген. Батыш Хань династиясынын башталышында жергиликтүү княздардын таасири аябай күчтүү болгон. Лю Бан  мыйзамсыз акча куюуга каршы буйрук чыгарганына карабастан мыйзамсыз түрдөгү тыйын жасоо олуттуу көйгөй бойдон кала берген. Батыш Хань династиясынын башында Кытайдын расмий валютасы бир нече жолу алмашкан, 8 жана 3 чжу салмагындагы (ченеми 1/48 лянь) тыйындар куюлган. Бирдиктүү валютаны  түзүү мүмкүн болбогондуктан жергиликтүү княздарга тыйын жасоого уруксат берилген. Бирдиктүү валюта таасирдүү борборлошкон өкмөттү жана өнүккөн экономикалык системаны талап кылган. Ханьдык У-динин  башкаруу учурунда, акыры келип, тыйын куюу борборлоштурулган. Мыйзамсыз тыйын жасагандар катуу жазаланган, “мыйзамсыз тыйын жасагандар өлүм жазасына тартылат!” деген ураан көтөрүлгөн.

Ханьдык У-ди “саньчжу”, “байцзиньби” (күмүш тыйындар) жана ушул сыяктуу тыйындарды жүгүртүүгө биринин артынан бирин киргизген. Ушул тыйындардын чыныгы баалуулугу өз наркынан айырмаланган, ошондуктан колдонуу учурунда бир топ көйгөйлөр болгон. Акырында Ханьдык У-ди “учжу” тыйынын жүгүртө баштаган (сүрөт 1-11).

“Учжу” (беш чжу салмагындагы акча)  тыйыны  Кытай акчасынын тарыхындагы маанилүү жетишкендик болуп саналат. Акыры таразага тартылган тыйындардын ичинен  акчанын жеткиликтүү баасы табылган. Анын үстунө У-ди жездин запасын жана өндүрүшүн жекелештирген.   У-динин башкаруусунан кийин  “учжу” тыйыны туруктуу валюта болуп калган. Хань династиясынын акыркы жылдары Ван Мандын акча реформасы жүргүзүлгөнү менен ал “учжу” тыйынынын кадыр-баркын кетире албаган. Ван Мандын башкаруу кезинде эл  “учжу” тыйынына үмүт арткан төрт сап ыр чыгарышкан.

Хань доорунда  насыя кеңири колдонулган

Биринчиден, селдер жүргөн жана кургакчылык каптаган жылдары элдин арасында расмий түрдөгү насыя кабыл алынган. Хань дооруна чейин  ушуга окшогон жазуулар болгону менен алар жеткиликтүү түшүнүктө болгон эмес. Ал эми “Ханьшу” (Хань династиясынын тарыхый хроникасы) жазуусу болсо жеткиликтүү жана так. “Ханьшуда”  “жардам” жана “насыя берүү” эки башка маанини берет. “Жардам” аты айтып тургандай жабыр тарткандарга  жардам берүүнү түшүндүргөн, ал эми “насыя берүү” карыз берүүнү туюндурган. “Ханьшуда” Юаньшоу (б.д.ч. 120 жыл) ураанынын үчүнчү жылындагы насыя берүү жөнүндөгү жазуулар абдан көлөмдүү. Шаньдунда (азыркы кезде Хуашань тоосунун чыгыш жагы) суу ташкыны болгон, андан кийин жарактан чыккан жер кыртышын калыбына келтирүү бир нече жылга созулган. Узак мөөнөттүү жардам берүүнүн баасы  аябай жогору болгон. Ошондо У-ди миңдеген жабыр тарткандарды Гуйцзи тоосунун этегине жайгаштырган. Кийим-кече жана тамак-аш императордун короосунан берилген, көчүрүүдөн кийин эмгек шаймандарын жасоо императордук насыя аркылуу ишке ашырылган.

Экинчи насыя – бул элдик карыз, карыз алуучу “цзыцяньцзя” деп аталган. Карызга алынган тыйынга “цзыцянь” деген ат берилген, бул сөз “акча акчаны алып келет” дегенди түшүндүрөт. “7 императордун согушу” учурундагы Хань эли калтырып кеткен ири насыялар тууралуу  жазуу түрүндөгү кыскача баяндамалар дале болсо бар. Ушул учурда Цзин –ди (Лю Ци) императорлор менен элди  тынчтантуу үчүн каражат даярдаган. Чаньаньдык “цзыцяньцзя” У Яньши  императорго аскер топтоо үчүн ири суммадагы акчаны карызга берген, кийин 7 императордун башаламандыгын тынчтандыргандан кийин он эсе пайда  алган. “Бир жыл ичинде У Яньши 10 эсе байыган, ушундай байлыкка жараша ал Гуаньчжун районундагы эң бир урмат-сыйга ээ”.

Үчүнчү кечилдик жана ибадатканалык насыялар болгон. Хань дөөлөтү, кечилканаларды куруудан баштап, жөнөкөй адамдарга чейин насыя берген, ал тургай башкаруу чөйрөсүнө да карыздарды аябаган. Будданын таасири күчөгөн  Түштүк жана Түндүк династияларынын доорунда  кечилдерге берилген насыя  “сэндису” деп атала баштаган жана ал түшүмсүз жылдары колдонулган.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.