Латыш эл жомогу: Адам кантип карышкырды жеңгени

Отунга барган бир абышка карышкырга кармалып калган экен. Карышкыр ачка болгондуктан дароо эле чалды жемек болот. –  Өлүмгө даярдан, келмеңди келтир,–  деди бөрү ыркырай берип жаланып. –  Макул. Өлөр алдында табытымдын үстүнө коюлчу шамдарды ченеп кесип койоюн, куйругуңду берип тур,–   деди абышка кууланып. –  Мейли,–  деди карышкыр курмандыгынын өзүнөн кутула албасына ишенип.–  Бирок тезирек кыймылда! Абышка карышкырдын артына өтүп алган соң, куйругун толгоп, таягы менен бөрүнү өкүртө сабай баштады. Акыры карышкырдын куйругу үзүлүп, ал артын карабай качып жөнөдү. Адамга алдатып […]

Бакытбек АБДУЛЛАЕВ: Өй, калпакчан итке дүрбөгөн кыргыз!

Бишкектеги соода борборлордун биринде иттердин мода конкурсу өтүп, калпак кийген ит фейсбукту дүрбөттү. Ит иттигин кылды дейли. Андан кийин Тажикстандын Жергеталынан келген боордошторубузду ур тепкиге алгандарга дүрбөдү. Адамды кордогон итсымал адамдардын кылганына эмнеге дүрбөбөйбүз? Же бул келе жаткан ит жылына даярдыкпы дейсиң. Ак калпак кыргыздын улуттук баалуулугу, символу. Аны сыйлоо керек. Сөз жок. Кыргыз ит калпакты кийсе эле намыстанабы? Аталган соода борбору жана уюштуруучулар мыйзам чегинде жоопко тартылабы, көрөбүз. Жаза катары аталган соода борборуна бойкот жарыялап: «Барбай коёлу, сабак болот» […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Куйругу кесилгендер

АҢГЕМЕ «Ит билсинби» деп коюшат ко. Ит кайдан билсин, мен билбегенди. А балким билет чыгар. Билер билбесин ит билсинби.  Сөздүн кыскасы, жакында кайдан жайдан эле жаңы торолуп келаткан эки күчүк үйгө келип шынаарлап,  куусаң да кетпей,  бастырбай  бутуңа сөйкөнүп, колуңду жалап, айтор өздөрү билген кошоматтарын көргөзүп жатып короонун бир бурчун ээлеп калышты.  Өзүм малчынын уулу болсом дагы башынан жаныбарлар менен ымалам жок.  Аларга кандай мамиле кылып, кандай багышты мындай кой, малдын арык, семизин терисин сыйыргандан кийин билем.  Ит мышык менен […]

Станислав Ежи ЛЕЦ: Бийликке хамелеон келсе, айланасындагы өң-түстөр да алмашат

(1909-1966), поляк акыны, афорист Жанаша бараткан кыздын юбкасын түрүп кеткен шамалдан өткөн жагымдуу шамал жок. * * * Кудай атеистердин да, динчилдердин да тилегин аткарган үчүн ал же бар, же жок. * * * Улуттун улуулугу – анын арбир өкүлүнө сиңирилет. * * * Өзүнүн диктатор экенин сезбеген диктатордун тагдыры кейиштүү. * * * Ар кандай ырым-жырымдын өзү күнөө. * * * Айрымдардын үндөбөгөнүнөн деле орфографиялык катасы көрүнүп турат. * * * Өз үнү жок элдин үнү – ырдаган гимнинен […]

О`ГЕНРИ: Ранчодогу санаторий

Англисчеден которгон Таалайбек АБДИЕВ АҢГЕМЕ Эгер ринг хроникасына көз салып жүрсөӊүз, бул окуяны дароо эле эстейсиз. Токсонунчу жылдардын башында чек арадагы бир дарыянын аркы өйүзүндө чемпиондук таймаш болуп, ал болгону бир мүнөт, анан бир нече секундга гана созулган. Мындай кыска беттешүү сейрек болот жана муну алдамчылык десе да болот, анткени чыныгы спорт күйөрмандарынын үмүтү таш каап атпайбы. Кабарчылар жанталашып жатышты, бирок алардын айткандарын эске албаганда, беттешүү абдан эле кызыксыз болду. Чемпион атаандашын дароо эле сулаткан соӊ, бурула берип: «Билем, бул […]

Азамат ТӨКӨРОВ: Кар жаап жатты

АҢГЕМЕ Түнү эшикке чыкканда жылдыздар жымыңдап турган. Эрте менен чыкса кар лапылдап уруп атыптыр. Эшик алдын кызыл ашыктан өткөрө коюптур. Узун, тизеден келген чапанынын этегин кайырып, белиндеги курга кыстарды да, кар малтап үйдүн сол жамбашындагы бастырмага жөнөдү. Күрөктү алып чыгып, эшик-эликти күрөп койбосо болбойт: бата кылабыз деген адамдар кар жаап койгонуна карап отурмакпы. Бирин-сериндеп келе берет. Күрөгүн алып чыгып карга сайып, сабына жөлөндү да, чөнтөгүнөн тамекисин алып түтөтө баштады. Чылымын чегип болуп, «Яппирималла!»- деп карды шилей баштады. Темир күрөк үйдүн […]