АҢГЕМЕ

«Ит билсинби» деп коюшат ко. Ит кайдан билсин, мен билбегенди. А балким билет чыгар. Билер билбесин ит билсинби.  Сөздүн кыскасы, жакында кайдан жайдан эле жаңы торолуп келаткан эки күчүк үйгө келип шынаарлап,  куусаң да кетпей,  бастырбай  бутуңа сөйкөнүп, колуңду жалап, айтор өздөрү билген кошоматтарын көргөзүп жатып короонун бир бурчун ээлеп калышты.  Өзүм малчынын уулу болсом дагы башынан жаныбарлар менен ымалам жок.  Аларга кандай мамиле кылып, кандай багышты мындай кой, малдын арык, семизин терисин сыйыргандан кийин билем.  Ит мышык менен дегеле ишим жок.

Илгери атам ыраматылык күчүктөрдүн кулак, куйругун жаш кезинде кесип салганын көрчүмүн.  Ит– куш менен кармаша кетсе узун куйругу, узун кулагы мышайт этет деп койчу. Ошону эстеп уулума тигилердин куйрук, кулагын кыскартып кесип сал  дебейминби, көп жашап көптү көргөн немедей болуп. Уулум көп узатпай куйруктарын чолойто кесип, тигил байкуштардын кыңшылап ыйлаганына боору ооруп кетсе керек, кулактарын кеспей коё бериптир.

Андан бери бир айча өткөн эле. Ар бир айылда кечээ эле төрөлүп, бешиктен бели чыга электе балакеттин баарын билип алган, сөзү да, жүргөнү да кичирейтип койгон абышкадай болгон  бала чалдар бар эмеспи. Ошондой кичирейтилген бала чалдын бири Самат деген уулумдан бир аз эле улуурак жигит жумуштап келип калып, мени шыйпаңдап ээрчип алышкан күчүктөрүмдү карап алып мыйыгынан күлөт:

– Ата, бу тайгандарыңдын куйруктарын эмине кесип салгансыңар?

– Ой, булар тайган эмес, кыргыз иттин эле күчүктөрү го?

– Кулактарын карабайсызбы, булар тайгандын күчүктөрү.

– Тайган экенин деле билген эмеспиз, чоңойгондо иттер менен талашса кулак, куйругун жулмалап жүдөтпөсүн деп кестирип салдым.

– Бул тайгандарың үрүп деле жарытпайт, ушундайында жогот.

– Тайган болсо түлкүгө чыгабыз да.

– Куйругу жок, кайсы түлкүгө жетмек эле, тайган катуу чуркаганда куйругу менен бурулат, качкан түлкү узун куйругун булаңдатып буйтап кетсе, куйругу жок немең түптүз кетип кайра бурулгуча эле жетпей калбайбы.  Буларыңдын куйругун кесип эч нерсеге жараксыз кылып салган турбайсыңарбы,–  деди да жолуна түштү бала чалым.

Уккандан уга элегиң көп деген ушул экен да. Уксаң дагы көңүл бөлбөсөң билбей жүрө бересиң да. Айбан болобу, адам болобу – бу жараткан кудай бир нерсеге ылайыктап жаратат окшобойбу.  Көр чычканга көз бербей, курч тиштерди, топурак шилегенге ыңгайлуу тырмактарды берген экен,  жерди казып, жер астында караңгылыкта  кудайдын өзүнө гана белгилүү милдетин так аткарып тиричилик кылат. Аарыга караңгыдабы,  жарыктабы бирдей көрүп, ок чакырым жерден болсо да уюгун таап келе турган беш көз, гүлдүн ширесин соруп алуучу, ийнеден ичке тумшугуна кошуп, шире куя турган баштыкчасына чейин берип бал жыйноого ылайыктаптыр. Көрсө, көп түрдүү иттердин ичинен аңчылык үчүн жаралган тайгандын күчүктөрүнүн  куйруктарын  кестирип, эң керектүү мүчөсүнөн ажыратып иттик кылыптырмын. Алардын убалына калыптырмын да,  иттики десе.

Адамдар деле ошондой жаралат экенбиз. Бирөөгө сүрөт тартууга,  башкаларына ырчы, акын, жазуучу,  уста, дарыгер айтор, түрлүү кызматтарды аткарууга ылайыктап шык таланты берет тура жараткан. Кудум эле тайганга куйрук бергендей. Анан эле карасак куйруктарыбыз кесилип,  чолоюп, же үргөнгө жарабай, же жүгүргөнгө жарабай эптеп-септеп нан таап жегенге курсант болуп жүрүп калат турбайбызбы.

Ошондо биздин куйруктарды кескен ким? Биринчиси өзүңдүн эле сени жанындай көргөн ата-энең.  Алардын сага берген тарбиясы, көп учурда эч кандай тарбия бербегендиги,  баласынын шыгын туура баалабай; таптакыр башка жолго салып жибергени. Экинчиси – көчө. Үйүнөн таба албаган тарбияны бала көчөдөн издейт. Илгери көчүп-конуп жүргөн көчмөн кыргыздарда көчө деген болгон эмес. Өлгөн манап менен байдын же анын тууганынын атын коюп,  боз үйүнүн  капталына номур илген көчөсү бар кыргыз айылын кайдан уктуң эле?

Ал кезде адамдар да башка,  пейилдери да башка эле да. Бир атанын балдары бир үйдөн, бир казандан тамак ичишчү. Атасынан албаса тарбияны чоң атасынан, чоң атасы жаман болсо кошунасынан алуучу дегендей. Кошуна деле бир туугандай эле. «Балакетиңди алайын, мээнетиңди алайын аман жүр, аман-эсен бол, жакшы адам бол»– деп тууганчылыгы деле алыс эле айылдаш аталар,  апалар жалынып-жалбарып баталарын бергендеричи. Бир апабыз тентек кылган балдарды да «оо, тукумуң өскүр!» деп урушаар эле. Эмикилер бирөөнүн баласына жалынмак тургай өзү тууган баласын туалетке таштап, өз баласын топ тепкендей тепкилеп жатканын көрүп  жатпайбызбы.

Кечээкиден калган этин сорпосуна арткан кашектерди камыр кошуп жылытып, чоң табаккка куюп ортого койсо,  томурайган мадыра баш балдар биринен бири талашып, жалгыз кашык менен эле жеп алышчу. Азыр тили жаңы чыгып келаткан небереңдин  кашыгын алып, байкабай чайыңа малып койсоң, башка таза кашык сурап ыйлайт.  Дасторкондо жайнаган тамакты жедире албай апасы менен мамасы табагынын көтөрүп артынан жүрүшөт. Бир аз чоңойюп, мурундары дердейе баштагандан баштап үйгө байлап токтото албайсың. Көчөдө клей жыттаган, асмай аткан, ууру кылган кудай аткырларга жолукпаса экен деп тилеген эле ата-эне.

Үйдө отуруп калса жанагы бетке чапмай телефондорун чукулап, интернет деген балээге балга конгон чымындай жабышып чыгышпайт. Тууган,  кошуна дегендерге чакырмайын кирмей жок. Анда да аттарын атап чакырбаса аялын таштап эри, эрин таштап аялы кете берет. Эшигинин алдына барсаң чай ич дегенди кой, нан ооз тий деген калып бара жатпайбы. Чакырмайы да азайган, келин алса да,  айылга жаңы үй салса да тоюн Токмок менен Бишкектин кафелеринде өткөзмөй адат табышты. Эки саат кечиккенден уялбай,  убагында келгенден уялышкан кудаларын күтүп,  бирин-бири кайталаган тостторду угуп, болушунча дүңкүлдөп кулагыңдын кулкунан бери күбүгөн музыкасынан жаныңдагы отургандар менен оңдуу сүйлөшө албай, башың ооруп, баштыгыңды толтуруп кайра келесиң. «Аш көп болсо каада көп» деген ошол турбайбы.

Маке деген аксакалыбыз айтып жатпайбы,  тиги кошунаныкына кирбегениме 5 жыл болду,  аркысыныкына кирбегениме 7 жыл болуптур деп. Киришпесе,  чогуу жүрбөсө, бири-бирине чоочун кишидей мамиле кылса, кайдагы оң таасир,  кайдагы тарбия. Анысы аз келгенсип жүүттөрдүн арааны жүрүп: «Жандай көргөн жакын досуң болсо дагы билгениңди үйрөтпө, көргөзбө, болбосо эртең эле бизнесиңди тарттырып жибересиң»– деп окутуп жатышпайбы.  Кыскасы, куйрукту кыскартчу жагдайлар көбөйгөндөй.  Байкасам, азыр айылдын теңинен көбү жаш кезинен куйругунан ажыраган бечаралар экен. Мына, Тынчтык байкени эле алалычы.  Экрандан түшө калгансып өң десең өңү, бой десең бою, келбетине жараша калемпир мурчтуу тили, эки миздүү дамаскинин болот кылычындай курч ою бар. Анын шакабалуу сөздөрү эчак эле эл арасына тарап кеткен.  Кыскасы,  куйругу кесилген, диплому жок айылдык артистин бири. Куйругу кесилбесе бүткүл Кыргызстанга таанымал Күмөндөрдөн калышпаган эл артисти болмок. Анын эки-үч жоругун айтып берейин, өзүңөр баалап көргүлө.

Тынчтык мектепти аяктагандан кийин Сабит  экөө Балыкчыдан шоопурдун окуусун окуп жүргөн кези экен. Бир күнү айылга барып келмек болушат. Автовокзалдан тааныштарына жолугуп  «торпок баш» борматухадан бир топ бастырышкандан кийин кызымтал болуп автобуска отурушат.  Көк-Мойноктун тушуна келип калганда Тынчтыкты кудай урбаспы.  Алдында улгайып калган апасынын жанында отурган кызын мойнунан имере тартып өөп жиберет. Жанындагы апасы ызы-чуу кылып,  кайра артка айдатып, тиги экөөнү милицияга тапшырып бермек болгондо, кудай жалгап ошол жерде бараткан аксакалдын киришүүсү менен сапарларын кайра улантышат. Быстровкага келер келгиче жеме уккан Сабит ичинен Тынчтыкка жини кайнап: «Шашпа,  сени жерге түшкөндө кыз өпкөндү көргөзбөсөм» деп кекенип келаткан.  Автобус Быстровкадан токтоп, жерге түшөр замат Тынчтык Сабиттен озунуп:

– Сабит, сен теңтушчулукка жок ит турбайсыңбы.

– Ии, мен эмне кылып иттик кылыптырмын,– дейт ого бетер ачуусу келген Сабит.

– Мен кызын өпкөндө сен апасын өпсөң, мынча тил укпай эле келбейт белек,– дептир Тынчтык.

– Сага айла жок тура,– деп күлгөн экен Сабит айласыздан.

Тээ, илгери ыраматылык СССР учурунда колхоз, совхоз дегендер болуп, айылдагы бүт чарба ошолордун карамагында эле.  Совхозду деректир башкарып,   парторгу, профкому көзөмөлгө алышчу.  Бир жолу ошол совхоздун көзүрлөрү кеңешип отурушса кеңсеге Тынчтык кирет. Берген тапшырмасын аткарбай келгенин уккан деректир ачууланып:

– Ой, Тынчтык сен бир ит экенсиң го, качан болсо ар кайсы шылтоо айтып кызматыңды так аткарбайсың,– десе…

– Асылбай Ырысбаевич, тегерегиңиздин баары ит болсо эле мени да ит дей бересизби,– дептир Тынчтык.  Деректир парторг менен профкомун бир карап алып, Тынчтыкты кеңсесинен кууп чыккан экен.

Тынчтык карт бойдок болуп жүрүп кеч үйлөндү. Ошол үйлөнө элек кезинде уулу өзүнөн бир топ жаш улуу аялга үйлөнүп алган Сабыр деген теңтушу элдин ортосунда ар нерселерди айтып берип кыраан-каткыга салып жаткан Тынчтыкка тийишип:

– Бакылдап жүрө бербей катын албайсыңбы? Кебетеңди карачы, сыркоолоп айыгып,  чала түлөгөн жылкыдай болуп жүдөп калыпсың,– десе:

– Мен алчу катынды сенин балаң алып албадыбы,– деп өчүргөн экен.  Айта берсе Тынчтыктын сөздөрү түгөнбөйт. Калганын шашпай айтып берермин. Азыркы аңгемем куйругу кыркылгандар жөнүндө болуп жатпайбы. Жаштайынан өз нугуна түшүп, тиешелүү окуу жайында окуп билим алса, элге белгилүү таланттарга аралашып сабак алса,  талантын бакса андан сөзсүз мыкты артист чыкмак, аттиң.

Дагы бир куйругу эрте кыркылгандардын бири – Калы. Ал колунан көөрү төгүлгөн уста эле. Калы тогуз жашка чыгып калган кезде жылкычы атасы эки чанач кымызды артып совхоздун деректирине жеткизип кел деп жиберет. Дөөлөтүнө,  мансабына чиренип дөгүрсүп турган деректир коноктору менен күүлдөп отурушкан экен,  чаначтарды чечтирип алган соң, Калыга мусулман стаканга толтура винону ичирип туруп коё берет.  Илгери 250 граммдык кырдуу стакандарды айылдыктар мусулман стакан деп коюшар эле. Азыркылар ичкен  майда стаканды «оймоктой кылбай  ары алпар, муну менен ичсең ашказанга жетпей эле түптүз мээге кетет экен»–  дешип жактырышчу эмес.  Мээси катый элек жаш балага ошол 250 грамм вино эле көптүк кылат да. Жайлоого жеткиче соолуга албай аттын улам бир жагына ооп отуруп жеткен уулун атасы көтөрүп барып жаткызат.  Ошол бойдон тарс уктаган Калы эртең менен атасынан коркуп калп уктамыш болуп турбай жатса,  атасы кошуналарын чакырып алып:

– Уулум киши болуп калыптыр, кечээ оолжуп мас болуп келди,– деп сыймыктанып, мактанып жаткан экен. Жарыктык киши мас болсо эле чоңоюп калгандай сезсе керек уулун. Ошол күндөн баштап Калынын оозу ичкиликтен кургай элек. Кудай талаа ага усталык өнөрдү тартуулаган экен, кийин курулуш цехине барып иштеп калды. Ал жер эми арак дегениң өзү эле агып келип турган жер да. Кудайдын куттуу күнү тигини жасап бер,  муну жасап бер дегендер бирден бөтөлкөсүн сала келмейи турган иш.  Болбой калды дегенде жанындагы шериги Ниязбек экөө бозо салган үйлөрдүн бирине жөнөшөт,  киши көчөгө чыгып сийгенден заарканган чилденин суугунда люлкалуу көк урал мотоциклине минип алышып.

Ал кездерде элдин пейили башка эмес беле. Үймө-үй бозо салышып, бозо салган үйгө таң атпай бозо  издеген саламчылар биринин артынан бири келип опур-топур болуп береке төгүлүп турар эле. Бозо сатмай,  кымыз сатмай,  жарма сатмай,  сүт сатмай, керек болсо бүт сатмай деген үч уктаса түштөрүнө кирчү эмес. Кайран заман,  өтүптүр да. Ошентип,  жайланып отуруп,  көбүгүн черткен бозодон эки үч кесе лактырышкып,  дене баштары чала-була жазыла баштаганда Калы отурган үйдүн эшик терезесине көз жүгүртүп Ниязбекке карап:

– Нияз, бул байкемдин эшик-терезелери эскирип кетиптир, колдон келип турганда жардам кылып коёлук,– дейт да чөнтөгүнөн закускенин майланышкан тагы түшкөн,  барактарынын четтери туурулуп,  буга чейин эле чиймеге толгон блокнотун алып чыгат.  Ниязы төш чөнтөгүнөн бүктөмө метрин алып шыпылдатып эшик-терезенин узун туурасын ченеп айтып баштайт. Экөө антип-минтип ченеп бүткүчөктү дасторконго жөөлөшүп шыңгыраган бөтөлкөлөр келип калган болот. Ойдо жокто оңой олжо өзү келип жатса 2-3 бөтөлкө кеп эмес да. Кийин артынан калбай ээрчип жүрүп бирин-серини эле жасатып албаса, ал чиймелер чийме боюнча кала берчү.

Ал заманда эл бир-эки эле устанын көзүн карачу.  СССР кулап эгемен болгону ар бир үйдөн бапке көтөргөн башкарма,  калькулятор көтөргөн бухгалтер, уколун өзү сайып, малын өзү дарылаган ветврачтар чыкпадыбы. Кыргыз кандай заман келбесин тез эле ыңгайлашып, ыгын таап алган эл экенбиз. Балдарыбыздын экисинин бири уста болушту.  Болгондо да «евро ремонт» менен Европада иштешет. А Калыдай болгон эски усталар эч кимге керексиз болуп калды. Анан Калы байкуш кантсин,  баягыдай баркы жок,  көрүнгөндүн  «хвостуна» отуруп, дүкөндүн жанында айланчыктап калган кезеги.  Атасы балам киши болуптур деп кубанбай, ичкилик жакшылыкка алпарбасын түшүндүрүп, балким катуу жазалап койгондо, куйругу жаштайынан кесилбей тагдыры такыр башкача болмок. Тынчтыктын, Калынын катарына мектепте мыкты окуп,  Мукаш агайымдай математик болом деп далалат кылып жүрүп, сен кетсең биз кантип оокат кылабыз деп карган ата-энеси окууга жибербей койгон,  мээсиндеги формулаларды эчен жылдан бери ичкен арагы да өчүрө албаган Каныбекти, денеси чымыр, таш булчуң,  шамдагай, мээси да эки ядролуу компьютердей иштеген, дүйнөлүк деңгээлдеги спортсмен болгонго бардык жагы шайма-шай, бирок көчөнүн таасири менен башы милиция менен түрмөдөн чыкпай чоң бандитке айланган Жаныбекти,  ичкиликтин айынан бул жалган дүйнөдөн он гүлүнүн бири ачылбай кете берген далай жигиттерди кошсо болот.

Эми, көпчүлүк болгондон кийин куйруктары соо, турмушта өз ордун тапкандар деле жолугат экен. Кой аксагы менен жүз дейт эмеспи. Андайлардын бири – Таалайбек. Атына жараша өзү да таалайлуу жигит экен. Бир үйдүн жалгыз уулу болгондуктан, ата-энесинин эрке талтаңы болуп, эч жамандык көрбөй чоңойду. Армияга барганда ооруп калып, жарым жылдан ашык госпиталга жатып,  «деддердин» таягынан кутулуптур.  Союз учурунда төрт ай иштебесең түрмөгө кесип жиберчү эле. Ал андыктан тийип качып Таалай экспедитор, учетчик деген сыяктуу чаң жукпаган жумуштарды таап алуучу. Кудай аялдан да бак айтып,  сырт жумуш менен үй жумушун бирдей кылган талыкпаган иштерман, үйүң өрттөнүп жатат десең да тоотпогон пилдин терисиндей калың нервдүү жубайды буйруптур.

Картошкасы казылып жатабы, чөбү чабылып жатабы, Такеңе менин беш жашар неберем айткандай «чын жүрөктөн баары бир». Союз ураганы ушунча болуп пивонун кружкасынан оор нерсени көтөрүп көрө элек. Бир күнү топтошуп карта ойногондордун катарында,  бир күнү кайырмагын алып чоң суунун жээгинде же улак таркандарга күйөрман болуп жүргөнүн угасың. Бир күнү шаарда, бир күнү айылда.  Чөнтөгүндө тамекиси, баш жазганга жүз граммы болсо болду, ага андан ашык бакыттын деле кереги жок. Анекдот десе жата калып, чын дили менен санын чаап каткырып угат. Анын күлгөнүнө эле ыраазы болуп улам жаңысын айткың келе берет. Иши кылып жашоонун кызыгына батып,  көңүлүн чөгөрбөй өмүр сүрүп келаткан дили жаш баланыкындай таза, бирөөгө зыяны да, пайдасы да тийбейген  неме.  Негизгиси, аялынын ага нааразычылыгы жок. Анын ичкенде айрым кошуналары сыяктуу чыр салып ызы-чуу кылбай, тескерисинче, көңүлү ачылып, уккан-көргөндөрүн кызыктуу кылып айтып бергенин,  ушунча жылдан бери кол көтөрмөк турсун жаман сөз айтып көңүлүн калтырбаганын,  бир өзү эле билген жакшы жактарын бааласа керек. Качан көрсөң арылдап-чарылдап беттен албай, ыйбаа кылып,  сылап-сыйпап кийинтип, камкорлук менен мамиле кылганын көрөсүң. Үй-бүлөдөгү ынтымак бири бирин сыйлоодон башталат эмеспи. Сен биринчи сыйла, анан мен сыйлаймын деп акыйлашып отурса сый кайдан болсун.

Адатта бейиш эненин таманында дешет, ал эми кыргыздардын энелери аталарын сыйлоону,  дегеле эркек тананы  сыйлоону жогору коюшат эмеспи. Балким эркекти сыйлаган үчүн бейиш эненин таманындадыр. Таалайдын аялы Сайна дал убагында ата-энесинен ошондой тарбия алган аялдардан тура.  Анан аны Такеңе туш кылып, жуп кылып койгонун карабайсыңбы. Таалайдын төрт-беш ага-иниси динди бекем тутушкан такыба инсандар,  Меккеге барып ажы болуп келишкен. Алар бир күнү Таалайды ортого алышып:

– Ичкилигиңди таштап, намазга жыгыл. Жакшы эле ойноп-күлүп жашадың. Эми чын дүйнөнүн камын көрчү убагың келди. Бул боюнча жүрө берсең түз эле тозоктун отуна түшөсүң,– дешсе:

– Тиги дүйнөдө сурак болгондо ар бир ажы тозоктон 400 кишини сурап куткарып алат турбайбы, ушунчаңар жүрүп жалгыз мени тозокко таштап кетмек белеңер,– деп атпайбы.

Эки дүйнөнүн бактылуу адамы деп ушуну айт. Аркы дүйнөдө да адвокаттары даяр. Жакшысы да, жаманы да кудайдан дешет эмеспи.  Таалайга да кудайым ушундай  бактылуу тагдырды берип,  алган сайын алкы ачылган, жулган сайын жулунган,  күнү-түнү жүгүрүп байлыгымды көбөйтсөм деп жүргөн пенделерине: «Адамга бактылуу болуу үчүн көп нерсенин деле кереги жок, ынсаптуу болгула. Кааласам түйшүк тартырбай эле бактылуу кылам, кааласам өмүр бою тытынып жүрүп бактысыз жашоого туш кылам,  тагдырыңар менин колумда» деген эскертүү катары жараткан окшобойбу. Таалай ошол миссиясын кынтыксыз так аткарып келаткандай.

Убакыттын учкулдугун кара, кесилген куйруктар ойлорумду ары сүйрөп, бери сүйрөп, булактаган кызыл түлкүдөй күлүк ойлорумдун кармаганын кармап, кармай албагандарын качырып жүргүчө, иттердин убактысы биздикинен да тез өтөт окшобойбу, баягы жаңы келгенде томураңдап кайсы иттин күчүгү экени билинбей куйруктары кесилген күчүктөрүм чоңойгонсуп, субагай тартып кадимки тайгандардай кебетеленип, кесилген куйруктары бир тутам болуп өсүп калыптыр.

Анда-мында дабыш укса борсулдап үрүп калышат. Самат тайган короочулукка жарабайт, үрбөйт дебеди беле.  Сыягы таза кандуу эместей, үргөндөрүнө караганда… Мейли, жумурка уурдап жебей,  кошунанын тоогун баса калбай, үрбөсө да ит сүрү менен эшик кайтарып жүрүшсө болду. Ит болобу, киши болобу өз тагдырыбызга жазганды көрөт экенбиз да.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.