Ырысбай АБДЫРАИМОВ: Кымыйган мышык

ТАМСИЛ “Алдырбайын”- деп ит-кушка күрп Тоок  саратанда бастырмага жумуртка басты. Кыйла жатып, курсагы ачып чаңкаганда, тамагы какшып суу ичкени ордунан  тура качты. Тоокту тойгузганы ээси  дан чачты. Мышык аны аңдып, жыгач үстү менен жыла басып, жумуртканы чакты. Тоок  ордуна кайткыча эчтекени билмексен, көрмөксөн болуп, чөп арасына жашынып жатты. Ушинтип, күндө жута берди… Жумурткасы азайган Тоок ага башы жетпей не кыларын билген жок. Күнү жетип, жөжөлөр чыкты жумуртканы чегип. Мышык, анда да бирден жеп койот. Тоок кайдан билди? жүргөнү менен какылдап, […]

Лидерлик жөнүндө накыл кептер

Маанилүү иштерди аткаруу оор, башкаруу андан да оор. Фридрих Ницше Мыкты башкаруучулар кол алдындагылар менен өз маселесин талкуулабайт. Аларга өздөрүнүн маселесин айтууга мүмкүнчүлүк берет. Питер Друкер Башкаруу – демек, чынчылдык. Сен туура башкарсаң ката кетирүүгө эч ким батына албайт. Конфуций Алсыз эл күчтүү лидерлерди чыгарат. Ал эми күчтүү элдин лидерге муктаждыгы жок. Эмилиано Сапата Лидерлик искусство – коомдун көңүл чордонун бир гана душманга бурулуусун жана эч бир күч ага жолтоо болбошун камсыздайт. Адольф Гитлер Лидерлик – адамдардын жасай турчусун жасайт, […]

Капар ТОКТОШЕВ: Адам-ата, Обо-эне

Сөз тарыхы – улут тарыхы Бир тамгасы тургай бир үтүрүн өзгөртүүгө катуу тыюу (табу) салынып, Алла-тааланын ыйык китеби саналган «Эски санат» турган тулку, айтылыш урку боюнча кудум эле кыргыз санжырасындай. Анда Адам менен Евадан Авель жана Каин туулуп, андан оң-сол адамзаты тарады дейт. “Куранда” деле так ошондой баяндалат. Ал эми кыргыз санжырасында Көкө-Теңир Адам-ата менен Обо-энени жаратат. Андан Ак уул жана Куу уул. Бул эки эгиздин аттары байыркы япондордо О-усу жана Во-усу, байыркы инуиттерде (эскимос) Аакулугьюси-Уульмаанииртук, байыркы арабдарда Кабиль-Хабиль аталат […]

Түгөлбай КАЗАКОВ: Уйга салынган жоолуктун окуясы

АҢГЕМЕ Айыл дуу дей түштү: – Уктуңбу ай, түндө тиги Сакейдин уюнун эки кулагын түбүнөн кесип кетиптир. – Апе-ей ботом, ким кесиптир? – Билишпейт. Болду-болбоду муну тээтиги Нарындын түрмөсүнөн качып чыккан Зарлык деген эме жасады! – Ал эмне, кулакка талгак бекен? – Ооба, ал кулаксыз туралбайт дейт. – Сөөдүрөбөчү! Нарындан уйдун кулагы табылбай, ушу Сакейдикине келиптирби? Андан көрө уйду айт, уйду. Ал байкуш эмне болуптур? – Ал эмне болмок эле. Кулагына чыдабай музоосун тебелеп салыптыр. Эртең менен башына чоң карала […]

Азамат ТӨКӨРОВ: Жаман көрчү эле

АҢГЕМЕ Экөө бир айылда жашачу. Бир дубал коңшу эле. Бирок эч эле кыртышы сүйчү эмес. Жаман көрчү. Эзелтен жаман көрчү. Эс тартканы жаман көрчү. Эмнеге жаман көргөнүн деле билчү эмес. Жини сүйбөйт эле. Алдынан чыгып калса айласыз салам бергени болбосо, ичинен сөгүп өтчү. Же бир-экөөнүн ортосун кара мышык аралабаган. Бу түбүң түшкүр дүйнөдө атасын өлтүргөндү деле кечирген адамдар бар экен. Кең пейил адамдар көп экен. Бул деле өзүнө зулум көрсөткөн канча адам менен азыр катышып жүрөт. Эч нерсе болбогондой жаркылдап […]