Маанилүү иштерди аткаруу оор, башкаруу андан да оор.
Фридрих Ницше

Мыкты башкаруучулар кол алдындагылар менен өз маселесин талкуулабайт. Аларга өздөрүнүн маселесин айтууга мүмкүнчүлүк берет.
Питер Друкер

Башкаруу – демек, чынчылдык. Сен туура башкарсаң ката кетирүүгө эч ким батына албайт.
Конфуций

Алсыз эл күчтүү лидерлерди чыгарат. Ал эми күчтүү элдин лидерге муктаждыгы жок.
Эмилиано Сапата

Лидерлик искусство – коомдун көңүл чордонун бир гана душманга бурулуусун жана эч бир күч ага жолтоо болбошун камсыздайт.
Адольф Гитлер

Лидерлик – адамдардын жасай турчусун жасайт, каалоолорунун аткарылуусуна мүмкүнчүлүк түзөт. Башкаруучулар түртөт. Лидерлер жетелейт. Башкаруучулар буйрук берет. Лидерлер байланыш курат.
Уоррен Беннис 

Эң жакшы лидер – дасыккан үмүт соодагери.
Наполеон

Лидерлер мотивацияны өздөрү жаратпайт, байламталарын гана чечет.
Конфуций

Лидер – үмүт таратуучу.
Наполеон

Ат үстүндө күлкүлүү көрүнүп жатам деп ойлосоң, атчан аскерлерге лидер боло албайсың.
Жон Пирс

Башкаруучу – чечим чыгарган киши. Кээ бир учурда туура чечим чыгара алат, бирок маанилүүсү ар дайым чечим чыгара билүүсү.
Жон Паттерсон

Көп сүйлөгөн эмес, көп иш жасаган лидер керек.
Азирети Өмер

Башкаруучулар улантат, лидерлер өзгөртөт. Кызматкерлериңерди тандоодо залим башкаруучулар менен иштешпеген жана күнөөсү үчүн мамлекет тарабынан жазаланбаганына көңүл бургула.
Азирети Али

Башкаруучулар иштерди туура жасайт. Лидерлер туура иштерди жасайт.
Питер Друкер

Коомдук өнүгүүнүн да, чирүүнүн да негизинде башкаруучулар турат.
Ататүрк

Кыргызчалаган Урматбек НУРСЕЙИТ уулу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.