«РухЭш» сайты кыргызстандыктарды жана алыстагы мекендештерибизди ит жөнүндө притча менен куттуктайт!

Жараткан Кудай бир күнү бейиш багында сейилдеп жүрсө, кокусунан бадал түбүнөн шайтан чыга калып күңкүлдөп-мыңкылдаганы: – Укканыма караганда, адамды сен жаратыптырсың го? – Ооба, ал жер үстүндө жашай баштады. Эми кабыргасын тапса, бала-чака күтөт. Азырынча отун алып, аны тутантканды үйрөнүп калды. Андан ары үй-жайын курат, а канча миң жылдардан кийин бүтүндөй жер үстүнө өз бийлигин жүргүзөт. – Канча миң жылдардан кийин жалгызсырасачы… – деп жактырбай мурдун чүйрүйт шайтан. Кудайды ой басып түнөрөт да, узун сакалын сыланат. – Мен ага дайыма […]

Латыш эл жомогу: Карышкыр менен түлкү

Карышкыр менен түлкү токойдо жортуп келатышты.  Түлкү тузакка алдооч катары илинген казды көрдү. Ал  ачка  болчу, бирок  казга тийсе тузакка түшөрүн түшүнүп, катуу тамшанды. Муну байкаган бөрү сурады: –  Түлкү курдаш, эмне мынча тамшандың? Же майлуу тамактын жытын алдыңбы? –  Жыт алмак тургай өзүн көрүп турам, тигинде семиз каз илинип турат. Жегим келет, бирок…–  деп ал дагы катуу тамшанды. –  Эмне бирок? Менден мурда жегенден тартынып турасыңбы? Же мени сыйлагың келип жатабы? Жегиң келсе жей бер, сыйыңа ыракмат. Мен токмун, […]

Олжобай ШАКИР: Унутта калган өрөөндүн муңу (2-баян)

Биринчи баян Жол очерки Ак-Шыйракта жалпы мектеп боюнча болгону элүүдөй бала окуйт экен. Мектептен алыс жашаган чабандардын балдары үчүн атайы жатак мектеп 1988-жылы курулуптур. Бир класста 4-5тен гана окуучу билим алып, алар 9-класска чейин гана өз окууларын уланта алышат. Андан да кейиштүүсү – буга чейин майдасы-чоңуна карабай, жалпы мектеп окуучулары башталгыч класстын окуучулары менен бирге отуруп билим алып келген да учурлар болуптур! Биз муну мугалимдердин өздөрүнүн оозунан уккан факт! 21-кылымда мындай шумдук Кыргызстанда гана болушу мүмкүн, болбосо башка кайсы өлкөдө […]

АУДИО: Түркмөндөр пайгамбарга теңеген акын

Улуу акын Махтымкули. Меккеде Мухаммед, Түркстанда Кожоакмат. Бул кош сапты эчен ирет бата берип жаткан казак туугандардан угуп, алардын өздөрү чыгарган импровизациясы деп ойлочумун. Көрсө, XII кылымда өткөн ортоазиялык улуу сопу жазылык Кожоакматты Мухаммед алейхисаламга Махтымкули Фраги да салыштырган экен. XVIII кылымда өмүр сүргөн суфий-акын Махтумкули Фраги түркмөн адабий тилинин негиздөөчүсү. Ал түркмөндөр бирдиктүү эл болуп, өз мамлекетине ээ болуусун тилеп ырдаган. Ошон үчүн атактуу түрколог Бартольд: ”… бардык түрк элдеринин ичинен түркмөндөрдө гана өзүнүн улуттук акыны бар. Ал Махтымкули” […]

Кеңешбек КАПСАЛАҢОВ: Мал базар

АҢГЕМЕ Таң кылайып атканда, узунунан келген базардын темир каалгасы калдырап кошо ачылат. Кайсы мезгил болбосун ар жуманын акыркы күнү ушул абал кайталанып турат. Ал күн – базар. Сансыз мал жандыктары ар тараптан каптап киргенде кык аралашкан боз топурак базар ичинде уюлгуп эле жатып калат. Бул тегеректе жашаган элдин ырыс-кешиги ушул базарда. Колундагы бар малын сатат – алганы менен жанын багат. Аймактын аба-ырайы катаал келгендиктен, тобокелге салып жер тытмалоонун оордуна көбү мал-жандыктан убайым көрүүгө ыктап алышкан. Ал күндөрү базардан үч түрдүү […]

Поэзия: «РухЭштин» адабий антологиясынан (2-бөлүк)

Сүйбөйм сени Сүйбөйм сени: түбөлүккө муздадым, Бирок анын себептерин билбеймин. Жаз чыкканда терезеңди каккылап, Бай төшөктүү жакшы үйүңө кирбеймин. Бала, жардан, бир туугандан артыкча, Бул дүйнөдө сүйгөнүм бар жапжалгыз, Билген билер, анын жанга ысыгын, Биздер гана жыргап кумар тартарбыз. Аным эмне? Өлбөй турган жакшы ырлар, Бул турмуштун ырлары бар укмуштуу, Күчү кетип талыкшыган күндөрдө Эр азамат иче турган мүрөк суу. Ырас, курбум, ырастыгын ким билбейт, Бул турмуштун ырлары бар укмуштуу, Жанга кубат керек болгон күндөрдө Эстүү жигит иче турган дары […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Аптапта көздөн учкан суусундук

АҢГЕМЕ Бул окуя илгери-илгери бир орус кыштагында болуптур. Ал кездерде орустун өлкөсүн падыша башкарып, падышанын кызматындагы аскерлер жыйырма беш жыл кызмат өтөшчү экен.  Күндөрдүн бир күндөрүндө, айлардын бир айларында сакалдары көкүрөгүн жапкан атчан аскерлер падышанын тапшырмасы менен алыс сапарга чыгышат. Жайдын аптабы.  Күн жерге үзүлүп түшкөндөй ысып, ат туягынан жолдун чаңы сапырылып, аттары илээлейт. Ооздору кургап, тилдери оозуна батпай бир тамчы суу көздөрүнөн учуп келатышып, акыры бир чакан айылга туш болушат. Көчөдө өмүрү кийим кийип көрбөгөн немедей, денелери күнгө күйүп, […]