ТАМСИЛ

Токойдун  тилеп тынчтыгын,
жаныбардын ойлоп кыштыгын.
Таланганын көрүп ырыскынын,
Токойго башчы Арстандын
кашайды жаны.
Тартипке салмак болуп жаамын,
жеп-ичкенге жайып тузакты,
кептин айтты ачыгын:
– Жырткычты катып үйүнө
эл-жерге бүлүк салгандар,
уурдап, үлүш алгандар,
байлыкты жара тарткандар,
кампага колун малгандар.
Алсыз жанды соо койбой,
бак-даракты кыйгандар —
алышат толук жазасын!
Алар үчүн ачабыз,
кеңири, оозун капастын.
“Тим жүрөт” деген Илбирс
Бугу, маралга асылып,
Төө куштун баарын качырып,
майда жанды, сапырып,
коргоосуз калды, макулук!..
Калтырып сөөктү кажылган,
бүкүлү этти – билинди
тымызы-ын
үңкүргө ташып жашырган…
Арстандан кийин
башкармак болгон токойду —
Илбирс өзүнчө тырчып,
андан издеп кынтык,
көтөрө албай сынды
дымагы күчөп,
жини курушту.
Жаланып ооз-мурутту,
Арстанды ойлоп ээрден жыгышты,
“жара чайнайм, — деп — бу кыйынды”,
тишин кайрап кыжынып,
билегин түрдү.
Жүргөн үчүн шүйкүмдүү
беттен алып Арстанды
ага тагып  айыпты,
алты саат бою арбашты.

♦ ♦ ♦

Айрым адамдар болот:
Оңолсун деп акыл айтсаң,
тескери ойлойт.
Жүйөөсү жок, кекенип,
ызырынып, оозуңа коёт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.