“Сармерден” ресторанынын кожоюну Дүйшөмамбет Орозалиев жана «РухЭш» сайтынын өнөктөштүгү менен уюштурулган бильярд боюнча мелдеш сый тамагы менен кошо экинчи жолу өткөрүлдү. Аталган сайттын туруктуу авторлору үчүн айына бир жолу болуучу бильярд оюнунун бул жолку меймандары белигүү публицист Эсенбай Нурушев, композитор, коомдук жана мамлекеттик ишмер Түгөлбай Казаков, мурда илимпоз, азыр жеке ишкер Разак Сайдилканов, бизнес-тренер Турдумамбет Гайыпбердиев катышып, өзүм бильярд оюнун билбесем да үлкөндөрдүн нускалуу кептерин диктофонго жазып алууга гана жарадым.

Назгүл Осмонова: Эсенбай агай, адабиятка сабаттуулуктун кереги барбы, муну айткан себебим, сиз азыр эле мыкты талантка окуунун кереги жок дебедиңизби. Ошондо сабатсыздык маселесин кантебиз?

Олжобай Шакир: Ой, Эсеке, антип угуза көрбөңүз элге. Ансыз да караңгылык каптаган коомго бул айтканыңыз майдай жагып жүрбөсүн. Кыргыз акын-жазуучулары ансыз деле кыйратып китеп окугандардан эмес.

Э.Н.: Мен окубаш керек дегенди башка мааниде айттым. Жазуучу болом деген адам окушу керек, окуганда да абдан көп окуш керек. Мен жакшы чыгып келаткан акын-жазуучулар башка элдин адабиятын казып окуйм деп алардын таасиринде калбашы керектигин айткандагым. Экинчи жагынан бул какшык иретиндеги тамашам. Себеби биздегилердин көбү ушундай түшүнүктү ташынып жашагандар. Муну бирине бири айтып да маашырланып жүрүшөт. Орустун мыкты акындары Анна Ахматова, Блок, Марина Цветаева дегендер башка элдин адабият-маданиятын казып окушкан. Акын деген “смелый” болуш керек. Вознесенскийди окудуң беле? Ал айтат: “Я твой вечный поэт, твой вечный любовник” деп. “Я любил двух женщин, они были близнецы” дейт. Генийлер адамзатына жаңы кудай таап бергени менен гений. Мисалы, Сократты алалы. Сократты эмне үчүн өлүм жазасына тартышкан? Аны жаштарга биз ишенген кудайга ишендирбей, башка кудай таап берип, аларды буздуң деп айыпташкан. Ошондо эле жаштар бузулуп баратат, жаштар сабатсыз болуп баратат деп айтышкан. Бул түбөлүктүү тема. Улуу муунга кичүү муун бузулуп бараткандай, кичүү муунга улуу муун келесоо болуп бараткандай сезиле берет ар дайым.

Р.Сайдилканов: “Өткөндү мылтык менен атсаң, келечек сени замбирек менен атат” деген ошол эмеспи (күлүп).

Э.Н.: Ошондо мени замбирек менен атканы турасыңбы? Диоген деген болгон да эй, чак түштө шам көтөрүп, базар аралап жүргөн. “Сага эмне болду?” деп сурагандарга “Адам издеп жүрөм” деп жооп кайтарган эмеспи. Көрсө, адамдан адамды издеп калуу деградациясы ошондо эле башталган экен. Жалаң Диогендин айткандарын жыйнап туруп кыргызчалап берсеңер, учурдагы акылдуу көрүнгөндөрдүн көбүнүн плагиаттыгын таап чыгасыңар. Диоген аянтка келип философиялык дарс окуп атып эле бир маалда тоокчо какылыктап калыптыр. Ошондо элдин баары чогулуп калышат. Анда Диоген мындай дейт: “Мына, силердин бар болгон акылыңар. Акылдуу кептен баштасам укпайсыңар да, тоокчо какылыктасам, жем издеген тоокчо баарың чогулуп калдыңар”.

О.Ш.: Жакшы кептен баштадыңыз. Бильярд үстүндө эс алганча учур адабиятында кимдер жакшы жазып, кимдер начар иштеп жатканы тууралуу да кеп салганча отуралы.

Э.Н.: Адабиятта жаңылыктар болуп атат. Жакшы иштеп аткандар да жок эмес. Адабий чыгармаларга бейтарап өңүттөн туруп гана сын айтыш керек.

О.Ш.: Азыр өндүрүмдүү иштеп аткандардан Нуралы Капаровду байкадым…

Э.Н.: Нуралыда сезим бар. Ал чоң акын. Мына Нуралынын чыгармачылык өсүшүн байкадым. Мыкты ырларды жазып салыптыр. Акындарга келчү болсок, алардын баары бири-бирин кайталайт. Алыс барбай эле эң мыкты деген Омор Султанов агайыбыздын ырларында да көп кайталоолор кездешет. Мисалы, “Сендейди мен кайдан гана таба алдым” деп жатат. Мындай саптар кимде гана жок. Константин Симоновдо бар. «Сенден тажадым, башкасын тапкым келет, бирок ал адам дал сендей болушу керек», — дейт. Бирок «сендейди кайдан таба алдым»,- деп жатат. Муну Омор Султанов гана айтмак.

Н.О.: Акыркы күндөрү кайсы китептерди окудуңуздар?

Р.С.: Акыркы окуган китептеримден мага Султандын (Раев) жазгандары жагып жүрөт. “Жанжазасы” менен “Топону” аябай жакты. Менимче, өзү үчүн окуган окурман гана чыгармага туура баасын берет. Анан кийинкилер Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемелерин макташат экен. Мен ал авторду окуп чыктым. Жакпады. Ой анын жазгандары көркөм очеркке да жакындабайт. Азыр жалаң ошого окшогон авторлордун заманы келди…

О.Ш.: Коюңузчу, Разак байке. Кунт коюп окудуңузбу? Эми баардык аңгемесин укмуш дебейм. Арасында мыктылары бар. Маселен, «Долу» дегени метафоралык ыкмада сонун жазылыптыр.

Р.С.: Сюжети кандай эле, эстетип койчу…

О.Ш.: Дарыя боюндагы кыштак элинин турмушу көбүрүп-ташып аккан сууга жуурулушуп кеткени сонун метафора. Ошол кыштак элинин ата-бабалары да илгери дарыя жээгинде отурукташып, шалы эгип тиричилик өткөрүшкөн экен. Автор анан минтип атпайбы: «Дарыяга жакын кыштактагы кээ бир адамдардын пейили, мүнөзү да ушул сууга окшоп кетер эле»… деп барып анан башкы каарманы долу кемпирдин кыял-жоругун кемелине келтирип жазган. Башкасын окубасаңыз да ушунусун кайра окуп көрсөңүз. Андан бөлөк да «Чыныгүл», дагы кайсы эле?.. «Орунча», «Пирим молдо» сыяктуу мыкты аңгемелери бар. Азыр эске келбей атканын…

Р.С.: Долу кемпири андан ары эмне болот?

О.Ш.: Оодарылып, оргуштап аккан дарыянын суусун ичкен эл соо болмок беле. Ошол дарыянын мүнөзү автордун башкы каарманына өтүп кетет. Дарыя суусу күргүштөп турган мезгилде алтымышка таяп калган чалдын долу кемпири да толкуп, оргуштап, ыргыштап баштачу экен. Чалы же балдары кемпирдин айтканына аний деп койсоле бүттү, «дайрага агып өлөм» деп алкынганын койбойт. Күрпүлдөп аккан сууга агып өлөм деп коркутканы коркуткан. Балдары, абышкасы, ал эмес келиндери да кемпирдин көзүн карап кыйпылыктап, кемпирди дайра жакка баспаса экен деп куурашат. Улам коркутуп көнгөн кемпир келиндеринен да уялбай, анда-санда үйүндөгүлөргө сериял көрсөтүп жадатат. Сөздүн кыскасы, бир күнү адатын карматып дарыяга алкынып жөнөйт. А абышкасы насыбай ийлеп отурган болот. Карап да койбойт. Балдары, келиндери да тымызын сүйлөшүп алгансып бу жолу бирөө да кемпирдин аркасынан чуркабайт. Долу кемпир дарыяга жакындаган сайын артына кылчактаганычы. Артынан «куугун» көрүнбөйт. Кемпир дарыяга мына-мына чөгүп өлөр болуп, артын карайт. Жым. Жалбарчу киши жок. Маасысын чечип, байпагын жууп, жүзүн сууга чайып, ачуусу тарай баштаганда – чыдамы кеткен чалы жетип келет. Кемпирдин таарынычы сорок этип кайра турат: » Куураган какбаш, – дейт, – биртике кечиккениңде экинчи маасымды да чечип, сууга боюмду таштамак болдум эле» деп, үйдө беймарал отурган балдарына ызаланат. Ичинен минтет: «Чоңоюшту, катын алышты, эми аларга эненин кереги не? Бечара абышкамдан башкага өлгөнүм баары бир тура. Чалым эле түтпөйт тура мага». Ошондо абышкасына өмүрүндө биринчи жолу көңүлү агарат, ыраазы болот. Бирок сыртынан билдирбейт. Арадан жылдар өтүп, абышкасынын көзү өтөт. «Отуз уулум болгончо, оосурак чалым болсочу» деген кыргыз накылы кемпирдин мээсине ошондо келет. Акыры автор минтип жыйынтыктайт аңгемесин: «Көрсө, кемпирди оолуктуруп, алкынтып дайрага чуркаткан абышкасынын деми тура». Көрдүңүздөрбү?.. Шайдуллаеванын бул аңгемеси просто классика! Муну грузиндердин кыска-кыска күлкүлүү фильмдери бар го, долу кемпирди да так ошондой кино кылып тарта турган мыкты чыгарма. Биздин көп жазуучуларыбызда Топчугүл эженикиндей кыска көлөмдөгү мындай чыгармалар өтө чанда.

Р.С.: Мага бир да аңгемеси жаккан жок айтор. Капкайдагы бирдеңкелер. Мына, чыныгы жазуучу деп Султан Раевдин чыгармаларын айтса болот. Окудуңарбы?

О.Ш.: Мага «Жанжазасы» анча жакпады, а «Топон» деген» романын окуй элекмин. Мага «Жанжаза» романындагы Чыңгызхан жөнүндөгү бөлүгү гана таасир этти. Анысын керек болсо өзүнчө чыгарма катары караса да болот. Укмуштай курчутулган психологиялык абалды ошол бөлүгүнөн окудум. Бул чыгармасы туурасында сын макаламды да жаздым. Менин ыраазы болгонум, Султан байкеде сынды туура кабыл алган маданият бийик экен. Болбосо бизде бирөө-жарымга сын айтсаң, бүттү. Атасын өлтүргөнсүп жек көрүп калышат. А Султан байке менен кайра так ошол сын макалам жарыялангандан кийин мамилебиз жакындап, бири-бирибизге саламыбыз түз бойдон калдык. Башкалар менен да жазуучулук алакабыз ушундай болсо дээр элем… Чынында мага Султан Раевдин те жаш кезинде жазган повесть, аңгемелери укмуштай сезилет.

Э.Н.: “Жанжазада” автор уламыштарды интерпретациялаган. Деги эле аялдар темасы дүйнөлүк адабияттын өзөктүү темасы эмеспи. Раев бийик деңгээлдеги, интеллектуалдуу жазуучу. Даярдыгы да жакшы. Бышып жетилген.

О.Ш.: Билбейм, айтор мага «Жанжазасындагы» порно элементтердин жыштыгы, каармандарынын жалапчылыгы жакпады.

Э.Н.: Эми сюрреализм агымындагы чыгарма деген ошондой көп кырдуу болот.

Турдумамбет Гайыпбердиев: Мурун кыздарды чачын кырктырдың деп айыпташса, эми паранжысын алып салалышпай убара болуп жаткандай кеп го бу…

Н.О.: Түгөлбай агай, сиз түш көрөсүзбү?

Т.К.: Түштү күнүнө көрөм. Бирок көбүнчө унутуп калам. Өмүрүмдө төрт жолку көргөн түшүм оңунан келди. Кыргыз «түш бир айткандан, бир жоругандан бузулат» дейт. Төрт жолу түшүм ордунан чыгып атса, кантип ишенбей коё алам. Бир жолу таякем үйүн жаап жатканда барып учураштым. Ошол күнү түшүмдө ошол таякемдин моюнун бурап туруп суу жээгинен өлтүрүп салышты. Апама айтсам, «түшүң түлкүнүн богу» деп урушуп койду. Эки күндөн кийин эле таякемди суу жээгинен мойнуна зым ороп өлтүрүп кетишти. Ошол күндөн тартып апам мени молдолорго алпарып, дем салдыра баштады. Молдолор окуйт, мен чарчаганда уктап калам. Мындай түштү эртең мененки үрүл-бүрүлдө гана көрөмүн. “Сүйүү жазы” обонумдун кайрыгын да түшүмдө уккамын.

Н.О.: Эмне үчүн кийин обон жаратпай койдуңуз? Мыкты ырларды окуганда обон чыгаргыңыз келбейби?

Т.К.: Жок, Назгүл. Жакшы кайрыктар баёо, таза жандүйнөдөн жаралат. Адам деген булганат экен, бирөөнүн көңүлүн калтырасың дегендей… Бул жашоодо кирдейсиң… Ким бирөө сени тилдейт, сен да бирөөнү тилдейсиң. Мен эми калыптанып калган муундагы адаммын да. «Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың» дегендей, Ырысбай Абдыкадыров, Тагаев, Жумалиев, Рыскулбеков сыяктуу залкар таланттардын музыкасы менен чоңойгон жаным, кийин кайсы бир бийиктикке жеткенден кийин обон жазууну токтоттум. Себеби ал бийиктикке кийин жетет белем, жокпу, мен үчүн ошол олуттуу маселе болду…

Н.О.: Канткенде адабий тилибизди байытабыз? Эсенбай агай, тилибиз келегей болуп баратат деген оюңузду көп угам.

Э.Н.: Тил кыйын маселе. Эң мыкты деген жазуучубуз Ашым Жакыпбековдун чыгармаларын окуп көрсөм анда да калька бар экен. Анын өзүнө келген учуру “Теңири Манас” болуптур. Анысын тим эле ырдаткан. Азыркылар “сүйгөнүм”, “ашыгым”, “жолдошум” деп сүйлөйт. Муну “Манаста” ынтыгым деп айткан. “Ынтыгым” десе ынтыгып кетти деп түшүнбөш керек. “Ынт” деген сөз бул – ынтаа коюу, көңүл коюу деген эле маани. Чубак ажы “сүйүктүүм” деп атап жүрөт, анча болду арапча эле айтса болмок. Медресени бүтүп келген киши кантип сөз таппай калсын…

Н.О.: Тамаша кептерден таштасаңыздар анда (Баары оюн кызуусуна алаксып тургандан улам, сөз учугун башка өңүттөн улоого туура келди – Н.О.)

Р.С.: Илгери Өзгөнгө барып калдым. Автобус толо эл. Бир маалда аксакал эле киши сүйлөп калды: “Баланча деген досум уулдуу болуп той берип, ошонун жентегинен келатам”. Анда эл арасынан бирөөсү, “ой, мына менин жашым сексенге барып калды, ошондо ал кишиң токсондорго барып калбадыбы. Анан кантип балалуу болсун” деп калды. Сөз баштаган аксакал ошондо мындай жооп берип: “Жаштайынан чучугу толо эт жебеген эркек гана аялдан эрте калат. Сен мени текшергиң келеби? Аялыңдын жашы канчада? Мага алып келе аласыңбы?” деп тигинин жаагын жап кылса болобу…

Т.К.: Акбар досум (Рыскулов) айтып калчу бир азили бар. Сексен экидеги киши дарыгерге келет дейт. Дарыгер эмне арызы бар экенин абышкадан сураса, «эч жерим деле оорубайт, бирок көчөгө чыгып кыз-келин көрсөм эле артынан калбай чуркап берем» десе, дарыгер эмне демек эле: «аныңыз жакшы экен», — дейт.

Десе абышка: «жакшысы жакшы го, бирок бир жаман жери – кууп баратып мына жете бергенде эмнеге кууп баратканымды унутуп калам», — дейт имиш.

 

Жазып алган Назгүл ОСМОНОВА

«РухЭш» сайты «Сармерден» ресторанында өтө турган кийинки бильярддык мелдешти 2018-жылдын январь айына белгилөөдө.

One Reply to “Эсенбай Нурушев «улуу муунга кичүү муун бузулуп бараткандай, кичүү муунга улуу муун алжып бараткандай сезилет» дейт”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *