Улуттук Академиялык драма театрынын декабрдагы репертуары

11.12-12.12 Ч.Айтматов “Кылым карытаар бир күн” – 18:00 13.12.  Ч.Айтматов “Саманчынын жолу” – 18:00 14.12.  Ч.Айтматов “Чынгызхандын ак булуту” – 18:00 18.12  Ф.Буляков “Бакбергендин балпайган бактысы”  – 18:00 19.12 Б.Жакиев “Көздөн учкан Ата-Журт” – 18:00 20.12 Т.Абдумомунов “Абийир кечирбейт” – 18:00 23.11. Т.Жуженоглу  “Бейтааныш”  – 18:00 Администрация   66-05-90 Касса  66-57-17 Фейсбук – Кыргыз Драм Инстаграм-kyrgyzdramteatr_official

Адабий сын боюнча конкурстун жыйынтыгы…

«РухЭш» сайты белгилүү адабий сынчы Кеңешбек Асаналиевдин 90 жылдыгына карата жарыялаган адабий сын жана адабий изилдөөлөр боюнча конкурстун жыйынтыгы 11-декабрь, саат 19:00дөн 20:00гө чейин КТРКнын «Маданият♦Тарых♦Тил» көрсөтүүсүнүн түз обосунда белгилүү болот. Адабий конкурстун калыстар курамы жана жеңүүчү авторлордун ысымдары түз обо аркылуу жарыяланат! Аталган конкурстун байге фонду – 50 000 (элүү миң) сом. 1-байге – 20 000 (жыйырма миң) сом. 2-байге – 15 000 (он беш миң) сом. 3-байге – 10 000 (он миң) сом. О.э. кызыктыруучу эки байгеге 2 […]

Догдуркүл Кендирбаева: Ынтымак болбосо — ырыс жок

АҢГЕМЕ Асан, Зебо, Сабира, Антон, Ынтымак, жана Рахматулло өтө ынтымактуу достордон эле. Алар айылда коңшу жашашат. Мектепте бирге окушуп, бирге ойношчу, бири-бирине мейманга да келип турушчу. Жайкы каникул аяктап, кайра мектепке келүүчү күндөр да башталды. Достор сагынычын таратып, бири-бирине жаңылыктарын божурап жатышты. Эртеси Зебо мектептеги досторуна короодогу жүзүмдөн ала барайын деп бакчага кирсе, жүзүмдөрү соолуп, жалбырактары алсыз бүрүшүп турган экен. Зебо бакчаны кыдырып, алмалардын да соолуп турганын көрдү. Анан жүгүргөн бойдон досу Сабиранын үйүнө келсе анын да алма-өрүгү, гүлдөрү соолуй […]

Дооронбек Садырбаев: Ат коюу

АҢГЕМЕ Башка убактарда ааламды сел каптаганы менен иши жок үргүлөп отурчу эшик кайтарган эткээл байбиче куду мен өтүп баратканда ойгонуп кетип, киргизбей койсо болобу… — Күнүгө эле келип жүрчү эмес белем, сиз мени тааныйсыз го энекебай! — деп жалбарып ийдим. — Келинчегим ушерде жатат, бир дарегин билип эле кайра чыгам… Байбиче бир оокумга дейре менден жийиркенгенсип «жаман көзү» менен карап турду да, анан оозун кере эстеп алып, эриндерин болор-болбос кыбыратып койду. — Ыя, бирдеке дегендей болдуңузбу? Ал дагы ошентти. Чамасы […]

Дилазык: Бала бойдон калгыла

Ыйлады көз жашын тыя албай, Бир айым, көчөдө буркурап. Аңгыча топ балдар келишти, Түртүшүп, ойногон чуркурап. Кайрылып бир бала сурады: — Эжеке ай, эмнеге капасыз? — Аны сен түшүнүш эли эрте… — Түшүнөм, неге антип жатасыз? Анда айтат, шолоктоп ал айым, Арманды ук түшүнсөң, карегим: Ах, мени сүйбөдү бир да жан! Эч кимге жок менин керегим! Бүт күчүн, эрдигин чогултуп, Балп этип, таштады сөздөрүн. Баарынан сурадыңбы эже?—деп, Бакырайтат күнөөсүз көздөрүн. Үчүнчү класстын окуучусунун тилеги Бир жолу жаңы жыл астында эжейи […]

Нуралы Капаров: Салижаным жетпей турат…

Жыйындарда трибунага тура калып, бакылдап радиодон, экрандан, китептин барагынан, гезиттин оромунан чыга калып, кызылдай отко айланып, кыпкызыл чокко айланып, тоң моюн кыргызымды көргөнүндө топону тоско айланып, жакшыны жалындатып, жаманды тороймун деп кыйшайган кыргызымды кыйшайтпай оңоймун деп, бакырып барга айланып, баш чайкап жокко айланып, өмүрүн өз элине сайып коюп, өзү үчүн өмүр сааты бошко айланып, өңгөгө бапыраңдап, өзүнө сараң эле, кыргыздын бактысына жаралган бир кыйышпас агам эле. Өчөйгөн кыргыз көрсө өрттөнүп, күйүп дагы, муңканып муңун айтып, муштумун түйүп дагы, үлпүлдөп жаткандардын […]

Төтө жол: Тогуз кайрык

Улуу Айтматовдун “жазуучу жазбай жүрсө да жазып жүрөт” деген кеменгер кебиндей калемиң бечара ак баракка жорголоп турбаса болорбу, “кулак укса курсак кайнайт”, көзүң көргөнгө көңүлүң толкуйт, ов! Ошондон, дагы бир акылман абабыз Токтогул акын “Тогуз кайрык” деп күү черткен тура. Кайран “Тогуз кайрык…” Айлампадагы адамзат турмуш жолунун арман-кубанычын ушундай бүкүлү айтып, бүкүлү кабыл алып аш кыла сиңирген элден элек, оозеки жана жазма адабиятынын бүткүл дүйнөлүк шедеври “Манас” менен Айтматовду жараткан элден элек… Анан ушундай, ушундай “элек…” деп өчөйүп отура бербей […]

Жалпы кыргыз театр маданиятынын ийгилиги

Бул кыйырда поезддер батыштан чыгышка, чыгыштан батышка байма-бай каттап турат… Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата анын эң алгачкы көлөмдүү чыгармасы “Кылым карытаар бир күн” спектакли Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын Көркөм жетекчиси, режиссер Назым Мендебаиров тарабынан сахналаштырылды. Бүгүнкү күндө Н.Мендебаиров сахналаштырган  А.Несиндин “Торостук зөөкүр”, Б.Чотурованын “Рамаяна” спектаклдери театрдын репертуарында ийгиликтүү коюлуп келет. Буга чейинки спектаклдери театр таануучуларын, көрүүчүлөрдү өзгөчө табылгалары менен кубандырып келгенин жашырууга мүмкүн эмес. Ал эми анын Айтматов ааламына сүңгүп кирүүсү такыр башка кеп. Биринчиден […]

Жамийланын жамалы же көркөм текстти талдоонун жаңы тажрыйбасы

Адамдын маданияттуулугу окуган китептеринин эмес, түшүнгөн китептеринин саны менен өлчөнөт. Арон Брудный, кыргызстандык философ («Түшүнүү илими» китебинен[1]). Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жетик түшүнгөн кыргыздар өтө аз – көпчүлүгү аны дүңгүрөгөн атак-даңкы аркылуу гана тааныйт. Кеңешбек Асаналиев, сынчы, адабиятчы. Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла» повестин атактуу жазуучу Луи Арагон французчага которуп, «Махабат жөнүндөгү эң ажайып баян» деп, дүйнөлүк адабият мейкиндигине алып чыккандан берки бул чыгарма тууралуу эң кызыктуу, оригиналдуу талдоолордун бирин белгилүү публицист Эсенбай Нурушев сунуштады. Ал арапча уңгулуу ысымы «жамалдуу», «сулуу», «сүйкүмдүү» дегенди […]

Олжобай Шакир: Байларды кээде жаман көрөбүз, кээде жакшы көрөбүз…

Өмүрүмдө «чү» деп баштаган ишти «тү» деп таштаган учурларым көп эле болду. Көп эле нерседен көңүл кайтты, көңүл сууду, бирок мен көңүл кайтпай турган ыракаттуу эрмек таап алгамын өзүмө. Аным рухий ыракаттуу, эш туткан эрмек – «РухЭш». Ал менин өз жан-тенимден жаралган медеримдей болуп калды бүгүн. Ооба, асыраган балаңды медер туткандай эле, мээнетиң корогон иш медериң эмей эмине. Мурда жарым-жартылап бүтө турган болуп калган аңгеме, повесттеримди медер тутуп келсем, азыр аларга өгөй атадай мамиле кылып келаткандай сезем өзүмдү. Албетте, алар […]

Ишен Жакыпбеков: Бильярд боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын столдорун кыргызга ишенип тапшырышты

Улуттук сыймыгыбызды жаратар инсандар арабызда эле жүрү. Тек биз аларды даңазалай албайт экенбиз, өз убагында кадырбап барктай албайт экенбиз. Демейде элдин үрөй-үшүн алган кабарларды куштай сызып учурган журналисттерибиз, жакшы кабарды жамы журтка жайылтууга келгенде ташбакадай кыбыр экенин ушул мерте да көрдүк. Жалгыз гана “Азаттыктын” кабарчылары учкай маалымдаганы болбосо, жакында Россияда болуп өткөн Ишен Жакыпбековдун жаратмандык ийгилиги тууралуу тележурналистикадагы кесиптештерибизге, болгондо да жетекчилерине чейин кулак кагыш кылдык, бирок бири да ордунан былк этип койбогону таңгалтырат. Сөзүбүз куру болбосун үчүн биз аларга […]

Жылдызча: Мейман-достук

АҢГЕМЕ Тай атам, тай энем, мен — үчөөбүз. Колуман тай атам жетелеп алган. Шаркырап аккан сууну жээктеп, гүлдөр, таштар жайнаган жолдор менен үйгө келгенбиз. Көрсө, ал күнү тай атам менен тай энем мени биротоло алып келе жатышыптыр… Тай атамдардын үйү мурдагы, элес-булас менин эсимде калган үйдөн такыр башкача сезилди. Үйдүн тегерек-четине, алма бактын арасынан бери төрт бурчтуу, майда-майда бал челектер жайгашыптыр. Анда канаттарын тыбыратып жайнаган аарылар учуп-конуп жүрүшөт. Аңгыча, үйдөн мурда мен көрбөгөн бир киши алдыбыздан барбалактап тосуп чыкты. Жаш […]

Кыргыз эл жомогу: Үч кыз

Илгери-илгери бир кишинин үч кызы болуптур. Улуусу күзгүгө каранып отурганды жакшы көрсө, ортончусу таранганды сүйөт. Кичүү кызы куурчагына кийим тигүү менен алек болот. Күндөрдүн бир күнү энеси кыздарды карагат терип келүүгө жиберет. Үчөө үч баштык алып, карагат терүүгө женөйт. Карагат калың өскөн жерге келишип, а дегенде кызыгып жешет. Бир аздан кийин тиштери камалып, карагат жегилери келбей калат. Анан баштыктарына тере баштайт. Толоюн деп калганда шагылга улам бири төгүп алып, кайра терип отурат, кыздар кеч киргенин байкабай калышат. Күн батканын акыры […]

Добулбас (тамсил)

Жаагы бир да жабылбас — “жан“ болду го, добулбас: “Добушум менин катуу”- деп, башкаларга керкейет. Өөдөгө созуп моюнун өзүн ойлойт таланттуу, өзгөгө керип көкүрөк. Бапылдактан башка жок, калдайып чыгат алдыга, башкаларга сөз бербей, бөлөктөн укпайт акыл, кеп. Оюн  бирөө түшүнбөй, мээси көңдөй болсо да, какылдай берет, тынымсыз. Эртели-кеч билген ойну — даңка, дүңк дабышы болсо, жагымсыз. Обону да татымсыз… Илип алаар ою жок, тантыктарды укканда убакыт өтөт, кайрымсыз… *     *     * Добулбастай маңыз, көңдөйлүгү менен иши жок, болбосо да эч […]