Казак боордошторубузга даңазабызды көкөлөткөн «Курманжан датка» фильми боюнча комментарийлер топтому

Мындан артык да кандай улуттук сыймык болушу керек, замандаш! 2-3 күндөн бери казак тилине которулуп, «Астана» телеканалы тартуулаган «Курманжан датка» фильми боюнча казак боордошторубуз алган таасирлер интернет айдыңын жара турган уу-дууга айланды. Төмөндө Фейсбук боюнча колго илинген айрым гана комментарийлерди сайтыбыздын окурмандарына тартуулоону эп көрдүк. Фильмге таасирленгендердин эмоциясы, агынан жарылган чындыгын толук чагылдыруу максатында комментарийлерди эч бир оңдоосуз жарыяламакчыбыз. ♦ ♦ ♦ Айсұлтан Жақыповтың посты мен Daniyar Alanның сілтемесінен кейін «Құрманжан датқаны» көріп шықтым. «Мәссаған, неден құр қалғанмын, мына киноны көрмей баяғыдан […]

Акылбек АТАБАЕВ: Ислам динине чейинки кыргыздардын нике кыюу эрежеси

«Ала жипти аттаба» деген сөз эл арасында кеңири айтылып келет. Бирок мааниси боюнча эмнени түшүндүрөрүн билдиргени  менен эмне үчүн ушинтип айтылып калганына көңүл бурулган эмес. Дал ушул «ала жип менен кыргыз эли ислам динин кабыл алганга чейин нике кыйып келишкен». Негизги сөздөр: ала жип, ислам дини, нике, бата, азан, даарат, Умай эне, күйөө таңуу. Выражение «Ала жипти аттаба» — (не перащагни пёструю нить) широко распространено среди народа. Но зная что оно означает никогда не обращали внимания на то почему так […]

Каныбек Осмоналиев элге керектүү эмгек жаратты

Оболу «Илим жана турмуш» түшүнүгүнө ой калчасак, окурман. Атам замандан бери каймактаган кара жер балбандын сыры, аалам ачкычы адам колуна кантип тийип калган? Ийе, тоба, адам мээси ачылыш жасабаган не калбады?.. Дагы даркан не шумдук, не ачылыштар болор?.. Ошол ачылыштардын ачкычын миллиондогон, миллиарддаган адамдардын арасынан чанда бир эле пенде таап чыгып, жалпы адамзат энчисине ме деп ыйгарып салганычы… Илим турмушка айланганы шол экен го. Сөз тизгинин шул жерден эле чукулдан кайрыйын энди. Шарт кайрыйын тизгинди. Болбосо илим жана турмуш жөнүндө […]

Болгар акыны Любомир Левчев Кожогелди Култегиндин котормосунда

♦ ♦ ♦ Кайтып келдим кечинде мен үйүмө. Капысынан кимдир-бирөө ийнимден карс эттире кармады. Шарт бурулуп жылмайганча карасам жан-жагымда эч ким жок. Анан гана ийнимден ай астында жарк этти аябай чоң саргыч-кызыл алакан – жайылган бир жалбырагы каштандын. Жаркылдап тур жагып мага ушул кеч. Абай салып турган окшойт баятан, апам мага үн катты: — Ана, кайра таптың эски досуңду! ♦ ♦ ♦ Биздин ушу көчөдө бир айныган дарак өсүп алыптыр. Жазындасы эргулуң жайнап-гүлдөйт башкалардан башкача, туура он күн эртерээк. Тун […]

Назгүл ОСМОНОВА: Устатымдын чечкиндүү кадамы – улутка үлгү

“Төрдөн орун тийген болсо нааданга, улагада калганыңа арданба…” Жусуп БАЛАСАГЫН КУУ алдындагы Конфуций институтунун директору Үмүт Култаеванын Өмүрбек Бабановдун президенттик шайлоого үгүт иштеринин маалдагы Он-Адыр айылында өзбек улутундагы адамдар менен жолугушууда айткандарында «улут аралык кагылышка чакырык таштаган эмес» деген пикири кызмат келишимин узартууга кыйынчылык жаратып (КУУ ректору Канат Садыковдун айтуусу боюнча), акырында жумушунан кетүүгө мажбур кылышканы коомчулукта түрдүү көз караштарды пайда кылды. Шаарга жаңыдан келип, И.Арабаев атындагы андагы кыз-келиндер, мен окууну бүтүп жаткан жылы педуниверситет болуп өзгөртүлгөн жогорку окуу жайына […]

Сагын АКМАТБЕКОВА: Поездде

АҢГЕМЕ -…Жаш кезимде жол жүргөндү абдан жакшы көрчү элем, айрыкча ушинтип поездде баратканды… — Азыр деле жаш экенсиз. — Түн ичинде жол жүргөндү жакшы көрчүмүн. Уктабай. Эч ким менен сүйлөшпөй. Өзүм менен өзүм болуп… — Дагы токтодук. Жүргөнүбүздөн токтогонубуз көп болду. — Кайсы станция болду экен? — Ким билет. Станция эмес эле талаада турат окшойбуз. Терезеге үңүлүп карашты. Чын эле ээн талаа экен. — Айнекти ачайынчы. Ачты. Жел менен кошо жаңы чабылган чөптүн жыты бур деп кирип келди. — Бала […]

Жетиген АСАНБЕК: Дин адамды жолго салар болсо, анда эмнеге диндер арасында араздашуулар көп?

Дин туурасында коомчулук арасында атайы сурамжылоо уюштурган элек. Бүгүнкү сурамжылоого катышып берген инсандарыбыздын жооптору төмөнкүчө болду… Ал эми мурдагы сурамжылообузга жооп бергендерди береги шилтемеден окуй аласыздар: Азамат ТӨКӨРОВ: Азыр робот-мусулмандарды даярдаган агымдар көбөйүп кетти Учурда дин маселеси улут көйгөйүнө айланып турат, бул маселени канткенде чыр-чатаксыз жолго коёбуз? Канча жылдан бери эле дин таанытуу сабагын мектептерден баштоо керек деген демилгелер дамамат көтөрүлүп жүрөт, бирок аны жүзөгө ашыруу толугу менен колубуздан келбеди. Жаштардын көбү бүгүн диний сабатсыздыктан улам түрдүүчө агымдардын таасири астында калды. […]

Мехмет Акиф Эрсой: Чанаккале шейитерине

Мехмет Акиф Эрсой – (20.12.1873 – 27.12.1936) түрк акыны. Ветеринар, педагог, эл өкүлү, котормочу кызматтарын аркалаган. Түркия Республикасынын Гимнинин автору. М.А.Эрсой 1873-жылы Стамбулдун Фатих районунун Сарыгүзел махаллесинде туулган. Алгачкы ырларын мектепте окуп жүргөндө жазган. 1889-1893-жылдары ветеринардык колледжде окуп, 1906-1907-жылдары айылдык мектепте сабак берген. 1908-жылы египеттик акындардын ырларын которуп жарыялаган. “Себилүррешад” журналынын башкы редактору кызматын аткарган. 1913-жылы ветеринардык кызматтын директорунун орун басарлыгынан кетип, адабият менен алектенген. Түрк, арап, перс жана француз тилдерин жакшы билген акын 1925-1036-жылдары Египетин Каирдеги “Жамиатүл Мысыриййе” университетинде […]

Математика жомогу: Окулбай калган сабактар өлкөсүндө

Коля Конфеткин деген  абдан жалкоо жана шалаакы бала бар. Ал  сабактарын дайыма окугусу келбейт. Өзгөчө математиканы. Анын окуу китептери айрылган, дептерлери булганыч. Бир жолу ал сабак окугусу келбей отурса аны окуу китептери менен окуу куралдары  өзү туура эмес чыгарган эсептер жазылган математика өлкөсүнө мажбурлап жөнөтүштү. Дептер кир жана  көп чиймеленгендиктен Коля аябай кыйналып, өзүнүн  жоопкерчиликсиздигинен уялып келатты. Бир кезде ал 5 жана 5 санын жолуктурду. Алар экөө кимдир бирөөгө аябай нааразы экен. Анткени алардын ортосуна < белгиси коюлуптур. Алар Коляга […]

Аскер САКЫБАЕВА: Маңкуртка айланып баратканыбыз ушу!

Олжокенин “РухЭш” сайтынан айтылуу илимпоз, устат, азыркы кыргыздын чыгаан интеллигенти Үмүт Култаеванын алпейим маегин окуп, ыйлагым келди. Эже башына күн түшүп турса да, адамдык бийик парасатынан жазбай, өзүн кызматтан бошоткон окуя тууралуу кылдат айтып бериптир. Сулайман Кайыпов жазгандай, “ата даңкы” менен бийликке илешип келаткан Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин ректору Канат Садыковдун Үмүт Култаевага жасаган кылыгын эгер атасы, Кыргыз эл акыны Жалил Садыков кокус тирүү болуп угуп калса, “ырас кылыпсың балам!” дебесе керек, менимче. Кеп Бабановдо деле эмес. Бабановдун Он-Адырдагы […]

Малкиши: дагы бир маңкурт баяны

Кантсе да Чынгыз Айтматов советтик доор,  социалистик коом жана  коммунисттик идеологиянын  айрым мүчүлүштүү жактарына өзүнүн чыгармаларында өтө кескин жана ачык эле  сын формасында  болбосо да гуманисттик  өңүттөн айыптоо менен  кайрылганы маалым. Мындай эпизоддор Айтматовдун  “Кылым карытар бир күн”  романында арбын берилген. Биздин эсибизге  бул айтылуу чыгарманы жазуучу жана журналист Айдарбек Сарманбетовдун “Малкиши”аттуу аңгемеси (“Жаңы Ала-Тоо” журналы, №5 (49) май 2013-жыл) түшүрүп олтурат. Дегеним, бул чакан чыгармада  Айтматовдук акыл-эс, эс тутум идеясы, тагыраагы – эс-акылсыздык, маңкуртчулуктун кесепет, алааматы жагдайындагы кеп-сөз өзүнчө […]

Сабир ДОСБАЕВ: Адамды адам кылып турган эмне?

Түнкү асманга көз чаптырган адамдын көзүнө асман бетин бербеген, көз жоосун алган жыбыраган сансыз көп жылдыз көрүнөт эмеспи. Эгер ай чыгып турган маал болсо ааламдын сулуулугу ого бетер чырайына чыга түшөт. Ой чабыттын жардамы менен ошол жылдыздардын арасына зуулдап учуп барып, анан жерге карасаң: биздин учу кыйыры чексиз эбегейсиз чоң сезилген Жер Энебиз бир кичинекей гана бирок ошончо жылдыздардын ичинен бөтөнчө сулуу, көк жашыл жарык чыгарган жылдыз болуп көрүнөт. Антип элестете албагандар интернеттен ушундай сүрөт, видео маалыматтарды таап көрүп алышса […]

Амирбек АЗАМ уулу: Бийлик эркин ойлонгон интеллектуалдардын «тилин тарттырып» турган кербези

Күздөгү президенттик шайлоонун бурганагы дале басыла элек экен. Окумуштуу-педагог Үмүт Култаеванын өлкөнүн улуттук сыймыгы болчу Кыргыз Улуттук университетинин Конфуций институнун директору кызматынан алынуусу жана президентке талапкер Өмүрбек Бабановдун шайлоо өнөктүгү маалда Он Адыр маалесинде айткан сөзүнө байланыштуу бейөкмөттүк топтун мүчөлөрүнүн Улуттук коопсуздук кызматына “профилактика” үчүн чакырылганы ушундай ойго түртөт. (Мен бул оюмду ф.и.д. Үмүт Култаеванын “РухЭш” сайтына жана 25-“Азаттык” радосунун берген түшүндүрмөсүнө таянып айтуудамын). КУУ ректору Канат Садыковдун белгилүү окумуштууну эл аралык маанидеги институттун директорлугунан кетирүүсүн да такшалган администратордун өзү […]

Жеват Шакир КАБААГАЧЛЫ: Ыкым[1]

Осмон түрктөрүнөн чыккан атактуу жазуучу, журналист, сүрөтчү, акын жана изилдөөчү. 1890-жылы 17-апрелде Крит шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы Мехмед Шакир Паша Крит жана Атина шаарларында элчи, аким кызматтарын аркалаган. 1926-жылдан тарта деңизке арналган аңгемелери менен таанылган. Эң негизки темалары мифология казынасынан азыктанган, тагдыры деңизке байланган балыкчылар, суучулдар жана деңиз аңчылары. Бодрум шаарынын антикалык доордогу Халикарнас атын өзүнө псевдоним катары ыйгарып алган Жеват Шакир Бодрумда балыкчылыктан башка көптөгөн иштерде иштеген. Жашоосун жазуучулук жана туризм тармагындагы гид кызматын аркалап, гид кызматы тууралуу […]