Айтылуу баатырлар жана эр жүрөк кыздар аталган элдик жомоктор жыйнагынан

Түзүүчүлөр: Фриди ХОФБАУЕР * Анна МЕЛАХ

Немис тилинен түз которгон: Адилет ШАДЫКАНОВА

КОРОЛЬ ЛАУРИН

Качандыр бир өткөн заманда Түштүк Тироль тоолорунда эргежээлдердин падышасы Лауриндин роза гүлбакчасы дайыма бүрдөп-гүлдөп турчу экен. Кичинекей падышанын бул дүйнөдө бүт баарынан жакшы көргөнү роза гүлдөрү болчу. Ал өзүнүн гүлбакчасындагы миңдеген розалардын ар бир гүл чанагын жана ар бир бүчүрүн жазбай таанычу экен. Кимдир-бирөө анын бир эле розасын үзүп алууга келип калса, анын колун кылычы менен кыя чаап кесип салчу. Уурулардан роза гүлдөрүн коргош үчүн ал бир күнү бышык ийрилген жибек жиптен жасалган тор менен бүт гүлбакчасын курчатып чыгат.

Эргежээл падыша абдан бай эле. Ага кызмат өтөгөн миңдеген эргежээлдер тоолордогу алтын кенин жана асыл таштарды чалгындап издеп таап, алтын-күмүш иштеткен эргежээл зергерлер андан кымбат, көркөм кооз жасалгаларды жасашчу. Ошентип король Лауриндин казынасы баа жеткис байлыкка толуп турчу экен.

Эргежээлдердин падышасынын бийлиги да күчтүү болгон. Саны миңдеген куралчан эргежээлдер аны жана анын империясын көздүн карегиндей сактап, катуу кайтарып турушчу. Бирок сан жеткис байлыгына карабастан Лаурин өзүн бактысыз сезип, ичинен сызып жүрчү эле. Ага дайыма бир нерсе жетишпегендей ичи эңшерилип, коңултуктап, көңдөйлөп турчу. Узак убакыт бою ал өзүнө эмне жетишпей жатканын биле албай жүрдү, ошол себептен көп учурда терең кайгыга батып, кайгы-кападан арыла албады. Андай учурларда ал өзүнүн роза гүлбакчасына барып, гүлдөрдүн жыпар жытынан кере-кере дем алып кумарланчу. Ошондой күндөрдүн биринде ага эмне жетишпей жатканы капыстан мээсине тык этип кире калды. Ал кичинекей атына шап ыргып минди да, өзүнө жубай издеп табуу үчүн атты атырылта чаап жөнөдү.

Жаз учурунун май айлары эле. Король Лаурин ат үстүндө бел чечпей жол жүрүп отуруп, Штайер деген өлкөгө чейин жетти. Ал жердеги бир сепилден алыс эмес шалбаада жаш рыцарлар менен жаш кыздар бийлеп жана топ ойноп жатышканын көрдү. Алардын арасындагы бир кызды эргежээл падыша көрөр замат эле жактырып калды. Эргежээл падыша ал кызга менин үйүмдүн очок ээси бол деп сунуштайын деди, бирок кичине баладан анча чоң эмес бою бар экени эсине түштү. Албетте, ал кыз жаш жана узун бойлуу рыцарды күйөө катары артык көрөрү анык да. “Мен аны колго түшүрүп гана алышым керек”, — деп ойлоду Лаурин.

Ал бир түп бадалдын далдасында өзүнүн кичинекей аты менен бирге жашынып, кызды күтүп жатты. Оюндун кызыгына баткан кыз бадалга жакын келген кезде Лаурин кызды шап кармады да, минген атына өңөрүп алып, ал тараптан алыс жайгашкан Түштүк Тироль жактагы өз падышачылыгын көздөй чаап жөнөдү. Ал кызды өзүнүн жер алдындагы хан сарайына алып барды.

Шалбаада ойноп жатышкан жаш рыцарлар жана жаш кыздар Кюнхильданын – Лаурин ала качып кеткен кыздын аты ушундай эле, жоголуп кеткенин дароо эле байкай коюшкан жок. Байкаганда, ар тараптан издеп башташты, бирок Кюнхильданы жер жутуп кеткендей эч жерден таба алышпады. Кюнхильданын бир тууган агасы жаш рыцарь Дитлайб абдан катуу капа болду. Кийинки күнү, карындашынын изин да таба албай койгондо: ”Ал сыйкырга туш болду окшойт. Мындайда Хильдебранд карыя гана жардам бериши мүмкүн!” — деди.

Дитлайб атка минип, устаты Хильдебранд карыяны көздөй маалкатпай  жөнөдү. Карыган рыцарь өз сепилинде Дитлайбды чоң кубаныч менен кучак жая тосуп алды. Андан кийин Дитлайб эски досуна болуп өткөн каргашалуу окуя жөнүндө баяндап берди. “Бул оюнда чындан эле бир сыйкырдуу керемет бар го”, — деди Хильдебранд карыя да.

Кийинки күнү ал Дитлайб экөө Кюнхильданы издөө үчүн кам-чомун тез эле бүтүрүшүп, сапарга аттанышты. Алар түнт токойду аралай чаап өтүп бараткан кезде рыцарлардын көзүнө чалдыгып калбайын деген кичинекей токой эргежээли дөңгөчтүн астына кире качып жашынганын байкап калышты. Хильдебранд атынан секирип түштү да, кичинекей токой эргежээлин кууп жетип, колго түшүрдү.

“Силерди король Лаурин жибердиби?” — деп сурады коркконунан калтырап-титиреген токой эргежээли. “Силер мени өлтүрүүгө тапшырма алдыңарбы? Мен анын роза гүлдөрүнүн жыпар жытынан бир гана жолу искейин дегем! Бирок ал мени байкап калды. Ага карабастан мен жылт коюп качып кеттим!”

“Биз сага тийбейбиз, кичине киши”, — деп ага жооп берди Хильдебранд. “Бирок бизге билгениңди ачык айтып койчу, ушул жерден сыйкырга туш болгон Кюнхильда аттуу кыз өттүбү?”

“Ооба”, — деп жооп берди токой эргежээли. “Дал ошондой кызды мен көргөнмүн. Ал Лауриндин атына минип бараткан жана король Лаурин ага Кюнхильда деп кайрылганын уктум.”

Ал арада Дитлайб да жете келип баарын тактап, Кюнхильда ыйлап жатты беле жана ал азыр кайда болушу мүмкүн экендигин билгиси келди. “Лаурин аны өзүнүн сепилине алып кетти го”, — деп жооп берди токой эргежээли. “Бирок ал кыз ыйлаган эмес. Менин оюмча, ал Лаурин менен жакшынакай эле сүйлөшүп, кандайдыр-бир убадаларды да  берип жаткандай болгон!”

“Биз ага тез жөнөшүбүз керек!”, — деп чакырды Дитлайб.

Бирок Хильдебранд: “Король Лаурин кичине болгону менен абдан күчтүү. Ал сыйкырдуу күчтүн ээси. Бирок мен Лаурин менен кармашууда аны жеңип чыга турган бирөөнү билем”, — деди.

“Сиздин оюңузча, ал Берндеги Дитрих эмеспи?” — деп сурады Дитлайб.

“Ооба, жүргүлө, аны көздөй чаап жөнөйлү да жардам сурайлы”, — деп жооп кайтарды Хильдебранд. Ал токой эргежээлин бошотуп коё берди да экөөлөп Бёрндеги король Дитрихтин сарайына жол тартышты. Король Дитрих угар замат Лаурин менен кармашка түшүүгө жана Кюнхильданы боштондукка чыгарууга дароо даяр болду. “Жүрүңүздөр, король Лауриндин роза гүлбакчасына!” — деди да анан түшүндүрдү. “Ошол гана жерден биз эргежээл падышаны сөзсүз жолуктурабыз”. “Айтылуу роза гүлбакчасын бир көрүүнү самап келем”, — деди анда Дитрихтин кошуунундагы бир рыцарь. Ал темир уста Виланддын уулу Виттих эле. “Кирүүгө тыюу салынган ушул гүлбакчадан канчадан бери  бир десте роза алгым келип жүрөт! Албетте, Лаурин канчалык жинденип, кылычын кынынан сууруп булгаласа дагы, бул күлкү келтирерлик түрү бар эргежээл менин денеме зыян бермек турсун, түгүмдү түшүрө  албайт!”

“Король Лауриндин бийлиги зор жана күчтүү, көп миңдеген аскери бар, анын үстүнө ал сыйкырдуу күчкө ээ”, — деди Хильдебранд. “Ошондой эле ал чириген бай”.

“Ал бар болгону эргежээлдердин эле падышасы”, — деди Виттих жек көрүү менен. “Өзүн падыша деп атаганга батынган кипкичинекей киши сөрөй.  Ал бай болсо, андан бетер жакшы. Анын болгон-толгон байлыгын, казынасын өзүбүз менен кошо алып кетебиз”.

“Жүрүңүздөр, Кюнхильданы бошотууга аттаналы!”, — деди король Дитрих. “Сыйкырдуу күчү бар эргежээл менен алигиче кармашка түшүп көргөн эмес элем. Бул окуя биртоп эле менин бүйрүмдү кызытып жатат. Эргежээл менен жалгыз эле өзүм жекеме-жеке кармашам”, — деп кошумчалады ал.

“Ошого карабастан сиздер мени роза гүлбакчасына жеткирип коюшуңуздар керек”.

Ошентип, король Дитрих, карыя Хильдебранд, кызуу кандуу Виттих жана штайерлик Дитлайб төртөөлөп жолго аттанышты. Алар түндүккө карай – Бозен тарапка, тоолорду ашып өтүп, король Лауриндин гүлбакчасы жайгашкан жерге жөнөштү. Алыстан эле чоктой жанып, жаркыраган розалар көз жоосун алып, алоолонуп турду.

Гүлбакчага жакындай бергенде төртөө тең минген аттарынан жерге түшүштү.

“Сен, эргежээл падыша, качанкыга чейин розаларыңды тиктеп жыргап жүрмөк элең!” — деп кыйкырды Виттих. “Карап тур, сага эмнени гана көрсөтөр экенмин!” Ал кылычын сууруп чыгып, гүлбакчага кирмек болду. Бирок гүлбакчаны тегерете курчаган жибек тор жип жинденген Виттихти токтотуп калды. Виттих кылычы менен жипти кесип салыш үчүн бардык күчүн жыйноого мажбур болду. А роза гүлдөрү болсо жан киргенсип, коркконунан ачылып турган гүл чанагын жаап, өздөрүн коргош үчүн коюу тумандай уюлгуган жыпар жытын кара санатайга каптап, чачып жатты.

Дитрих, Хильдебранд жана Дитлайб сыйкырлангандай бир далайга чейин эстери ооп турушту. Дитрих анан: “Токто, Виттих, көз кубанткан кооз розаларга бооруң оорубайбы!” — деди.

“Бул эргежээл бизди розалардын жыты менен мас кылгысы бар!” — деп бакырган Виттих жаалданып гүлбакчага кирүүгө жулунду. Темирдей оор буттары менен алсыз, назик гүлдөрдү тебелеп-тепсеп, анысы аз келгенсип жиндиге окшоп кылычы менен гүлдөрдү кыя чаап, кылычын шилтегилеп жатты.

Ушул учурда кайдан-жайдан экени белгисиз, капыстан эле эргежээлдердин падышасы пайда болду. Анын минген аты эликтен анча чоң эмес, ал эми өзүнүн бою кичине баладан бир аз гана чоңураак экен. Анын колунда  алтындан учу бар кичине найзасы, алтындан жасалган кичинекей кылычы бар эле. Үстүндө кийген кийимдери асыл таштардан улам жалт-жулт этип, башындагы лаал[1] чөгөрүлгөн туулгасынан[2] жел соккондо сайраган куштардын үнү угулуп турду.

“Менин розаларымды эмне кылгансыз?” — деп ачуулана сурады Лаурин. А Виттих көз ачып жумганча жерде жатып калды да, жүрөктүн үшүн алган Лауриндин кылычынын учу Виттихтин жүрөк тушун мээлеп, Лаурин өзү Виттихтин үстүндө турду. Дитрих болсо досу Виттихти коргош үчүн кылычын көтөрө бергенде, колдору капыстан эле шал тийгенсип кыймылдан калды.

“Кылычыңызды жерге таштаңыз, король Дитрих!” — деп кыйкырды Хильдебранд. “Ошондо гана кайра кыймылга киресиз. Байкаңыз, Лауриндин кылычынын мизи ажыдаардын канына суугарылып курчутулган!” Дитрих куралын жерге таштаганда гана кыймылдай ала турган абалга келди. Бирок эргежээлдердин падышасы көз ирмемге жеткирбей башына сыйкырдуу көрсөтпөс тебетей кие койду да, эч көрүнбөстөн Дитрихке кол салды.

“Лауриндин белине курчанган сыйкырдуу курун колуң менен жулуп-тытып ташта!” — деп кыйкырды Хильдебранд. Дитрих эргежээлди кармайын десе да, колдору абага бош бойдон сермелип жатты. Ал өзүнүн бардык тарабынан Лауриндин кылычынын мизин сезип жатты. Акыры ал Лауринди кармап, белиндегу курун жулуп ыргытууга жетишти. Ошону менен Лауриндин сыйкыр күчү түгөндү. Дитрих Лауриндин башындагы сыйкырдуу көрсөтпөс тебетейди жулуп алганга үлгүргөндө, Лаурин таптакыр алсызданды.

Ал жан соога сурап жалынып, Штайерлик Дитлайбды жардамга чакырды: “Дитлайб, сүйүктүү кайнагам, сенин карындашың менин хан сарайымда жашайт жана ал жакында менин келинчегим болмокчу! Жанымды сактап кал!”

“Өмүрүн кыйбагыла”, — деп суранды Дитлайб король Дитрихтен. “Бир гана Лаурин хан сарайдагы карындашыма бара турган жолду көрсөтө алат!”

Эргежээл өзүн жеңгендерге Кюнхильдага алып барууну убада кылды жана карыя Хильдебранддын кеп-кеңеши астында аларга жамандык жасабоого ант берди. Андан кийин Лаурин баатырларды өз хансарайына тынчтык келишимин белгилеп майрамдоого чакырды.

Алардын артынан оор темир дарбазалар жабылып, тоонун ичине улам ылдыйлап түшкөн сайын шамандын күйгөн шамы менен араңдан зорго жарык болгон узун коридордо баратышып, баатырлар өздөрүн бираз кооптуу сезишти. Акыры Лаурин аларды кооз жасалгаланган залга алып киргенде, алтын жана кымбат баалуу асыл таштардын жаркыраган нуруна кароодон көз уялып турду.

Кюнхильда жигиттердин алдынан тосуп чыкты да, бир туугандар бири-бирин кучактап калышты. Лаурин өзүнүн конокторун көп шарап жана түркүн даамдуу дүйүм тамак коюлган салтанаттуу майрамдык дасторконго чакырды. Ыраазы болгон баатырлар каалашынча ичип-жеп, ушуну менен бардык уруш-талаш бүттү деп ойлошту.

Кюнхильда менен Дитлайб бир азга четке чыгышканда Дитлайб карындашынан сурады: “Король Лауринди жакшы көрөсүңбү? Ал абдан бай экен жана биз менен тычтыкта жашоону каалайт. Аны менен калгың келеби?”

“Король Лаурин мени чын жүрөгүнөн жакшы көрөт жана мени белек-бечкектерге бөлөп койду”, — деп жооп кайтарды Кюнхильда. “Эгерде мен андан кетип калсам, ал катуу кападан чөгүп кетет. Лаурин жакшы адам, бирок ал жер алдында караңгылыкта адамдын акыл-сезими жоголорун да билет. Мен буга чыдай албайм. Эмитен эле жер алдында жашоодон кайгыга чөмүлдүм. Мындай жерде жашагым келбейт”. Ага-карындаштын ортосунда ушундай сөз болуп, андан кийин Кюнхильда эс алууга кетти.

Король Лаурин ал экөөнө тең байкоо жүргүзүп жаткан. Алардын эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн уккан да, түшүнгөн да жок. “Адамдар ага – эргежээлге, ант бергенине карабастан, алардын ою арам, кую бузук, котур ташы койнунда. Алар Лауриндин хансарайынан узап кеткенден кийин өздөрүнчө калганда шылдыңдашы мүмкүн. Анын үстүнө роза гүлбакчасын талкалашты жана Кюнхильдадан да ажыратып коюшу мүмкүн”, — деп ойлоп анын күйбөгөн жери күл болду.

Лаурин өзүнүн кызматчыларына коноктордун ичип жаткан шарабына уктатуучу ичимдик аралаштырып коюуга буйрук берди. Көпкө  узабай эле коноктордун баары тең терең уйкуга батышты. Андан соң эргежээлдердин падышасы баатырларды жер астындагы үңкүргө таштап, эшигин эч качан ачылбас кылып бекемдеп салды. Ага чейин ал Дитлайбды четке алып чыгып, анын карындашы үчүн даярдалган колуктуга берилүүчү кооз аземдүү жасалгаларды көрсөтөйүн деген шылтоо менен зымрыт бөлмөсүнө алып барды. Анткени, эгер агасына кымындай эле жамандык кылса, Кюнхильда Лауринге күйөөгө чыкпасын билүүчү эле. Зымрыт бөлмөсүндө Лаурин Дитлайбга кайрылды: “Сүйүктүү кайнага, сенин үзөңгүлөш жолдошторуң мени шылдыңга алышты жана алардын бири менин роза гүлбакчамды талкалады. Мен аларды жок кылам. Алар түбөлүккө жер астындагы үңкүрдө калышы керек. Бирок сен аларга жардамга барбайсың, ошондо гана мен сени менен тактымды да, байлыгымды да бөлүшөм.” Коркуп кеткен Дитлайб эргежээл падышанын чектен чыккан талабын четке какты. Анда Лаурин аны зымрыт бөлмөнүн  астындагы жертөлөгө түртүп киргизип, эшигин жаап салды.

Эртең менен Кюнхильда бүт хан сарайды кыдырып агасын издеп чыкты. Акырында зымрыт бөлмөнүн эшигинин тарсылдаганын угуп, ачкычты апкелип, агасын боштондукка чыгарды. Андан кийин алар Дитрих, Хильдебранд жана Виттих өмүрүндөгү эң жаман түндү өткөргөн жер астындагы үңкүргө барып, аларды эркиндикке чыгарышты.

Анда Лаурин өзүнүн куралданган жана көзгө көрсөтпөс сыйкырдуу тебетей кийген  жүздөгөн саны бар эргежээлдерин төрт баатырга кол салууга үндөдү. Баатырлар кылычтары менен көзгө көрүнбөгөн эргежээлдерди сулата чаап жатышты. Алардын көбү кырылып калгандыктан Лаурин согуштан баш тартууга аргасыз болду. Ал калган бардык эргежээлдерди өлүмгө түрткүсү келген жок. Жеңишке жеткендер эргежээл падышаны өлтүрмөк болушту. Бирок Кюнхильда анын жакшылыгын көп жолу көргөндүктөн ага жансоога сурады. Ошондо гана баатырлар аны тирүү калтырышты.

Лауриндин казынасындагы алтындарды жана асыл таш буюмдарды жүктөнүп баатырлар эл-жерине, үйлөрүнө кайтышты. Король Лаурин болсо өзүн төрт тараптан курчап турган тоонун аска таштарына окшоп түнөрүп, таштай катып ордунда калды. Анын роза гүлбакчасы ошондон кийин бүрдөбөдү, гүлдөбөдү. Ким роза гүлбакчасын издесе, анын ордунан аска таштарды гана таба алат.

[1] Лаал – рубин.

[2] Туулга – шлем.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *