– Ийгилигиңиздин сыры эмнеде деп? – сурашыптыр.

– Сабырдуулукта, – деген экен ал.

– Кантип эле бир гана сабырдуулук болсун? Мен сизге бул ыкманын ишке жарабаган жактарын санасам, сан жетпеши мүмкүн… – деп таңкалат обол суроо узаткан адам.

– Мисалы үчүн?

– Мисал үчүн  кырк тешик калбырга канчалык сабырдуулук менен  суу тосуп турсаң да, толбогонучу…

– Жаңыласыз, сабырдуулук менен кышты күтсөңүз, кырк тешик калбырга да сууну оңой олтоң толтурууга болот, – дейт кичи пейил бай.

Төмөндө, байгерлик менен жакырчылыктын энергиясынын төрт айырмасын баяндап беребиз.

Эмесе жакырчылыктын энергиясынан баштайлы кепти:

  1. Ыпластык, жүдөөлүк жана башаламандык

Кайсы жерде ыкыр-чыкыр шыпырынды ирээтсиз чачылып, ал тургай жүрөк айланткыдай абал болсо, ошол жерде жакырчылык каптаарын баарыбыз эле байкаган чыгарбыз. Үй жыйналбай: кийим-кечелер чалды-куйду, терезе, эшиктердин кири жети катмар болуп жатса, ырыскы жукпайт. Акча менен байлык тазалыкты сүйөт, тазалыктын жок болгону ырыскы куттун-качканы.

  1. Эскилиги жеткен жараксыз буюмдар

Керектен чыгып, колдонулбай жаткан эски буюмдардын жыйыла берүүсү да байлыктын жолун бөгөйт. Эгерде эскисинен арылбасаң, жаңысы кайда келет?

Мен ар дайым акчага муктаж бир катар адамдар бул пикирге макул болуп баш ийкегенин билем. Бирок тилеке каршы, алардын ар биринин үйлөрүндө жыйырма жылдан бери колдонулбаган буюмдар ээлеп тургандыгы мени таң калтырат. Акылга сыйбас бул кандай иш? Анткени алар ошол буюмдарды жараксыз деп эч бир эсептебегендигинде. Балким кереги тийип калар!” деген аң-сезимден бошоно алышпай, ыргытып жиберүүдөн кооптонушат. Карап турсаң, ал жерде чоң энесинен калган эски эмеректер, дегеле эч ким окубаган, окулбай турган китептер андан бетер көп. Анан дагы балким болочок балдарыбыз кийет дешип, тээ атамзамандан берки эски-ускуну сактагандар бар.

  1. Сыркоого алып келген үнөмдөө

Муну кандайча түшүнсөк болот? Бул – ар бир ашыкча акчанын кайсы бир каргашалуу күндөргө сакталышы. Шым же байпагы жешилип жыртылса да аны кайра-кайра жамап-жаскап, сырткы шымдан көрүнбөйт деп кийип жүргөндөр да болот. Кээси ич кийими жуулуп отуруп жедеп жыртылып, тарпы чыгып калса да ирээнжибей кийип жүрө беришет. Кептин баары – ашык акчаны биз күтүлбөгөн окуяларга сактап жүрө бергенибизде. Анткени акчаны башыбызга күн түшөр учурларга сары майдай сактайбыз да, керектүү муктаждыктарыбызга жумшоону акылга сыйгыс иш деп ойлойбуз.

Буга тоскоол болгон коркунучубуз мындай: “А балким кимдир-бирөөбүз ооруп калабыз, а балким кимдир-бирөөнү күтүүсүз ажал тооруп калат” деген сыяктуу бүдөмүк жаман ойлорубуз жакырчылыктын энергиясын өзүнө тартып турганы аз келгенсип, жамандыктарды жетелей келеринен кабарыбыздын жоктугу, урматтуу окурманым!

  1. Тушалган кыялдарыбыз

Ал эми бул болсо кайсы бир саркеч кийим саткан дүкөндүн айнегинен сонун көйнөккө суктанып, аны сатып алмак тургай кийип көрүүгө өзүбүздү татыксыз деп эсептегенибиз. Ал эмес “Бизге ага жетмек кайда?” дей калганыбыз. А кээде жолдошуңуздун деңизге барып эс алгысы келген кыялын дароо четке кагып: “Кайдагы деңиз? Деңизге суутуп коюптурбу, балдарың жылаңач жүрсө!” деген жекирүү менен келечегибизди жакырчылыктын жолуна салуубуз.

Убактылуу акча муктаждыгын жараткан абалыбыз – келечекте да  ал көйнөктү сатып  алууга же жарым жылдан кийин абал жакшырып, деңизге барууга акыбыз жок дегендик эмес да. Эгерде ишенимиң бекем болсо, Жараткан бизге ушунчалык берешен. Ар бирибиздин каалоo-тилектерибиз ар дайым орундалып турат. Бирок силер өз колуңар менен ал каалоo-тилектерди тушап, кыялдарды кыркып, максаттардын оорундалуусуна мүмкүнчүлүк бербейсиңер. Анткени аң-сезимиңерде акча жок жана болбойт деген ой казыктай кагылган!

Ал эми байлыктын төрт энергиясын карап көрсөк:

  1. Үйдөгү тазалык

Кире бериштен баштап, ар бир бөлмөнүн жанды жай алдырып сергиткен тазалыгы маанилүү. Ар бир бөлмө акча, байлык кирип сакталып туруусуна камдалып, эшик-терезелерди ар дайым таза кармоо кажет. Фен-Шуй илиминде да ар дайым жашаган жерибиздин тазалык деңгээлине жараша киреше кирет деп айтып келет.

  1. Пайдалуу жана керектүү гана буюмдар

Буларга силердин жок дегенде бир жылда бир колдонгон буюмуңар кирет. Эгерде үйдө чакан китепканаңар болсо жана ал жайда силер окуп бүткөн, кайра кайталап кээде гана барактачу баалуy китептер болсо, анда аларды бир жылда бир ордунан козгоп, чаңын тазалап сүртүп койууга милдеттүүсүңөр. Анткени мына ошондо гана ал жерге уюлгуган ыплас энергия толбойт.

  1. Туура кыялдар

Мүмкүнчүлүктөргө чектөө койбой, ар дайым каалаган нерсеңди оорду менен сатып ал. Мисалга, каалаган саркеч кийимди, дем алыш күндөрү татыктуу эс алууну, керек болсо жаңы авто-унааны кыялдангыла. Ар дайым көз алдыңарга элестетип кыялдангыла, кооз көйнөктү кийип жүргөнүңөрдү, жаңы авто-унаанын рулунда отуруп эс алуу үчүн деңизге карай зымырап баратканыңарды элестетүүгө эч качан тыйуу салбагыла. Бул кыялдар бир күнү сөзсүз орундалат, эң негизгиси, ар дайым кыялдарга жана максаттарга ишенүү керек.  Ал эми жараткан ар дайым берешен жана ал суранган нерсеңди ар дайым оорундатууга даяр.

  1. Кайрымдуулук

Байлыктын энергиясы ар дайым алмашуу жүргөн жерде гана эркин. Берүү жана алуу. Эгерде сен акча иштеп таап, аны өзүмдүк каржыларга гана байлай турган болсоң, анда акча теңдеми эч убакта болбойт.

Ондук үлүш дегенди уккан жайыңар барбы? Ооба, бирок ал он үлүштү илгери чиркөө жана мечит сыяктуу сыйынуучу жайларга берип келишкен, ал эми азыр болсо муктаж болгон адамдарга жана жайларга берип турушат. Мына ушул мыйзамдарды так аткарып турсаңар, ар дайым жашооңорго байлыктын энергиясын тартып, бакубатта жашайсыңар. Бирок бир нерсени эсен чыгарбоо кажет: эч убакта акчанын кулу болуп, байлыкты кудай тутпоо керек. Жандүйнөңөргө чыныгы баалуулуктарды гана сактап, материялдык баалуулуктар адам үчүн жана адам материялдык баалуулуктар үчүн жаралбагандыгын айрымалап жашoo керек.

Юлия КРАВЧЕНКО

Кыргызчалаган Бактыгүл ИМАНБЕК кызы

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *