Марина ЦВЕТАЕВА
(1892-1941), орус акыны

Аялдар сүйүүсү жөнүндө айтат, ойношу жөнүндө жок. А эркектер тескерисинче.

* * *

Адам менен тамашалаш, бирок азан чакырып коюлган аты менен эмес.

* * *

Канат өз жонундагы жүк экенин учкан куш сезбейт, конгон куш сезет.

* * *

Адамды адам жаратканы үчүн сүйбө, Теңир адамды кандай жаратса, ошондой сүй.

* * *

Байларга сыйынам, аларды терең урматтаганымды жашырбайм. Себеби, байлардын башкаларга кең пейилдиги өздөрү үчүн сокур тыйынга да турбайт. Алардын жүрүм-туруму, кийингени да жагымдуу, сымбаттуу. Эгерде салабаттуу, ажарлуу, билимдүү адам болалбасак да, эч болбосо бай болууга умтулушубуз керек.

Карел ЧАПЕК
(1890-1938), чех жазуучусу  

Анекдот – бул бир секундга шыкалган комедия.

* * *

Гезитте атын жашырган адам – маска кийген эмес, бети жок адам.

* * *

Гезиттердин көбүн гезитчилер гезиттерден алып жазат.

* * *

Эгерде көркөм адабият качанкы бир чындыктын түбөлүктүү жаңыча формасы десек, гезиттер бүгүнкү чындыктын жаңыча да, түбөлүктүү да формасы.

* * *

Өз гезитине жарыяланмайын мамлекеттик метеорология институту билдирген аба ырайына ишенбеген адамдар да болот.

* * *

Адам эгер бир ишке байланса, демек, ошол ишинен ыракат алгандай болсун же андан башка эчнерсе колунан келбейби, анда бир үзүм нан таап жеш үчүн ошол ишине биротоло байлансын. Бирок эчкачан принцип үчүн өтүк ултарып убара болбосун. Принцип үчүн ишке моюндан байлаган иттей мамиле кылган кишинин колунан иштин ишпалдасын чыгаргандан башка эчтеңке келбейт.

* * *

Жаңы муун – бул бири-бирине канаттанган калың топ; эски муун – бул башкаларга куйкасы курушуп уңулдагандар.

Которгон Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *