Түрк элдеринде ар кандай коом мүчөсү үй-бүлө күтүп, балалуу болуу үчүн коом тарабынан кабыл алынган эреже-салттардын маани-маңызын терең түшүнүп, аларды тикеден-тике жетекчиликке алышы талап кылынган. Демек, турмуштагы ак менен караны, аруулук менен арамдыктын айырмасын аңдай билүүгө өбөлгө болгон билимдерди өздөштүрүүсү абзел. Огуздар коомунда ак нике гана үй-бүлө куруп, тукум улоонун негизги шарты катары каралган, б.а. бала ак нике аркылуу курулган үй-бүлөдө гана төрөлүшү шарт. Никесиз төрөлгөн балада кут болбойт. Бул идея “Бисаттын Төбөкөздү өлтүргөнү” аттуу аңгемеде ар тараптуу ачыкталат.

Адаттагыдай эле күндөрдүн биринде Огуздар жайлоого көчүшөт. Аруз Кожонун Адына Конур Сары деген койчусу “Узун булак” деген таанымал булактан кой айдап келе жатып, күтүлбөгөн жерден канаттарын бири-бирине тийгизип, учуп жүргөн пери кыздарды көрүп калат. Сары койчу кийиз кийимин кийип алып, пери кыздардын бирөөсүн кармап алат да, зордук менен жыныстык катнашка барат. Пери кыз канат кагып учуп: “Келерки жылы ушул убакта аманатыңды алып кет, бирок Огуздарга балакет алып келдиң”, – деп көздөн кайым болот. Муну уккан койчу аябай коркуп, өңү бозоруп чыгат.

Кийинки жылы жайлоого келген Сары койчу булак жанынан күйүп турган бир топту көрөт. Топтун арасынан пери кыз чыгып: “Койчу аманатыңды ал, бирок Огуздардын башына бир балакет келди”, – дейт. Койчу бул топтошкон жалтыракты көрүп, жаны чыгат. Кайра артка кайтып, сапан ташы менен атат. Аны урган сайын чоңоё берет. Бул коркунуч никесиз бала Төбөкөздүн төрөлүшү менен Огуздардын арылбас апаатка кабылышы эле. Анткени, Төбөкөз адам кейпи жок, башында гана бир көзү бар түрү суук болуп төрөлөт. Колуна тийген адамды да, малды да четинен жалмай берип, нагыз желмогузга айланат. Напсин агыткан сайын Огуздардын эли азайып, журттун катары суюла баштайт. Аны өлтүрүүгө эч ким даай албай, акыры Бисат гана айла-амал менен аны өлтүрүп, Огуздарга бейпилдик алып келет.

Бул аңгемеден алуучу сабактын маңызы өтө көп кырдуу жана көп катмарлуу. Мында мифтик катмар менен түрк элдеринин салттык түшүнүктөрү өз ара сиңишип кеткендей таасир калтырат. Ошондуктан бул аңгеме тууралуу ачыктамалар түрдүү түспөлгө ээ болуп келет. Ошондой ачыктамалардын бири катары аңгемедеги адам коомунда адеп-ахлактык салттардан тышкары адам пендесинин айбанаттык инстинктине ээ боло албагандыгынан улам никесиз төрөлгөн бала коом үчүн өтө коркунучтуу деген түшүнүктү тариздөөгө болот. Анткени, түрк элдеринин салттык түшүнүгүндө никесиз (зынадан) төрөлгөн балдар эл-журттун кутун учурат. Ошондуктан түрк элдеринде мындайларды “арам сийдик”, “күмөн бала” деп аташып коомго кошушкан эмес.

Арийне, бала бейкүнөө, бирок теги шектүү болгондуктан элдин жаман көзү, жаман сөзүнүн бутасына айланып, адеп-ахлактан тыш чоңоюп, бүтүндөй журт бузулуп жабыркап калат. Коркут бабанын бул аңгемесинде да Огуздардын башына түшкөн тукумун азайтууга негиз болгон мүшкүл эзелтен мыйзам катары калыптанган салтты бузган көрпенденин абийирсиз жоругунан улам келип чыкты. Аңгемеде бул ойду тереңдетип, экинчи бир кырын ачып берүүчү жагдай да бар. Бул Арузбектин Төбөкөз башкалардын никесиз мамилесинен төрөлгөн, бирок багып алган баласы. Ал эми Биссат Огуздардын башына түшкөн апаат күндөрү шашылыш көчүү учурунда журтта калып кетип, арстан таап алып, эмизип баккандыктан басканы адамдай, бирок кылык-жоругу арстан сымал болуп чоңоёт. Баласын канча жылдар азап менен араң табат.

Бул экөөнү бирге тарбиялап чоңойтууга багытталган Арузбектин аракетинин акыбети эмне болду?

Биссат арстандын үңкүрүнө көп жолу качып кетүү адатын калтырбай эчен түйшүккө салат. Акыры дагы кармап келишкенде Коркут ата: “Уулум, сен адам баласысың, жырткыч жаныбарлар менен дос болбо, анын ордуна ат чапканды үйрөн, жигит бол! Улуу агаңдын аты Кыян Селчук, сенин атың Биссат болсун, жашыңды Аллах берсин!” – дейт. Биссат ата-эненин ак нике, аруу тилегинен төрөлгөндүктөн бир канча жыл жапайы жаныбарлар арасында өсүп калса да, адам тейине бат эле кайтып, нарктуу жигит, нагыз баатыр болуп жетилет. Ал эми Төбөкөз ак менен караны, арам менен адалды ажырата албаган жалпы жаныбарларга таандык табигый кумарын башкарууга кудурети жетпеген Сары койчунун айбанаттык адебинен жаралгандыктан, анын денесине ок өтпөгөндөй эле аң-сезимине да Арузбектин аруу таалим-тарбиясы таасир этпей коёт.

Ошентип бүтүндөй Огуз эли бир тарапта, Төбөкөз бир тарапта калат. Муну менен дастанда никесиз жаралган баланын тагдыры анын керт башы үчүн, ошондой эле бүтүндөй коом үчүн арылбас азап болору осуят катары эскертилет. Коркут баба бул аңгемедеги өрнөктөр аркылуу калайык калкты ушундай оор катачылыктардан сактап, коргоп калууга далалат кылат.

Ошону менен бирге мураста үй-бүлө куруу, тукум улоо калк ичинде калыптанган эреже-салттарга негизделишин тастыктаган өрнөк окуялар, осуяттар арбын. Мурастын каармандары Огуздардын салтына ылайык ак никелүү үй-бүлө күтүп, нарктуу тукум улантуу үчүн эчен татаал күрөштөрдү баштан кечиришип, абийир сыноолорунан өтүшөт. Мурастын аңгемелеринде түрк элдери көөнө заманда эле: “Уулум! Кызды көрүү сенден, мал, калың берүү менден” – дешип, жар тандоону жаштардын эркине коюп, жоопкерчиликти өздөрүнө жүктөшкөн. “Коркут баба китебинин” аңгемелеринде болочок жубайлар бири-бирин тандоого эң жогорку инсандык абсолюттук чен-өлчөмдөр менен карашат.

Ошондуктан “Манас” эпосунда Манас үй-бүлө куруу үчүн кыргыз элинен кыз издеп өзүнө ылайыктуу кыз таба албагандай эле “Коркут баба китебинин” “Канды кожо уулу Кан Туралы” деген аңгемесинде Кан Туралы да Огуз элинен өзүнө ылайыктуу жаншерик табалбай, башка элди кезүүгө мажбур болот. Канды Кожо уулу Туралыдан жар издөө аракетинин натыйжасы эмне болгону жөнүндө: “Уулум, кыз таптыңбы? – деген суроо салат. Уулу Туралы: “Кырылып калсын, Огуз элинен мага ылайыктуу кыз таба алган жокмун ата”, – дейт. Жалпы түрк элдеринде жар издөөдө эң башкысы болочок үй-бүлөнүн, тукумдун келечегин ойлошуп, жат жана жакын деп чектешкен эмес. Ушундан улам татыктуу жар таап, тукум жакшыртуу тилеги менен “Манас” дастанында Манас тажик кызына, «Коркут баба китебинде” Кан Туралы Трапезун кызына баш кошушат. Бирок ошол эле учурда огуз элдеринде баатыр, эр жигиттер өздөрүнө ылайыктуу тапкан жаншерик жубайларына жетүү үчүн каармандык көрсөтүшүп, эчендеген канча кыйынчылыктарды баштан кечирүүгө кириптер болушкан.

Мындай кыйынчылыктарды жеңгенде гана үй-бүлө курулган. Айрыкча эр жигит баатырлар үй-бүлө курууга өтө кылдаттык менен мамиле кылып, өздөрүнүн жанын кыюуга да даяр болушкан. Бул эреже-салттар мурастагы башка окуяларга салыштырмалуу “Кам буура уулу Бамшы-Бейрек” аңгемесинде деталдуу чагылдырылган. Бамшы-Бейрек атасы бел куда болуп койгон келечек жары Бану Чичек менен салтка жараша өз ара сыноолордон өтүп, бири-биринин купулуна толгондо аткан октору түшкөн жерге үй тигип, үйлөнүүгө камылга көрүшөт. Бирок алардын аруу тилектери капыстан таш кабат. Күндөрдүн биринде курал жарагы жок Бейрек бейкапар эс алып жатканынан пайдаланып, амалкөй жоо бир жигитин өлтүрүп, отуз тогуз жигити менен туткунга алып кетет. Кайгылуу кабар уккан Бану Чичек уккан кулагына ишенбей боздоп ыйлап, кара кийим кийип кала берет. Арадан он алты жыл өтсө да, Бейректин тирүү же өлүк экени билинбейт. Бир күнү кыздын агасы Карчар жинди Баяндыр кандын ордосуна келип: “Каным, Бейрек аман-эсен болсо он алты жылдан бери келет эле, бир жигит болсо, андан барып кабар алып келсе кантет. Тирүү деп кабар угузса, алтын, күмүш аралаш жиптен тигилген көйнөк, жуббе, алтын акча берет элем ошол жигитке. Өлдү деп кабар угузса, карындашымды берет элем”, – дейт. Мындай кырдаалдан пайдаланып калуу үчүн бул ишке жалганчынын уулу Ялтажук барып, Бейректи көрбөй эле өлүптүр деген суук кабар менен кайтат.

Элди ишендирүү үчүн бир убакта Бейрек белекке берген көйнөгүн канга матырып көтөрүп келет. Огуздар оор кайгыга батат, баласынын кайгысына туруштук бере албай, атасынын көзү көрбөй калат. Баары үмүттөрүн үзүп, убада боюнча Бану Чичектин башын жалганчынын уулу Ялтажукка байлоо үчүн чоң тойго камдана башташат. Жалгыз гана атасы Кам Бууранын жүрөгү бир нерсени туйгандай үмүт менен: “Эй, соодагерлерим, балким силер баламдын тирүү же өлүк экендигинен кабар алып келесиңер, бардык ишти кылдаттык менен аткаргыла”, – деп эскертет. Соодагерлер эчен азап, эчен амал менен Бейрек менен байланышып, абалды түшүндүрүшөт. Муну уккан Бейрек амал менен жоодон кутулуп, бир акындын комузун алып, жалганчынын уулу Ялтажук менен Бану Чичектин тоюна барып, амал менен Бану Чичек олтурган боз үйгө акын катары кирет. Бану Чичекти бийге чакырып, колундагы шакекти таштабай тагынып жүргөнүнө көзү жеткенде гана “Сүйүшкөн Бамшы Бейрегиң мен эмес белем”, – деп өзүн таанытат.

Муну уккан Бану Чичек дароо таанып, анын бутуна барып жыгылат. Бейрекке кыздын жеңелери чапан кийгизишет. Кыз ошол учурда дароо атына минип, чаап жөнөйт. Бейректин ата-энесине сүйүнүп сүйүнчүлөйт.

Кыз:

Кара тоом жыгылган эле, көтөрүлдү көккө эми,
Кандуу суулар токтоду эле, шарылдап акты эми,
Чынар дарактар куурады эле, жашылданды эми,
Жылкылар кулун тууду эми,
Төөлөр тайлактуу болду эми,
Койлор козулуу болду эми,
Он алты жылдап жоголгон Бейрек келди,
Максатыбызга жетүүгө,
Жанын аябай чуркаган.
Жылкы дебеймин сени мен,
Бир тууганымдан да артыксың.
Башыма келип иш түшсө,
Жан досторумдан артыксың,
– дейт.

Башка бир аңгемеде Кан Туралы Селжан айымды алуу үчүн коюлган шарттарга ылайык колго үйрөтүлгөн жаныбарлардын эң азоолору менен күрөшөт жана аларды жеңет.

Ошентип, «Коркут баба китебинде” жаштар баш кошуп, ак никелүү жубай болуу үчүн эчен азаптуу сыноолорду баштан кечиришип, шертке бекем туруу жана ар-намыстуулуктун бийик өрнөктөрүн көрсөтүшөт. Мындай аңгемелер көөнө түрктөрдө жаштарды үй-бүлөлүк турмушка даярдоодо салттык тарбиянын өрнөгү катары кабылданган.

Акматали АЛИМБЕКОВ, «Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *