(Маселенин хронологиялык жана теориялык аспектиси)

Улуу Сөздү прозага айландыруу жумушу ар кайсы багыттарда мээнет эткен чыгармачыл адамдар (адабиятчы-окумуштуулар, жазуучулар, котормочулар) тарабынан ишке ашырылып келди. Алардын эң көрүнүктүүлөрү, албетте, жазуучулар болуп эсептелет. Профессионал адабияттын тарыхы бир кылымга араң аяк баскан улуттук көркөм сөзүбүздүн алдыңкы өкүлдөрү да эртедир-кечтир мухит сындуу эпосубузга кайрылбай койбойт эле. Эгерде 1910-жылдары жазылган Белек Солтоноевдин көркөм туундуларын улуттук профессионал адабиятыбыздын башталышы деп эсептей турган болсок, эгемендикке ээ болгон мезгилден кийинки жарыяланган илимий изилдөөлөр иштин ушундай экендигин айныксыз фактылар менен эң сонун кылып далилдешпедиби. Анда “Манас” эпосун прозага айландыруу ишин профессионал жазуучуларыбыз жетимиш беш жылдан кийин гана колго алышкандыгына күбө болобуз…

Албетте, эпостун карасөз түрүндөгү вариантын жазып чыгуу көптөн бери күн тартибинде турган маселелердин бири эле. Акыры бул маселе жогорку деңгээлде каралды. Ал тууралуу атактуу калемгер Ашым Жакыпбеков өзү минтип жазат: “1985-жылдын аягында Жазуучулар союзунда кеңеш болуп, маареке даярдыгына (улуу эпостун 1000 жылдыгын өткөрүүгө – С.А.) байланыштуу көп маселелердин ичинде эпостун карасөз түрүндө жазылышы да талкууланган. Талкууну жүргүзгөндөр кыргыз адабиятынын аттуу-баштуу инсандары: Ч.Айтматов, Т.Сыдыкбеков, С.Эралиев, Т.Аскаров өңдүү бир тобу чогулуп, академиянын манасчы окумуштуулары да катышкан.

Эпостун ыр түрүндөгү варианттары орус тилине которулуп жатканы, бирок илимий сөзмө сөз котормосу болобу, көркөм котормосу болобу, ыр түрүндө башка элдерге кеңири таркашы кыйынга турары эске алынган…  

…Биз ошол кеңеште эпостун карасөз түрү роман тибинде жазыларын айтканбыз. Кандай роман болору анда эч кимге белгисиз болучу, – деп эскерүүсүн улантат Ашым Жакыпбеков бул иштин башталышы тууралуу. – Кеңеш Жусупов экөөбүз башка иштерибизди жыйыштырып коюп, бул ишке баш-отубуз менен кирдик. Эпостун варианттарын мурда үстүртөн билсек эми кайрадан изилдеп окуп чыгуу, эпоско тиешелүү ар кандай илимий китептерди теңшерип чыгуу бир топ убакытты алды. Андан соң экөөбүз оболу жалпысынан оозеки сүйлөшүп алып, өз-өзүбүзчө жазууга кириштик. Кадыресе убакыт өткөндөн кийин бири бирибиздин жазгандарыбызды карап чыксак, экөө таптакыр эки башка чыгарма болуп калыптыр. Экөөнү жуурулуштуруп бириктирүү болчудай эмес. Эмне кылмакпыз. Эки башка жазуучу биригип бир чыгарма жаза албастыгына көзүбүз жетти. Биргелешип жазган тажрыйба дүйнөдө көп, бирок алар кантип иштешкенине айраң таңбыз. Аргасыздан экөөбүз эки башка жаза турган болдук. – Бул багыттагы оюн А.Жакыпбеков минтип жыйынтыктайт. – Менин жазган вариантыман үзүндүлөр утурумдук басма сөзгө жарыялана баштады. Кийинчерээк бир чыккан үзүндүгө Кеңеш Жусупов баш сөз жазып, жогорку жагдайды окурмандарга түшүндүрдү. Биргелешип жазуу болбостугун айтып, айкөлдүк менен мага ак жол каалады.

Иштин ички жүрүшү ушундай болду.” (Жакыпбек Ашым. Теңири Манас. Эпос өзөктүү роман. – Б.: Кыргызстан, 1995. 5 – 6-бб. Астыларын сызган биз – С.А.)

Бул жерде тактап кете турган эки жагдай бар. А.Жакыпбеков Жазуучулар союзундагы жыйын “1985-жылдын аягында” болгондугун атайын белгилөө менен К.Жусупов экөө бири биринин жазгандарын “кадыресе убакыт өткөндөн кийин” карап чыгышкандарын, ушундан соң гана “үзүндүлөр утурумдук басма сөзгө жарыялана баштагандыгын” айтып жатат. Демек, 1985-жылдын аягынан тартып кадыресе убакыт өткөндөн кийин болсо, анда эпостун карасөзгө айландырылган текстинин үзүндүлөрү 1986-жылдын ортосуна, же аягына барып гана мезгилдүү басма сөз беттерине жарыялана баштаган деген жыйынтыкка келебиз. Бирок мезгилдүү басма сөздөрдүн – азыркыча айтканда, массалык-маалымат каражаттарынын архивдеринде жүргүзгөн биздин иликтөөлөрүбүз бул маалыматтын чындыкка дал келбестигин көрсөттү. Тагыраак айтканда, залкар калемгерлердин карасөз түрүндөгү текстинен үзүндүлөр ошол учурдагы жалпы журттун зор сүймөнчүгүнө айланган басылма болгон “Кыргызстан маданиятынын” 1985-жылдын август, сентябрындагы сандарында жарыяланыптыр. Дагы да тагыраак айтчу болсок, алгач 1985-жылдын 15, 22, 29-августундагы №№ 33, 34, 35-сандарына жана 5-сентябрдагы № 36-санына басылыптыр. Бардык учурда гезиттин ортоңку 8,9-беттерине (разворотко) басылгандыгына күбө болобуз. Демек, эпостун карасөзгө айландырылыш тагдырын чечкен Кыргызстан жазуучулар союзундагы белгилүү жыйын 1985-жылдын аягында эмес, тескерисинче, жыл башында, болгондо да тим башында өткөлүгөн десек чындыкка жакын болмокчу… Бул бир.

Экинчиден, карасөзгө айландырылган тексттин авторлору катары гезиттин бардык сандарында Ашым Жакыпбеков менен Кеңеш Жусупов экөө тең көрсөтүлөт. Муну биз “кийинчерээк бир чыккан үзүндүгө Кеңеш Жусупов баш сөз жазганга” чейинки авторлор ортосундагы өтө аяр этикалык маселеден улам болгон иш деп боолголосок болот.

Ал эми жарыяланган тексттин көлөм жагына келчү болсок, “Кыргызстан маданиятынын” ошол учурдагы бир бетине (полосасына) машинкага терилген сегиз, тогуз беттик текст баткандыгын (жарыялангандыгын) эске алсак, анда ар бир санга он сегиз беттик материал басылып турган. Ошондо гезиттин төрт санында жетимиш эки беттик материал жарык көргөн десек болот. Байкалып тургандай, бул деген чакан повесттин көлөмүнө барабар текст болуп эсептелет да, “Кыргызстан маданияты” ошол биринчи эле жолкусунда улуу эпостун карасөзгө айландырылган текстинин дурус эле көлөмүн элге жеткирген дегендикти билдирет. Жарыяланган тексттер баатырдын төрөлүшү менен балалык чагы тууралуу көркөм баяндар эле.

Андан соң, туптуура бир жыл өткөндөн кийин (1986-жылы) “Кыргызстан маданияты” 11, 18, 25-сентябрдагы жана 2-октябрдагы №№ 37,38,39,40-сандарына улуу эпостун карасөзгө айландырылган тескстинен дагы үзүндүлөрдү жарыялады. Бул ирет “(Көкөтөйдүн ашынан)” деген кошумча темача менен окурмандарга тартууланды. Авторлор катары бул жолу да эки жазуучу тең көрсөтүлдү. Көлөм жагы болсо баягы эле жетимиш эки беттин тегерегин түзүп турду. Эмне үчүн биз элге тартууланган үзүндүлөрдүн көлөмүнө улам-улам атайын токтолуп жатабыз? Мунун сырын бир аздан кийин чечмелеп бермекчибиз… Азырынча айтарыбыз, кийин китеп болуп басылып чыккан вариантта да бешинчи бөлүмдү түзүп турган “Көкөтөйдүн ашы” романдын 283–354-беттеринде жарыяланып, жетимиш бир бетти түзүп тургандыгы. Демек, “Кыргызстан маданияты” жумалыгы кийин улуттук прозабыздын эң мыкты үлгүлөрүнүн бири болуп кала турган романдын бир бөлүмүн чыпчыргасын коротпой толук түрдө эле жарыялап салган экен.

Арадан алты ай өткөн соң 1987-жылдын көктөмүндөгү – 16, 23, 30-апрелдеги – № 16,17,18-сандарына “Кыргызстан маданияты” жумалыгы эпостун карасөз вариантынан үзүндүлөрдү (“Манастын Каныкейге үйлөнүшү” деген кошумча тема менен) кайрадан жамы журтка тартуулады. Мында да авторлор катары эки калемгер тең көрсөтүлдү.

Кийинки 1988-жылды да “Кыргызстан маданияты” жумалыгы Улуу Сөздүн прозага айланган вариантын жарыялоо менен баштады, тагыраак айтканда, гезиттин 1-январдагы № 1- жана 7-январдагы № 2-сандарында А.Жакыпбеков менен К.Жусуповдун аты коюлган текст атпай журтка жаңы жылдык куттуктоо катары жетти.

Албетте, өткөн ХХ кылымдын тээ отузунчу жылдары түптөлүп, анан улуттун руханий өсүшүнүн бардык баскычында анын айныгыз күбөсү болуп келген “Ала-Тоо” журналы да жалпы журттун маданий жана адабий турмушундагы мындай зор окуядан четте калышы мүмкүн эмес эле. Чынында эле ошондой болуп, натыйжада, 1988-жылкы 9-номеринде Улуу Сөздүн прозага айландырылган вариантынан чоң үзүндүнү (13–64-беттерде) жарыялады. “Ала-Тоо” журналынын форматындагы 51 бет деген бир топ чоң көлөм экендигин көпчүлүк жакшы билет… Бул үзүндү “Чоң казаттан” деген кошумча темачы менен басылып, авторлор катары бул ирет да эки жазуучу тең көрсөтүлдү.

Мына ошентип, жогоруда айтылган маалыматтардан жана келтирилген мисалдардан ачык-айкын болуп тургандай, романдын колжазмасынын машинкага терилген – наржак-бержагы – үч жүз беттей көлөмү төрт жыл ичинде (1985, 1986, 1987, 1988-жылдарда) окурман журтка тартууланыптыр. Бул деген кийин өзүнчө китеп болуп чыгып колубузга тийген 530 беттик романдын 60 – 65 %ын түзүп турат деген сөз эле.

Өткөн кылымдын 80-жылдарынын соңуна келип биротоло бүткөрүлгөн бул романын көйкашка калемгер Ашым Жакыпбеков гезит, журналдар аркылуу болсо да окурман журтка толугураак жеткирүүгө аракеттенгендей, мүмкүн болушунча чоңураак көлөмдө жарыялоого шашкандай элес калтырат. Токсонунчу жылдардан тартып таптакыр башкача нукка түшкөн турмуш агымы Ашым Жакыпбековдун да, анын эң башкы китеби болгон “Теңири Манас” романынын да тагдырын таптакыр туңгуюк абалга апкелип такады. Муну биз калемгердин өзүнүн төмөнкү айткандарынан ачык сезебиз: “Өкмөт өзү жаздырды эле… Мындай заман келерин, манасчы Ашымдын азабын колго берерин билген жокмун да… Убада, сөз кылгандар көп. Бирок натыйжасы жок болуп жатат. Үмүттүн жиби  илинген бир-эки жер бар, ошону күтүп олтурам. Болсо болду, болбосо Ак үйдүн алдына алып барып, колжазмамды өрттөп салам. Ишенбей калдым.” (Самсак Станалиев. Ашыкем аман болгондо. (Мезгилге баш ийбеген ысым) // “Кыргыз Туусу, 2001, 11 – 13-октябрь, 13-б.)

Жогорурактагы көлөм жөнүндөгү кептин төркүн-төөсү ушунда – мүмкүн болушунча романдын көбүрөк бөлүгүн окурмандарга жеткирип койсом деген жазуучунун көңүл тереңиндеги купуя сырда. Арманга толгон ачууга алдырып жиберип, “убадасын уй жегендерге” өчөшүп “Ак үйдүн” алдында алоолонтуп салса эмне болмок? Ар нерсе болушу мүмкүн эле да…

Жогоруда биз Ашым Жакыпбековду “көйкашка калемгер” дедик. Ооба, бул сөз эч бир апыртмасы жок айтылган кеп экендигине жазуучунун көркөм мурасы менен жакындан таанышкан ар бир адам ынанбай койбойт. Өткөн ХХ кылымдын элүүнчү жылдарынын экинчи, алтымышынчы жылдарынын биринчи жарымында улуттук адабиятыбыздын бардык түрү менен бардык жанрларына таланттуу жаштардын жоон тобу келип кошулгандыгы адабиятыбыздын өнүгүү жолдору менен өсүш тенденцияларын иликтеп-изилдеген окумуштуулардын дээрлик баарысы тарабынан ар качан баса белгиленип келе жатат. Алар прозада Ө.Даникеев, А.Саспаев, М.Гапаров, К.Жусубалиев, К.Жусупов, А.Стамов ж.б. болсо, поэзияда О.Султанов, Т.Кожомбердиев, М.Абылкасымова, Ж.Абдыкалыков, Ж.Мамытов ж.б., ал эми драматургияда Б.Жакиев, М.Байжиев, М.Тойбаев, адабий көркөм сында К.Бобулов, С.Жигитов, К.Артыкбаев ж.б. эле. Ушундай эле көрүнүш искусствонун да бардык тармактарында болуп жатты. К.Молдобасановдун, Н.Давлесовдун, Т.Садыковдун, Т.Океевдин, Б.Шамшиевдин, Г.Базаровдун, Б.Бейшеналиевдин, Т.Турсунбаеванын, С.Чокморовдун,  Р.Чокоеванын, Б.Миңжылкиевдин, С.Токтакуновалардын чыгармачылык өмүр-тагдырлары бул айтылган оюбуздун айкын мисалы болуп эсептелет. Мына ушул топтун ичинде көйкашка калемгер, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Ашым Жакыпбековдун чыгармачылык жылдызы да өзгөчө жаркырап жанып турат.

Ошол элүүнчү жылдардын экинчи жарымында республикабыздын гезит, журналдарында алгачкы аңгемелери жарыяланып жүргөн жаш калемгердин “Жаралуу көгүчкөн” деп аталган тырнак алды жыйнагы 1961-жылы басылып чыкты. Андан бир аз убакыттан соң эле жамы журт, жалпы окурман калкы тарабынан жогорку деңгээлде кабыл алынган “Катаал багыт” повестин жаратты калемгер. Сөздүн чынын айтканда, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун өлбөс-өчпөс повесттеринин жарыкка чыгышы менен жанрдын таптакыр жаңы чектери аныкталып турган ошол учурда окурмандардын бийик талабына жооп бере турган повесть жаратуу кыргыз жазуучулары үчүн өтө оор да, өтө кыйын да иш болуп калган эле. Дал мына ушул учурда жаралган Ө.Даникеевдин “Кыздын сыры”, К.Жусубалиевдин “Күн автопортретин тартып бүтө элек” жана дал ушул А.Жакыпбековдун “Катаал багыт” повесттери нукура оригиналдуулугу менен айырмаланышып, авторлорунун ысымын адабияттын алдыңкы катарына алып чыгышкан болчу.

Андан соң Ашым Жакыпбековдун “Биз атасыз өскөнбүз”, “Кыргыз жеринин жомоктору”, “Айдагы жезкемпир” деген сыяктуу ж.б. китептери окурмандарга тартууланды жана алар китеп сүйүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды.

Дээрлик он беш жыл “Кыргызфильм” киностудиясында башкы редактор болуп иштөө менен калемгер бир катар кинофильмдердин сценарийлерин жазды. Ошону менен бирге А.Жакыпбеков орус жана дүйнөлүк адабияттын улуу өкүлдөрүнүн эң мыкты чыгармаларын эне тилибизге өтө бийик деңгээлде таржымалап берген чебер котормочу да болуп эсептелет. Алардын катарында С.Цвейгдин новеллалары менен М.Ю.Лермонтовдун “Биздин замандын уулу” романы турат.

Албетте, А.Жакыпбековдун котормочулук өнөрү жөнүндө сөз кылганда улуу калемгерибиз Ч.Айтматовдун “Делбирим”, “Ботогөз булак”, “Гүлсарат”, “Ак кеме”, “Эрте келген турналар”, “Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт”, “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат” аттуу чыгармаларынын Ашым Жакыпбеков тарабынан кыргызчага которулушу тууралуу айтпай кетүүгө болбойт. Булардын кайсынысын кантип которгондугу жөнүндө калемгердин өзүнүн эскерүүлөрү, жолдош-жоролорунун, адабиятчылардын жазгандары, илимпоздордун А.Жакыпбековдун дал ушул чыгармаларды которуудагы чеберчилиги тууралуу изилдөөлөрү башка учурда, башкача жагдайда айтылчу сөз болгондуктан бул маселени тереңдетүүнү туура көргөн жокпуз. Бир гана айтарыбыз: А.Жакыпбеков которбой калган улуу жазуучубуздун соңку “Кассандранын эн белгиси” жана “Тоолор кулаганда” деген романдарынын кыргызча таржымалары кандай тагдырга туш болду? “Тоолор кулаганданы” эне тилибизге төрт котормочу төрт башка деңгээлде таржымалабадыбы кашайып…

Өмүрүнүн соңку он жылын көйкашка калемгер А.Жакыпбеков – жогоруда айтылгандардан байкалып тургандай – “Манас” эпосун карасөзгө айландырууга, тагыраак айтканда, Улуу Сөздү өзөк кылып алуу менен нукура реалисттик чыгарма жазууга арнады.

Арийне, “Манас” эпосу, Чокан Валиханов өзгөчө таамай белгилегендей, “бир убакытка келтирилген жана бир адамдын – Манас баатырдын тегерегине топтолгон кыргыз мифтеринин, жомокторунун, ылакаптарынын энциклопедиялык жыйнагы. Бул – талаа “Илиадасы” сыяктуу чыгарма. Бул чексиз чоң эпопеяда кыргыздардын турмушу, салты, географиясы, диний жана медициналык түшүнүгү жана эл аралык мамилеси орун алган”. (Ч.Валиханов. Собрание сочинений в 5-ти томах. – т.2  – Алма-Ата, 1985.  248-б.). “Манас” эпосун эң алгачкылардан болуп изилдеген (анан да Улуу Сөз жөнүндө буга чейин жазган окумуштуулардын дээрлик баарысы мисалга тартпай койбогон) казактын улуу уулунун бул пикиринде биз көңүл бура турган эки жагдай бар.

Биринчи. Буга чейин бардык окумуштуулар тарабынан баса белгиленип жүргөн “Илиадага” байланыштуу пикири. Биз муну, албетте,  “Манас” Ч.Валиханов тарабынан дүйнөлүк эпостун катарында бааланып жатат деп түшүнөбүз. Бул, арийне, баарыга белгилүү жана түшүнүктүү нерсе.

Экинчи. Улуу “Манас” Ч.Валиханов тарабынан эпопея катары сыпаттала бааланып жатканы. Ал эми эпопея деген – адис окумуштуулардын кынтыксыз аныктоолору боюнча – эки топко бөлүнөрүн эстен чыгарбашыбыз керек. Дал ушул чен-өлчөмдөн алып караганда, “Манас” баатырдык эпопеянын үлгүсүндө жаралган чыгарма болуп эсептелет. Ал эми “героические эпопеи, создававшиеся так или иначе всеми народами в определенную эпоху их развития – в период формирования государственности, уходят корнями в древнейший фольклор, мифологию, легендарную память о доисторических временах…

В основе художественности древних эпопей лежит величественная героика, ибо выступающие в них человеческие образы как бы непосредственно олицетворяют собой весь народ и рещают своими деяниями судьбу целого общества и государства. Естественно, что в древних эпопеях господствует гиперболическая образность, переходящая в прямую художественную фантастику”.  (Словарь литературоведческих терминов. (Редакторы-составители Л.И.Тимофеев и С.В.Тураев) – М.: Просвещение, 1974. – 472-б).

Адамзаттын соңку тарыхында жаралган роман-эпопеядан мына ушундай өзгөчөлүктөрү менен айырмаланып турган көркөм дүйнө болгон баатырдык эпопеяны роман-эпопеянын (карасөздүн) талаптарына шайкеш келтире жазып чыгуу канчалык татаал да, канчалык жооптуу да иш экендиги айтпасак да түшүнүктүү эмеспи. Анткени, тамыры тээ байыркы фольклорго, мифке, атамзамандагы мезгилге кетип, жапан журт жумурият болуп калыптана баштаган мезгилде атпай журт тарабынан жаралчу баатырдык эпопеяны соңку кылымдарда жаралган роман-эпопеянын формасы менен алкагына ылайыкташтырып – кандайдыр бир деңгээлде болсо да – жазып чыгуу, кайталап айтабыз, татаал да, жооптуу да иш эмеспи.

Эгерде, баатырдык эпопеяларда согуштук баяндар алдыңкы сапта турса, бул эпостун негизинде жазылган карасөз түрүндөгү бүгүнкү романда реалисттик адабияттын талап-мүдөөлөрү канчалык деңгээлде сакталыш керек? Маселенин баары мына ушунда турат.

Баарыга белгилүү болгондой, тээ байыркы, байыркы замандарда жаралган көркөм туундуларда жаратылыш, табият, анын кереметтүү күчтөрү биринчи сапта баяндалса, кийинчерээк пайда болгон мифтик чыгармаларда Кудайлардын турмушун сүрөттөө ошол мифтик чыгармалардын башкы озуйпасы болгон. Андан соң гана адабияттын башкы предмети – адам жана анын турмушу болуп калды. “…предметом искусства и литературы являетсы действительность в её отношении к человеку” – деп баса белгилейт адабият теориясы боюнча белгилүү окумуштуу Н.А.Гуляев. (Гуляев Н.А. Теория литературы. Изд.второе, испр. и дополненное. – М.: “Высшая школа” 1985. –  65 – 66-бб.). “Адабияттын спецификасы жөнүндө сөз кылганда, эң алды менен айта турган анын негизги касиети, маселенин өзөгү – адабият адамтаануу экендиги. Кандай гана чыгарманы окубайлы, баарынан мурда, адам турмушу, күрөшү, баштан кечиргендери жана тагдырлары менен таанышабыз… Ар кандай чыныгы сүрөткер ар бир конкрет тарыхый мезгилдин жагдай-шартында калыптанган жана ошонун натыйжасы болуп эсептелген кейипкердин ички дүйнөсүн, рухий мазмунун талдап жана ачып берет.

Бул кандайдыр бир логикалык ой жүгүртүүлөрдүн же аныктамалардын жардамы менен эмес, көркөм образ түзүү менен ишке ашырылат.” (Борбугулов М. Адабият теориясы. Окуу китеби. – Б.: “Шам”, 1996. – 133-б.). Реалисттик адабияттын жол-жобосун, ички мыйзамченемдери менен спецификалык бөтөнчөлүктөрүн, баарынан да реалисттик адабияттын адамтаануучулук касиетин тереңден өздөштүргөн залкар калемгер Ашым Жакыпбеков мухит сымал учу-кыйырсыз эпостун окуяларын жан дүйнөсү, дүйнөкабылдоосу бүгүнкү илим менен техниканын доорунда калыптанган окурмандын ой-сезимине, максат-мүдөөсүнө төп келе турган усул-ыкманы өзгөчө таамай да, бөтөнчө кылдат да таба билген. Ал – жогоруда проф. М.Борбугулов таамай белгилегендей – турмуш чындыгын жеке пенде, бир адам, анын көркөм образы аркылуу ачып берүү ыкмасы, талдап берүү жолу. Бул көрүнгөн эле калемгердин колунан келе бербей турган ыкма, бардык эле сүрөткерлер таба алчу жол эмес болчу. Мындай ыкма менен мындай жолду элдин өткөндөгү эпикалык дүйнөсү менен бүгүнкү реалдуу турмушун жан дүйнөсүндө, аң-сезиминде, жүрөк түпкүрүндө мамыр-жумур жуурулуштура алган калемгер гана таба алат болчу. Тилекке жараша, Ашым Жакыпбеков дал мына ушундай калемгер эле.

Жети баптан турган романдын көпчүлүгүн түзүп турган бөлүмчөлөрдүн аталышы момундай: “Теңируул”, “Бала Манас”, “Бакай”, “Хан Манас”, “Кошой”, “Жоо Жолой”, “Көкөтөй”, “Алооке”, “”Шоорук”, “Алмамбет”, “Каныкей”. Булардан башка эпикалык дүйнөтаанымда адам тариздүү кабыл алынып, пенде сыяктуу эле тагдыр-ташпиши менен сүрөттөлгөн айбанаттардын, жер-суулардын типтүү өкүлдөрү (ооба, типтүү өкүлдөрү) улуу эпосто бир топ. Залкар жазуучу А.Жакыпбеков бул өзгөчөлүктү кылдат байкай билген. Айтылган сөзүбүздүн айкын мисалы катары “Теңири Манас” романында “Аккула”, “Талас” деген бөлүмчөлөрдүн жазылышын көрсөтүп кетсек болот.

Мына ошентип, учу-кыйырына көз жеткис мухит сыяктуу сезилген, нукура фольклордук көркөм дүйнөнүн классикалык үлгүсү болгон улуу эпосубузду – “көбү төгүн, көбү чын”, “жарымы төгүн, жарымы чын” эпосубузду – чыныгы реалисттик адабияттын айдыңына апекелүүнүн жолун эң сонун тапкан залкар калемгер А.Жакыпбеков ошол эпикалык дүйнөнү “адам турмушу, күрөшү, баштан кечиргендери жана тагдырлары” аркылуу сүрөттөө менен бүгүнкү окурмандын жан дүйнөсүнө, эстетикалык табитине, барынан да реалисттик адабияттын мыйзамченемине төп келген өзгөчө бир көркөм дүйнөнү жараткан.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *