Эрназар Таштанбаев: «РухЭштин» рухий суроолоруна жооп

«РухЭш» редакциясынын: өзүн Абдышүкүр Нарматовдун жардамчысы, шакирти деп тааныштырган Эрназар Таштанбаев аттуу жигиттин бул макаласын эч өзгөртүүсүз жарыялоону эп көрдүк. А сөз төркүнүн зирек окурмандар өздөрү ажыратып алар…Биз бул маселе боюнча баардык тараптардын пикирин угууга да даярбыз жана кимиси өз чындыгын далилдегиси келсе, сайтыбыздан орун берүүгө макулбуз. Жамы коомчулук баардык маселеде маңдай-тескей ачык талкуулар менен гана орток пикирге келет деген ишенимдебиз. «РухЭш» сайты диний уюмдар сыяктуу жашыруун иш жүргүзбөйт, биз коомдогу ачыктыкты гана каалайбыз. Аталган маселеде А.Нарматовду каралоо ниетибиз жок, тек, […]

Капкара принцесса (Die schwarze Prinzessin)

Айтылуу баатырлар жана эр жүрөк кыздар аталган элдик жомоктор жыйнагынан Немис тилинен түз которгон Адилет ШАДЫКАНОВА Илгери-илгери бир король жана королева жашаптыр. Алардын кызы да, уулу да жок, таптакыр баласыз болгон экен. Анда бир күнү королева: “Кудай бербесе, жок дегенде Шайтан берсе да, бир балалуу болсом экен!”- дептир. Ошондон көп узабай эле королева боюна бала көтөрүп, бир кыз төрөйт. Ал кыз чоңойгон сайын күндөн-күнгө көркүнө чыгып сулуу болуп, аны бир көргөн адам сүйүп, ашыктык отуна күйүп, азап тартып калчу экен. […]

«РухЭштин» окурмандары үчүн: Кытай маалымат булактарындагы табылгыс табериктер

Биз өткөндө “Чыгыш адабияты жана искусствосу” Басма компаниясы тарабынан “Бир алкак, бир жол” окуу китеби даярдалганын маалымдап, анын мазмунунан бир аз үзүндү алып, “РухЭш” сайтынын окурмандарына тааныштырган элек. Бул ирет ошол жаңы жылдан кийин дароо жарык көрүп жаткан китептин Улуу Жибек Жолунун тарыхына арналган алгачкы бөлүмдөрүнөн окурмандарыбызга эң кызыктуу жерлерин жарыялоону эп көрдүк. Анткени бул улуу Жол биздин аймак аркылуу өтүп, алыскы Батышка сапар тартып турган. Андыктан анда биздин да тарых бар. Өзгөчө, тарыхыбызды кытай жазмаларынан издеген тарыхчыларыбызга, дегеле дүйнөлүк […]

Бери караң: Абдышүкүр ажыга Алланын бергениби, арабдардын бергениби?

«Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгат» Элдик накыл Аттан түш, ажыке, сүйлөшөлү… Жакалашпайлы. Сотко сүйрөшпөйлү. Зоболосу бийиктеги адам жөөчөн адамга төөсүнөн да, ат көлүгүнөн да жерге түшүп сүйлөшкөн нарк бар кыргызда. Тек, «РухЭш» сайтынын Сизге узатаар соболдоруна сабырдуулук менен ачык жообуңузду гана берип коюңуз. Чычаламай жок. Кеп мындай, ажыке! Эл арасында Угарман Маамыт, Көрөрман Маамыт, Жер тыңшаар Маамыт дегендерибиз бар. Азырынча Жер тыңшаар Маамытыбыз сиз тууралуу дагы-дагы көптөгөн маалыматтарды топтоп жүрөт. Жер тыңшаар Маамытыбыз келгиче Угарман Маамыт менен Көрөрман […]

Калыс ИШИМКАНОВ: Акын Фатима Абдалованын чыгармачылыгына сүртүмдөр

Бишкектеги “Улуу тоолор” басмасынан 2016-жылы акын Фатима Абдалованын “Жолдо бастым ойлонуп” аттуу 36 басма табак көлөмүндөгү ыр жыйнагы жарыкка чыкты. Китебин минтип – көп нерсеге баам сала алган, адам тагдырларына кайдыгер карай албаган жана жашоо, дүйнө, табият, адам жан дүйнөсү тууралуу терең ой жүгүртө алган акын гана атай алмак. Китепте деңизге куйган сансыз дарыялардай болуп, нечендеген адам тагдырларын артынган Жер планети алып учат… Мен Фатима Абдалованын аталган китебинде жаткан – канча бир адам тагдырларын, алардын кубаныч-кайгыларын, араздашууларын, бири-бирине таптакыр карама-каршы […]

Искендер ЖУМАБАЕВ: «Турам тыңшап селейип…»

(Шербет Келдибекованын чыгармачылыгы тууралуу учкай сөз) Өткөн кылымдын жетимишинчи жылдарынын башында кыргыз лирикалык поэзиясына согуштан кийин төрөлгөн акын кыздардын чакан тобу келип кошулду. Кийинчерээк алардын чыгармачылыгы адабий сында «кыздар поэзиясы» деп атала баштады. Алар көркөм адабиятты мурунку муундагы кыргыз жазуучулары сыяктуу мамлекеттик иштин бир бөлүгү эмес, адамдын ички сезимдери, кубаныч-кайгысы жөнүндө айтып берүүнүн каражаты катары түшүнүшкөн. Ошондуктан алар «социалдык заказ» боюнча иштеген улуу муундагы калемгерлер сыяктуу универсал болушпастан, негизинен лирикалык поэзия жанрында гана жазышкан. Алардын лирикалык ырларынын тематикасы да анчалык […]