Айтылуу баатырлар жана эр жүрөк кыздар аталган элдик жомоктор жыйнагынан

Немис тилинен түз которгон Адилет ШАДЫКАНОВА

Илгери-илгери бир король жана королева жашаптыр. Алардын кызы да, уулу да жок, таптакыр баласыз болгон экен. Анда бир күнү королева: “Кудай бербесе, жок дегенде Шайтан берсе да, бир балалуу болсом экен!”- дептир. Ошондон көп узабай эле королева боюна бала көтөрүп, бир кыз төрөйт. Ал кыз чоңойгон сайын күндөн-күнгө көркүнө чыгып сулуу болуп, аны бир көргөн адам сүйүп, ашыктык отуна күйүп, азап тартып калчу экен.

Он беш жашка чыгып, туулган күнү болор алдында кыз ата-энесине айтат: “Ата, мен эртең өлүмгө баш ийишим керек. – “Сүйүктүү кызым, жалгызым, өлүм деген сөздү оозуңа алба.” — “Жок, ата! Мен билем, өлүмгө моюн сунуп, көз жумушум керек. Бирок силер мага убада бергиле, мен жаткан табыт сепилдин ичиндеги чиркөөдөгү алтарь (жертвенник) алдына коюлуп, бир жыл бою ар түн сайын табыттагы мени кайтарып кароол кызмат кылсын. Мен кароолдун көзөмөлүндө болуп, эч ким мага жамандык жасабаса, мен өлүмдөн кутулам.” Король аргасыздан кызынын сөзүнө  макул болуп, кол алышып убада берет экен.

Принцесса кандай айтса, баары дал ошондой болуптур. Кийинки күнү ал ата-энеси менен коштошуп, табытка жатып өлүп, ошол замат көмүрдөй капкара болуп кетиптир. Король кызынын каалоосун аткарып – табытты сепилдин ичиндеги чиркөөдөгү алтарь алдына койдуртуп, кароол дайындайт. Түн ичинде сааттын жебеси туптуура он экини урганда, принцесса табыттан тура калып, кароолду кармап, мойнун бурап, чиркөө астындагы казылган караңгы, эч ким кире албас жертөлөгө ыргытып жиберет. Андан көп өтпөй, саат жебеси бирди көрсөткөндө кыз кайра табытка кирип жатып калат. Экинчи түнү баары так ошондой кайталаныптыр.

Саат жебеси он экини урганда, принцесса табыттан тура калып, кароолду кармап, мойнун бурап, чиркөө астындагы караңгы, эч ким кире албас жертөлөгө ыргытып жиберет. Саат жебеси бирди көрсөткөндө кыз кайра табытка барып мурункудай жатып калат. Кийинки түнү да баары кайталанат; эртең менен эле жер жутуп кеткендей кароолдордон дайын жок, жан адам алардын каякка жоголгонун билбейт. Ошентип, акырында королдун кызына кароол коюу үчүн киши табылбай калыптыр. Анда король бүт өлкөгө жар салат экен: “Ким принцессаны өлүмдөн  куткара алса, принцессага үйлөнөт жана король болот”.

Ошол учурда сары чачтуу Якоб деген койчу жигит жер кыдырып жүрүп, ушул  шаарга туш келген эле. Ал принцессанын табытынын жанында кароолго турууга макул болуптур. Кароолго турган биринчи түнү саат он экиге жакындап калганда, ал табышмактуу  түрдө жоголуп кеткендерди ойлоп, коркуп кетти да качып кетейин деди. Ошондо өзүнүн артынан үн угулду: “Якоб, качпай тур. Эгерде үч түнү катары менен менин табытымдын жанында кароолго турсаң, мени куткарып каласың.” Муну уккан койчу кайра кайрылып келип, принцессанын табытынын артына жашынып калат. Саат жебеси он экини урганда кыз табытынан чыгып, чиркөөнүн ичин айланып-тегеренип кыдырып карады; акыры табыттын артындагы жашынган койчуну көрүп калып, кармап аларында саат бирди какты. Кыз табыттын ичине кайра кирип жатып калды.

Экинчи түнү дагы саат он экиге жакындаганда койчу өзүнөн мурдагы кароолдордун тагдыры аны да күтүп турганын ойлоп коркту, качып кетейин деди. Ушул учурда артынан чыккан үндү укту: “Якоб, кетпечи. Сен мени өлүмдөн куткара аласың.”  Муну уккан койчу артына кайрылып келип, мурунку кароолдордун сөөктөрү жаткан караңгы, сыз жертөлөнүн ичине жашынды. Ал бети-колун кан менен боёп алды да, өлүктөрдүн арасына барып, өзүнүн үстүнө бир нече өлүктү таштап коюп, өлүк сыяктуу кыймылсыз жатып калды. Саат туптуура он эки болгондо кыз табыттан чыгып, чиркөөнүн бардык жерин калтырбай тинтип чыкты, эч кимди таппады. Акырында кыз өлүктөрдүн астында койчу жаткан караңгы, сыз жертөлөгө түштү. “Жылуу бут бар экен, ким бул?” деп адамдан башкача үн менен  кыйкырган кыз өлүктөрдүн баарын бирден сыйпалап карай баштады. Кыз жакындаганда койчунун кан тамырларында кан жүгүрбөй токтоп калайын деди. Дал ошол учурда саат жебеси бирди какты. Принцесса эч нерсе болбогондой кайра табытына кирип жатып калды.

Кийинки күнү эртең менен эрте король өзүнүн жан-жөкөрлөрү (свита) менен койчуну көрүүгө келишти. Кан болгон анын бети-башын көрүп кыз койчуга жамандык кылган экен деп коркуп кетишти. Бирок Якоб аларга: “Мен дагы бир түн, үчүнчү түн кароолго турайын. Эртең мененки саат алтыда литавра, сурнай ойнотуп, башка дагы түрдүү музыканын коштоосунда келгиле. Мен же өлөм, же принцессаны куткарам”, — деди. Король экөө ушинтип убадалашты.

Түн ичинде саат он экиге аз калганда койчу принцессанын табытынын астына сойлоп кирип, жашынып жатты, саат он экиде кыз табыттан туруп кеткенде бош калган табыттын ичине кирип жатып алды. Принцесса бүт чиркөөнү кыдырып  издеп жүрдү. Ал кайра табыттын жанына келгенде, саат туптуура бир болгон эле. Принцессага тил бүттү да: “Якоб, мен сага миңдеген алкыш айтамын, сен мени өлүмдөн куткардың”, — деди. Ошондон баштап анын өңү-түсү акырындык менен агара баштады. Эртең мененки саат алтыда ал кайрадан мурункусундай аппак, супсулуу болуп калды. Ошол маалда король королева экөө бардык свита, жан-жөкөрү, жана көптөгөн эл менен бирге литавра, сурнай ойнолуп, дагы башка түрдүү музыканын коштоосунда келип калышты. Якоб принцесса менен кол кармашып чиркөөдөн чыкканда эл: “Жашасын биздин король Якоб!!!” деп кыйкырып жатты. Элдин кубанычында чек жок эле.

 (Märchen aus Niedersachsen, 1996, S.13)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.