Биз өткөндө “Чыгыш адабияты жана искусствосу” Басма компаниясы тарабынан “Бир алкак, бир жол” окуу китеби даярдалганын маалымдап, анын мазмунунан бир аз үзүндү алып, “РухЭш” сайтынын окурмандарына тааныштырган элек. Бул ирет ошол жаңы жылдан кийин дароо жарык көрүп жаткан китептин Улуу Жибек Жолунун тарыхына арналган алгачкы бөлүмдөрүнөн окурмандарыбызга эң кызыктуу жерлерин жарыялоону эп көрдүк. Анткени бул улуу Жол биздин аймак аркылуу өтүп, алыскы Батышка сапар тартып турган. Андыктан анда биздин да тарых бар. Өзгөчө, тарыхыбызды кытай жазмаларынан издеген тарыхчыларыбызга, дегеле дүйнөлүк тарыхка сереп салгандарга бул китеп табылгыс таберик болорунан шегибиз жок.

Кубанычбек АРКАБАЕВ

Экинчи бөлүм

Тарыхка кайрылуу

1-Бап.  “Улуу Жибек жолу” түшүнүгү

“Улуу Жибек жолу” – бул Кытайдын байыркы Чанань шаарынан алгачкы сапарын баштаган соода-сатык кербен жолу, ал Ганьсудагы Хэси өткөөлүнөн жана азыркы учурдагы СУАР аймагы аркылуу өтүп, Азия, Европа жана Африканы байланыштырып келген. Кытай жана үч ири континент ортосундагы маданий мамилелер жана аны бириктирген улуу байланыш жол каттамы эзелтен эле сакталып келгени менен анын жалпыга белгилүү аталышы болгон эмес. 1877-жылы немис географы Фердинанд фон Рихтгофен өзүнүн атактуу “Кытай. Жеке саякат жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктары” деген эмгегинин биринчи томунда алгач ирет “Жибек Жолу” түшүнүгүн жарыялаган. Анын илимий аныктамасында мындайча баяндалат: “Биздин заманга чейинки 114-жылдан тартып, биздин доордун 127-жылына чейинки аралыкта Кытай менен Дарыялар өлкөсүн (Борбордук Азиядагы Аму-Дарыя жана Сыр-Дарыя) бириктирген жана Кытайды Индия менен байланыштырып турган. Ошентип батыш аймактарына жибек алып өтүү менен соода-сатык жүргүзүү максаты орундалуу менен адамзатка орток жол каттамдары пайда болгон”.

1910-жылы немис окумуштуусу Альберт Герман “Кытай жана Сирияны байланыштырган Байыркы Жибек жолу” аттуу китебинде адабий көз карашка салып Жибек жолуна мындай деп түшүндүрмө берген:  “Биз бул аталыштын маанисин түшүнүү менен кабыл алып, аны алыскы батышка жана Сирияга алып барган жолдорго ыйгарып, дүйнөгө жайылтуубуз зарыл”.

Фон Рихтгофен тарабынан аныкталган “Улуу Жибек жолу” аталышы тез эле батыш жана чыгыш аалымдарынын кубаттоосуна арзыган. Окумуштуу А.Герман Улуу Жибек жолунун батыш кыйырын Сирияда белгилегенинин себеби, Чжан Цянь Батыш аймактарына иш-сапар улагандан көп өтпөй, Кытай жибеги Жибек жолу аркылуу Рим империясынын чегине чейин жеткен. Биздин заманга чейин 65-жылы Рим империясынын аскер күчтөрү Помпейдин кол башчылыгы астында Жер ортолук деңизинин чыгыш жээгин басып алган, ошол себептен улам Сирия Рим империясынын карамагына киргизилген. Дал ушул тарыхый чындыкты далил кылган А. Герман Улуу Жибек жолундагы соода-экономикалык жана маданий тажрыйба алмашуулар Кытай, Борбордук Азия  жана Индия аймактарынын чегинен ашып Римге чейин жеткен деп божомолдогон. Азыркы учурда бул байыркы жол Байыркы Кытай, Борбордук Азия, Батыш Азия арасында, жана Жер ортолук деңиз аркылуу Европа менен Түндүк Африканы бириктирген байланыш жол каттамы катары Жибек жолу жалпы аталышына ээ болуп келет.

Фердинанд фон Рихтгофен сунуштаган Улуу Жибек жолу – бүгүнкү күндөгү тар маанидеги Жибек Жолу, аталган жол каттамы чөл аркылуу өткөндүктөн аны  “чөл жолу” деп да аташкан.

Карым-катнаш мамилесинин өнүгүшү жана кеңири жайылышы, элдин түшүнүгүнүн кеңейишинен улам, “Жибек жолу” түшүнүгү да чексиз жайылып толукталды. Жол  кыймылынын негизги унаасы катары кургактык Жибек жолунда төө (кербен жолу) жана Деңиз Жибек жолунда кеме эсептелген. Ал эми жүк алмашуу боюнча алып карасак, анда “Нефрит жолу”, “Коло жолу”, “Чай жолу”, “Фарфор жолу”, “Шайы кездеме жолу” деп ар түрдүү аталышта айтылган. Жол каттамы жагынан “Чөл жолунан” тышкары дагы “Талаа жолу”, “Байыркы Тан-Тибет жолу”, “Кытай-Индия-Бирма жолу”, “Цзяочжи жолу” жана башка аталыштар кызмат кылган. Бул аталган жол каттамдарынын баары Улуу Жибек жолунун жалпы жана кеңири  маанисин туюндурат.

2-Бап. Кургактыктагы Улуу Жибек жолу

  1. Чжан Цяндын Батыш аймактарына болгон сапары

“Батыш аймактары” – бул  өзгөчө касиеттүү тарыхый-географиялык аталыш. Андагы “Батыш” сөзү Кытайдын күн батыш тарабын түшүндүрөт. Жалпылап айтканда  “Батыш аймактары” кең жана тар мааниде колдонулат. Кеңири маанидеги батыш аймактары бүгүнкү күндөгү Кытайдын Синьцзян аймагынан тартып Борбордук Азия, Түштүк Азия, Батыш Азия, Индостан жарым аралы, Европанын чыгыш тарабы, ошондой эле Африка континентинин түндүк жагы жана башка көптөгөн аймактарды өзүнө камтыйт. Ал эми тар мааниде Синьцзян аймактарындагы Цунлиндин тоо этектеринин (азыркы Памир тоо кыркалары) чыгышынан, Ганьсудагы Дуньхуан шаарынын батышына чейинки жерлерди камтыйт.

Батыш аймактары Жибек жолунун Кытай менен Европаны байланыштырган маанилүү чектерде жайгашкан жана эзелтен берки Кытай-Батыш жол кыймылынын таржымалын Кытайдын батышынын тарыхын изилдөө иштеринен бөлүп кароого мүмкүн эмес.

Жалпыга маалым болгондой, Кытай саякатчысы жана элчиси Чжан Цянь Батыш аймактарына иш сапар менен барганга чейин эле Кытай жана Батыштын ортосунда экономикалык жана маданий алакалашуулар болуп келген.  Бирок тарыхый изилдөөлөрдүн талабына жооп бергибиз келсе,  анда биз Улуу Жибек жолунун расмий ачылышын  белгилөө үчүн  бир окуяны же болбосо доорду бөлүп карообуз абзел. Чжан Цяндын батышка болгон иш сапары Кытай менен Батыштын байланыш тарыхында көрүнүктүү иш-чара экени шексиз, ошол себептен көпчүлүк аалымдар Чжан Цяндын сапарын  Улуу Жибек жолунун ачылышы катары карашат.  Дал ушунун таасиринен улам Сыма Цянь өзүнүн “Тарыхый жазуулар”  эмгегинде Чжан Цяндын батышка болгон сапарын “Чжан Цянь жол ачат” деп атаган.

“Хань доорунун тарыхый эстеликтери” булагындагы “Батыш жерлер баяны” жазмаларына ылайык Батыш чөлкөмдөрүнө отуз алты бөтөн уруулардын өлкөсү кирген, кийинчирээк майдаланып бөлүнүүнүн кесепетинен алардын саны элүүдөн ашкан. Мындагы “өлкө” деген түшүнүк топтошкон элдин тилдик, улуттук, аймактык жалпы ынанымдын негизинде бир бийликтин алдына чогулганын туюндурат. Батыш чөлкөмдөрүндөгү өлкөлөрдүн аймактарында калктын саны бир нече он миңден ашкан, мисалга алсак эң көбү Цюцы мамлекетинде (азыркы СУАРдагы Куча жана Токсу шаарлары) 80000 киши, ал эми чакан өлкөлөрдө жүздөн ашуун калк жашаган, анын ичинде Дань Хуань өлкөсүндө (азыркы СУАРдын аймагындагы шаар) болгону 27 түтүн, 194 киши катталган. Батыш Хань доорунун башында  хунндардын падышасы Модэ шанүй (падыша, кол башчы) батыш чөлкөмүн басып алып, батышта аскердик таяныч жана экономикалык колдоо көрсөткүч ордосун түзгөн. Хань династиясынын көптөгөн аймактарына ээлик кылып,  Чжунъюань аймагынын калкын куугунтуктоо жана талап-тоноо менен каратып алган, ошол эле учурда Батыш Цянь уруулары (азыркы Цинхай провинциясынын аймагында байыр алышкан) менен биримдик түзгөнгө да жетишишкен. Батыш менен Чыгышты бириктирген жол каттамын тороо менен Хань дөөлөтүнүн түндүк-батыш аймактарын курчап алган. Батыш Хань сулалесине күчтүү жана катуу чабуул жасоочу  “Кубаттуу күч” катары белгилүү болгон. Биздин заманга чейинки 140-жылы Хань династиясынын императору У-ди (Лю Чэ) такка көтөрүлгөндөн тартып, 60 жыл аралыгында күчүн топтоп, бийлик саясаты барган сайын бекемделип, экономика тармагында олуттуу өнүгүү байкалган. Хань доорунун императору У-динин мыкты жөндөмүнүн жана улуу стратегиясынын негизинде Батышка багыт алуу, чек араларды өздөштүрүп, кеңейтүү, хунндардын Хань сулалесине каршы көрсөткөн коркунуч таасирине каршы туруу аракеттерин жасаган. Хань башкаруучу династиясы Батыш аймактары менен мамиле түзүү чечимин чыгарып, батыш аймактарынын ар бир өлкөсү менен биримдикте хунн урууларына каршы күрөшүүнү, Хунн жана  Батыш Цянь алакасына тоскоолдук көрсөтүүнү “Кубаттуу күч” чабуулуна бөгөт коюу үчүн жасалган улуу стратегиясы болгон. Чжан Цяндын У-ди императору тарабынан Батыш аймактарына  жиберилген иш сапарынын түпкү максаты дал ушунда катылган. Аны менен бирге Хань сулалеси  ички экономикалык өнүгүү, соода-сатыктын гүлдөп өсүшү, жана да максаттуу түрдө  батыш аймактарына соода-сатык жолун салуу талабын койгон. Бул көрүнүштүн таасири астында өкүмдар У-динин башкаруусу учурунда Кытай жана батыш өлкөлөрүн байланыштырган Улуу Жибек жолунун учу узарышына шарт түзүлгөн, көптөгөн мамилелешүүлөргө көрөңгө болгон.

Кудурети күч хунндарга У-ди императору өтө кооптонуу менен караган жана кылдаттык менен мамиле кылган. У-ди Даюэчжи  көчмөн урууларынын хунндарга каршы өч алуу максаты тууралуу маалымдар болгондон кийин, юечжилер менен алака түзүп, хунндарга каршы эки тараптан кол салуу ниетинде юечжилерге элчи жөнөткөн. Башкаруусунун үчүнчү жылы (б.з.ч. 138-ж.) Чжан Цяндын жетекчилиги астында жүздөн ашуун киши дипломатиялык иш сапар менен Батыш аймактарына аттанышкан. Алар жолдон хунндар тарабынан туткунга алынып,  он жылдай убакытка кармалышкан, акырында качып кутулуу мүмкүнчүлүгүн издеп табышып ондогон күндүн ичинде Даванга жетишкен (учурдагы Өзбекстандагы Фергана шаары). Давандыктар илгертен эле Хань доорунун байлыгы жана маданиятына суктанып келишкендиктен Чжан Цянлыны  кубануу менен   сый-урмат көрсөтүп тосуп алышкан. Чжан Цяндын иш сапар максатын уккандан кийин, Даван падышасы элчиге киши кошуп берген, элчилик Хорезмге (учурдагы Өзбекстандагы Самарканд шаарынын аймагы) келип, бул шаарга караштуу аймак аркылуу жол басып Даюечжиге (азыркы Аму дарыясынын жогорку агымы) келишип, акыры бул опурталдуу иш сапардагы көздөгөн жерине жетишкен.

Ал учурда юечжилер Аму дарыясынын түшүмдүү жерлеринде толук отурукташып калышкан, ички кырдаалдын кыйла тынч болгондугуна байланыштуу хунндарга каршы чабуул жасоодон жана мекенине көчүп келүүдөн баш тартышкан.  Чжан Цянь Батыш жерлеринде  бир жылдан ашык убакыт болгон, бирок эч кандай ийгиликке жетишпегендиктен  чыгышка кайра кайтууга аргасыз болгон. Ал жолдон кайрадан хунндар тарабынан кармалып, бир жылдан ашуун камакта болгон. Хунндардын падышасы каза болгондон кийин  алардын ичинде өз ара согуштар болгон, мына ушундан пайдаланып Чжан Цянь кайрадан качып кеткен. Көптөгөн кыйынчылыктардан кийин Юаньшо ураанынын алдында үчүнчү жылы катары менен башкарып жаткан императордун (б.з.ч. 126-ж.) кызматына  Чанань шаарына кайтып келген.

Чжан Цянь биринчи жолку Батыш жерлерине болгон элчилик сапарында юечжилер менен ынтымак түзүү, биргеликте хунндарга каршы чабуул жасоо максатына жете албаганы менен, Батыш жерлериндеги ар бир өлкөнүнүн саясаты, экономикасы, үрп-адаты, элдин турмуш-тиричилиги жана башка жагдайлар жөнүндө толук, кеңири маалыматка ээ болгон. Бул кабар Хань династиясы үчүн тышкы дүйнө тууралуу бай маалымат болуп берген, Азиянын алыскы аймактарына кенен эшик ачып, тарыхый маанилүү ролду ойногон.

Чжан Цяндын батышка жасаган биринчи иш сапарынан кийин, Хань сулалесинин өкүмдары У-ди генерал Вэй Цин жана Хо Цюйбиндин колбашчылыгы астында Хэсиге хунндарга кол салуу үчүн аскер жиберген. Бул жортуулдагы жеңишке жетишүүнүн негизинде Хэси (Ганьсу) өткөөлүндө Цзюцюан, Увэй, Чжанъе, Дуньхуан аталган төрт дубан негизделип, Юймэнь жана Янгуан тозоттору курулган. Хунндардын катуу каршылык көрсөткөн соккуларынан улам, У-ди аларга каршы биргеликте күрөш жүргүзүү үчүн Чжан Цянды усундар менен келишим түзүүгө жиберген. Б.з.ч. 119-жылы элчи Чжан Цянь үч жүздөн ашуун жардамчылары жана жан-жөкөрлөрү менен ири өлчөмдөгү  бодо малды, зер буюмдарын,  жибек кездемелерин, жана башка мал-мүлктөрдү алып Усундардын Чигу шаарына (азыркы Кыргызстандагы Ысык-Көлдүн түштүк-чыгыш тарабы) ийгиликтүү жеткен.

Элчи Чжан Цянь Чигу шаарына келгенден кийин, усундардын ич ара үчкө бөлүнүп кеткен себебинен улам алар менен биригүү максаты  ишке ашкан эмес, мындан тышкары алардын хунндар менен өтө жакындыгы жана Хань династиясы тууралуу маалымдар болбогондугу, Батыш Хань өлкөсүнүн Усундар менен биригип хунндарга каршы сокку уруу каалоосун убактылуу ишке ашырбаган. Бирок буга карабастан Усун падышалыгы Хань династиясы менен ынак мамиле түзүүгө даяр экендигин билдирген. Чжан Цянь кайра кайтканында усундардын атайын өкүлдөрү менен элчиси аны Чананьга дейре узатып келишип,  Хан сулалесине ыраазычылык билдиришкен.

Элчи Чжан Цянь Чигу шаарында жүргөн учурунда өзүнүн орун басарларын Даван, Хорезм,  юэчжи, Бактрия (азыркы Ооганстандын батыш тарабы) жана башка өлкөлөргө жиберип, достук ишмердүүлүгүн жүргүзгөн. Элчинин жардамчылары вазыйпаларын толук аткарып, ар өлкөнүн өкүлчүлүктөрү менен бирге Чананга кайтып келишкен.

Жогоруда айтылгандай, элчи Чжан Цяндын батыш жерлерине иш-сапар менен жөнөгөнгө чейин эле Кытай менен батыш аймактарынын ортосунда экономикалык жана маданий баарлашуу сакталып келгенине карабастан жол каттам байланышы жана өткөрмө жайлары тарыхый жазууларда так катталбай калган. Чжан Цянь эки жолу батыш жерлерине сапар алып, Улуу Жибек жолунун хунндар тарабынан үзгүлтүккө учурап, тосулушун аныктап  изилдеген. Батыш аймактарындагы өлкөлөрдүн жол кыймылын толук баяндаган жазмалары тастыкталып, кайра каралып чыгып, элдин Жибек жолу жөнүндөгү түшүнүгүн жогорулаткан. “Тарыхый жазмалар – Даван таржымалы” жана “Ханьшу – Батыш аймактар баяны” Чжан Цяндын баяндамасынын негизинде жазылып алынган. Мында ошол учурдагы Улуу Жибек жолунда белгиленген жол каттамы жана аны бойлой жайгашкан маанилүү шаар, кыштактар туурасында ачык-айкын, так жазылган. Тактап айтканда, Улуу Жибек жолу Батыш Хань доорунун борбору Чанандан батышка багыт алып,  Лунси аркылуу Хэси коридорун кесип өткөн, андан Кытай – Батыш кургактык унаа жол байланышынын негизги өзөгү болгон Дуньхуанга чейин жеткен. Дуньхуандан Янгуан жана Юймэнь тозотторуна чейин чыгып, ал жерден Түндүк, Түштүк эки ача жолуна бөлүнгөн, бул  айрык жол Памир аркылуу Европа, Индия жана башка кыйла жерлерге чейин созулган. Ошентип, Кытай менен Батышты байланыштырган бул жол көптөгөн өзгөрүүлөргө жана өнүгүүлөргө учураса дагы, жалпылап айтканда, Чжан Цянь ачкан башкы жол өзөгүнүн негизинде жаңыланып, азыр дагы алдыга жылууда. Сун династиясындагы деңиз жүк ташуулары өнүккөнгө чейин бул жол Кытай менен Батыш өлкөлөрүн бириктирген негизги байланыш түйүнү болуп келген. Ошентип, Чжан Цяндын Кытай жана Батыш кургактык жол каттамдарын ачууда жана өнүктүрүүдө жасаган эмгеги зор ийгиликке жеткен.

  1. Хань доорунда Улуу Жибек жолунун эркин агымы

Хань императору У-динин өз башкаруу доорунда хунндарга каршы согуш аракеттеринде ийгиликтүү жеңишке жетишип, Чжан Цянды батыш аймактарына иш сапарга жиберип, Улуу Жибек жолуна негиз салуу иш-аракеттери аткарылса да, батыш өлкөлөрү хунндардын үстөмдүк кылуусунан толугу менен кутула албаган. Лоулань, Чэши ж.б. өлкөлөр хунндардын азгырып тукуруусу менен Батыш Хан династиясы тарабынан Батыш өлкөлөрүнө жиберилген элчилер менен кербендерге кол салып, талап-тоноп турушкан. Батыш аймактары аркылуу кеткен кербен жолдорундагы коопсуздукту камсыз кылуу максатында өкүмдар У-ди Лоулань жана Чэши өлкөлөрүн талкалап жок кылуу үчүн аскер күчтөрүн жөнөткөн, ошондой эле Усун падышасы менен кайрадан ынактык мамилесин түзүп, биргеликте хунндарга каршы согушуу аракетин жүргүзгөн. Ошол эле учрда  хунндардын Даванга болгон үстөмдүгүн жоюш үчүн жана ал жактан таза кандуу аргымактарды алуу максатында У-ди генерал Ли Гуанли башында турган аскер күчтөрүн жөнөткөн, алар бир нече жолу Даванга чабуул жасашкан жана бул мамлекетти каратып алышкан. Бул жеңиш Батыш Хань сулалесинин кадыр-баркын бүткүл аймак боюнча бир кыйлага көтөргөн.  Улуу Жибек жолу менен жүрүү кайрадан эркин болуп, элге кызмат кыла баштаган.

Биздин заманга чейинки 101-жылы Хань иператору У-ди Луньтайга (азыркы СУАРдагы Бугур уездинин түштүк чыгышы) жана Цюйлиге (азыркы СУАРдагы Корла уездинин түштүк батышы) элчилер менен аскер башчыларын жайгаштырып, батыш өлкөлөрүндөгү жер иштетүү тиричилигин  көзөмөлгө алган. Бул Батыш Хань династиясынын бийлик өкүлдөрүнүн батыш өлкөлөрүндөгү биринчи жолу ороноткон бийлик түзүмү. Кийинчерээк Батыш Хань бийлиги батыш аймактарда  негизги таяныч жайларын негиздеген.

Биздин заманга чейинки 60-жылы Хань доорунун өкмөтү Улей шаарында (азыркы СУАРдагы Луньтай уездинин түндүк чыгышы) батыш аймактарынын бийлик түзүмүн негиздеп, башкаруу иштерин жүргүзүп турушкан. Ошол убактан тартып азыркы Синьцзян чөлкөмү борбордук бийлик түзүмдөрүнүн карамагына алынып, Кытайдын аймагы жана калкынын бөлүнгүс бир бөлүгү болуп калды.

Батыш Хань династиясынын акыркы жылдарында көп убакытка созулган согуштук башаламандыктын кесепетинен алсызданган өлкөнү түндүк хунндар күтүүсүздөн басып киришип, анын батыш аймактарын көзөмөлгө алышкан жана Улуу Жибек жолун кайрадан үзгүлтүккө учуратышкан. Чыгыш Хань династиясынын башкаруусунун тушунда түндүк хунндардын батыш аймактарындагы өлкөлөргө үстөмдүк кылуу аракети күчөп, алар көп жолу Хэси аймактарына кол салуу менен элдерге кыйынчылык туудурган. Чыгыш Хань бийлиги кайрадан Жибек жолун ачуу, батыш аймактарында чарба иштерин жүргүзүү үчүн жигердүү аракет жумшаган. Биздин замандын 73-жылы дипломат, аскер кызматкери Бань Чао жана башкы кол башчы Доу Гунун аскерлери түндүк хунндарга каршы аттанышып, катуу сокку урушкан. Ошондон кийин көп жылдан бери үзгүлтүккө учурап, кербендер жүрбөй калган Улуу Жибек жолун кайра жандандыруу учүн батыш аймактарына иш сапар менен барышкан. Биздин замандын 91-жылы Бан Чао батыш аймактарына башкаруучу болуп дайындалып, ал жерде чарбалык аракеттерин жүргүзүүгө толук күч жумшаган. Биздин замандын 97-жылы элчи Бан Чао өзүнүн жардамчысы Гань Инди элчи катары Дацинге (Рим империясы) жиберген, алар түз эле Месопатамия деңизине  (учурдагы Перс  куймасы) жетип, деңиз (Жер ортолук деңизи) аркылуу өтөөрдө Парфиялык (азыркы Иран) деңиз көпөстөрүнүн жол тосууларынан улам максатын ишке ашыра алган эмес.  Буга карабастан биринчи жолу Жибек жолу Азиядан  Европага чейин созулган, токтолуп калган кыймыл кайрадан ачылган.

Гань Индин элчилик вазыйпасы ийгиликсиз аяктаганы Хань доору менен Дациндин (Рим империясынын) кургактык үстүндөгү байланышы кыйынчылыктарга толо экенин көрсөткөн, ошондон улам Рим империясынын соодагерлери үчүн Кызыл Деңизден Индия океанына чыккан деңиз соода жол каттамы ыңгайлуу болгон. 166-жылы Дациндин падышасы Ань Дунь (Рим императору Марк Аврелий Антоний) тарабынан жиберилген элчилер  өлкөнүн аймагына Жинань (учурдагы Вьетнамдын түштүк тарабы) жактан кирип, ошол учурдагы Хань династиясынын борбору Лоянга жетишкен. Бул иш-чаранын тарыхый мааниге ээ болгонунун негизги себеби —  Чыгыш менен Батыштын улуу башкаруучуларынын достук карым-катнашы тууралуу биринчи жолу расмий  түрдө жазылып калганы.

  1. Вэй-Цзинь мезгилиндеги «салыштырмалуу» солгундоо доору

Чыгыш Хань сулалесинин кулашынан кийин Кытай бөлүнү-жарылуу мезгилине туш келип, бул доордо Үч падышалык (Вэй, У, Шу ), Батыш жана Чыгыш Цзинь, Түштүк жана Түндүк династиялары бири-бирин алмаштырышкан. Ошол эле убакта Рим, Персия, Кушан империялары да башкаруу династияларынын алмашуусунун алдында турган. Буга жараша Улуу Жибек жолунун боюндагы көптөгөн көчмөн уруулар үстөмдүккө жетүү үчүн бири-бири менен байма-бай согушуп турушкан. Ошондуктан ушул убакытты Хань жана Тан доорлору менен салыштырсак, анда Улуу Жибек жолу үчүн бул доор эң начар мезгилдердин бири болуп калган.

Биздин замандын 220-жылынан тартып, Вэй жана Цзинь башкаруучу династиялары  өлкөнүн ички аймактарында катарлаш  бийлик жүргүзүшүп, Хан доорунун батыш өлкөлөрүнүн үстүнөн башкарган  саясатын улантышкан. Вэй, Цзинь падышачылыгы Лянчжоудо (учурдагы Ганьсу профинциясындагы Увэй шаардык округу) циши хуцян сяовей башкаруу кызматы түзүлгөн. Анын карамагына Хэси чөлкөмү жана Батыш өлкөлөрүнүн кээ бир аймактары кирген. Ху Цяндын негизги  жоопкерчилигине Батыш аймактарындагы жалпы административдик башкаруу иштери,  шаардын чет-жакаларындагы калкка буйрук берүү иш чаралары кирген. Кийинчерек Батыш аймактарынын чжаншиси аталган бийлик кызматы түзүлгөн.  Кеңсеси Лоуланда жайгашкан анын милдетине Улуу Жибек жолундагы жол каттамынын коопсуздугу, келип кеткен элчилерди тосуп-узатуу, чөлкөмгө жайгашкан аскер бөлүктөрүн башкаруу кирген. Алгачкы Лян династиясы Лоуланда Батыш жерлерин башкаруу үчүн чжаншинин кеңсесин негиздеген, ал эми  Гаочанды башкаруу максатында ал жерге  уцзи сяовэй  чиновниктик кызматына бекиткен.

Бизге жеткен тарыхый маалыматтарды барактасак ошол кездеги Улуу Жибек жолундагы абалды тагыраак изилдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мисалы Цан Цы Дуньхуанга аймак башчысы (227-233) болуп дайындалаган учурда Улуу Жибек жолу менен келип-кетип турган соодагерлерге тозоттон өтүү үчүн өткөрмө кагазын берип, узатып коюу үчүн кишилерине коштотуп жиберип турган. Мындан улам Ху элдери (батыш уруулары) менен Хань сулалесинин ортосундагы байланыштын борбору катары Дуньхуан тарыхта калган. 1907-жылы Венгрия саякатчысы  Марк Аурель Стейн Дуньхуандын батыш тарабындагы Улуу Кытай Сепилинин от жана түтүн мунараларынын урандыларынан “Байыркы Согдулуктардын (Согдиана – Борбордук Азия дагы тарыхый аймак) эски каттарын” тапкан. Анда согдулук соодагерлер Кан өлкөсүнө, тактап айтканда мекени Хорезмге жазган каттарында (бул убак батыш Цзинь падышалыгынын акыркы жылдары болгон). Ал каттарга Борбордук Азиядагы согдулук соодагерлердин Дуньхуандан Цзиньчэнге (азыркы Ланьчжоу) зыгыр буласынан токулган кездемелерди жана килемдерди саткандары тууралуу жазгандарына караганда  Вэй-Цзинь падышалыгынын доорунда “Улуу Жибек жолу” Кытай менен Батышты байланыштырган эң негизги соода жолу болгону айкын көрүнүп турат.

Вэй-Цзинь доорундагы Улуу Жибек жолундагы байланыш будда кечили Фасяндын Батышка алган сапарынан улам белгилүү болгон. Б.з. 399-жылы Фасянь бир нече кишини алып Батышка сапар тарткан. Алар көптөгөн  өлүм коркунучтарын башынан өткөрүү менен Такла-Макан чөлүн кесип өтүшкөн, Памир тоо кыркаларын ашышып, азыркы Пакистан, Ооганстан жана башка жерлер аркылуу жол жүрүшкөн. Фасян бирге сапарга чыккан он бир жолдошунун арасынан экөөсү менен гана Индияга аман-эсен жеткен. Ошентип Фасянь көп жылдар бою Индияда болуп, бир катар будда ыйык жазуулар топтомун чогулткан жана аларды алып, деңиз аркылуу 413-жылы борбор шаар Цзяньканга (учурдагы Нанкин шаары) кайтып келген. Фасяндын Индияда жүргөнүндө көптөгөн будда канон китептерин которгон жана көчүрүп жазган. Бул эмгектер Кытайда буддизмди жана будда философиясын жайылтууда зор мааниге эгедер болуп келет. Ал гана эмес, анын өз тажрыйбасынан улам жазылган “Будда өлкөлөр баяны” (башкача “Фасянь өмүр баяны ” деп аталган) китебинде байыркы  Борбордук Азия, Индия, Пакистан, Шри-Ланка жана башка бир катар аймактардын жер-суу шарттары жана каада-салттары жөнүндө маалымат берилет, аны менен бирге башка көптөгөн мамлекеттерге — “Хань доорунун белгилүү саякатчылары Чжан Цянь менен Гань Ин жетпеген жерлерге” Фасянь алгачкылардан болуп кадам таштап, ал түгүл булар туурасында тиешелүү маалыматтарды кагаз бетине калтыра алган. Фасяндын бул эмгектери деңиз жана кургактык Улуу Жибек жолун изилдөө боюнча баа жеткис тарыхый маалымат болуп саналат, анткени ал алгачкылардан болуп батышка жол тартып, Индияга кургактык менен жетип, өз мекенине деңиз аркылуу кайтып келген.

Вэй, Цзинь жана Түндүк, Түштүк династиялар доору чыгышка будда окууларын жайылтуунун маанилүү мезгили. Кытайда буддачылыктын  өнүгүшү жана чыгышты карай таралышы менен бирге таштан Будда айкелин жасоо  көркөм өнөрчүлүгү да тездик менен өнүккөн жана кеңири жайылган. Синьцзяндын аймагындагы Кызыр кыштагындагы таш үңкүрү жана Ганьсудагы Дуньхуан үңкүрү, Линься шаарындагы Бинлин үңкүрү жана башка тарыхый эстеликтердин баары дал ушул мезгилде курула баштаган. Ошондой эле, ошол доордо салынган будда үңкүрлөрүнүн көпчүлүгү Гандхара көркөм элесинде курулуп, андан Гандхара чеберчилиги Кытайдагы будда айкелчилигине  бир топ таасирин тийгизгени байкалып турат. Гандхара – бул Индиянын түндүк-батыш тарабынын чет-жакасы же болбосо Ооганстандын түндүк-чыгыш жагы жана Пакистандын түндүк аймагы. Белгилүү кытай кечили Сюаньцзан жазган Пакистандагы азыркы Пешавар шаары анын борбордук аймагы болуп саналган. Б.з.ч 6-кылымдан тартып, бул жер Персиянын бир бөлүгү катары каралган. Б.з.ч 327-жылы Искендер Зулкарнайндын чыгышка жасаган жортуулунда баш ийдирилгенден кийин, көп сандаган гректер бул жерге көчүп келип отурукташышкан. Индияда Маурийлер империясынын падышасы Ашоканын (болжол менен 232-237-ж.ж.) убагында Гандхаранын эли будда динин бек карманышкан, кийинчерээк бул жер грек маданиятын кабыл алган Бактрия бийлигине каратылып, б.з. 1-кылымында Гандхара кайрадан Кушан падышалыгынын башкаруу борбору болуп калган. Ушул себептен Греция, Рим, Персия, Индия, Сак урууларынын  жана башкалардын  көркөм усулдары айкалышып, өзгөчө кайталангыс Гандхара маданияты калыптаган.

Гандхара искусствосунун өзөгүн буддачылык түзүп, Греция, Персия, Индия жана башка будда чеберчилигинин көркөм ыкмасын өзүнө сиңирген. Дал ушул Гандхарада элдин ар нерселерге сыйынуу адаты пайда болгон, мисалы таш мамыларга, бодха дарагына (чындыкты таанытып билдире турган дарак), жана башкаларга, ошондой эле Будданын элесин чагылдырган эстеликтерге сыйынуу салтка айланган. Чыгышка буддизмдин  жайылышы менен бирге, Гандхара маданияты да Кытайга келип, биздин өлкөдөгү жергиликтүү Будда айкелдеринин жана таш үңкүрлөрүнүн курулушуна олуттуу таасирин тийгизген.

Түштүк жана Түндүк династияларынын тирешүүлөрү Кытай менен Батыш жерлеринин ортосундагы байланыштын алга жылышына эч бир тоскоолдук кыла алган эмес.  455-жылы Хуанхэ дарыясынын боюндагы жерлерди бириктирип борборлоштурулган Түндүк Вэй өлкөсүн түзгөн император Вэньчэндин Тайан урааны астындагы башкаруусунун алгачкы жылдары Персия падышалыгы менен Кытайдын ортосунда түздөн-түз байланыш түзүлүп, буга чейинки үзүлүп калган тышкы дипломатиялык байланыш мамилеси кайрадан жанданган. Ушул учурдан баштап 522-жылга чейин Персиядан Түндүк Вэй падышалыгына жалпысынан он дипломатиялык өкүлчүлүк келип кеткен. Алардын алгачкы бешөөсү борбор шаар Пинчэнге (учурдагы Шаньси провинциясындагы Датун шаар аймагы) чейин жетишип, алар дал ошол иш сапарларында Кытайга айнек кол өнөрчүлүгүнөн жаралган буюмдарын алып келишкен. Ал эми кийинки элчилик иш сапарлар 493-жылы борбор шаар Лоянга которулгандан кийин уюштурулган. Перс элчилиги Улуу Жибек жолун бойлой, Янцзы дарыясынын жээги аркылуу Түштүк династиялар доорунун борбору Цзянькан шаарына жеткен.

  1. Суй жана Тан доорундагы гүлдөп өсүү

Суй императору Ян-ди такка отурган күндөн баштап анын айланадагы өлкөлөрдү басып алууга болгон чоң жигери байкалды. Ал бир жагынан аскер иштеринде ийгиликке жетишип, өлкөнүн аймагын кеңейтсе, экинчи жагынан Батыш аймактары менен байланышты жөндөө максатында ал жактарга элчилерди жиберген. Дае ураанынын алдындагы башкаруусунда Суй Ян-ди Ян Цзе менен Ду Синманияны элчилик милдет артып Батышка жөнөткөн жана ушул аракеттердин артынан ал жактар менен мамилелер түзүлгөн. Бул иш сапарлар менен кошо агат асыл таштары, будда сутралары жана башка укмуштуу нерселер алынып келинген. Батыш аймактары жөнүндө дагы да жакшы билип, соода жүргүзүш үчүн Суй Ян-ди Чжанъе Пей Цзюүйдү жөнөткөн. Бул сапары тууралуу Пэй Цзюйдүн өзүнүн “Батыш мөөрү” эмгегинде батыш аймактарындагы өлкөлөрдүн сырткы көрүнүшү, табияты, элдеринин салт-санаасы, жеринин жаратылыш байлыктары жана башкалар жөнүндө кеңири кеп кылынган. Өзгөчө анын Батыш өлкөлөрүнө алып барган жана андан ары кеткен эң негизги үч жол туурасында жазганы абдан баалуу маалымат болуп саналат. Анда Дуньхуандан башталган жол Янгуань, Юймэнь тозоттору аркылуу өтүп, СУАРдан үчкө бөлүнүп түндүктөгүсү Аратүрүк (Иу) уезди аркылуу кетет, ортодогусу Гаочан аркылуу узайт, ал эми түштүк жолу Турфандагы Пичан шаарына (Шаньшанга) чыгат. Аталган үч жол Суй доорундагы Батыш жерлерине жайгашкан ар бир өлкө тууралуу кабар берет. Бул үч жол арасындагы Орто жана Түштүк жолдору байыркы Батыш Хань доорунан бери пайдаланылып  келе жаткан эски чыйырлар, ал эми Түндүк жолу кийинчерээк салынып, Кытай менен Батыш жерлерин байланыштырган негизги жол каттамы болуп саналат.

Пэй Цзюйдүн Батыш аймактарындагы жигердүү аракеттери менен Улуу Жибек жолундагы эркин соода агымын камсыз кылган. Ошондон соң батыш уруулары кербен жүктөп   Чанъань, Лоян жана башка шаарларга акырындан, бирок үзгүлтүксүз түрдө келе башташкан. Ошентип Кытайдын сырткы дүйнө менен алакалашуусунун гүлдөгөн учуру келип жеткен, ал өзгөчө Тан доорунун өркүндөп өнүгүшүнө жакшы шарттарды түзгөн.

Тан династиясынын тушунда  Кытайдын аймагы башка учурларга караганда кеңейген, мындан улам Жибек жолундагы соода да жаңы деңгээлдерге көтөрүлгөн, өнүгүүнүн башкача бир учуру келип жеткен. Тан императору Тайцзун Гаочанды (азыркы Турфан) багынткандан кийин Сичжоу шаарын түптөгөн жана  Аньсиде бүткүл батыш аймактарын көзөмөлгө алган дубан жетекчилигинин ордосун түзгөн. У Цзэтянь ханышанын убагында батыш аймактарында Аньсиде жана Бэйтинде (Бешбалык) эки вассалдык башкаруу ордосун орноткон. Аньси башкаруусунун карамагына Куча, Суяб, Юйтянь (СУАРдагы байыркы мамлекет), Шулэ уездинен (СУАРдагы Янгишар) турган төрт административдик-аймактык бөлүнүш алынган, (кээ бир аалымдардын айтымында Суяб бул  Яньци кыштагы (СУАРдагы Баянгол-Монгол автономиялуу округуна караштуу Яньци-Хуэй автономномиялык уездиндеги Карашар кыштагы) болуп саналат. Тан династиясынын батыш тараптагы аймактык чек арасы Борбордук Азияга жетип,  андан ары Араб халифаты менен чектешкен. Ошентип, Улуу Жибек жолу  Кытай менен Араб халифатын бириктирген жана саясий, коомдук деңгээлде Чыгыш менен Батыштын ортосундагы ар тараптуу достукту тургузган көпүрө болуп калган.

Араб халифаты Персиянын Сасаниддер мамлекетин талкалагандан кийин, Тан дөөлөтү менен Араб халифатынын ортосунда татаал, айыгышкан күрөш күч алган. 751-жылы Тан империясынын таланттуу генералы, Аньсинин башкаруучусу Гао Сяньчжи баштаган аскер күчтөрү Чач мамлекетине жортуулга аттанган. Чач (же Таш учурдагы Өзбекстандын борбору болгон Ташкент шаарынын аймагы) Араб халифатына жардам  сурап кайрылган. Алар бири-бирин карай беттеп келишип Талас өрөөнүнө жакын жерде (учурдагы Казакстандын Жамбыл шаары) чоң салгылашуу болгон. Натыйжада Тан аскерлери жеңилип, Тан бийлигинин Борбордук  Азиядагы күчү басаңдаган.  Бул кармашууда Ду Хуань туткунга түшкөн. Ал  мекенине кайтып келгенден кийин “Болуп келген өлкөлөрүм тууралуу  жазмалар”  эмгегин чыгарган, анда башынан өткөндөрүн баяндап жазган.

Тан империясы Кытай менен Батыштын ортосунда байланыш каттамынын өнүккөн мезгили катары карт тарыхта маалым, белгилүү будда кечили Сюаньцзан, И Цзин,  Ван Сюаньцэ жана башка саякатчылардын Будданын окууларын үйрөнүү үчүн жол издеп, Батышка сапар алышы жеке гана Улуу Жибек жолун өнүктүрбөстөн,  Кытай менен Батыш өлкөлөрүнүн ортосундагы маданий жана экономикалык баарлашуу мамилесин бекемдеген, ошондой эле саякатчы кечилдерге жолдо көрүп билгендерин кагаз бетине түшүрткөн. Мисалы, “Улуу Тан дөөлөтү тушундагы Батыш аймагы жөнүндө жазмалар”, “Түштүк деңиз өлкөлөрүнө сапар жана ички мыйзам баяны”, “Улуу Тан доорундагы Батыш аймактарына жол издеген Будда кечили”, “Индияга сапар жазмалары” сыяктуу көптөгөн эмгектерде Улуу Жибек жолунун өнүгүүсү жана андагы өзгөрүүлөрү түп-тамырынан бери жазылгандыктан Жибек жолун түшүнүп билүү үчүн  сейрек кездешүүчү баасы жок маалымат булактары болуп саналат.

Суй жана Тан династияларынын тушунда Улуу Жибек жолундагы Кытай менен Батыш өлкөлөрүнүн байланышы дээрлик жогорку деңгээлге жеткен, бул маалыматтардын чындыгына Дуньхуанда жана Турфанда табылган байыркы расмий иш кагаздары айныксыз далил болуп бере алат.  Турфан жазмаларында Тан мезгилиндеги  “Даңктуу, кайраты күч тогуз уруу” ( Кытайда Түштүк жана Түндүк династиялар, Суй жана Тан доорлорунун учурунда  Батыш аймактарындагы Сырдарыянын түштүгүнөн Аму-Дарыянын куймасына чейинки аймакта жайгашкан Согди элинин жана өлкөлөрүнүн жалпы аталышы) өлкөлөрүнүн ичинен Чач (Ши) жана Усрушана (Цао) мамлекеттери кул сатуу боюнча соода-сатык келишимин жүргүзүп турушкандыгы тууралуу айтылган. Ал эми Дуньхуан жазма булактарында эл аралык соода-базарынын жогорку деңгээли, ошол учурдагы Дуньхуанда соода-сатык менен алектенген согдиликтер жана чектеш бийлик күчтөрү жөнүндө, ошондой эле Борбордук Азия, Персия, Индия, Кытайдын борбордук аймактарынан жана башка жерлеринен келген соода кербендери, дипломатиялык өкүлчүлүктөр тууралуу баяндалып жазылган. Дуньхуан базары  сырттан келген буюм-теримдерге толуп турган. Мында баардык нерселер сатылган – батыштын түпкүрү Римден, түштүктөгү ажайып өлкө Индиядан жана чыгыштын эң чети болгон Кореядан алынып келинген товарлар аралаш жайгашканы билген адамдын таңгалуусун жаратпай койбогон.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.