Иран эл жомогу: Сулайман кеменгер

Мурункулардын айтканы боюнча качандыр бир кеменгер падыша Сулайман карыганда  өлүмдөн өлгөндөй коркуптур. Ошондо каардуу күчтөрдүн колдоочусу  ага келип мындай дейт: –  Оо өкүмдар! Ичинде мүрөктүн суусу бармынабул чаначты кабыл ал да, түбөлүктүү жашоого жетип өлбөс болуп кал. Бирок кары падыша акылдуу эле, андыктан сак дагы болучу. Ал өзүнүн хан сарайынын жанынан өтүп бараткан биринчи үч кишини өзүнүн алдына алып келүүнү буюрду. Көп өтпөй жоокерлер анын алдына алып сатар соодагерди, илелүү жоокерди жана карапайым  дыйканды алып келишти. Сулайман алгач эле илелүү […]

Сагын АКМАТБЕКОВА: Акыркы барик (шедевр)

АҢГЕМЕ …Акыры мезгил жетип ал да бутактан кулап түштү. Бутакта турганда ченемсиз алыс жана катуудай көрүнгөн жер ушунчалык жумшак жана ошого карабай муздак экен. Артта калгандын иши артта калган, жалгыздын иши жалгыз тура, өзүн кайда коерун билбей ээн көчөдө ээнсиреп не кыларын билбей турду. Айлана улам караңгыланып, күүгүм кирип келатты. Таң атып, жерге жарык түшкөнчө түшкөн жеринде эле эптеп түнөп чыгууну ойлоду. Жака-жээгин жыйнап, кымтыланымыш болду. Уктоого ыңгайланып көзүн жумду. Аз өттүбү, көп өттүбү, бир кезде алыстан кимдир бирөөнүн келатканын […]

Ырысбай АБДЫРАИМОВ: Айлакердин амалы

Тамсил Кайдан-жайдан учту кут: эгин суусу буулуп, чөп-чары куурап, тоо-талаада өсүмдүк өспөй мал-жанга түштү жут. Арстан, Илбирс, Жолборс… акылмандар жол издеп, башын баары катырды. Калгандар да тим турбай, аман калуу жолун ойлоп, оокат табуу көйгөйүн козгоп, улуу-кичүүгө акыл салышты… Тамак аттуунун баасы ашты. Сакалдуу Эчки далайдан бери эртели-кеч акыл сала, мекиренип, кээде кекирейип ич күптүү болуп жүргөн. Башчылыкка жетүүнүн амалын ойлоп, баш айланма убакты күткөн. Акылманды түгөл ороого түртүп, өзүнө атаандашпас, жол талашпас жан-жаныбар менен калуунун айласын түздү. Тилине кирсе, […]

Примитивдүү мотивдеги коллажга түшүрүлгөн көрүнүш – молдокелер кара күчтүн символу экенин аныктайт

Искусство тили менен көп нерсени туюнтууга болот. Мүмкүнчүлүк чексиз. Тек, ага кимдин жаратмандык дарамети жетсе, иштин мартабасы ошого жараша чечмеленип бийиктейт, жаки төмөндөйт. Интеллект – искусствонун ачкычы. Ошол интеллектуалдык ачкыч колдорунда жогунан улам динчилдердин примитивдүү фантазиясынан жаралган береги коллажга келсек, Абдышүкүр Нарматов мени нокаутка урган көрүнүштүн мотивдерин чечмелеп берели эми. Арийне, акыл таймашына келгенде күчү, дарамети чектелүү адам гана муштумун түйөт. Маданий деңгээлде диалог курууга жарамсыз адам кара күчкө калкалангандан бөлөк не кыла алмак. Динчилдер мага акыл интеллектилери менен сокку […]

Акматали АЛИМБЕКОВ: Айтматовдун чыгармаларындагы мугалимдердин нарк-насили

 Таалим-тарбия чөйрөсүнө байланыштуу көп кырдуу кубулуштардын табиятын таанып билүүнүн булагы жалгыз эле педагогика илими эмес. Мындай функцияны белгилүү өлчөмдө көркөм адабият да аткара ала тургандыгын тастыктаган фактылар арбын. Көркөм сөздүн керемети аркылуу аалымдардын баамына анчалык уруна бербеген көптөгөн педагогикалык кубулуштардын табиятын ачып, катардагы окурман гана эмес мугалимдердин да билимин байытып, кесиптик нарктарын арттырууга салым кошкон педагогикалык дарамети үлкөн жазуучулар арбын. Алардын баш сабында алп жазуучу  Айтматов турат. Айтматов жараткан педагогикалык дөөлөттөр көп кырдуу. Аларды бир макаланын, ал тургай бир китептин […]

Кожогелди Култегин түрк тилинен түз которгон 20-кылымдагы түрк акыны Нежип Фазылдын чыгармасы

Биринчи топтом ТАБЫТ Тактайдан. Узун сандык. Сап башындай. Башы кең. Аягы тар. Бой сунушат. Жасаган усталар да – башка тургай, Өздөрү менен аны толтурушат. Бүт жактан кичиртилген так бөлмөчө, Дубалы куушурулуп, шыбы ылдыйлап… Кутунун ичиндеги таш-бөбөкчө Кыялым жатат сулап… тыбырчылап… Чак окшоп турат менин чабал денем… Жан дүйнөм чак келбестир буга эзели. Мактанбайт эч ким – артта калган менен, Бир-бирден келип кирет – туура эсеби… Өлгөндөр кайра туулат деген чын бейм, Анда бул – бешик белем жалындаткан. Кантсе да оор […]