Менин бир ажы иним бар. Бир жарым жыл мурун «байке, эки университетте иштейсиз, томолой жетим студенттер болсо документтерин топтоп берсеңиз (ата-эне өлгөндүгү, жашаган жери, студент экени сүрөтү ж.б.) арабдар жакшы жардам беришет» дегенинен факультеттерди кыдырып, жыйналыш кылып кырктай баланын документин топтоп бердим. Андан көп өтпөй баягы үкам машинемдеги Асек Казиевдин балдарга арналган «Тамгалар сүйлөйт, Табышмактар, Манас алиппеси» деген китептерин көрүп «кел байке, буларды да ар бирин 2000 тираждан чыгарып балдар үйлөрүнө, мектептерге бекер таратабыз» деди. Ишенчээк жаным «Балакай фонду» аркылуу тендер өткөрүп документтерин даярдап бердим.

Жайкы отпускада жүрсөм, типографиянын директору чалып: «Баягы сен даярдаган документтер менен китептерди бастырып кетишти», — дейт. Ишене бербей өргүүдөн келип тактасам, чын болуп чыкты. Баягы иничекке чалсам, «эчтеке билбейм», — дейт алакан жайып. Анда сага берген документтерчи десем, телефонун өчүрдү да, ошону жок болду.

Баягы китептер сатыкка да чыкты. Ошондо эсиме келип, башка таанышым аркылуу араб фонддору боюнча такташтырсам, арабдар кур койбой, томолой жетимдерге сөзсүз жардам беришет экен (бирине акчалай, стипендия, ноутбук, жатакана, тамак-аш ж.б.). Ажы баладан болсо дайын жок.

Баягы студенттер мени көргөн сайын үмүттүү көздөрү менен карашат, а мен кайдан ортого түштүм эле дейм, ошентип жүрүп жыл өттү. Ошондон кийин арабдар, ажылар десе аллергиям кармайт, достор.

Баса, айылыбызга арабдарга бала-бакча салдырып берем, мынча пайызын өзүңөр чыгаргыла деген баягы ажы балакайдын айтканына ишенип, айылдаштарым жарым миллионго жакын акчасын чогултуп беришип, андан дайын жок деп акыйып жүрүшөт эки жылдан бери. Көрсө, арабдар салса өздүк салымы жок эле салып беришет экен. Ажыларды, арабдарды идеялдаштырган туугандарды түшүнбөйм… Абийир, уят, ар бирибиздин көкүрөгүбүздө болбосо, 100 жолу ажыга бар, бирок мындай чыгып чалмакейди чалып, чапма никелерди кыя берген чала молдолордон, араб болбой же кыргыз болбой калган шылуундардан сактасын Жараткан.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.