АҢГЕМЕ

Ал сулуу, ийилчээк келип, териси нандын түсүндөй назик эле, көздөрү кудум жашыл бадамдай, сыйда кара чачтары ийиндерине түшүп турат; кыздан байыркылык сезилет, балким бул анын индонезиялык же анд[1] тегинен уламдыр. Кийими да кыздын кылдат табитинен кабар берет: анын үстүндө сүлөөсүн терилүү кыска бешмант, бозгултум табигый жибектен жасалган көйнөк, камсурптан тигилген шым жана бугенвиллей[2] түстүү такасы жок туфлийи бар. Кыздын Шарль де Голль аэропортунда Нью-Йоркко кетүүчү самолетко отурууга кезек күтүп турганымда жанымдан ургаачы арстандын сырдуу басыгы менен өтүп баратканын карап туруп: “Жашоомдо көргөн эң сулуу аял” деп ойлодум. Көз ирмемден кийин укмуштуудай кереметтүү көрүнүш сүрмө топко аралашып жок болду.

Эртең мененки саат тогуз эле. Кечтен тартып кар жаай баштаган, андыктан көчөлөрдөгү кыймыл адаттагыдан жандуураак болуп, жол четиндеги жүк ташуучу машинелер кыламык карга чөмүлүп катып турушат, жеңил машинелерден буу чыгат. Бирок аэропорттун имаратында эчтеке болбогондой жаз өкүм сүрөт.

Мен кезегимди күтүп, дээрлик бир сааттан бери өзүнүн он бир чемоданынын салмагын талашып жаткан голландиялык кары кемпирдин артында турдум.  Мен зериге баштадым, бирок ушул учурда укмуштуу элес жылт этти, ошол замат дем алалбай калдым, андыктан талаш кандай аяктаганын да байкабадым, ошондо аэропорттун кызматкери элегейлигим үчүн жемелеп, асмандан жерге алып түштү. Кечирим суроонун ордуна мен андан бир көрүп сүйүп калууга ишенесиңби деп сурадым. “Албетте, — деди ал. – Андан башка сүйүү да жок”. Ошентип компьютердин экранынан көшөргөн көздөрүн албай туруп, менден кайдан, тамеки тарткандар  же тартпагандар отурган жерден орун аларымды сурады.

— Мага баары бир, — дедим чын дилимден, — он бир чемодандын жанынан болбосо болгону.

Кыз жаркырак экрандан көзүн албай туруп, ыраазы боло жылмайды.

— Сиздин тандооңузда үч сан бар, — деди ал, — үч, төрт же жети.

— Төрт.

Кыз шаңдуу жылмайды.

— Мен бул жерде өткөргөн он беш жылдан бери, — деди ал, — сиз гана биринчи жолу жети санын тандаган жоксуз.

Ал колундагы дүмүрчөк кагазды белгилеп, мага калган кагаздар менен бирге сунуп, алгач ирет мага жүзүм түспөлдүү көздөрүн көрсөттү, ажайып сулуу көрүнбөй калгандан кийин мен ушуга топук кылууга аргасыз болдум.

Ошондо гана кыз мага аэропорт жабылып, бардык рейстер токтотулганын билдирди.

— Анда качан учабыз?

— Кудай бергенде, — деди кыз жылмайып. – Эртең менен радиодон бул жылдагы эң чоң Кар күтүлүп жатканын айтышкан.

Жаңылып калышты: кар ушул жүз жылдыктагы эң көп кар жааш болду. Бирок биринчи класстын күтүү залындагы жүргүнчүлөр үчүн жаз өкүм сүрүп турду, вазаларда тирүү гүлдөр бажырайып, атүгүл заманбап музыка да аны жараткандар каалашкандай көтөрүңкү жана тынчтандыруу менен жаңырып жатты. Мен кокусунан бул жер менин сулуума ылайык келсе керек деп ойлоно калып, аны издөө үчүн өзүмдүн эр жүрөктүгүмө таңыркаган бойдон залдарды кыдырып жөнөдүм. Бирок күткөндөрдүн көпчүлүгү кадимки турмуштагы кадимки эркектер болуп чыгышты, алар англис тилинде чыккан гезиттерди окуп жатышты, бул убакта алардын аялдары кенен айнек терезелерден кар баскан кыймылсыз самолеттор менен тоңгон фабрикаларга тигилишип, башка эркектер тууралуу ойлонуп жатышты. Түштөн кийин залда бир да бош орун калбады, демди кыскан ысык аба жан чыдагыс эле, мен таза аба жутуу үчүн сыртка чыктым.

Көз алдыма коркунучтуу көрүнүш тартылды. Зал ар түркүн өңдөгү жана ишенимдеги адамдарга жыкжыйма толуптур, адамдар үп тарткан далистерде, атүгүл тепкичтен орун алышып, тактайларда өздөрүнүн балдары, жаныбарлары жана буюмдары менен катарынан тизилип жатышат. Шаар менен байланыш үзүлүп, пластиктен курулган тунук ак сарай бороонго туш келген космикалык станцияга окшой баштады. Мен айчырай мына бул тынчтана түшкөн адамдардын арасында, жакын эле жерде болууга тийиш болгон сезимден кутула албадым жана бул сандырак ой мага күтүүгө күч берди.

Түштөнүү убагына барып биз өзүбүздүн кыйроого учураган абалыбызды толук аңдап жеттик. Жети ресторан, кафе, барлардын эшиктери алдында аягы көрүнбөгөн кезек чубалжыйт, бирок үч саат өтпөй алардын баары жабылып калды, себеби баарында тамактары да, суусундуктары да калган жок. Балдар, а бул жерде дүйнөдөгү балдардын баары чогулуптур, баары бир добуштан ыйлап жатышты, ал эми сүрмө топтон каңырсыган жыт келет. Табигый туюмдарым даң сала баштады. Адамдардын бул уюгунан тапкан жалгыз тамагым балдар дүкөнчөсүнөн сатып алган акыркы жууган майдан жасалган балмуздак болду. Мен түркүккө таянып, официанттар отургучтарды жыйнап, аларды үстөлдөргө тизгенче балмуздагымды жеп отурдум, кафенин түпкүрүндөгү күзгүдөн чагылышкан өзүмө карап коём. Колдорумда акыркы калың кагаздан жасалган кичинекей ыстыкан жана акыркы кагаз кашык, а башымда болсо айчырай тууралуу ойлор.

Нью-Йоркко эртең мененки он бирде учууга тийиш болгон самолет кечки саат сегизде учуп чыкты. Акыры келип самолетко киргенимде, биринчи класстын жүргүнчүлөрү олпок отургучтарына жайланышып алышыптыр. Стюардесса мени өзүмдүн ордума баштап келди. Дем алуум токтоп калды. Менин отургучумдун жанындагы орундукта тажрыйбалуу саякатчынын жайбаракаттыгы менен менин сулуум жайгашыптыр. “Бул тууралуу жазчу болсом, эч ким ишенбейт”, — деп ойлодум мен. Чечкинсиз түрдө салам бердим, бирок кыз мунумду байкаган жок. Кыз кудум эле бул отургучта көп жылдар жашоого ниеттенгендей жайгашыптыр: буюмдарын ушунчалык дыкат жыйгандыктан, анын самолеттогу бул орду баары орду-ордунда турган кыялдагы үйгө окшошуп калыптыр. Ал бул иштери менен алек болуп атканда, башкы стюард жүргүнчүлөр менен саламдашып, баарына шампан алып келди. Мен бир чөйчөк алып кызга сунуш кылмакчы болуп, бирок убагында ойлонуп токтоп калдым. Көрсө, ал болгону бир ыстыкан суу ичүүнү каалаптыр да стюарддан адегенде баарына тааныш французча, андан кийин стюардга балким түшүнүксүз англис тилинде өзүн учуу бүткөнгө чейин такыр ойготпоолорун сураныптыр. Анын пас жана жумшак үнүнөн чыгыш минайымдыгы сезилип турду.

Суу алып келишкенде кыз жасануучу шаймандары салынган бурчтары жез менен кооздолгон үкөкчөсүн тизесине коюп ачты да, ар түркүн түстөгү дарылардын арасынан алтын жалатылган эки дарысын алып чыкты. Мунун баарын кудум өзү бул дүйнөдөгү иштери алдын ала, туулганда эле такталып коюлгандай, шашпай жана тыкандык менен жасады. Акырында самолеттун калың терезе пардасын ылдый тартып, отургучун болушунча ылдыйлатып, туфлийин чечпей туруп белине чейин жумшак төшөнчүсүн оронду, көздөрүнө уктаганда тагынуучу беткабын тагынды да, отургучта мага далысын каратып, капталына кыйшайып, ошол замат уктап кетти, уктаганда да эч ойгонбостон, үшкүрбөстөн, жаткан калыбын өзгөртпөстөн, Нью-Йоркко жеткирчү сегиз саат он эки мүнөт бою уктады.

Учуу оор болду. Мен дайым табийгатта сулуу аялдан өткөн сонун нерсе жок деп эсептечүмүн, ошондуктан жанымда уктап жаткан жомоктогудай жандын сыйкырынан көз ирмемге да кутула албадым. Башкы стюард биз жерден көтөрүлөр замат жок болуп кетти, анын ордуна стюардесса пайда болуп, пардаздануучу шаймандары бар баштыкча менен музыка угуу үчүн кулакчынды бермекке сулууну ойготууга аракет кылды. Мен менин сулуума башкы стюарддын өтүнүчүн кайталадым, бирок стюардесса кечки тамакты ичпеймин дегенди кандай болбосун, кыздын өзүнөн угууну каалады. Башкы стюард кыздын суранычын кайталады, кыз болсо көкүрөгүнө аны ойготпоосун суранган тактайчаны илип албаганы үчүн мени жемеледи.

Мен жалгыздыкта, эгерде кыз ойгоо болсо, ага эмнелерди айтарымды ичимден ойлонуп отуруп, кечки тамакты ичтим. Кыз абдан катуу уктагандыктан, атүгүл тынчсызданып да кеттим. Ал уйку дарысын эмей эле өлүм дарысын ичип албады бекен? Чөйчөгүмдү көтөргөн сайын каалоо айтып жаттым:

— Сенин ден соолугуң үчүн, айчырай.

Кечки тамактан кийин жарыкты өчүрүп, кайсы бир тасманы коюшту, ошентип сулуум экөөбүз дүйнө караңгылыгында калдык. Жүз жылдыктын эң коркунучтуу бороону артта калды, Атлантика түнү эбегейсиз жана таптаза эле, самолет жылдыздардын арасында токтоп калгандай сезилди. Ошондо мен узак сааттар бою кыялга баттым: мен кызды бүтүндөй, бир укум жерин да калтырбай карап чыктым жана жашоонун жападан жалгыз белгиси сыяктуу анын маңдайындагы кудум эле сууга түшкөн булуттардын көлөкөсүндөй жылып жаткан түштөрдүн көлөкөсүн гана кармай алдым. Мойнундагы ипичке чынжырчасы алтын түстүү денесинен дээрлик көрүнбөйт, кынтыксыз кулактарында сөйкө салынуучу тешиги да жок, кызгылтым тырмактары эң сонун ден соолугун күбөлөйт, ал эми сол колунда жылмакай шакеги көрүнүп турат. Кызга жыйырма жаштан көптү берүүгө мүмкүн болбогондуктан, мен өзүмдү бул нике шакеги эмес, ал эми эчтекени билдирбеген убадалашуу шакеги деп жооткоттум. “Билген нерсем жаным бул гана: сен жанымда үргүлөйсүң тим гана, колдорума илинбестен, угалбайсың сөзүмдү, тиктөө менен, көзүм менен эркелетем өзүңдү”, — шампан тумандаткан башым менен Херардо Диегонун сонетин кайталадым.

Андан соң өзүмдүн отургучумдун жөлөнгүчүн кыздыкына туштадым, ошентип биз эрди-катындын төшөгүнөн да жакын жерде жатып калдык. Кыздын деминин жылуулугу анын үнүнө окшош эле, терисинен жылуу илеп келип жатты, бул албетте, анын сулуулугунун жыпар жыты болчу. Тим эле укмуштуу көрүнүш: өткөн жазда мен Ясунари Кавабатанын шаардын нашаа берип уктатылган жылаңач наристе сулууларын байкоо үчүн бир түнгө сатып алган киотолук эки буржуй чалдары тууралуу баянын окугамын, ал абышкалар кыздар менен бир төшөктө, алардын жанында жатышып, махабат азабынан өлүп баратышса да аларды ойготуп же аларга кол тийгизе алышмак эмес, анткени рахаттануунун маңызы дал ошол кыздардын түшүнө байкоо салууда болчу. Ошол уйкусуз түнү уктап жаткан сулууну тиктеп мен абышкалардын кылдат лаззатын акылым менен гана аңдабастан, өзүм да ошол лаззатты толук сездим.

“Ким ойлоптур дейсиң, — шампан кызыткан намысым мага ушинтип шыбырады. – Мен дал ошол абышка сыяктуумун, эмне деген бийиктикке учуп чыктым”. Андан кийин мен кыязы, шампан жана үнсүз тасма шалдыратып уктап кеттим окшойт, бир нече саат уктагандан кийин башым ооруп ойгондум. Ордумдан туруп, дааратканага жөнөдүм. Менден эки катар кийин артта он бир чемодандын ээси болгон кемпир отургучунда кудум майдан талаасындагы өлүк сыяктуу түрү суук жайылып жатат. Жерде, өтмөктүн ортосунда ар түркүн түстөгү чынжырчалары бар көз айнеги жатыптыр, мен өзүмдүн карөзгөйлүгүмдөн кыска мөөнөттүү ырахат алуу менен аларды жерден көтөргөн жокмун.

Шампандын ашыкчасынан жеңилденип келип, капысынан эле күзгүдөн өзүмдүн бузуку жана түрү суук кейпимди көрүп, махабат азабы канчалык өңдү бузарына айран калдым. Капысынан самолет кескин төмөндөй баштады, андан кийин болушунча тең салмагын сактап, андан ары жөнөдү.  Баарына ордуна кайтып келүүнү эскерткен буйрук жанды. Мен Кудай жиберген аба куюну уйкудагы сулууну ойготот жана кыз корккондон менин кучагыма жашынат деп кыялданып ордума шашылдым. Шашып баратып аз жерден голланд кемпирдин көз айнегин тебелеп ала жаздадым, бул балким мага канааттануу апкелмек. Бирок ошол замат карманып калдым да, көз айнекти жерден алып кемпирге менден озунуп номур төртүнчү орунду тандап албаганы үчүн чексиз ыраазы болуп, тизелерине коё салдым.

Айчырай катуу уйкусунан ойгонбоптур. Учак кайра тегиз уча баштаганда мен кандай гана болбосун, кызды ойготуп жиберсем деген азгырыктан араң дегенде өзүмдү кармап калдым, анткени биздин учуубуздун бул акыркы саатында мени жападан жалгыз бир каалоо кыйнап жатты – мен кызды ойгоо, мейли, ал ачуулуу болсо да көргүм келди, ошондо гана өзүмдүн эркиндигимди, а балким атүгүл жаштыгымды да кайтарып алмакмын. Бирок мен батынбадым. “Шайтан алсын, — дедим өзүмдү жек көрүп. – Эмнеге Букачар белгисинин алдында туулбадым экен”. Кыз конуу тууралуу билдирүү жанганда өзү ойгонду жана ал кудум бак ичинде, розалар арасында уктап тургандай аруу жана сонун эле. Мен ошондо гана өкүнүү менен самолеттогу жүргүнчүлөр ойгонушканда кудум көп убакыт бирге жашаган жубайлар сыяктуу бири-бирине кутман таң каалашпасын байкадым. Кыз да ошентти.

Көздөрүнөн беткапты алып, жаркыраган көздөрүн ачты, отургучтун жөлөнгүчүн көтөрүп, жумшак төшөнчүсүн четке ыргытты, өз салмагынан таралып калган коюу чачтарын чайкап, тизелерине кайрадан үкөгүн коюп, аз-маз боёнду, буга мага карабоо үчүн, самолеттун эшиги ачылганчалык гана убакыт коротту. Андан соң кыз сүлөөсүн бешмантын кийип, адаттагы латынамерикалык кечиримди ооз учунан айтып, мени менен коштошпостон, атүгүл менин биздин бактылуу түнүбүздүн урматы үчүн жасаган зор аракетим үчүн ырахмат айтпастан жанымдан өтүп кетти да, Нью-Йорктун амазондук чытырман токоюнда бүгүнкү күнгө чейин көздөн кайым болду.

Которгон Назгүл ОСМОНОВА

[1] Латын Америка өлкөлөрү (кот.)

[2] Дайыма жашыл болуп туруучу кызгылт-көк гүлдүү дарактар.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *