Илгери-илгери эрди-катын жашаптыр.  Күйөөсү балык кармаганды жакшы көрчү экен,  бирок анда-санда эле бир нерсе кармайт.

Күндөрдүн биринде  анын  жолу болуп: үйдөн кеч чыгып кетип, бир күндө тогуз форель кармап алыптыр. Үйүнө кубанып келип аялына мындай дейт:

–  Бүгүн  ийгиликтүү күн болду: мен тогуз форель кармадым, аларды бышырчы, а мен  молдону биз менен балык жеңиз деп чакырып келейин.

–   Бирөөнү жеп көрөйүнчү, байкайын кандай экен,–  деди күйөөсү кеткенден кийин аял.

Ал бир форельди бүт жеп көрдү да оозун жалап, экинчисине өттү.

– Даамдуу! Дагы бирөөнү жеп көрөйүнчү, биринчидей таттуу бекен?

Экинчи форельди жеп бүтүп,  аял ойлонду:  “Эми мага тиешелүү үчөөнөн бирөө эле калды, аны да жейин.”

Үчүнчүсүн жеди да, ачык эле мындай деди:

–  Күйөөмдүкүнөн бирди жейин. Мына! Болду, даяр.  Алар меникинен да жакшыраак  окшойт. Текшерип көрүү үчүн дагы бирди жейин.

Жеди.  Табакта төрт эле форель калды. Аларды карап туруп, ойлоду: “Эгерде мен дагы бирди жесем, үчөө калат, ар бирибизге бирден тиет… Анда  мен өзүмдүкүн жей берейин. Эң сонун! Байкап көрөйүнчү, экинчиси да ушундай таттуу экенби?.. Эх, кайда бармак эле! Эгерде молдоке аябай форель жегиси келсе, барсын да өзү кармап алсын. Акыркысын да жеп салайын…”

Ошентип күйөөсү  молдокени ээрчитип келип, аялынан сурады:

–  Форель даяр болдубу?

–  Ооба,ооба! Дапдаяр! Молдоке төргө өтүңүз.

Молдоке отурду, аялы күйөөсүн чакырып, акырын мындай деди:

–   Бычакты жакшылап курчута калчы, нан туурайын.

Күйөөсү:

–   Ал ансыз да курч эмеспи.

Аял өзүнүнкүн бербей:

–  Курчут дегенде курчут да!–   деди аңкылдап.

Күйөөсү бычак курчутканга кеткенде, аялы молдокеге мындай деди:

–   Сиз билесизби, күйөөм эмне кылып жатканын?

–   Жок, билбейм.

–   Ал сиздин кулагыңызды кесип алыш  үчүн бычагын курчутуп атат, күйөм мага муну өзү айтты.  Аны акылынан айныганбы деп корком.  Сактаныңыз, молдоке, качыңыз батыраак, чуркаңыз тезирек!

Молдоке качып жөнөдү, аялы күйөөсүн кыйкырып чакырды:

–  Бул жакка! Бул жакка ылдамырак кел!  Молдоке  биздин форельдерди көтөрүп кетти! Аны кубалап жет!  Чурка!

Күйөөсү молдокенин аркасынан кубалап баратып, ага кыйкырды:

–   Молдоке! Молдоке! Мага бирөөсүн эле  бериңизчи! Экөө болсо андан сонун болот эле!

Качып бараткан  молдоке кылчая калып  жооп берди:

– Бирөөсүн да бербейм! Менин кулагымдан айлангыла!

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.