АҢГЕМЕ

Кеч күздүн акыркы күндөрүндө, конок үйдүн терезесине илинген жаңы пардага, үйдө эч ким жокто, үйдөгү жыгач буюмдар минтип чуулдашты: “Сен бизге анча жарашпайт экенсиң. Ичибиз толо чамынды болсо да сыртыбыз кадимки жаңгак жыгачына окшоп турат. Боёкторубуз орду орду менен. А сен таптакыр эле башкача экенсиң. Жердигиң сары болуп, ага түшкөн гүлдөрүңдүн кара-күрөң болгону эмнеси? Тескерисинче болушу керек эле да. Жердигиң күрөң болуп, гүлдөрүң сары болсо жарашып эле калмаксың. Баарынан кызыгы – жалбырактарың да күрөң экен. Күрөң топурак эмеспи. Күрөң топуракта сары күнкарама өсүп тургандай көрүнсөң сонун эле болмок. Күндүз да эчтеке эмес экен, тийген күндүн жарыгы менен бизге коошпой турганың анча билинбейт. Күн күрөң менен сарыны аралаштырып, чайкап шаңдуу кылып көрсөтөт тура. Балээнин баары кеч кирген сайын башталат. Кеч кирген сайын сен да өңүңө чыкпай түнөрүп, өзүң менен кошо бизди түнөртө берет экенсиң. Үйдө болгон  жарыктын баарын сага чогултсак да бир ачылып койбойсуң. Ал эми биз шаңдуулукка, бири-бирибизге окшошуп, жарашып турганга көнгөнбүз. Мисалы, тамак иччү стол менен телевизордун астындагы сандыкчанын түсү бири-бирине окшош. Идиш-аяк коюлган, китептер тизилген жыгачтар да бири-бирибизге түстөшпүз. Телефондун өңү ак, ага акталган дубалдар менен акка сырдалган эшик-терезелер окшоп турат. Сен гана бөтөнчө болуп турасың. Үйдүн ээсине да жакпай калдың көрүнөт, сени бир ары тартып жаап, бир бери тартып жаап эле жатат. Сени каяктан таап ала койгонун ким билсин. Сатып апкелер замат шашып-ушуп тиге салганын кантесиң. Эми жарашпасак да жанашып тургандан башка айла калбады. Ээбиздин эмки айлыгы тийгенче эптеп чыдай турарбыз…”

ТЭЦтин түтүнү менен ышы басып жазга чейин илинип турду. Бир күнү үй ээси үйдүн ичин актады, шырдактар менен төшөнчүлөрдү эшикке алып чыгып, күнгө жайды. Терезелердин айнектерин жаркырата жууп туруп ачып салды. Парданы да жууп кайра илди. Парда элбиреп, делбиреди, сүйүндү. Кыш бою тилеген тилеги кабыл болорун түшүндү…

…Билинбестен жай келип, так парда илинген терезе тушунан жалгыз күнкарама өсүп чыга келди. Жалбырактары жапжашыл болуп, тептегерек, тегиз ачылган сары күнкарама беш кабат үйдүн төртүнчү кабатындагы бир терезеден эңилип үйдүн ичине карап турду. Терезеге чейин өсүп жеткен теректер менен бирге үйдүн ичине карап турду. Парданын кыш бою тилеген тилеги кабыл келип, ал гүлдөп турган күнкарамага айланып кетти.

— Ишенбейсиңерби?

Тилиң айтпай, дилиң аздектеген  жакшы тилек сөзсүз ишке ашат дейт.

1986.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.