Карлос Кастанеда – америкалык жазуучу жана антрополог, этнограф, ойчул, яки уруусунан чыккан индееци дон Хуан Матустун окуусу жөнүндөгү 12 томдук бестселлер-китептердин автору. Философия жана антропология илимдеринин доктору. Кастанеданын бул китептери убагында эл арасында зор кызыгууну туудурган. Өзүн өзү таанып-билгиси келгендер үчүн табылгыс баалуу китептер.

Карлос Кастанеданын окуусун бир түрдүү кабыл алуу мүмкүн эмес жана аны баары эле түшүнүп, аңдап-биле бербейт. Анын дон Хуан Матус жөнүндөгү китеби миллиондогон тираж менен дүйнө элине тараса да, анын нукура маңызын алиге түшүнүп жетүүгө мүмкүн эмес. Ал китептин маңызы тандалгандарга гана жеткиликтүү. Төмөндө Кастанеданын учкул ойлорунан бир шиңгил.

Өз чечимдериң үчүн жоопкерчиликти мойнуңа алуу – демек, алар үчүн өлүмгө да даярдыгыңды билдирет.

♦ ♦ ♦

Өлүм – бизди күткөн эң ырайымсыз, жаман нерсе. Бирок өлүм биздин тагдырыбыз жана андан качып кутулууга болбой тургандыктан да биз эркинбиз.

♦ ♦ ♦

Адамдар адатта кайсы гана мүнөттө болбосун, жашоосунан каалаган нерсесин ыргытып жибере аларын ойлонушпайт. Качан болбосун. Көз ирмемде.

♦ ♦ ♦

Өзүн дүйнөгө арноонун ордуна адам болбогон иштер үчүн өзүн сарп кылат.

♦ ♦ ♦

Эрк аракетке келтирүүчү кыймыл болушу үчүн дене кынтыксыз болууга тийиш.

♦ ♦ ♦

Баардыгы жөпжөнөкөй: бир эле жалбырак улам-улам жерге түшөт. Бирок сага бул аздык кылат, сен кандайча, эмнеге жана эмне үчүн экенин да түшүнүшүң керек. Бул жерде түшүнө турган эчтеме жок, баары бир түшүнө да албайсың.

♦ ♦ ♦

… бул болгону миллиондогон жолдордун бири гана. Кандай жол болбосун, ал мүмкүн болгон миллиондогон жолдордун бирөөсү гана. Андыктан сен дайым бир нерсени – ЖОЛ – бул болгону жол гана экенин эстеп жүрүшүң керек, эгерде сен сен тандаган жол көңүлүңө жакпай турганын сезсең аны кандай болбосун таштап кетишиң керек. Мындай абалга жетиш үчүн сен туура жашооң кажет. Ушул шарт менен гана жол бул – болгону жол экендигин, эгерде муну сага жүрөгүң айтып жатса эч ким сага да, башка бирөөгө да аны таштап кетүүгө тоскоол боло албастыгын билесиң. Бирок эскертейин: сенин чечимиң коркунуч менен атак-даңкты сүйүүчүлүктөн эркин болушу керек. Кайсы жол болбосун ага түз жана кылчактабай кара. Аны канча жолу керек деп эсептесең, ошончо жолу сынап көр…

♦ ♦ ♦

Өзүбүздүн керкейген мүнөзүбүздөн арылуу менен гана биз кебелбес боло алабыз.

♦ ♦ ♦

Адам билимге карай бет алган жолундагы сөзсүз жолугуучу алгачкы душманы – бул коркунуч.

♦ ♦ ♦

Сени жектешип жана тебелеп жатышканда рухуңду чыңдоо өзүңдү өзүң көзөмөлгө алгандык.

♦ ♦ ♦

Иштин баары эмнеге карап түздөнгөнүңдө… Ар бирибиз өзүбүздү же бактылуу, же бактысыз кылабыз. Мунун биринчиси жана экинчиси үчүн да бир эле көлөмдөгү жумуш жасалат.

♦ ♦ ♦

Өлүм ар бирибиздин артыбыздан аңдып жүргөн дүйнөдө өкүнүүлөр менен шектенүүлөргө орун жок. Чечим кабыл алууга гана убактыбыз бар!

♦ ♦ ♦

Кимдир-бирөө эмне үчүн жашап жатканын түшүнүш үчүн адамда ал үчүн өлүмгө барууга да даяр нерсеси болуусу керек.

♦ ♦ ♦

Ар кандай кокустук бул болгону аңдалбаган мыйзамченемдүүлүк гана.

♦ ♦ ♦

Кадимки адам адамдарды сүйүп жана ал сүйүүсү үчүн азап тартып жүдөгөнү жүдөгөн. Аскер болсо тим гана сүйөт, болду, тамам. Ал өзүнө жана көңүлүнө жаккандын баарын сүйөт, бирок ал өзүнүн көзөмөлдөгү аңкоолугун гана пайдаланат, тамам. Бул кадимки адам жасаган иштерге толугу менен карама-каршы. Адамдарды сүйүү жана алардын сүйүүсүнө арзуу адам жасай ала тургандын баары эмес.

♦ ♦ ♦

Дүйнө андай-мындай экени биздин дүйнө ушундай деп өзүбүзгө айтканыбыздан гана ушундай.

Кыргызчалаган Назгүл ОСМОНОВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.