Илгери бир акылсыз карышкыр жашаптыр. Бир күнү ал эчкиге жолугуп калып минтет:

– Азыр сени жейм.

– Макул,  эгерде менин тагдырым ушундай болсо кантмек элем. Бирок мен абыдан картайдым, анан да арыкмын. Эгерде сен биртке күтө алсаң, мен үйгө чуркап барып, кызымды сага жиберем. Анын эти жумшак,  өзү жаш.

Карышкыр макул болуп, эчкини коё берди да, бадалдын түбүнө жатып күтүп калды. Эчки үйгө чуркап барды да, карышкыр жөнүндө койчуга айтып берди.  Койчу акырын аңдып келип бадал түбүндө жаткан карышкырды таягы менен чаап калды, ал койчудан  араң качып кутулду.

Башка күнү карышкыр койду жолуктурду.

– Кой,–  деди ал,–   мен сени азыр жейм.

–  Макул,–  деп элпектене  жооп берди кой,–   тагдырдан качып кутулат белем, бирок мага өлүм алдында бийлеп алууга уруксат бер.

Карышкыр макул болду. Кой карышкырды айланып бийлей баштады. Бийлеп жатканда   чоң-чоң тегеректерди жасап  алыстай берип, акырында качып кетти.  Карышкыр дагы да түшкү тамаксыз калды.

Андан ары талаа бойлоп баратты.  Жылкы оттоп жүрүптүр.  Карышкыр анын жанына келип:

–  Жылкы, мен азыр сени жейм.

– Макул,–  деди жылкы,–   бироксенден суранам, мени куйругуман баштап жечи, башым дагы да оттой турсун.

–  Макул,–   деп карышкыр  жылкынын куйругуна келди.

Жылкы аны кош аяктап ээк талаштыра тээп калды. Ошентип, карышкырдын да күнү  бүттү.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.