Мукай Элебаевдин онго чукул аңгемелеринин арасынан “Бороондуу күнү” — өзгөчө чыгарма. Анда кычыраган кыштын суук кечтеринин биринде жолдо кыйналган жаш баланын бейтааныш жерде түнөп кеткени баяндалат.

Ээн кашаттагы жалгыз боз үйдөгүлөр жатар конокко көңүл деле бурушпайт, жалгыз 70тен ашкан кемпир гана чоочун балага жан тартып, бороон басаңдаганда жолун улантарын айтат. Кыска аңгемеге таланттуу жазуучу тарых бороонунда буюккан калктын жашоо-турмушун сыйдыра алган.

Билимге зарыгуу

Мукай Элебаев — оболу акын, кийин кара сөзчү, кыркынчы жылдары драматург катары да калемин сынап көргөн көп кырдуу талант. Анын адабий сын макалалары ушу азыр да кызыгуу менен окулат, жазуучунун көркөм сөз жоопкерчилиги, адабияттын эстетикалык максат-милдеттери тууралуу ой жүгүртүүлөрү маани-мазмунун кемитпей келатат.

Мукай Элебаевдин көзү тирүүсүндө 9 оригинал жыйнагы, 6 котормо китеби жарык көргөн. Айылда төрөлүп, оор турмуштун айынан бала кезинде терең билим ала албай калган сүрөткер тестиер кезиндеги өксүгүнүн эсесин кайтарып, эр жеткени колунан китеп түшүрбөй, орус жана дүйнөлүк классиканын мыкты үлгүлөрүн окуп үйрөнүп, айрымдарын кыргызчага оодарып, кыска чыгармачылык өмүрүндө бай адабий турмуш кечирген.

Мукай Элебаев жубайы Бурулча менен.

Мукай Элебаев жубайы Бурулча менен.

Жазуучунун өмүр жолу менен чыгармачылыгын кенен изилдеген айтылуу окумуштуу Омор Соороновдун баамында, Мукай Элебаев чыгармачылыкка бийик талаптарды койгон.

— Мукай Элебаев кайсы жанрга кайрылбасын, баарысы мыкты, ортозаары жок. Ар бир сөздү тандап, кылдат жазат. Көңүлү берилген ой-сезимин ошо жазып аткан сүйлөмүнө батырат. Мунун бардык чыгармасы мыкты. Ийине жетпегенин чыгарма деп эсептебейт. Ошондой чыгармаларынын ичинен классикалык деп айтсак болот, мынабу “Бороондуу күнү” деген чакан аңгемеси. Бул аңгемени билбеген кыргыз жок болсо керек. Кытайга качып барып кайра келгенден кийинки тагдыр. Мукайдын өзүнүн башынан өткөн окуя. Мукай — өзүнө өтө жоопкерчилик менен караган жазуучу. Ошондуктан ал 30-жылдары урдуруп жаза берген жазуучулардан айырмаланып, адабий процессте өзү жалгыз турат. Катарлаш калемдештеринин баарын сындаган, кемчиликтерин ачык айткан.

Белгилүү, бирок белгисиз

Анын өмүрү жана чыгармачылыгы советтик заман тушунда идеологиялык басым-кысымга туш келбей, окуу китептерине кирип, изилденип келгени менен, чыгармачылыгынын кыйла өңүтү баам сыртында калып, адабий мурасы окурман журтуна тааныштырылбай келгени өткөн кылымдын аяк чендеринде ачыкка чыгып, айтылуу илимпоз Омор Соороновдун аракети менен күндөлүктөрү, бир топ кара сөзү, ырлары жарыяланды.

Омор Сооронов.

Адабиятчы Омор Сооронов.

Баарынан да кыргыз совет адабиятынын башатында турган Мукай Элебаевдин төрөлгөн жылы кыйлага чейин такталбай келишин айтпайсызбы. Белгилүү карасөз чебери 1906-жылы Түптүн Чоң-Таш айылында төрөлгөн. Аты чыккан жазуучу кезинде өз ыктыяры менен кан майданга аттанып, 1944-жылы урушта курман болгон.

Мукай Элебаев каргадай бала кезинде кандай турмуштук кыйынчылыктарга кабылганы айтылуу “Узак жол” романында кенен-кесири сүрөттөлгөн. Он эки жашка жеткенде Мукай ата-энесинен ажырап тоголок жетим калып, бир үйдөгү он төрт кишини багуу түйшүгү Элебайдын иниси Элебестин мойнуна жүктөлгөн. 1916-жылкы Үркүндө ошол он төрт кишиден жалгыз Мукай менен иниси Беккул гана аман калып, жерине кайтып келишкен. Кыргыз элинин башына түшкөн оор мүшкүл, жетимчиликтин азабы, окуу, билим издеген жаш Мукайдын аракети – ушунун баары анын чыгармаларында сакталып калды.

Мукай Элебаев көркөм сөзгө өзгөчө этият мамиле кылган чыныгы профессионал жазуучу болгон. Ошондон анын калеминен чыккан ырлары, прозалык, драмалык чыгармалары, сын макалалары ушул азыр да кызыгуу менен окулат. Эмнеликтен жазуучу болуп калышынын себеп-жөнүн ал күндөлүктөрүнүн биринде минтип жазган:

“Ким билет, биздин ушул айтып отурганыбыз бир кезде кийинкилерге кылдай таасир этпестир. Бирок ошол кездеги адамдар биздин турмушубузда болуп, ушул жылдардагы оор көрүнүштөрдү көрүп, бар жорукту бизче баштан кечиришпесе өмүрдө унутпас эле деп ойлойм. Анткени менин ошол күнүм менен Сиздин ушуну окуп олтурган убагыңыз, көңүлүңүз бирдей эмес.

Мен алыскы бир ак карлуу тоонун арасында туулган кыргыздын бир баласымын. Ашкан гений да болуп жаралганым жок. Бирок алган таасирлеримдин байлыгы, көргөнүмдүн көптүгү – мени жаздырбай жаткырбады.

Бул кезде менин айланамдын баары көңүлсүз, бош көрүнүп, жалгыз кубанычым ой болор эле”.

Адабиятчы Бекташ Шамшиев.

Үтүрөйгөн боз үй, боорукер кемпир

“Бороондуу күнү” аңгемеси 1930-жылы жазылган. Бул кезде Мукай Элебаев Бишкектеги педагогикалык техникумду бутүрүп, чыгармачылык ишке чындап киришип, “Узак жол” романын жазууну ойлоно баштаган болчу. Аны арадан үч-төрт жыл өткөндөн кийин жаза баштаган. Романдын биринчи китеби эки жылда жазылып, бирок экинчисинин тагдыры арасат калган. Биринчи китепте Үркүн, боз үй толо калган жетимдердин турмушу, малайлык, эр жетүү учуру камтылса, экинчи китепте ошол эр жеткен Мукайдын карама-каршылыктуу заманга туш келиши, отузунчу жылдардын трагедиясы кайсы бир деңгээлде чагылдырылышы керек эле. Чынчыл сүрөткер айланасында болуп жаткан саясый куугун-сүргүндү, улут каймактарынын көзү тазаланышы сындуу оор окуяларды кыйгап өтө албайт болчу. Бекеринен ал «жазган чыгармаларынын тил байлыгы жагынан бир да кыргыз жазуучусу Касым Тыныстановго тең келбейт» деп жазбагандыр.

Анткен менен “Узак жолдун” экинчи китебинен кыска үзүндүлөр, кол жазма түрүндө гана калган “Тартыш” пьесасы, күндөлүктөрү авторунун көзү өткөндөн кийин жарык көрдү. Унутта калган “Тартыш” пьесасынын кол жазмасын кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев таап, 1968-жылы “Ала-Тоо” журналына “Ач көздөр” деген ат менен жарыялаган. Ошентип, “Бороондуу күнү” Мукай Элебаевдин чыгармачылыгындагы кокус көрүнүш эмес. Анда жазуучу чакан жанрды эпикалык сыйымга көтөрүп чыккан, тарыхтын бороондуу жолунда буюккан улуттун трагедиясын аты жок жаш баланын турмушу аркылуу таасын чагылдырууга жетишкен.

Аңгеме “Буга көп заман болду. Кай жыл экени жадымда жок, январь айынын бир суук күнү жолдо келе жатып кеч кирип бараткан кезде бир үтүрөйгөн боз үйгө бурулдум” деп башталат. Баланын ким экени, кайдан келе жатканы деле айтылбайт. Тек ал Көлдүн тескей тарабына баратканы учкай эскертилет. Бала бороондо чарчап-чаалыгып, шайы кетип баратканда айласыз чоочун үйгө бурулган. Боз үйдөгүлөр сырттан киргенди сүйүңкүрөбөй эле кабыл алышат. Отургандар эки-үч эркек, сегиз жаштардагы секелек кыз, анан жашамал аял — казанды караган зайып. Балага көңүл бурган жетимиштерден ашкан кемпир гана болот. Жазуучу ушул кырдаалдын психологиялык жагдайына кылдат көңүл бурат. Аны белгилүү адабиятчы Али Турдугулов мындайча сыпаттайт:

— Мукайдын устаттыгы мына ушунда. Боз үйдүн ички көрүнүшүн так сүрөттөп, андагылардын ички табиятына, ички психологиялык абалына көңүл бурат. Сүрөттөлүп аткандар бир нерсеге – абалдын ошончолук аянычтуулугун көрсөтүүгө багытталган. Аңгеменин уникалдуулугу – анын кыскалыгында. Мында Чеховдун манерасы байкалат. Дагы бир артыкчылыгы – деталдарды сүрөттөөдөгү тактык. Мында Толстой менен Достоевскийдин, Тургеневдин манерасы байкалат. Жолоочу баланын көргөн күнү бүтүндөй кыргыз элинин башына түшкөн трагедияга барып такалат.

Аңгеменин өзүнө келели. Жакыр жашаган, бирөөлөргө жалданып иштеп жан баккан жалгыз үй ичи толо киши, жетишпеген турмуш. Минтип жатар конокко жаш бала келип отурат.

“Жанымдагы кемпир мага сүйлөп отурат:

— Бечара киши жан багышка – орус ичи жакшы болот экен. Мынабу дөңдөгү кыштак ошол. Жолдо көргөндүрсүң. Келгенибизге беш-алты жыл болду. Бу жерде бизден бөлөк кыргыз жок.

Муну таштай берип, баятан болуп жаткан аңгемеге кайра көчтү:

— Жетимчиликти көп тарткан экенсиң. “Тескейге баратам” дедиңби?

— Ооба.

— Ата-энең качан өлгөн?

— Көп жыл болду…

— Кайра ошонуң жакшы, кулунум. Энең байкуш болсо, сен ушинтип жүргөндө “балам алда кандай болду экен» деп санааркап куурабайт беле. Дүнүйө чиркин алмай-селмей оошуп отура турган неме. Азыр өлбөсөң сен да бир күн жетилип кетерсиң… Түнүчүндө көзү кургуру да көрбөйт. Болбосо тизеңдин береги жерин бүрүп берет элем. Чокоюң да суу…”

Ышкырган бороон, сурун салган заман

Сырттан кирген суукка бир ыптасы муздап отурган баланын ою үйдөгүлөр аны жаткырабы деген суроого такалып турган. “Үй тар, адамы көп”. Бала кемпирдин колунда бул үйдө бийлиги жок экенин байкаган, бирок айла жок бышып аткан тамакты күтүп отурат. Кемпир балага акылын айтат:

“- Бул да бир күн унут болор, балам. Көргөн, билгениңдин баары тең артта калмак… Мал да, дүйнө да эч кимге опо болбойт…

Ушундан кийин көпкөк тарамыштары саналып турган, калтыраган, этсиз, арык колундагы жыгач менен отту көсөп жиберип, шол жерге мелтирей кадалып, тынып, ойлоно калган каргылданган көзүндө: “Эми бул жалгандан менин кетериме да көп калган жок” деп айтчу кишидей кескин бар эле. Бирок мындайды кемпир бир айткан жок. Кадалган ойдун артынан козголуп коюп, куураган чачынын арасына кол жүгүртүп, кежиге ченин кашып алды да, мага шыбырачу немедей жакындап түшүп, акырын гана:

— Бөрк алдында не болбойт? Душманды айрып жүр. Колуңдан келип турганда бөйпөңдөп, бак тайган күнү баса берген киши дос болбойт, — деди.”

Аңгемедеги дагы бир кызыктуу эпизод каармандын коломто жанында жатып, эртеси жолун улантышы.

«- Ушул эле болот мага, — деп ирегеде жаткан бир кап тезектин жанына тердикти жая салдым. Жаздыгым ошол боло турган. Бут сунарга жер жок. Жанымда коломто.

Жатканымдан кийин талпакты сүйрөп келип, үстүмө таштап койду да, кемпир:

— Эртең бороон бастаганда кет. Жолдо куруп каларсың, — деди күңкүлдөп.

От өчтү… үй жер кепедей караңгы. Жымжырт. Жалгыз гана тыштан угулган бороондун күчү менен илди бары кеткен жаман үзүк делпилдеп, үзүктү сабап турду…

Эртеси бул үйдөн бир адам серпиле электе туруп алып, жолго түштүм. Мунумду кечөөкү мээримдүү кемпир да билбей калды. Аны кетерде бир байкаганымда колу, бутун мышыктай чогултуп, уйпаланган жүдөгөн башы койнуна думбаланып, мууздаган малдай кыркырап жаткан эле.

Тышка чыксам бороон басаңча тартып калган экен. Бирок күн али бүркөк.

Кантсе да кечке жетермин деп, тетиги көк тиреген, мунарган ак кардуу бийик заңгелди бет алып, бир талаада кетип бара жаттым.

Бүгүн карасам, ошондон бери баскан сансыз жол бүлбүлдөп, алда кайда калган!

Ийе, буга таң кала турган эчтеме жок. Анткени, шол кездерде эски заманда кечирген өмүрдүн бул бир гана күнкүсү го».

“Бороондуу күнү” аңгемеси ХХ кылымдын башында кыргыз эли туш келген катаал мезгилдин суук ырайын так чагылдырган чыгарма. Жазуучу эл башына түшкөн азапты, чачылгандан калган журттун өлбөстүн күнүн өткөрүп жаткан оор учурун кечки бир эпизод аркылуу окурмандын эсинен чыккыс кылып тартып, жашоодон көчүп бараткан улуу муундун келечек үмүт-тилегин балага кылган мамилеси аркылуу баяндап берет.

«Азаттык»

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.