«Күн келип, Улуу өлкө кура турган,
Айланып Ала-Тоого келсеңер дейм.»
Каныбек Иманалиев

Редакциядан: Караламан калкка калкагар тоодой карыялардын акылы жетпей туру, азиз окурман. «РухЭш» сайтынын куржунуна келип түшкөн каттар арбын. Чыгармалар андан. Береги автор – Садир Досбаев тууралуу мурда-кийин билчү эмес элек. Азыр да бул аксакалдын дүйнөсү табышмак бизге. Жакындан тааныбайбыз. Тек, Фейсбук айдыңында жазган комментарийлерине көз чалына калар эле кээде. Өзү Россияда күн кечирген мекендештерибиздин бири экенинен гана кабарыбыз бар азырынча. Ал эми береги бизге жөнөткөн макаласын окуп отуруп, керээттүү жазган кебин оңдоп-түзөөгө кол барбады. Автордун стилин сактап жарыялоону эп көрдүк. Себеби оозеки кептин стилиндей кырааты бузулуп калчудай антсек. Арийне, акылмандын оозеки айтылып аткан кебин оозунан жулуп алган болорбу. Оозеки кепти тыңдап отурган, көкүрөккө түйүп отурган гана ийги. Эмесе, бурадар, Сиз дагы табышмактуу авторубуздун кебине көңүл төшөңүз… Ой артындагы оюн туйуңуз…

Жаңы президент келди. Өкмөт да жаңы. Жаңы вицелер мене кеңешчилер бекитилди. Буйруса, Кыргызстан эми оңолот дейбиз. Ооба. Жакшы ниет жарым ырыс экендиги баарыбыздын үмүттөрүбүзгө канат байлап турган кез. Ылайым эле ушундай болсо экен. Кээ бирибиз дагы деле ишене албай, аныбызды ачык айта албай ичибизден «дам капа» болуп атабыз. Президентти го алты жылда бир шайлап, болгондо да мурдагы шайлоолорго караганда жакшы өттү, таза шайладык деп турабыз. Таза эмес дегенибиз деле толтура. А өкмөт дегенди жылда эки болбосо да бир жолу алмаштырмай адат болуп, салтка деле айланайын деп калгансыйт.Эми ушул өкмөт жакшы иштеп кетсе экен деген ойду ар бирибиз айтабыз, ошону каалайбыз. Макул, өкмөт жакшы иштеп кетсин. Ошондо эле оңолуп кетеби Кыргызстан? Жок. Өкмөт кара жанын карч уруп иштесе да оңолбойт. Ар бир атуул өкмөттү карап отурбай өз иштерин жакшылаш керек. Өнүктүрүшү керек. Кемик да керки да жакшы болушу керек. Ар бирибиз жалпы иш үчүн жан күйгүзүшүбүз керек. Ошондо гана оңолобуз! А сен ошенте аласыңбы? Жаныңдагычы? Анын жанындагычы? Мына жооп.

Кечээ ютубда бир видео чыккан экен. Куттубек деген жигит жарылган муздун түбүнө түшүп кеткен улакты алып чыгып, улакчыларга узатып атканы жөнүндө. Азамат экен! Атаңа рахмат! Мен ошол азаматка ыраазы болдум. Эми ошол роликтин ылдый жагындагы комментарийлерди окуп көрчү. Жактырганы бар. Жактырбагандар да. Биздин өлкөнүн өнүкпөй атканынын себеби мына ошол комментарийлерде катылып жаткандай (комментарийлерди оңдоосуз бердик — ред.).

«Далбан ден соолуктан артыкбы геройлугун.»

«-эрр экенси, накта жигит»

«Атын чыкбаса жер орто»

«Мээ жок болсо дененин шору го»

Мына ошол комментарийлердин кээ бирлерин гана келтирдим. Жакшы пикир, ойлорун жазгандар да арбын экен дечи. Бул комментарийлерге көңүл бурганыма эмне себеп болду? Биринчиси, пикир билдиргендердин ою болсо, экинчиси ката жазгандары болду. Бул мындайча айтканда, статистикалык орточо адамдын оюн, анын сабаттуулугун көрсөтүп турат. Дагы бир көңүл бура турган нерсе; жакшы пикир калтыргандардын беркилерге караганда грамматикалык каталары аз экен. Эми айтайын деген оюм ушул комментарийлер, коомубуздун психологиясын, билимин көрсөтүп турган бир индикатор да. Заман менен азыркы кылым илим менен билимдин, жаңы технологиялардын доору. Компьютерсиз жашоонун өзү мүмкүн болбой кала турган мезгилге деле аз калды. Коомубуздун билиминин орточо көрүнүшү ушундай болсо, адеп-ахлагыбыздын көрүнүшү болсо алдыга суурулуп чыккан Куттубектей азаматтарыбызды колдоонун ордуна кайра мыскылдап күлүп турса ошондой коом оңолобу же жокпу?

Эч нерсени ойлонбой туруп жалпынын иши үчүн жанын аябаган азаматты «далбан», «мээси жок» деп турсак, кокус дагы бир ушундай азамат керек боло турган иш болуп калса, башка дагы бир азамат чыгабы? Дагы бир ушундай окуя. Былтыр Москвада Марат деген жигит метродо поезддин жолуна жыгылып түшкөн кызды жанын тобокелге салып, жүрүп келаткан поездин алдына секирип аман сактап калды. Азамат! Мага ошол азамат, баатыр Маратка учурап колун кысып рахмат айтышты, раазычылык билдиришти насип этти. Баатырдын даңкын алыстан ук, жанына келсең бир киши дегендей жөнөкөй эле бир жигит экен. Айрыкча ошо жөнөкөйлүгү эсимде калды. Биз уга элек, биле элек дагы ушундай азаматтар бар экенине ишенем. Аларга атак, даңк дегендериңин кереги деле жок. Алар керек маалда эч нерсени ойлонбой туруп эле колдон келген жардамын берип коюшат. Жакшы иштеринин акысын да сурашпайт. Ал жөнүндө бирөөгө ооз ачышпайт. Алар ошондой жаралышкан. Бирок каран калып андайлардын саны аз болуп атпайбы.

Көпчүлүк болсо жанагинтип «далбан» деп күлүп тура тургандар. Мына ошолордун кимисине болсун метродо учуп келаткан поездин жолуна кулап кеткенди куткарыш мындай калып эле, жыгылганды тургузуп кой десең, «өзүң тургуз», — деп моюн толгоп кетээрин бөркүңдөй көрө бер. Алар иштеген жеринде да ошондой болушат. Өздөрү жарытып иш кылбаганы бир азап болсо, жакшы иштегендин үстүнөн карап күлүп, артынан жамандашып, ар кандай ушак айыңдарды чыгарышканы эки азап болот. Ошондойлор иштешкен ишкана, мекеме, уюмдарынын жетекчилери менин ушул айткандарымы ырасташат деп ойлойм. Алар ушундай адамдар менен иштешип жүрүп, ошолордун арасынан жооптуу участокторго башчы, өздөрүнө жардамчы издеп тандоо эмне деген тозок иш экенин баштарынан өткөрүшкөн. Мына ошолор Куттубектер менен Мараттардын ким экенин билишет. Куттубектей менен Мараттайларга кандай гана жооптуу иш тапшырсаң болот. Булар уят кылышпайт. Мүмкүн булардын билими аз. Таптакыр окубай калыштары деле мүмкүн. Мүмкүн намаз окушту да билишпестир? Теңирчи деле эместир. Башка динди деле тутушпайттыр? Бирок буларда Кудай берген уят, намыс деген бар. Элдин-жердин туткасы ушул Куттубектей, Мараттай болушат. Булар эстеликтери тургузулбаса деле элдин эсинен чыгышпайт.

Орден, медаль, ар кандай мамлекеттик сыйлыктары болбосо деле эл эстей берет буларды. Карт тарыхта мындай окуялар көп болгон. Мына Ата-Бейиттен биринчи жай алгандарды, Мараттай, Куттубектейлердин артынан сүйлөгөндөй, шылдыңдап күлгөндөр жамандашып, аттырып, дайынын чыгарбайбыз деп көмүп салышкан экен го! Дайыны чыкты го баатырлардын! Атылгандарды эл эсинен чыгарбай турган болушту го! Аттыргандар кимдер? Аткандарчы? Мен билбейм. Сенчи? Чынын айтсам андай адам сындуу жаныбарларды билгим да келбейт. Толубай сынчы, Токтогул ырчылардын деле мамлекет берген наамдары жок экен. Ордендери, медалдары деле жок. Калыгул, Арстанбек, Кыдыр аке, Садыр акелер мындай эле болсун, Айкөл Манастын деле көкүрөгүнө тага турган значогу же диплому жок экен го. Эстеп эле атпайбызбы! Сыйлап эле атпайбызбы!

Жакшылардын үстүнөн күлгөндөргө сөзсүз бир нерсе бериш керек! Болбосо алар иштешпейт. Аларга көп айлык төлөш керек. Бекер, акысыз өлүп кетсе да иш бүтүрүшпөйт алар. Айлыгы туруп деле дагы үстүнө пара алышат алар. Эх-ээ!

Кыргызстан баарыбызга Мекен! Баарыбыздын үйүбүз. Баарыбызга уя – Кыргызстан! Келечегиңдин ээси балаң, кызың ошол уядан эмне көрүп атышат? Аларың учканда эмнени алат? Эгер Мараттай, Куттубектейлерди көзү чалып калса анда жакшы дечи. А «беркиндейлердин» арасынан жаштык кылып, кичинелик кылып, бою пастык кылып көрбөй калышсачы?

Мындан жарым кылым мурдараак мындайлар, Мараттай, Куттубектейлер азыркыга караганда алда канча көп эмес беле? Эмнеге андай эле? Мага азыр ошол элүү жылдай мурун элдин баары эле Марат менен Куттубектей болгонсуйт. Ал убактагы идеология ошондой окшойт. Гезити болобу же журналыбы, радиосубу, телевидениеби жалаң жакшы нерселер жөнүндө айтып, жазып, көрсөтүп турар эле. Башкасын кой, өзүңөн улууга салам айтпай калсаң, сени сөзсүз уяткарар эле. Өлбөгөн төрт шыйрагың калгандай абалда бир-эки жолу болгонуңан кийин өзүң эле салам айтып оңолуп калчу элең.

Ал эми улуунун тилин албай коюш дегендин өзү болбосо керек. Азыркы балдардын тили, лексикону менен айтканда андай нерсе «жашабайт» болчу анда. Окуудан начар окугандар деле бар болчу. (Бирок азыркыдай кайдан болсун.) Начар окугандар линейкада «шыбагасын» сөзсүз алышат эле. Бүтүндөй мектептин алдына баланчанын баласы начар окуйт деген сөзгө калбаш үчүн аракет болчу эле да. Азыр тетирисинче болуп калган окшойт?! Азыр начар окугандык, кош көңүлдүк, таш боорлук, «билип туруп сууга сийгендик» коомдо кадимки эле нерседей кабыл алынып калгансыйт. Бейбаштык бир өзгөчө, айрыкча жаштар арасында кадыр-барк «авторитет» статусундай эле болуп калыптыр. Болбосо «ит жеңгенин талайт» кылган видеолорду кандай түшүнсө болот? Жыгылганды өлгүчө тепкилегендичи? Эмне мындай пастык, азыр эрдик болуп калганбы? Эркектикпи? Кыздарчы?

Айланайын, Кудай кыздардын ушундайын көрсөткүчө башка жамандыгыңан эле берчи дейм. Бул деген трагедиянын туу чокусу го! Мындан өткөн трагедия адамзатында болушу мүмкүн эмес! Мына карап көр: ошол мушташып аткан кыздар эртеңки келиндер, уругуңду улай турган балдарыңдын, неберелериңин энелери. Эми ошондой кыздан эртең гений болбосо да кадимкидей эле жаман-жакшыны толук ажырата биле алган адам төрөлөбү? Же өзүнөн да өткөн ажаан жырткыч тууп береби? Кыргыз улут катары сакталып калышы үчүн Манастай, Бакайдай, Толубайдай, Жусуп Абдрахмановдой, Раззаковдой, Иса Ахунбаевдей, Чынгыз Айтматовдой, Алымбек Даткадай, Шабдандай, Ормондой, Кыдыр аке, Садыр акедей, Курманжан Даткадай, Ак Мөөрдөй, Таттыбүбүдөй, Бүбүсарадай, жок эле дегенде Куттубек менен Мараттайлар төрөлүшү керек. Ошолорду азамат деп чын көңүлүнөн кадырлай, барктай билгендер көп төрөлүшү керек да.

Азыркы замандын көк жалы Өмүрбек Текебаевдей адамды ким тууп берет? Жанагы мүмкүн аракка, мүмкүн баңгизатка мас болуп теңтуш кызын тепкилеп аткан кызыңбы? Же жанында «андай теппей мындай теп» деп атканыбы? Же жөн эле кыткылыктап күлүп турганы тууп берээр? Ай ким билет? Азаматты «далбан, көк мээ» дей тургандарды төрөшү турган эле кептей эмеспи? Бирибиздин жакшыбызды жакшы, жаманыбызды жаман деп айта албасак, ийрибизди түздөй албасак, кемибизди толтура албасак, анда эмне деген элбиз да, эмне деген улутпуз? Келечектен жакшылыкты үмүт кылууга акыбыз барбы?

Үстүбүздөгү кылым ар бир үйгө интернетти алып келди. Эми керемет нерсе экен го! Эмне десең баары бар. Эмне кылам десең да бар. Диванда отуруп алып эле соода сатыгыңды кылып атасын. Мындайча айтканда, айтып оозуңу жыйгыча кылган заказың жетип келет. Эми мындагы иштерди айтсаң. Компьютер билгендин ити чөп жеп, иши илгерилеп атпайбы ушу интернеттен. Илим, билим издегенге жөн эле маалымат ааламы турбайбы. Каалаганыңды таап окуй бер, үйрөнө бер. Өкмөттү карап отура берип эч нерсе таппайсың. Заман берет. Өкмөт бербейт. Өкмөт дегениң кайта укум-тукумуңа чейин карызга батырды. Азыркы өкмөттү айтканым жок. Бул өкмөт мүмкүн ишти жөндөп кетээр. Бу интернетиң укмуш экен го. Үйрөнөм дегенге, окуйм дегенге илимдин баары ушуерде экен. Мектепти бүтүрбөй калып арманда жүргөн мага окшоштордун көктөн тилегени табылбадыбы.

Бир-эки таанышым бир нерселерди окуп үйрөнүп атканымы жактырышпады. Карыганда окуп чилистен болмок белең дешти. Мыскылдаганы деле болду. Мен дагы деле билгенге аракет кылып атам. Баарынан да англисче тамтаңдасам да бир нерселерди айтканга күндөн күнгө тилим келе баштаганына кудуңдап турган убагым. Күндө бир эки сүйлөм, жок дегенде эки-үч сөз жаттайм. Башкасы башкадай эле баштын «багажына» түшүп атат. Американын кайсы бир президенти (Линкольн болсо керек эле) билими жөнүндө анкета толтурганда билимим жетишсиз деп толтурчу экен. Ошондой эле «кылым жашасаң, кылым бою оку» деген да жакшы сөз бар. Эми карап көр, илим менен билим жөн эле түндүгүңөн куюлуп турган заман болду да! Жанагы агай менен эжекеңе беш он сом берип баа койдуруп жүрүп, болбосо өзүң талаалап иштеп кетип, ордуңа атаң торпок танасын сатып акчасына алган диплом билимдүүлүктүн белгиси эмес. Бу диплом, аттестат дегендердин да доору бүтүп баратат окшобойбу. Мейли бүтпөсө бүтпөсүн деп эле коёлучу. Бирок ал диплом менен канчага жан сактаса болот. Заман, жашоодогу жаңылыктар «жети миллдик» арыш менен ылдамдап баратса, кечээ чыккан нерсе бүгүн эскирип атса, сенин жанагы дипломуң эмнеге жарайт? Биз жаш убакта машиненин «Зил», «Газ», «Волга», «Москвич» дегендери эле болчу эле, кийинчерээк «Жигулиси» кошулду. Азырчы, алардын ушунчалык көбөйгөнүнөн маркасын, эмблемасын да жаттап калганга анча-мынча баштын «объему» жетпейт.

Ар биринин моделдерин айт эми. Мен азыр жашаган жерге жакын көчөдө, шоопуру жок жүрө турган (безпилотный) машинелерди сыноодон өткөрө турган полигон бар. Автобусунан баштап жеңил машиналар, бензин, солярка менен жүрө турганынан баштап электромобилдерге чейин сынап атышат. Бул деген жакынкы жылдарда шоопур калкынын «наны» азаят деген сөз эмеспи. Баарын компьютер аткара турган иштер курулуш жаатында 3D принтери иштей баштады десе да болот.

Биздин сыртта жүргөн мекендештер көбүнчө иштеп атышкан курулуш жагындагы жаңылык ошондой 3D принтер менен үй курбадыбы бир адам. Фундаментинен баштап үйдүн чатырына чейин ошол принтер менен жасабадыбы. Бу компьютер дегендин жардамы менен керек болсо адамдын органдарын да жасайбыз деп турушат (Мүмкүн эмдигиче жасап да баштагандыр). Бирин-экин эле нерселерди мисал катары келтиргеним түшүнүктүү болуп турат деп ишенип, кебимди улайын. Жаратканды ким деп атаганыңды билбейм, Аллах дээрсиң, же Кудай деп эле коёсуңбу, же Теңир дээрсиң? Мына Ошол баарыбызды жараткан улуу зат ушундай мүмкүнчүлүктү берип атса, дагы эле өкмөттү тиктеп, президенттин оозун карап отура берген туура болбой калат ко.

Ээ, бу кыргызың болбойт экен деп, берип турган ырыскысын, ошол ырыскыга жеткире турган мүмкүнчүлүктү алып койсо кантебиз (Ушул жерде бир анекдот эске түшүп, ошону да айта кетким бар. Акаевдин маалындагы анекдот болсо керек эле. Кыргыз, казак жана өзбек президенттери барып Кудайдан ким качан оңолуп өнүгөр экенибизди сурап келели деп барып калышат. Казак кирип эле он жылда дүркүрөп өсөт экенбиз деп кудуңдап чыгат. Өзбек да «он беш йиллда хаммаси яхши болади экан, Худо хохласа» деп сүйүнүп чыгат дейт. Биздики болсо кирип кетип эле жок болуп чыкпай атпайбы. Беркилер күн кечтеп кетмей болду, коңшуга эмне болду экен, жүр кетели дейли деп кайра киришсе, Кудай кыкеңди кучактап алып боору болкулдап, боргулдана тер чыгып ыйлап атыптыр дейт. «Кыргыз сен оңолоор күндү мен деле көрбөй калат окшойм» деп. (Кечиримдүү Кудайым өзү кечирсин)

Мына ошондой күндөн Жараткан Эгем Өзү сактасын!

Ливия деген өлкө бир нече жыл мурун чыныгы гүлдөп өсүп, эли эч нерседен кеми жок жомоктогудай жашап турган өлкө эле. Азыр анын бири жок. Жашоо турмуш жакшы эмес кыскасы. Кызыккан адам интернеттен маалымат таап окуп алаар. Украинаны мисал катары алып көрсө болот. Оор өнөр жай, машина куруу, кен байлыктарга бай өлкө эле. Башкасын айтпаганда да таш көмүр өндүрүү боюнча эң алдыңкы саптагы өлкө, бүгүн үч океандан сүзүп өтүп, нак Америкадан эки миллион тонна көмүр сатып алып атат! Мына! Тууганым. Мекендешим. Биздеги окуялардын кээ бирлери ушуларга окшоп аткан жокпу? Саясат деген балакетти сөз кылганым жок! Кылгым да келбейт. Болгону Жараткан Эгебиздин берээри деле, алаары деле оңой, тез. Бир жолу Бол деп койгонунан Аалам жаралган эмеспи! Айтайын деген оюм эле берип атканды алып кал учурунда. Кудай Таала эч убакта, эч кимге байлык берген эмес! Болгону мүмкүнчүлүк менен шарт жана акыл бериптир. Эми өкмөттү карап отура бербейли дегеним да. Сөз чынынан бузулбайт. Ал өкмөт менен президенттик креслодо дал ушу сенин балдарың отурат да. Алар азыр канаттары каруу күчкө толуп турганы менен уядан эмне көрүштү болду экен?

Канына, акыл эсине, дүйнө таанымына эмне толуп турду экен? Ылайым эле жакшылык алып келишсин дечи. Бирок күтүп отура бербей, көчүктү козгоп өйдө болууга убакыт жетти. Куттубек менен Марат жакшылап караганга ар бир айылда бар! Айтпай дебей эле мамлекет бир канча жылдан бери жасай албаган иштерди жасап койгон уул-кыздарың бар. Мына ошолорго карап түздөн. Ошолордон үйрөн.

Сөз башында жаман жактарыбызга көбүрөк басым жасалды. Кыргыз деген кыйын намысчыл эмеспи. Ошо намысыңа тийип аткандагым деп кабыл алып кой. Колдон келсе жогорто сөз болгон балдарыңа эстелик кой! Таштан темир, алтындан жасай албасаң да көңүлгө алып жүр. Мына ошол эстелик түбөлүктүү! Мезгил өтүп, таш убаланаар, темирди дат басаар, алтын жерде калмакпы, аны да бирөө «уруп» кетээр? Учуру келген сайын алар жөнүндө айта жүрсөң болгону. Аларды майда, анча үзүлө түшүп көңүл бурганга арзыбайт десең, анда андан мыктыларын, алардан чоң иш жасаганын издеп көр. Сөзсүз табасың! Алар дайыма бар болушат! Болгону эле мактанганды, кылганын жарыя кыла бергенди жактырышпайт.

Жогорто сөз болгон азаматтар жөнүндө «жанагындай» сөз кыла тургандарыбыз аз болушу үчүн дүйнө таанымыбыз кененирээк болуш керек экен да. Ар бирибиздин «ичибизге» атан төө жүгү менен батып кеткидей болуубуз керек экен. Кечээ жакында япондор дүйнөдөгү эң узак жашаган калк экени, жакынкы он, он беш жылда япон калкынын он беш пайызы жүз жаштан жогору болоору жана кантип ошондой мүмкүндүккө жеткени жөнүндө окуп калдым. Буларың жеткен позитивдүү адамдар болушат турбайбы. Өлүп баратса да кайгы-капасын бирөөгө көрсөтпөгөн эл экен.

Эсиңде болсо, Фукусимада жер кыймылдап бир чоң алаамат болгон. Жакынкы эле жылдарда. Кыйроо, өлүм абдан көп болбоду беле. Ошондо жаңылыктардан үй-бүлөсүнөн эч кимиси, үй-жайынан да урунаарга жарактуу буюму калбаган бир япон абышканы көргөм. Ал абышка ыйлаган эмес. Кудайдын жиберген сыноосуна сабыр, такаат кылып турганын түшүнгөм. Эми (Кудай андайдын жүзүн ары кылсын!) бизде ошондой болгондо чуру-чуу түшүп эле жатып калабыз да. Жакыны өлгөнүбүз жөн эле кошо өлө тургандай түр көрсөтөбүз го чиркин. Антпейин десең «жанагылар» жарытып да өкүрбөдү дейт деп коркобуз. Анан карасаң эле өлбөй этпей эле тиричилигин улантып аткан болобуз. Мүмкүн өнүгүүнүн бир жолу ушул сабырдуулукта болуп жүрбөсүн деп ойлойбузбу? Өзүм жөнүндө айтсам, эми-эми гана ойлонуп түшүнө баштагансыйм.

Ушуларды айтып аткандарымын себепчилериндей каармандар ар бир айылда бар дебедимби. Ошондой жигиттердин бири ушул сайттын ээси Олжобай Шакир. Жеке тааныштыгым жок. Тааныганым бул жигиттин жазганы жагат. Тилинин учунан «уу» тамып турганы менен жагат. Адахан айткандай, кыргызды чучугуна жеткире турган ачуу кызыл камчыны тили менен чабат. Идеалдуу адам кыялда гана, жомоктордо гана болот эмеспи. Олжобай деле идеалдуу эмес экенин айрыкча Фейсбуктагы комментарийлерден билинип турбайбы. Эми ар ким алынча да. Бу акыл деген деле, адамдын каруу күчү сыяктуу, бой келбети сыяктуу эле экен да. Айрыкча бой менен салыштырган туура болчудай. (Акылым жеткени ушу болсо керек) Бою узун менен кодо бир коргондон айлананы карап турушканын элестетип көр. Узун көргөндү кодо көрө албайт! Бою жетпейт. Акыл деле ушундай. Дүйнө тааным ушундай. Ошо дүйнө таанымынын чегиндеги нерселерге, башкача айтканда, акылынын бою жеткенди гана көрө, биле, түшүнө алат да. Андан аркысын «өлтүрсөң» да көрө да, түшүнө да албайт. Пенденин пендечилиги кең ааламды ошо өзүнүн тар түшүнүгүнө сыйдырганга, батырганга, түшүнгөнгө аракет кылганында турбайбы. Жанагы кодо, узундун көргөнүн жокко чыгарганында, узунду жалганчы кылганында жашоонун, тирүүчүлүктүн чоң парадоксу жатат.

Кең ааламды бут деп, түшүнүктү өтүк деп элестетип көрчү. Өтүгүң тар болсо, кең ааламдын кеңдиги көрүнөбү көзгө. Эми ошо түшүнүгү кичине, дүйнө таанымы тар адам кең ааламга эмне деген гана кордук көрсөтөт. А билим дегениң түшүнүгүңө улам жаңы нерсени кошууда турат экен да. Балдардын курап ойной турган пазл дегени бар го. Бири-бирине туура келтирип курап бара берсе, бир бүтүн жакшы нерсе куралып калат. Билим, акыл, түшүнүк да ошол пазл сыяктуу. Улам кураштырып отуруп билимиңин, түшүнүгүңүн, акыл чегиңин, дүйнө таанымыңын имаратын куруп бара бересиң да кызыккан адам. Жанагыдай дипломдорду жазып берип коймоктон үстүнө үйүп койгон менен, жалгыз барак документи жок, бирок бир нерсеге жеткен менен корстон болуп калбай, тетирисинче, билимим жетишсиз деп өмүр бою окуп тытынып жүргөн адамдын айырмасы жанагы кодо менен узундай эле.

Кодонун акылынын, түшүнүгүнүн пазлдары жакшылап окуп үйрөнмөйүнчө өлүп кеткенде да туура келбейт. (Өтө эле «акылдуу» болуп кетсем кечирим сурайм.) Ушу «РухЭш» ачылгандан бери оңуп эле калдым. Жетпей, таппай жүргөн чыгармаларды окуганга жакшы болду. Канчалаган котормолорду айт. Жаш убакта окуп, маанисине толук түшүнө албай калган китептерди ушуерден кайталап окуп атам. Окуйм деген адамга күнү-түнү дебей эшиги ачык турган китепкана болуп калды. Кой-ай деген эч ким жок. Каалаганча окуй бер. Мындан башка деле ушундай кыргызча сайттар деле бар. Бирок бул жерде Олжобайдын мээнети чоңдугу ушунда, баары орду-орду менен жасалган. Китептер, чыгармалар жанрлары боюнча иргелген. Керек нерсени көп убакыт коротпой эле таап аласың. Мага жаккан жеринин эң маанилүүсү – Кыргыз Рухуна доо кетирип, зыян жеткирбей турган чыгармаларды койгонунда.

Калыптанып келаткан муун үчүн эң маанилүүлүгүнүн дагы бир жагы – грамматикалык каталарга катуу мамиле кылынганында. Ушу ката жазып коюу деле кадыресе нерседей болуп баратат. Аттуу-баштуулары деле ката менен «урдуруп» атышат. Кыргыз «ӨҢҮ» менен жазганды, ошол кыргыз тилин кыргыз тил кылып турган ушул үч тамга эмеспи. Өңдү он деп, үйдү уй деп жазуунун өзү эне тилибиздин пайдубалына келечекте сөзсүз жарылып зыян кыла турган бомба десе болот. Бу Олжобайдын эң бир мактоого ала турган жагы. Эгемен өлкө болгондон беркисинде мамлекет тарабынан, маданият жагынан жакшы иштер кылынбай атканын билебиз да. Мен ал жагын сындагандан алысмын. Бирок салыштырганга неге болбосун. Олжобай өзү мамлекет кыла турган ишти жалгыз эле жасап койбодубу. Пушкин айткандай, кол менен жасалгыс эстелик тургузуп койду өзүнө.

Мына ошол эмгеги Кыргыз Рухуна караан, жан дүйнөсүнө Эш болуп маданиятын көтөрүп атат. Мага тилинен заар чачып турган Олжобай, далыман калп эле таптамыш болуп, артыман «далбан» дей турган акылы кодолордон баалуу да, кымбат да. Жараткан Эгем, Жалгыз Кудай, Алла Таалам колдосун сени Олжобай!

Олжобайга айтаарым, сындагандарга, тетири сүйлөгөндөргө капа болбо дейт элем. Катардагы бир «жетим» болгонуңда сени ким эстейт эле да, ким сөз кылат эле. Бир мисал, дарак урук болуп топуракка түшкөндө аны эч ким деле көрбөйт. Жаз келип жанагы урук өнүп жерден кылтыйып башы көрүнгөндөн баштап аны курт-кумурсканын көзү көрөт. Жегенге аракет кылат. Ага да моюн бербей өсө берсе жан-жаныбар көрүп алар да жегенге аракет кылат. Ошентип отуруп бой керип, асман тиреп, бийиктеген сайын аны көргөндөр көбөйөт. Арасында суктана турганы да, бир керегине жаратсам деп напси агытып кызыкканы да бар болот эмеспи. Канча бийик болсо, ошончолук алыска көрүнөт. Көзгө көрүнүп калдың сен да.

Кечээги Фейсбукту чаң тополоң кылган макалаң, сөзүмүн башындагы Куттубектей болуп муздун алдындагы чөгүп жаткан, көрүнбөй бөгүп жаткан улакты алып чыгам дегениндей болуп турасың азыр. Бирок сен алып чыгып элиңе көрсөтө турган «улактын» көлөмү чоң да, салмагы аябай оор. Суу да терең. Ал улакты алып чыкканыңан кийин деле «далбан» дей беришээрин жакшы билесиң. Кайрат күчүңө шегим жок. Кайраты жок адам сен жасаган ишти кайдан кылсын. Эми сага япондордукундай сабыр гана керек. Мен Кудайга шүгүр мусулманмын! Атам туулган динде туулгам, ошол динде өлөм! Мусулманчылыкта ыймандын жарымы сабыр делет. Япондой сабырдуу мусулман көрө элекмин. Окуганым, укканым гана бар.

Эми тууганым, сага ушуерден дагы бир учурашканыбызча жакшы тур дей турган убак да келди. Сенден сураарым, «күйдүрүп» айтканымдан тууганың экенимди түшүнсөң болду. А сен болсо мага бу дүйнөдө эң керексиң! Сен бар үчүн Кыргызстаным бүтүн! Сен бар үчүн кыргызмын! Сен болбосоң алда качан башка улуттардын ичине сиңип кыргыз катары жок болмокмун. Ошо сен аман бол Кыргызым! Амандык тилеп, тууганың – Садир Досбаев.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.